| |

Антон Чехов: “Студент”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Аба ырайы башында ачык, жымжырт эле. Чымчыктар сайрап, жанаша жаткан саздак жерде бир жандуу нерсе, кудум бош бөтөлкөнүн оозуна үйлөгөндөй, муңдуу улуп жатты. Бир токой чулдугу бийиктеп учуп өтүп, ага атылган мылтыктын үнү жазгы абада жаңырып, шаңдуу угулду. Бирок токой ичин караңгылык каптаганда, күтүүсүздөн чыгыштан улуган муздак шамал согуп, айлана заматта тынчый түштү. Көлчүктөрдүн бетин муз ийнелери каптап, токой ичи коркунучтуу, ээн, сүрдүү тартты. Кыштын жыты сезилет.

Диний академиянын студенти, чиркөө кызматчысынын уулу Иван Великопольский уучулуктан суу каптаган шалбаадагы жалгыз аяк жол менен кайтып келе жаткан. Манжалары сууктан катып, бети шамалдан албырып чыкты. Ал капысынан түшкөн бул суук ааламдагы бүткүл тартипти жоготту, табияттын өзү сүрдөп, ошондон улам кечки күүгүм да адаттагыдан эртерээк түштү деп ойлоп койду.

Айлана ээн, өзгөчө капалуу эле. Дарыя бойлоп жайгашкан жесир аялдардын огороддорунда гана от жылтылдайт; ал эми алыстагы, төрт чакырымдай жердеги айыл тарап калың кечки муздак караңгылыкка толугу менен чөгүп турат. Студент үйүнөн чыгып жатканда апасы коридордо өзү тазалап жаткан самоорду, ал эми атасы мештин үстүндө жөтөлүп жатканын эстеди; улуу жума болгондуктан үйдө тамак бышырылган эмес болчу, ошондуктан курсагы катуу ачкан эле. Эми суукка бүрүшүп бараткан студент дал ушундай шамал Рюриктин да, Иоанн Грозныйдын да, Пётрдун да тушунда сокконун, алардын доорунда да дал ушундай жан ачыткан жокчулук, ачарчылык, тамтыгы чыккан саман чатырлар, түркөйлүк, бук болуу, жалгызсыроо, караңгычылык, эзүү сезими болгонун ойлоду – ушул үрөй учурган нерселердин баары болгон, бар жана боло берет, дагы миң жыл өтсө да турмуш оңолуп кетпейт. Анын үйүнө кайткысы келбей турду. 

Огороддор “жесирдики” деп аталганынын себеби – аларды эки жесир аял, эне-бала багышчу. От бир топ жерге чейин жарыгын чачып, жалбырттап, күчтүү күйүп жатты. Эркектин тонун кийген узун бойлуу, сулууча келген Василиса кемпир оттун жанында ойлуу карап турган; ал эми анын кызы Лукерья, кыска бойлуу, бети чаар, жүзүндө аңкоолуктун издери көрүнгөн кыз, жерде казан-аяктарды тазалап отурган. Чамасы, жаңы эле кечки тамакты жеп бүтүшкөн окшойт. Жакын жердеги дарыяда ат сугарып жүрүшкөн ушул жерде иштеген жумушчулардын үнү угулат.

– Мына, кайрадан кыш келди, – деди студент отко жакындап. – Амансыңарбы!

Василиса чочуп кетти, бирок дароо аны таанып, жылуу жылмайды.

– Тааныбай калыптырмын, Кудай сага амандык берсин, – деди ал. – Бай болосуң го.

Сүйлөшүп калышты. Василиса мурда мырзалардын үйүндө бала багуучу болуп иштеген, көргөн-билгени бар аял болгондуктан, сыпайы сүйлөп, бетинен дайыма жумшак, оор басырыктуу жылмаюу кетчү эмес; ал эми анын кызы Лукерья, күйөөсүнөн таяк жеп өскөн айылдык бечара аял, студентти көзүн жүлжүйтө карап, сүйлөбөдү; анын келбети дудук-дүлөй адам сыяктуу, бир кызыктай көрүндү.

– Дүйнөдө дал ушундай муздак түндө оттун жанында Апостол Пётр да жылынып отурган, – деди студент отко алакандарын кактап. – Демек, анда да күн ушундай суук болгон экен. Ах, кандай гана коркунучтуу түн болгон, апа! Ушунчалык кусалуу, узун түн!

Ал айланадагы караңгылыкты карап, башын силкип алып суроо узатты:

– Он эки Евангелие окулганда чиркөөдө болдуң беле?

– Болгом, – деп жооп берди Василиса.

– Эгер эсиңде болсо, жашыруун кечки тамак маалында Пётр Иисуска: “Сен менен бирге зынданга да, өлүмгө да даярмын”, – деген. Ал эми Иисус ага: “Сага айтып коёюн, Пётр, бүгүн короз кыйкырганга чейин сен мени тааныбайм деп үч жолу танасың”, – деген. Тамактан кийин Иисус бакта аябай кайгырып, сыйынган, ал эми байкуш Пётрдун жаны кыйналып, алсырап, кабактары оорлошуп, уйкусун жеңе албай койгон. Ал уктап калган. Кийин, өзүң уккандай, Иуда ошол эле түндө Иисусту өөп туруп, кыйноочуларга кармап берген. Аны байлап алып барышып, уруп-согушкан, ал эми Пётр кайгыдан, кабатырлуулуктан, уйкусуздуктан чарчап-талып, жерде үрөй учурган бир нерсе болуп кетерин сезип, артынан ээрчип барган… Ал Иисусту аябай, эс-учун жоготкуча сүйгөн, эми болсо аны алыстан сабап жатышканын көрүп турган…

Лукерья кашыгын таштап, студенттен көзүн албай кадала карап калды.

– Башкы дин кызматчыга алып келишкен, – деп улантты ал, – Иисусту суракка ала башташты, ал эми жумушчулар короонун ортосуна от жагышты, анткени күн суук эле, алар жылынып жатышты. Ошол оттун жанында Пётр да турду, мына мен азыр тургандай. Бир аял аны көрүп: “Бул да Иисус менен бирге болчу”, – деди, башкача айтканда, “муну да суракка алыш керек” дегени эле. Оттун жанындагы жумушчулардын баары ага шектүү жана сүрдүү карашса керек, анткени ал шашып кетип: “Мен аны тааныбайм”, – деди. Бир аздан кийин кайрадан бирөө аны Иисус шакирттеринин бири катары таанып: “Сен да ошолордонсуң”, – деди. Бирок ал кайрадан танды. Үчүнчү ирет бирөө ага кайрылып: “Сен эмес белең бүгүн бакта аны менен жүргөн?”, – деди. Ал үчүнчү жолу танды. Ушундан кийин дароо короз кыйкырды, анан Пётр алыстан Иисусту карап, кечки тамакта ага айткан сөздөрүн эстеди… Эстеп, эсине келип, короодон чыгып, эчкирип-эчкирип ыйлады. Евангелиеде “Сыртка чыгып, эчкирип ыйлады”, – деп айтылат. Көз алдыма келтирем: жымжырт, капкараңгы бакча, ал эми жымжырттыкта эчкирип ыйлаган үн араң угулат…

Студент үшкүрүнүп, ойго батты. Жылмайган калыбынан жазбаган Василиса капысынан эчкирип ыйлап жиберди; көз жашы жаактарынан ылдый куюлуп жатты, кудум көз жашынан уялгандай, оттон бетин жеңи менен тосту. Ал эми Лукерья студенттен көзүн албай, бети албырып, катуу ооруга чыдап жаткан адамдай чыңалып турду.

Жумушчулар дарыядан кайтып жатышкан, алардын бири атчан жакындап калган эле, оттун жарыгы ага тийип чагылышты. Студент жесирлерге бейпил түн каалап, андан ары басып кетти. Кайрадан караңгылык каптап, колдору тоңо баштады. Суук шамал күчөп, чынында эле кыш кирип келгендей, бүрсүгүнү Пасха майрамы болот дегенге ишениш кыйын эле. Эми студент Василиса жөнүндө ойлонду: эгер ал ыйлап жатса, демек, ошол үрөй учурган түндө Пётр менен болгон окуялардын баары ага кандайдыр бир тиешеси бар… Ал артына кылчайды. Жалгыз от караңгыда үлбүлдөп күйүп жатат, анын жанында эч ким көрүнбөйт. Студент кайрадан ойлонду: эгер Василиса ыйлап, анын кызы өзүн жоготуп жатса, демек, ал азыр эле айтып берген, он тогуз кылым мурда болгон окуялар азыркы учурга – ушул эки аялга, ушул ээн айылга, өзүнө, бүткүл адамзатка тиешелүү. Кемпир анын таасирдүү айтып бергени үчүн эмес, Пётр ага жакын болгону үчүн жана Пётрдун жан дүйнөсүндө эмне болгонуна бүт дили менен сезгендиктен ыйлады.

Анын дилинде күтүүсүздөн бир кубаныч пайда болду, ал тургай эсин жыйыш үчүн бир мүнөттөй ордунан жылбай турду. “Илгерки нерселер, – деп ойлоду ал, – азыркы учур менен бир катар окуялар аркылуу ажырагыс байланышкан”. Ага бул чынжырдын эки учун тең көргөндөй болду: бир учуна тийди эле, экинчи учу дирилдеп кетти.

Ал сал менен дарыядан өтүп, андан соң тоого көтөрүлүп баратып, өзүнүн туулуп-өскөн айылын жана муздак, кочкул-кызыл тилке болуп күүгүм шооласы чачыраган батыш тарапты карап отуруп, бакта жана башкы дин кызматчынын короосунда адам турмушун багыттаган чындык менен сулуулук ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланып келгенин жана, сыягы, дайыма адам турмушундагы, деги эле жер бетиндеги эң башкы нерсени түзөрүн ойлоду. Жигиттик деми, денесине толуп турган ден соолугу, күч-кубаты – ал болгону 22 жашта эле – жана сырдуу, сөз менен айтып бүткүс таттуу белгисиз бакытты чыдамсыздык менен күтүү сезими анын жан дүйнөсүн бара-бара ээлеп алды.

Которгон Абийрбек Абыкаев

  • (1860–1904)

    Орус жазуучусу, драматург. Дүйнөлүк адабияттын классиги. Чехов кыска-нуска чыгармалардын мастери болчу, жүздөгөн мыкты аңгемелерди жана күлкүлүү чыгармаларды жараткан. Анын "Чайка" жана "Алча багы" сыяктуу жаңычыл пьесалары театрда төңкөрүш жасап, дагы эле дүйнө жүзү боюнча коюлуп келет.

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген