| |

Жек Лондон: “Мартин Иден” (V)

5/5 - (2 добуш)

Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV

V БАП 

Эртеси уйкудан ойгоноору менен мурдуна кир кийимдер менен самындын жыты келип жатканын сезип, көргөн таттуу түштөрүн да унутуп койду. Кулагына күнүмдүк тириликтин гүрү-гүүсү, бирин бири тилдеп, кудайдын куттуу күнүн жаакташуу менен баштабаткан адамдардын ачуулуу дооштору угулду. Бөлмөсүнөн сыртка чыгып баратып, кыжыры кайнаган эжесинин балдарынын кимдир бирөөсүнө кыйкырган заар үнүн жана колуна тийген бирдеме менен карс дегизе уруп калганын угуп калды. Баланын кокуйлап чыңырган үнү кулагын канжар менен шылып ийгендей болду. Бул жердегинин баары, жадагалса, өзү дем алып турган аба да ага жийиркеничтүү сезилип кетти. Мунун бири да Руфь жашаган үйдө өкүм сүргөн мемиреген бейпил, бардар турмушка окшобойт! Ал жерде баарысы жаркырап турат, маанайлар көтөрүңкү, кудайы пейил сылык-сыпаалык, бийик рух өкүм сүрсө, бул жерде – эзилген кара таман жашоо, дүнүйөкорлукка малынган көр турмуш, бири бирин боктомой, жулмалашмай. 

– Бергелчи, Альфред, – деди ал ыйлап жаткан баланы чакырып, акча жаткан чөнтөгүнө колун сала. Дегеле Мартин акча дегенде эт –бетинен кеткен сараң эмес эле, пейилин дайыма кең салчу. Балакайга тыйын карматып колуна алды да сооротуп кирди. 

– Кана эми, буга чуркап барып момпосуй алып жей гой. Агаларың менен эжелериңе да бер. Эрип кетпей турганынан ал э? 

Ошентип атканда эжеси кир жууп жаткан тепшисинен өйдө боло калып карап калды. 

– Бир пенс берсең деле жетишмек да? – деди ал, – деги ушу сен акчанын баркын билбейсиң. Анүстүнө бала эми татуу жеп, оозу оюлуп кептейби. 

– Эч нерсе болбойт, – деди Мартин куунак, – менин акчам өз баасын билет. Кутман таң, эжеке, сенин колуң бош болгондо, кудай урсун, тимеле кучактап өөп жиберет элем. 

Ал эжесин ушинтип эркелеткиси келди, эжеси да боорукер жан эле, ал да инисин (муну ал билүүчү) өзүнчө жакшы көрө турган. Ырас, жылдар учкан сайын, эжесинин келишимдүү ажары күлдөй өчүп, барган сайын урушчаак, күңкүлдөп жемекор, ачуулуу болуп баратат. Мартин мунун баарын оор эмгектен, этегин бура бастырбаган баласынынын көптүгүнөн, анан эринин жадатма мүнөзүнөн көрөт. Бүгүн эмнегедир ага чирик жашылчалардын жана кир кийимдердин, соода кылыбатып алган ар ким кармалаган жез тыйындардын сасык жыттары эжесине сиңип калгандай сезиле түштү. 

– Үйгө кирип, андан көрө тамак ичип ал, – деди эжеси, сыртынан сүр көрсөткөнү менен ичинен ыраазы боло; анткени ар кайсынысы ар жакка темселеп, аалам бетин кезип тентип кеткен бир туугандарынын ичинен Мартин ага эң сүйкүмдүүсү эле. 

– Кана, келчи мага, сени бир өөп коёюн, – деди Мартинге күтүлбөгөн жерден элжирей түшкөн эжеси. 

Ошентип туруп, адегенде бир колундагы, анан кийин экинчи колундагы самындын көбүгүн шыпырды. Мартин анын салмактуу денесинен кучактап, буудан нымданышкан эриндеринен өптү. Эжесинин көздөрүнө жаш кылгыра түштү. Бул эреркеген сезимдин таасиринен гана эмес, тыным албаган ченеми жок чарчоодон алсызданып бараткан адамдын көз жашы эле. Ал Мартинди өзүнөн саал арыраак түртүп койду, бирок иниси баары бир анын көз жашын байкай койду. 

– Тамак мештин үстүндө турат, – деди эжеси шашып кетип, – Жим эмгиче ойгонгон чыгаар. Мен бүгүн кир жуюн деп таңзаардан тургам. Бар эми, тезирээк барып тамагыңды ич да, үйдөн алысыраак чыгып кет, бүгүн кыла турган жумушубуз толтура. Том да кетип калыптыр, эми кирени Бернард өзү тартат окшойт. 

Жүрөгү зырп эте түшкөн Мартин ашкананы көздөй бет алды. Эжесинин чоктой кызарган жүзү, жүдөгөн кебетеси ичин ачыштырып турду. Анын колу бошураак болсо, мага көңүл бөлмөкпү деп ойлоду. Бирок ал зоруктурган оор иштен башын көтөрө албайт. Эжесин минтип иштегенге мажбурлаган Бернард Хиггинботам деген неме айбан экен да. Ошол эле учурда эжесинин өпкөнүндө эч бир ашем кооздук жок экени туурасында пайда боло калган жабышкак ойдон да арылалбай жатты. 

Чынында эжесинин өпкөнү өзүнчө алганда, бөтөнчөрөөк эле. Себеби көп жылдардан бери эжеси аны сүзүүгө кетип баратканда же үйгө кайтып келгенде алдынан тосуп чыгып өбө турган. Өпкөндө эриндери самындын көбүгү даамданып, былбырап турчу. Эриндери аныкына кадимки өбүшкөндөгүдөй чап жабыша калчу эмес. Бул өлөөрчө чарчаган, жадагалса, кантип өбүшкөндү да унутуп калган аялдын өпкөнү эле. Мартин эрксизден эжесинин күйөөгө чыга элек кыз кезин эсине түшүрдү, агезде ал кечке баш көтөрбөй иштеген оор жумуштан кийин деле түнү бою тарсылдата бийлеп чыгып, анан таң атканда эч нерсе болбогонсуп өзүнүн кир жуугучканасына түз эле бий аянтчасынан кетип калчу. Мартин кайрадан Руфту ойлоп кетти, анын эриндери да өзү сыяктуу эле аруу болсо керек деди. Алтургай, анын эриндери өзүнүкүнө кантип тийишерин элестеткенге даады, муну ушунчалык жандуу элестетти дейсиң, андан башы айланып да кеткендей болду. Өзүн жытына мас кылган роза гүлүнүн таажыларынан жасалгандай ачык кызгылтым булуттардын арасында каалгып сүзүп жүргөндөй сезип кетти. 

Ашканага кирсе сулу боткону чалпылдата шашпай жеп, эки жакты аңкоо, бейкапар карап коюп, ушул үйдүн дагы бир тургуну Жим отурган экен. Ал слесардын шакирти эле, мунун бошоң мүнөзү, ага кошуп маңыроо кемпайлыгын билдирип турган кемшийген ээги ага жашоо үчүн болгон күрөштө чеке жылытарлык ийгиликти ыроолоосу да күмөн эле. 

– Сен эмне эчтеме жебейсиң? – деди ал Мартиндин боткону кашык менен көңүлсүз шилеп олтурганын карап, – Кечээ дагы тоюп келдиң беле? 

Мартин жок дегендей башын чайкады. Ал өзүн курчап турган чөйрөнүн итке минген кедейлигине кейип, басынып турду. Руфь Морз эми ага ого бетер кол жеткистей алыс көрүнүп кетти. 

– А мен өлө сокком, – деди Жим калчылдай кыткылыктап, – тимеле түбүнө түшүп кетиптирмин, энең. Эх, жанагы кызчы, укмуш экен да эми! Үйгө мени Билл сүйрөп келиптир. 

Мартин угубаткан кишидей башын ийкеп коюп олтурду, – бул анын ким менен болбосун сүйлөшүп жаткан учурдагы көнүмүш адаты. Анан ал өзүнө чала жылымтык кофеден бир чыны куйду. 

– Бүгүн «Лотоско» бийге барасыңбы? – сурады Жим. – Пийвадан согобуз. А эгерде темескалыктар келе турган болсо, анда сөзсүз мушташ чыгат. Менин урганым да жок. Кызымды болсо баары бир ал жакка ээрчитип барам. Өф!.. Оозумдун ичи эмне даамданып кеткен, ия? Туй ата! 

Ал бети-башын бырыштырып, кофе менен буркулдата оозун чайкап жиберүүгө ашыкты. 

– Сен Жулияны билесиңби? 

Мартин башын чайкады. 

– Ал эми мени менен жүрүбатыры, – түшүндүрдү Жим. – Кыз эмей эле, таттуу момпосуй, энең. Мен аны сага тааныштырмакмын, бирок тартып аласыңбы деп корком. Деги эмнеге эле кыздардын баары сага өзүлөрү жабышып турушат, түшүнсөм буюрбасын. Каалаган кызыңды оңой эле чимирип алганыңды көргөндө тимеле кыжырым кайнап кетет да. 

– Ушу убакка чейин сенден кыз тартып ала элекмин го? – деди Мартин кош көңүл гана, тамактын аягын чатакка айландырбаска аракеттенип. 

– Кантип?! – туталана түштү берки, – Мэггичи? 

– Ортобузда эч нерсе деле болгон эмес. Ошондон кийин аны менен бийлегеним да жок. 

– Мына, дал ошондой, – кыйкырып жиберди Жим дөөпөрөс, – сен аны менен бир эле бийлеп, бир-эки жолу карап койгонуңдан кийин эле иштин баары бүткөн. Сен мүмкүн, мындай деп ойлогон эместирсиң. Кыз болсо, ошондон кийин билсең, мени карабай да койду. Кайра-кайра эле сени сурайт. Эгерде сен биртике эле көңүлдөнсөң, ал сага ошол замат эле жолугушууга учуп жетип келмек. 

– Бирок мен каалаган жокмун го. 

– Кызыгы жок. Баары бир мен андан кол үздүм, – анан Жим Мартинге суктануу менен карады. – Муну сен кантип эле жасай коёсуң, ия Март? 

– Мен алар жөнүндө аз ойлоймун, болгону ошо, – деди ал. 

– Менимче, сен аларга теңиңе албагансып мамиле жасайсың го дейм? – деп Жим дагы жабышып такыктап сурады. 

Мартин саам ойлоно түштү. 

– Болсо болгондур, бирок мен чындыгында алар жөнүндө эч бир ойлонбойм деле. Сен деле ошентип көрсөң, мүмкүн бирдеме чыгар. 

– Ка-ап, кечээ сенин Райлиникинде болбой калганыңчы, – деди Жим күтүлбөгөн жерден, аерде Батыш Окленден келген бир кыйын неме жүрдү, «Келемиш» деп коюшат экен. Эми мушташта мышыктай буйтаганын айт, энең! Биздин балдардын бири да аны чаап салганга жараган жок. Сенин жоктугуңа баарыбыз арман кылдык! Кече кайда жүрдүң темселеп? 

– Оклендде эле, – деди Мартин. 

– Театрда болдуңбу? 

Мартин табагын четке жылдырып коюп, эшикти көздөй тура жөнөдү. 

– Анда кандай, бүгүн бийлеп келелиби анда? – деди Жим Мартиндин артынан узата кыйкырып. 

– Жо, бара албайм го, – деди Мартин. 

Ал тепкичтен чуркап түшүп, сыртка чыгаары менен таза абадан кере-кере дем алып жебирди. Анткени бул үйдүн абасы демин кыстыктырып, Джим менен болгон аңгемеден жадай түшкөн эле. Анын былжырагын угуп отуруп, кээде ордунан тура калып, табактагы боткого Жимдин тумшугун матыра койгусу келген учурлар болду. Жим калжаңдаган сайын Руфь Мартинден ошончолук алыстай баштагансып кеткен. Мындай макулуктардын арасында жашап жүрүп, качандыр бир кезде ал Руфка өзүн тең коё алмакпы? Алдыда турган ушул сыяктуу чиеленишкен оор маселелер айласын алты кетирип, өзүнүн абалынын, жумушчу табынан чыккан адамдын ахывалынын аргасыз экенин сезди. Ага көнүмүш болуп, жашоосу тамырлашып кеткен мына бул курчап тургандын баары – эжеси да, анын үйү, үй-бүлөсү, слесарь Жим да ага өлүү жүк сыяктуу жондон ныгыра басып, өйдө тургуза койбой тартып турду. Жашоонун кызыгы жоголуп кеткенсиди. Жашоону буга чейин ал кандай болсо, дал ошондой көрчү. Ал жашоо жакшыбы же жаманбы деп китеп окуп атканда гана элдир-селдир ойлобосо, түк ойлочу эмес. Бирок окугандары деги эле болбогон кооз аалам жөнүндө жомоктор жазылган гана китептер эле. Эми ал жок деген ошол ааламдын чынында бар экенин жана Руфь аттуу кыздын гүлү ошол дүйнөнүн чок ортосунда турарын көрбөдүбү. Ага жетишим керек деген бүлбүлдөгөн үмүттүн убайымына түшүп алгандан баштап ал жашоонун ачкыл ызасын, кусасын жана аргасыздыктын ачуу даамын алгачкы ирет таткандай болду. 

Мартин көпкө чейин кайда барарын билбей башы катты: Берклейдеги ортолук окуу залына барсабы же Оклендеги китепканага эле бара калсамбы деп туруп, акыры Оклендке бармай болду. Билгендей эле тандаган экен! Бул жер Руфтун эң жакшы көргөн, дайыма келип турчу жери эмеспи, балким Руфту ошоерден жолуктуруп калгысы бардыр. Китепканадагы бөлүмдөрдүн иретин кайдан билсин, кылтылдаган турпатына караганда француз окшойт, бир кыз чыга калып жол көрсөткөнгө чейин ар кайсы текчелерди аралап жүрө берди. Сол жакта отурган кишиден деле сураса болмок экен, бирок ага башы жетпей, түз эле кирип барган жери философия бөлүмү болуп чыкты. Мартин философиялык китептердин бар экендигин уккан, бирок бул илим жөнүндө ушунчалык көп нерселер жазылгандыгы оюна да келбеген. Колтойгон калың томдорго шыкалган бийик шкафтар бирде санаага батырса, бир туруп намысын көкүтүп жатты. Акылды ишке сала турган жай эмес бекен бул жер. Анан ары басып математика бөлүмүнөн тригонометрия боюнча бир нече китептерди таап алды. Быжыраган түшүнүксүз формулалар менен чиймелерди көпкө чейин тигилип карады. Окубаткандары англис сөздөрү болгону менен биринин да маанисине мээси жеткен жок. Бул кандайдыр бир бөтөнчө тил эле. Норман менен Артур болсо бул тилди билишет. Бул тилде алардын сүйлөшкөнүн укпадыбы өткөндө. Анткени алар Руфтун бир туугандары эмеспи. Философия бөлүмүнөн Мартин болгон үмүтүнөн ажырагандай сезим менен чыгып кетти. Тегеректеген китептер аны ортого алып басып кала тургансып сезилип кетти. Ал адам баласынын билими мынчалык зор экенин түк билбептир. Коркунучтан жүрөгү оозуна тыгылгансып кетти: мунун баарын өздөштүрө алар бекен? Анан булардын баарын окуган өзүндөй эле адамдар толтура экенин ойлоп дагы кайраттана түштү. Башы менен жер казса да башкалар жеткенге мен да жетем деп ичинен кайраттана өзүнө өзү бекем шерт бекитти. 

Мына ушинтип өзүн эрдемситкен Мартин чылк даанышмандыктын казынасы жыйылып турган текчелердин арасында басып жүрдү. Жалпы бөлүмдөн Норринин «Кыскача багытын» таап алды да урматтоо менен абайлап барактап чыкты. Жок дегенде ушул китептен ал өзүнө анча-мынча түшүнүктүү бир нерселерди тапчудай. Анткени мунун автору өзү сыяктуу матрос болгон экен. Андан кийин колуна «Боудич» деген бадырайган жазуусу бар китеп – Лекки менен Маршалдын биргелешип жазган чыгармасы урунду. Сонун экен. Навигацияны мына ушундан үйрөнөт. Ичкиликти таштайт, чымыркана иштеп, акырында капитан болот. Ушул ирмемде Руфь ага өтө жакын боло түшкөнсүдү. Эгер Руфь кааласа, капитан болгондон кийин үйлөнөт. Ал эми каалабай койсо – анда айла жок, бирок анын таасиринен улам адамча, татыктуу жашоону үйрөнөт, ичкиликти болсо ансыз деле биротоло таштайт. Бөлмөнү кыдырата карады да миңдеген том китептерден көзү талый түштү. Болду, эми деңизге чыкпайт. Бул сан жеткис китептерде эбегейсиз зор күч бар, ошондуктан ал улуу иштерди жасагысы келсе, аларды деңизден эмес, кургакта жасоого тийиш! Анүстүнө, аялдарын сүзүүгө кошо ала кеткенге капитандарга уруксат да берилбейт эмеспи. 

Күн ооп, чак түш болду. Мартин тамак дегенди унутуп, улам бир китептин аталышын карап, жүрүм-турумдун эрежеси жазылган китепчени издей берди. Анын акылы азыр карьера жөнүндөгү ойдон башка, жөнөкөй эле маселе менен катуу алек болуп атты: эгерде жаш айым коштошуп жатып, дагы бир келип кетүүнү өтүнсө, анда муну кандай мөөнөттө орундатса болот? Ушуну табуу азап болду, табарын го бир китепти тапты, бирок анда кашайып так ушул жазылбаптыр да. Көз чаптырып көрүп, этикеттин формаларынын көптүгүнөн башы айланып кетти, светтик коомдо кабыл алынган адамдар бирине бири визиттик карточкаларын берүүнүн тартибин кеңештерден таптакыр башы адашып калды да, ындыны өчө четке чыга берди. Издегенин таппаса да бирок бул формалардын баарын үйрөнгөн көп убакытты талап кыларын жана мунун баарын билгенге чейин дагы бир өмүрдү жашоого туура келерин түшүндү. 

– Кана, издегениңизди таптыңызбы? – жанагы кире бериштеги үстөлдө олтурган киши сурап калды. 

– Ооба, сэр, китепканаңыздар мыкты экен, – деди Мартин. 

Тиги башын ийкеп койду. 

– Тез-тез келип туруңуз. Сиз матроссузбу? 

– Ооба, сэр. Дагы келип турам. 

«Бул менин матрос экенимди кайдан билди?» – деди таңданган Мартин тепкичтен төмөн түшүп баратып. 

Көчөгө чыкканда олдоксон чайпалбай, зыңкыя түптүз басканга аракеттенди. Бирдемелерди ойлоп, терең ойго чумкуп кеткенче ошентип басып барды да, анан какыйганын унутуп, демейдеги эски басыгына түштү.

(уландысы бар)

  • (1876–1916)

    Америкалык жазуучу жана журналист, коомдук ишмер. Ал көбүнчө укмуштуу окуялардын жана романдардын автору катары белгилүү.

  • Котормочу:

    Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген