| |

Александр Куприн: “Суламифь” (уландысы)

5/5 - (1 добуш)

Уландысы. Башы бул жерде.

(повесть)

VII

Падышанын сарайында чоң көлмө бар эле, ал ак мрамордон жасалган, сегиз бурчтуу, салкын көлмө болчу. Түбүнө кочкул-жашыл малахит тепкичтер түшчү. Анын алкагы катары кызгылт, араң билинген сызыктары бар кардай аппак египет яшмасы кызмат кылчу. Дубалдарын кооздоого эң мыкты кара жыгач колдонулган. Кызгылт сардоникстен жасалган төрт арстандын оозунан ичке агым менен суу куюлуп турчу. Жеңил ак колонкалардын ортосундагы дубалдарда сидон чеберлеринин колунан чыккан, киши боюндай болгон, жылмаланган сегиз күмүш күзгү орнотулган. Суламифь бассейнге кирердин алдында, жаш кызматчы кыздар ага жыпар жыттуу аралашмаларды куюп жиберишкенде суу туна түшүп, анан суунун бети көгүлтүр тартып, сүт сыяктуу опал ташындай кубулуп ойной баштады. Суламифти чечинтип жаткан күңдөр анын назик, бышып жетилген кара тору мөмөдөй сулуу денесине суктануу менен карап, чечинтип бүткөнкөндөн кийин аны күзгүгө алып келишти. Анын назик, алтындын өңү сымал чачтары далысынан ылдый куюлган сулуу денесинде бир да кынтык жок эле. Ал күзгүдөн өзүнүн жылаңач денесин карап, кызарып: “Мунун баары сен үчүн, менин падышам!” – деп ойлоду. Ал көлмөдөн жаңырган, салкын жана жыпар жыттуу, денесинде суунун титиреген тамчылары агарып чыкты. Күңдөр ага эң ичке египет зыгырынан жасалган кыска ак туниканы жана ушунчалык жаркыраган алтын түстүү, күн нурларынан токулгандай көрүнгөн саргон виссонунан жасалган баалуу хитонду, буттарына жаш улактын терисинен жасалган кызыл сандалдарды кийгизишип, кочкул-оттуу тармал чачтарын кургатып, аларга ири кара бермет жиптерин чырмап, колдоруна шыңгыраган билериктерди тагышты. Ушундай кооз кийимде ал Сулаймандын алдына келгенде, падыша кубанып кыйкырып жиберди:

– Оо, таңдай жаркырап, айдай сулуу, күндөй жарык болгон бул ким? О Суламифь, сенин сулуулугуң желегин жайган аскер полкторунан да сүрдүүрөк! Мен жети жүз аял, үч жүз күң жана сансыз кыздарды билчүмүн, бирок жалгыз сен гана жүрөгүмдүн чыныгы ээсисиң, менин сулуум! Сени падыша айымдар көрүп даңазалашат, күңдөр сага баш ийишет жана жер жүзүндөгү бардык аялдар сени даңазалашат. О Суламифь, сен менин аялым жана канайымым болгон күн менин жүрөгүм үчүн эң бактылуу күн болот. 

Кыз май дарагынан оюп жасалган эшигине жакындап, бетин ага тийгизип мындай деди:

– Мен сенин гана күңүң болгум келет, Сулайман. Мына, мен кулагымды эшиктин кашегине койдум. Сенден суранам: Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча, сенин алдыңдагы менин өз ыктыярым менен күң болгонумдун далили катары кулагымды кашегиңе мык менен кагып койчу.

Ошондо Сулайман өзүнүн казынасынан узун алмурут түрүндө жасалган, кочкул-кызыл карбункулдардан жасалган баалуу сөйкөлөрдү алып келүүнү буйруду. Ал өзү аларды Суламифтин кулагына тагып мындай деди:

– Менин сүйүктүүм мага таандык, ал эми мен ага таандыкмын.

Падыша Суламифтин колунан кармап, аны өзүнүн достору жана жакындары күтүп жаткан майрамдык залга алып жөнөдү.

VIII

Суламифь падыша сарайына кирген ошол таңдан бери жети күн өттү. Жети күн бою ал жана падыша сүйүүгө батышып, кумарлары канбай жатышты. Сулайман өзүнүн сүйүктүүсүн асыл таштар менен кооздогонду жакшы көрчү. “Сандалдагы сенин кичинекей буттарың кандай гана сымбаттуу!” – деп кыйкырчу ал суктануу менен, анын алдына тизелеп, буттарынын бармактарын кайра-кайра өпкүлөп, аларга башкы ыйык кызматчысында да болбогон ушунчалык кооз жана сейрек кездешкен таштары бар шакектерди тагып жатып. Падыша ага таштардын ички табияты, алардын сыйкырдуу касиеттери жана сырдуу маанилери жөнүндө айтып берип, Суламифь аны берилип укчу.

– Мына антракс, Офир жеринин ыйык ташы, – дээр эле падыша. – Ал ысык жана нымдуу. Карачы, ал кан сыяктуу, кечки таң сыяктуу, ачылган анар гүлүндөй, Энгеди жүзүмзарларынын коюу шарабындай, сенин эриндериңдей кызыл, менин Суламифим, сүйүү түнүнөн кийинки сенин эртең мененки эриндериңдей. Бул сүйүүнүн, каардын жана кандын ташы. Безгектен кыйналган же каалоодон мас болгон адамдын колунда ал жылуураак болуп, кызыл жалын менен күйөт. Аны колуңа тагынчы, менин сүйүктүүм, анын кантип күйөрүн көрөсүң. Эгер аны күкүмдөп майдалап, суу менен ичсе, бетине кызыл чуркатат, ашказанды тынчтандырат жана жан дүйнөңдү кубантат. Аны тагынган адам адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ал жүрөктү, мээни жана эс тутумду айыктырат. Бирок балдардын жанында аны тагынууга болбойт, анткени ал айланасына сүйүү кумарларын ойготот.

Мына жез даты түстөгү тунук таш. Эфиоптордун өлкөсүндө, ал казылып алынган жерде, аны Магнетис-Фза аташат. Мага аны аялым Астис падышайымдын атасы, египеттик фараон Суссаким белек кылган, ал бул ташты туткунга түшкөн падышадан алган экен. Сүрөтүн көрүп турасың – ал өтө кооз эмес, бирок анын баасы ченемсиз, анткени жер жүзүндө төрт гана адам Магнетис-Фза ташына ээ. Ал ач көз жана акча кумар адам сыяктуу, өзүнө күмүштү тартып алуу өзгөчө касиетине ээ. Мен аны сага белек кылам, менин сүйүктүүм, анткени сен дүнүйөгө кызыкпайсың.

Карачы, Суламифь, бул сапфирлерге. Бирөөлөрү буудай арасындагы сулуу гүлүнүн түсүнө окшош, экинчилери күзгү асманга, айрымдары ачык аба ырайындагы деңизге окшош. Бул кыздыктын ташы – муздак жана таза. Алыскы жана оор саякаттарда ууртам сууну алмаштыруу үчүн аны оозго салышат. Ал ошондой эле чечек оорусун жана ар кандай жаман шишиктерди айыктырат. Ал ойлорго ачыктык берет. Римдеги Юпитердин ыйык кызматчылары аны сөөмөйүнө тагынышат.

Бардык таштардын падышасы – Шамир ташы. Гректер аны Адамас дешет, бул жеңилгис дегенди билдирет. Ал дүйнөдөгү бардык заттардан бышык жана эң катуу отто да жабыркабайт. Бул жерде коюуланып, убакыт менен муздатылган күн жарыгы. Суктанчы, Суламифь, ал бардык түстөр менен ойнойт, бирок өзү суунун тамчысындай тунук бойдон калат. Ал түндүн караңгысында жаркырайт, бирок киши өлтүргүчтүн колунда күндүз да жарыгын жоготот. Шамирди оор төрөттөн кыйналган аялдын колуна байлашат жана аны жоокерлер да согушка бара жатканда сол колуна тагынышат. Шамирди тагынган адам падышаларга жагат жана каардуу жиндерден коркпойт. Шамир беттеги чаар түстү кетирет, дем алууну тазалайт, айлуу түндө баскандарга тынч уйку берет жана уунун жакын коңшулугунан тердеп чыгат. Шамир таштары эркек жана аял болуп бөлүнөт; жерге терең көмүлгөндө, алар көбөйүүгө жөндөмдүү.

Ай ташы, айдын нурундай кубарган жана жоош – бул халдей жана вавилон сыйкырчыларынын ташы. Төлгө ачардан мурда аны тилинин астына салышат да, ал аларга келечекти көрүү жөндөмүн берет. Анын ай менен таң калыштуу байланышы бар, анткени жаңы айда ал муздап, жаркыраак жана ачыгыраак жалындайт. Ал кыз балалык чактан бойго жеткен жылдагы аял үчүн пайдалуу.

Бул смарагд шакекти сен дайыма тагынып жүр, сүйүктүүм, анткени смарагд – Израиль падышасы Сулаймандын эң сүйүктүү ташы. Ал жазгы чөптөй жашыл, таза, шайыр жана назик, ага көпкө карасаң жүрөгүң тазарат; эгер эртең менен карасаң, бүт күн сен үчүн жеңил өтөт. Сенин түнкү төшөгүңдүн үстүнө мен смарагд илем, менин сулуум: ал сенден жаман түштөрдү кууп, жүрөктүн согушун тынчтандырып, кара ойлорду алыстатсын. Смарагд тагынган адамга жыландар менен чаяндар жакындабайт; эгер смарагды жыландын көзүнүн алдында кармап турса, алардан суу агат жана ал сокур болгонго чейин ага берет. Талкаланган смарагды ууланган адамга төө сүтү менен бирге беришет, уу тер менен чыгып кетет; роза майы менен аралаштырылган смарагд уулуу сойлоочулардын чакканын айыктырат, ал эми шафран менен ушаланып, ооруган көзгө коюлганда, тоок сокурлугун айыктырат. Ал дагы кан аралаш чыккан ич өткөктөн жана адам баласынын эч бир каражаты менен айыкпаган кара жөтөлдөн жардам берет.

Падыша ошондой эле өзүнүн сүйүктүүсүнө Ливия тоолорунун этегиндеги токойлордо ачылган эрте лилияларга окшош Ливия аметисттерин тартуу кылчу – аметисттер шамалды ооздуктоого, каарды жумшартууга, мас болуудан сактоого жана жапайы жырткычтарды уулоого жардам берүүчү кереметтүү касиетке ээ эле; сүйүүдө бакыт алып келген, жубайлардын урушун токтоткон, падышанын каарын алыстаткан жана аттарды колго үйрөтүүдө да, сатууда да көмөктөшкөн персеполь бирюзасын; ээсинин мүлкүн, акыл-эсин жана ден соолугун коргогон мышык көз ташын; жээктеги деңиз суусундай кубарган, көк-жашыл бериллди – ак түшүүдөн жана пес оорусунан дары, саякатчылардын жакшы шеригин; ар түрдүү түстөгү агатты – аны тагынган адам кастыктардан коркпойт жана жер титирөө учурунда жанчылып калуу коркунучунан качат; чагылгандын тийүүсүн алыстаткан бөйрөк ташы – нефритти; ээсин өрттөн жана жиндиликтен коргогон алма-жашыл, мунарык тунук ониксти; жырткычтарды калтыраткан яспис ташын; чечендик тартуулаган кара чабалекей ташын; кош бойлуу аялдар жогору баалаган, куш балапандары жумурткадан чыгар убакта бүркүттөр өз уяларына койгон бүркүт ташын; кичинекей күндөй жаркыраган Офир хризолитин; соодагерлер менен уурулардын досу болгон сары-алтындай хрисолитти; падышалар жана падышайымдар сүйгөн сардониксти; кочкул кызыл лигирийди да белек кылчу: аны, белгилүү болгондой, көрүүсү ушунчалык курч болгондуктан дубалдын артын да көрө алган сүлөөсүндүн ашказанынан табышат – ошондуктан лигирий тагынгандар көзүнүн курчтугу менен айырмаланышат, – андан сырткары, ал мурундан кан агууну токтотот жана таш менен темирден келтирилген жаракаттардан башка бардык жараларды айыктырат.

Падыша Суламифтин моюнуна Перс булуңунан анын эли кармаган берметтерден жасалган абдан баалуу мончокторду такчу, бермет анын денесинин табынан жандуу нерседей жаркырап, назик түскө ээ болчу. Кораллдар анын кара тору көкүрөгүндө кызгылтым тартып, манжаларындагы бирюза тирилип, анын колдорунда Тир падышасы Хирамдын тайманбас деңизчилери падыша Сулайманга алыскы түндүк деңиздеринин жээктеринен белекке алып келген ошол сары янтардан жасалган кооз шурулар чатыраган учкундарды чыгара турган.

Суламифь төшөгүн түнгө даярдап жатып, ага алтын түстүү гүлдөр жана лилияларды себелечү, анын көкүрөгүнө баш коюп жатып, падыша чын жүрөгү менен кубанып мындай дээр эле:

– Сен Офир жериндеги падышанын кайыгына окшошсуң, о менин сүйүктүүм, ыйык дарыяда ак жыпар жыттуу гүлдөрдүн арасында термелип сүзүп бараткан алтын, жеңил кайыкка окшошсуң.

Ушинтип, падышалардын эң улуусу жана акылмандардын эң акылманы болгон Сулайман падышага анын биринчи жана акыркы сүйүүсү келген эле.

Ошол учурдан бери көп кылымдар өттү. Нечен-нечен падышалыктар жана падышалар болгон, бирок алардан чөл үстүнөн соккон шамалдай эч кандай из калган жок. Узун, аёосуз согуштар болгон, андан кийин колбашчылардын ысымдары кылымдарда кандуу жылдыздардай жаркырап турган, бирок бара-бара убакыт алар жөнүндөгү эс тутумду да өчүрүп салды.

Ал эми жүзүмзардан чыккан кедей кыз менен улуу падышанын сүйүүсү эч качан өчпөйт жана унутулбайт, анткени сүйүү өлүмдөй бекем, анткени сүйгөн ар бир аял – каныша, анткени ар бир сүйүү керемет!

IX

Сулайман – атактуу акын, даанышман да, кудуреттүү падыша да эле. Ал жүзүмзарда кабылган карапайым кедей кызды өз сарайына алып келгенине туура жети күн толду. Жети күн, жети түн бойдон падыша анын ашыглык кумарына канып-тойбой жашады. Нур жүзүнөн алтын күндүн шооласындай улуу аруулуктун кубанычы чагылып турду. Нурлуу, жылуу, айлуу түндөр – махабаттын шеринесиндей таттуу түндөр өкүм сүрүп жатты!

Жолборс териси төшөлгөн падышалык орунда Суламифь камырдан жуурулгандай аппак жылаңач денеси менен көшүп жатты. Ал эми Сулайман анын аяк жагында жерде отуруп, асыл изумруд кубогун Мареотис шарабын толтура куюп, сүйүктүүсүнүн амандыгы үчүн чын дилинен сүйүнө ууртап, ага байыркы даанышмандардан калган сыйкырдуу, таң калаарлык уламыштарды айтып берип жатты, ал эми Суламифтин назик манжалары анын толкунданган тармал кара чачын мээримдүү сылап турду.

– Айтчы мага, менин падышам, – деди бир күнү Суламифь кылыктана сүйлөп, – сени мынчалык бат, мынчалык терең сүйүп калганым таң калыштуу эмеспи? Азыр баарын эстейм… Сени көрө электе эле, башында үнүңдү гана укканымда, бүт жан дүйнөм менен сага таандык болуп калгандаймын. Жайкы түндө түштүктүн сыдырым шамалынан бажырайган гүл сыяктуу жүрөгүм сага дирилдей ачылды. Менин сүйүктүүм, сен мени эмнең менен мынчалык арбап алдың?

Падыша башын акырын Суламифтин назик тизесине жөлөп, мээрим толгон жылмаюу менен жооп кайтарды:

– Сенден мурда миңдеген аялдар, о менин сулуум, өздөрүнүн сүйүктүүлөрүнө ушул суроону беришкен. Сенден кийин да жүздөгөн кылымдар бою алар өз сүйүктүүлөрүнөн ушуну сурашат. Дүйнөдө мен үчүн түшүнүксүз үч нерсе бар, ал эми төртүнчүсүнүн сырын таптакыр аңдап жете албайм: асмандагы бүркүттүн учуп өткөн изи, аскадагы жыландын сойлогон жолу, деңиз койнундагы кеменин сүзгөн изи жана эркектин аял жүрөгүн ачуучу сырдуу жолу… Бул менин гана акылмандыгым эмес, Суламифь, бул Иакеевдин уулу Агурдун сөздөрү, аны бул сөздөрүн шакирттери уккан. Биз бөлөк бирөөнүн да акылмандыгына баш ийбей коё албайбыз.

– Ооба, – деди Суламифь ойлуу, – адам муну эч качан түшүнө албастыгы чындыктыр. Бүгүн зияпат учурунда менин көкүрөгүмдө жыпар жыттуу стакти гүлдестеси бар эле. Бирок сен дасторкондон турганыңда, менин гүлдөрүм жыттанбай, солуп калды. Менин оюмча, о падышам, сени аялдар да, эркектер да, токойдогу жырткычтар да, алтургай жыпар жыттуу гүлдөр да сүйүшү керектей сезилет. Мен көп ойлоном, бирок аңдай албайм: сенден бөлөк бирөөнү кантип сүйүүгө болот?

– Ошондой эле сенден бөлөктү, сенден бөлөктү кантип сүйүүгө болот, Суламифь?! Мен сени менин жолума туш кылганы үчүн саат сайын Жаратканга ыраазычылык билдирем.

– Эсимде, мен дубалдын муздак ташында отургам. Сен колуңду менин колумдун үстүнө койдуң… Ошондо тамырларыма от чуркап, башым айланды. Мен өзүмө: “Мына менин кожоюнум, мына менин падышам, менин жалгыз сүйүктүүм!” – дедим.

– Эсимде, Суламифь, менин чакырыгыма кантип жалтанбай кылчайганың. Жука көйнөгүңдүн астынан мен сенин денеңди көрдүм, Кудайдай сыйынган сүйүктүү денеңди! Мен аны алтын түк менен капталган калыбында, күн өз өбүүсүн калтыргандай күйгөн түсүндө сүйөм. Сен Фараондун арабасындагы сулуу бээдей сымбаттуусуң, сен Аминадавдын алтын арабасындай көркөмсүң. Сенин көздөрүң суу башында олтурган кош көгүчкөндөй мээримдүү.

– О сүйүктүүм, сенин сөздөрүң мени эритип баратат. Сенин колуң мага бейиштин жылуулугун тартуулайт. О менин падышам, сенин буттарың мрамор мамылардай бекем. Сенин курсагың лилиялар менен курчалган жыйнактуу буудайдай берекелүү.

Айдын жымжырт, күмүш жарыгына бөлөнгөн алар убакытты да, кайда жүрүшкөнүн да унутуп калышты. Ошентип сааттар билинбей өтүп, бөлмөнүн торлуу терезелеринен кызгылт таң нуру кылтыйып караганын гана таң калуу менен байкап калышар эле.

Ошондой күндөрдүн биринде Суламифь мындай деди:

– Сен, менин сүйүктүүм, сансыз көп аялдарды билгенсиң, алардын баары жер жүзүндөгү эң чырайлуу перилер эле. Жөнөкөй, сабатсыз кыз жана анын күнгө күйгөн бечара денеси жөнүндө ойлогондо, мен алардын алдында уялып кетем…

Бирок эриндерине эриндерин тийгизип, падыша чексиз сүйүү жана ыраазычылык менен мындай деди:

– Сен ханышасың, Суламифь! Сен чыныгы ханыша болуп төрөлгөнсүң. Сен махабатта кайраттуусуң да, ары берешенсиң. Менин жети жүз жубайым жана үч жүз күңүм бар, ал эми кыздарды сансыз билдим, бирок сен менин жалгызымсың, момун асылымсың, аялзатынын эң сулуусусуң! Суучул Перс булуңунда падыша таажысына татыктуу бир гана берметти деңиз түбүнөн сууруп чыкканга чейин, миңдеген бош кабырчыктар менен арзан берметтерди куржундарга толтургандай, мен дагы акыры сени таптым. Берекем, адам миң жолу ашык болушу мүмкүн, бирок бир ээле жолу чындап сүйөт! Караңгы сансыз адамдар сүйөм деп ойлошот, бирок Кудай алардын экөөнө гана чыныгы сүйүүнү жөнөтөт. Ал эми сен мага тигил кипарис дарактарынын арасында, кедр чатырынын астында, жашыл төшөктө өзүңдү бергениңде, мага мынчалык мээримдүү болгон Жаратканга чын дилимден ыраазылык айттым.

Суламифь кайрадан сурады:

– Мен билем, алардын баары сени сүйүшкөн, анткени сени сүйбөй коюу мүмкүн эмес. Сава ханышасы өз өлкөсүнөн сага атайын келген. Аны жер жүзүндө мурда болгон бардык аялдардан акылдуураак жана сулуураак болгон дешет. Түшүмдө көргөндөй анын кербендерин эстейм. Эмнегедир билбейм, бирок бала кезимден эле атактуулардын арабаларына тартылчумун. Анда мен балким жетиде, балким сегизде элем… Алтын шаймандары бар, кочкул кызыл жапкычтар менен жабылган, оор жүктөр жүктөлгөн төөлөрдү эстейм. Кулактарынын ортосунда алтын коңгуроолору кагылган качырларды, күмүш капастардагы күлкүлүү маймылдарды жана керемет тоту куштарды эстейм. Көптөгөн кызматчылар ак жана көк кийим кийип келе жатышкан; алар кызыл жиптер менен байланган, колго үйрөтүлгөн жолборсторду жана илбирстерди жетелеп жүрүшкөн. Анда мен болгону сегиз жашта элем…

– О алтын айым, анда сегиз гана жашта элең, – деди Сулайман муңайым.

– Сен аны менден да жакшы көргөнсүңбү, Сулайман? Мага ал жөнүндө бир нерсе айтып берчи.

Падыша ага бул таң калыштуу аял жөнүндө баарын айтып берди. Израиль падышасынын акылмандыгы жана сулуулугу жөнүндө көп угуп, ал өз өлкөсүнөн бай белектер менен анын акылмандыгын сынап, жүрөгүн багынтууну каалап келген. Бул солуп бараткан кырк жаштагы шаан-шөкөттүү аял эле. Бирок жашыруун, сыйкырдуу каражаттар менен ал өзүнүн бошой баштаган денесин кыздыкындай сымбаттуу жана ийилчээк көрсөтүп, жүзү коркунучтуу, адамдыкы эмес табияттан тышкаркы сулуулуктун мөөрүн алып жүргөн. Бирок анын акылмандыгы кадимки адамдык акылмандык, анын үстүнө аялдын майда амалкөйлүгү эле.

Падышаны табышмактар менен сынагысы келип, ал ага адегенде эң назик жаштагы элүү жигитти жана элүү кызды жиберген. Алардын баары ушунчалык куулук менен окшош кийинишкендиктен, эң курч көз да алардын эркек-аялын айырмалай албайт эле. “Эгер сен мага булардын кимиси аял, кимиси эркек экенин айтсаң, мен сени акылман дейм, падышам”, – деди Балкис.

Падыша күлүп, келгендердин ар бирине жуунуу үчүн күмүш табак менен күмүш кумара берүүнү буйруду. Эркек балдар сууну чачыратып, бети-колун катуу-катуу жууп жатышты. Ал эми кыздар болсо кадимки кыздар жуунганда аялдар дайыма кылгандай сууну назик уучтап, көздөрүнө жакын алып келип, этияттап сүртүнүштү. Ошентип падыша Балкис-Македанын биринчи табышмагын жөнөкөй эле чечип койду.

Андан кийин ал Сулайманга токой жаңгагындай чоң алмаз жиберди. Бул ташта абдан ичке, татаал жол менен аны тешип өткөн ийри-буйру жарака бар болчу. Ошол жарака аркылуу жибек жипти өткөрүү керек эле. Ал эми акылман падыша жаракага жибек куртун коё берди, ал сыртка чыгып, артынан эң ичке жибек желесин калтырды.

Ошондой эле сулуу Балкис падыша Сулайманга сардоникстен чегилген, укмуштуудай көркөмдүк менен жасалган баалуу кубокту жиберди. “Эгерде сен аны жерден да, асмандан да алынбаган суюктукка толтурсаң, бул кубок сеники болот”, – деди ал падышага. Сулайман болсо идишти чаап келген аттын денесинен чыккан көбүккө толтуруп, аны ханышага алып барууну буйруду.

Ханыша Сулайманга ушу сыяктуу көптөн көп табышмактарды сунуштады, бирок анын улуу акылмандыгын төмөндөтө алган жок жана түнкү напсинин бардык жашыруун сыйкырлары менен анын сүйүүсүн түбөлүккө сактай албады. Падыша андан тажаганда, аны ырайымсыздык менен шылдың кылды.

Сава ханышасы эч кимге буттарын көрсөтчү эмес, ал этеги жерге чейин жеткен узун көйнөк кийгени баарына белгилүү болчу. Ал тургай махабат маалында да буттарын көрсөтпөй бекем жаап алчу. Бул тууралуу көптөн бери көптөгөн таң калыштуу жана күлкүлүү уламыштар тараган. Бирөөлөр ханышанын жүн баскан текеникиндей буттары бар деп ишендиришсе, башкалары анын буттарынын ордуна өрдөктүкү сыяктуу буттары бар деп ант беришкен. Алтургай Балкис ханышанын апасы бир жолу жуунгандан кийин кумга отурганын, ал жерде убактылуу өрдөккө айланган кандайдыр бир кудай өз уругун калтырганын жана ушул кокустуктан улам ал сулуу Сава ханышасы боюна бүткөнүн кеп кылышчу.

Ошентип бир күнү Сулайман өзүнүн бөлмөлөрүнүн биринде астында бош мейкиндиги бар тунук хрусталь полду жасоону буйруду. Ал жерге суу куюп, тирүү балыктарды кое беришти. Мунун баары ушунчалык адаттан тыш чеберчилик менен жасалгандыктан, эскертилбеген адам айнекти эч качан байкамак эмес жана анын алдында тунук таза суусу бар көлмө турат деп ант бермек.

Баары даяр болгондо, Сулайман өзүнүн падышалык коногун жолугушууга чакырды. Алтын жана баалуу таштар менен, кара көздөрүнүн мээримдүү карашы менен жаркыраган падыша бөлмөнүн экинчи четинде олтурат. Эшик ханышанын алдында ачылат да, ал алдыга бир кадам таштайт, бирок кокустан чыңырып жиберет…

Суламифь шайыр балдардай күлүп, алаканын чапты:

– Ал эңкейип, көйнөгүн өйдө көтөрдүбү? – деп сурады Суламифь.

– Ооба, менин сүйүктүүм, ал суу көргөндө ар бир аял кандай кылса, ошондой кылды. Ал көйнөгүнүн этегин өйдө көтөрдү… Бул бир гана көз ирмемге созулганы менен, мен да, менин бүт сарайым да сулуу Сава ханышасы Балкис-Македанын буттары кадимки адамдыкы экенин, бирок алар кыйшык жана калың түк басканын көрдүк. Эртеси күнү ал мени менен коштошпой, өзүнүн укмуштуудай кербени менен кетип калды. Мен аны таарынткым келген эмес. Анын артынан ишенимдүү чабарманды жибердим, ага ханышага сейрек кездешүүчү тоо чөбүнүн боосун жеткирип берүүнү буйрудум – бул денедеги чачтарды жок кылуунун эң мыкты каражаты эле. Бирок ал менин чабарманымдын башын кымбат баалуу кездемеден жасалган баштыкка салып кайтарып берди.

Сулайман сүйүктүүсүнө өз жашоосунан башка эч бир адам билбеген, Суламифь өзү менен бирге көргө алып кеткен көптөгөн сырларды айтып берди. Ал ага бир туугандарынын каарынан, Авессаломдун көрө албастыгынан жана Адониянын кызганычынан качып, бөлөк ысым менен бөлөк жерлерде жашынууга мажбур болгон, коркунучтуу кедейчиликти жана азаптарды тарткан узак жана оор жер кезип жүргөн жылдары жөнүндө айтты. Ал ага алыскы белгисиз өлкөдө, аны бир жерге жумушка жалдашын күтүп базарда турганда, ага падышанын ашпозчусу келип:

– Чет элдик, мага падыша сарайына балык салынган бул куржунду көтөрүүгө жардам бер, – дегенин баяндады.

Акылы, шамдагайлыгы жана чебер мамилеси менен Сулайман падыша сарайындагыларга ушунчалык жагып, кыска убакыттын ичинде сарайга ишке орношуп алды, ал эми улуу ашпозчу каза болгондо, ал анын ордун басты.

Андан ары Сулайман падышанын жалгыз кызы, сулуу, жалындуу кыз жаңы ашпозчуну сүйүп калганын, ал ага сүйүүсүн ачканын, алар бир түндө сарайдан бирге качышканын, аларды кууп жетип кайра алып келишкенин, Сулайман өлүмгө өкүм кылынганын жана ага зындандан керемет жол менен качып кутулууга мүмкүн болгонун айтып берди.

X

Изиданын Ватн-эль-Хав тоосундагы сыйынуу үйүндө кичи аруулануудан өткөн сыйынуучуларга уруксат берилген улуу сырдуу ырым-жырымдын биринчи бөлүгү жаңы эле аяктады. Кезектеги жрец – кардай аппак кийимчен, чачын тасырайта кырдырган, сакал-мурутсуз карыя – курмандык чалынуучу жайдын бийиктигинен элге кайрылып, жай, чарчаңкы үн менен мындай деди:

– Бейпилдикте болгула, менин уулдарымым менен кыздарым. Эрдигиңерди жеткилең жасагыла. Кудайды даңазалагыла! Анын батасы силердин үстүңөрдө түбөлүктүү болсун. Ал алакан жайып, апак колдору менен бата берди. Ошол замат кичи аруулануудан өткөн сыйынуучулар таш жерге жыгылып таазим кылгандан кийин, жай гана турушуп, үнсүз сыртка чыга башташты.

Бүгүн Египеттин Фаменот айынын жетинчи күнү эле. Бул күн Осирис жана Изида мистерияларына арналган. Кечинде салтанаттуу жүрүш чырактар, пальма жалбырактары жана шараптуу амфоралар менен, кудайлардын сырдуу символдору жана Фаллустун ыйык сүрөттөрү менен храмды үч жолу айланып чыкты. Жүрүштүн ортосунда жрецтердин жана экинчи пайгамбарлардын ийининде баалуу жыгачтан жасалып, бермет, пил сөөгү жана нурлуу алтын менен кооздолгон жабык “наос” көтөрүлүп турду. Ал жерде Кудайлардын энесинин өзү: Ал – Көрүнбөгөн, Түшүмдүүлүктү Берүүчү, Сырдуу, Кудайлардын Энеси, Карындашы жана Аялы бар эле.

Каардуу Сет өзүнүн бир тууганы, ыйык Осиристи аш-тойго азгырып келип, куулук менен аны шаан-шөкөттөлгөн табытка жаткырып, капкагын бекем жаап, улуу кудайдын денеси менен бирге табытты Нилдин шар суусуна ыргыткан. Жаңы эле Горду төрөгөн Изида кан ыйлап кайгырып, бүт жер жүзү боюнча күйөөсүнүн денесин издейт, бирок көпкө чейин таба албайт. Акыры балыктар ага толкундар табытты деңизге алып кетип, Библоско агызып барганын, ал жерде анын айланасында чоң дарак өсүп, кудайдын денесин жана анын калкыма үйүн өз сөңгөгүнө жашырганын айтышат.

Ал өлкөнүн падышасы ичинде өмүр берүүчү Осирис кудайы өзү жатканын билбей, ошол абдан чоң дарактан өзүнө кубаттуу устун жасоону буйруйт. Изида аптапта какталып, суусап жана оор таштуу жолдон кыйналып олтуруп, акыры Библоско барат. Ал табытты дарактын сөңгөгүнөн алып чыгып, өзү менен бирге алып кетет да, шаар дубалынын жанында жерге жашырат. Бирок Сет кайрадан Осиристин денесин уурдап, аны он төрт бөлүккө кесип, Жогорку жана Төмөнкү Египеттин бардык шаарлары менен айылдарына чачып жиберет.

Изида кайрадан улуу кайгыга батып, көз жашы тыйылбай күйөөсүнүн жана бир тууганынын ыйык мүчөлөрүн издөөгө жөнөдү. Анын азабын карындашы – Кудай эне Нефтис, кубаттуу Тот жана Кудай эненин уулу – жарык Гор (Горизит) да бөлүшүшөт. Ыйык кызматтын биринчи жарымындагы жүрүштүн жашыруун мааниси мына ушунда эле.

Азыр, жөнөкөй аруулангандар кетип, бир аз эс алгандан кийин, улуу сыйкырчылыктын экинчи бөлүгү аткарылмак. Храмда жогорку даражада аруулангандар гана калышты – мистагогдор, эпоптор, пайгамбарлар жана жрецтер. Ак кийимчен эркек балдар күмүш табактарда эт, нан, кургатылган мөмө-жемиштерди жана таттуу пелуз шарабын ташып жатышты. Башкалары тир кумараларынан кылмышкерлерге өлүм жазасына чейин алардын кубатын ойготуу үчүн берилген сикераны куюп жүрүштү. Ал адамдарда ыйык жиндилик отун жаратуу жана аны колдоо касиетине да ээ эле.

Кезектеги жрецтин белгиси боюнча эркек балдар кетишти. Жрец-кароолчу бардык оор эшиктерди бекитти. Андан кийин ал калгандардын баарын кылдат айланып чыгып, алардын жүздөрүн карап, ушул түнгө кирүүчү сырдуу сөздөрдү сурап жатты. Башка эки жрец храмды бойлой жана анын ар бир мамысынын айланасында жыпар жыт чачкан дөңгөлөктүү түтөткүч идишти сүйрөп жүрүштү. Храм көк, калың, мас кылуучу жыпар жытка толуп чыкты. Коюу түтүндөн ар түрдүү түстөгү тунук таштардан чегилип, алтынга бууланган жана шыпка узун күмүш чынжырларга илинген чырактардын оттору араң көрүнөт. Илгери бул Осирис жана Изида храмы чакан өлчөмдөрү жана кедейлиги менен айырмаланып, тоонун тереңинде үңкүр сыяктуу казылган эле. Сырттан ага жер астындагы ичке коридор гана алып келе турган. Бирок балдарды курмандыкка чалууга уруксат бергендерден башка бардык диндерди өз камкордугуна алган Сулаймандын падышалык кылган куттуу күндөрүндө жана египеттик теги бар Астис ханышанын аракетинин аркасында храм тереңдеп жана бийиктеп, бай тартуулар менен жасалгаланган эле.

Мурдагы алтарь, аны курчап турган казыналар, курмандык буюмдары жана ыйык таандыктар өзүнүн баштапкы катаал жөнөкөйлүгүндө сакталып калган. Ошондой эле эң жашыруун мистикалык оргиялар учурунда өзгөчө купуя максаттар үчүн кызмат кылган көптөгөн кичинекей бөлмөлөр да ошол бойдон калган.

Бирок, кийин оңдолгон Гатор Кудай эненин урматына салынган түркүктөрү жана жыйырма төрт мамыдан турган төрт тараптуу колоннадасы бар сырткы короо чынында эле керемет эле. Сыйынуучулар үчүн ички жер астындагы көп түркүктүү зал андан да шаан-шөкөттүү жасалган. Анын мозаикалык полу балыктардын, жырткычтардын, жерде-сууда жашоочулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн чебер сүрөттөрү менен кооздолгон. Шып болсо көк глазурь менен капталган, анда алтын күн жаркырап, күмүш ай жарык чачып, сансыз жылдыздар жылтылдап, канаттарын жайган канаттуулар каалгып жүрчү.

Пол – жер, шып – асман эле, ал эми аларды, кубаттуу дарак сөңгөктөрүндөй, тегерек жана көп кырдуу мамылар бириктирип турган. Бардык мамылар лотостун ачыла элек гүлдөрү же папирустун ичке түрмөктөрү түрүндөгү капителдер менен аяктагандыктан, алардын үстүндө жаткан шып чынында эле асман сыяктуу жеңил жана абадай көрүнчү.

Дубалдар адамдын боюндай жерине чейин ханыша Астистин өтүнүчү боюнча Фивадан алынып келинген кызыл гранит плиталары менен капталган. Ал жердеги жергиликтүү усталар гранитке күзгүдөй жылмакайлык жана кооз жылтырактык берүү жагынан ашкан чебер болушкан. Андан жогору, шыпка чейинки дубалдар, мамычалар сыяктуу эле, эки Египеттин кудайларынын символдорунун оюлуп, боёлгон сүрөттөрү менен кооздолгон. Бул жерде Фаюмда крокодилдин образында сыйынышкан Себех, Хмуну шаарында ибис катары көрсөтүлгөн ай кудайы Тоот, Эдфуда куймулчак арналган күн кудайы Гор, мышык кейпиндеги Бубастык Бает, арстандын образындагы аба кудайы Шу, Апис образындагы Пта, уйдун образындагы кубаныч кудайы Гатор, чөөнүн баштуу бальзамдоо кудайы Анубис, Гермондук Монту, коптук Мину жана асман кудайы Саист, акырында, кочкордун образында аты айтылбаган жана “Батышта жашоочу” дегенди билдирген Хентиементу деп аталган коркунучтуу кудай бар эле.

Күүгүмдөгү алтарь бүт храмдын үстүнөн бийиктеп, анын тереңинде Изиданын сүрөттөрүн жашырган ыйык жайдын алтын түстүү дубалдары жалтырап турчу. Үч дарбаза – чоң, орто жана эки капталдагы кичине эшиктер – ыйык жайга алып барчу. Ортоңкусу эфиоптук обсидиандан жасалган ыйык таш бычагы бар курмандык чалынуучу жай эле. Тепкичтер алтарга алып чыгат. Ал жерде тимпандар, систрлер, флейталар жана бубндары менен кенже жрецтер жана жрец аялдар жайгашкан.

Астис ханыша кичинекей жашыруун бөлмөдө жаткан эле. Оор парда менен чебер жашырылган чакан төрт бурчтуу тешик түз эле курмандык чалынуучу жайга карап тургандыктан, өзүнүн бар экенин билдирбей ыйык жөрөлгөнүн бардык майда-чүйдөсүнө чейин байкоого мүмкүндүк берчү. Күмүш менен саймаланган жука зыгыр кездемеден тигилген тар көйнөк ханышанын денесине чапташып, колдорун ийинине чейин, буттарын жоон санына чейин ачык калтырган. Тунук кездеменин алдынан анын кызгылт нур чачкан териси, отуз жашка чыкса дагы ийкемдүүлүгүн, сулуулугун жана тазалыгын жогото элек сымбаттуу денесинин бардык назик сызыктары даана көрүнөт. Көк түскө боёлгон чачтары далысына жайылып, учтары сансыз жыпар жыттуу тоголоктор менен кооздолгон. Бети калың упаланып, кызыл жүзүндөгү сурма койгон чоң көздөрү караңгыда жырткыч мышыктын көзүндөй жанып турду. Алтын ыйык урей (жылан) мойнунан ылдый түшүп, анын жарым жылаңач төштөрүн бөлүп турган.

Сулайман падыша Астис ханышанын чектен ашкан кумарпоздугунан тажап, ага болгон сезими сууй баштагандан бери, ханыша түштүк элине мүнөздүү болгон кумарлуулугу жана кордолгон аялдык кызганычынын айынан Изидага сыйынуунун жогорку культуна кирген бузукулукка жана жашыруун оргияларга берилип кетти. Ал дайыма бычылган дин кызматкерлеринин курчоосунда жүрчү. Азыр да алардын бири тоос куйругунан жасалган желпигич менен ханышанын баш жагында жай желпип турса, калгандары полдо отуруп, көздөрүн албай, ханышага суктануу менен карап олтурушкан. Алардын таноолору ханышанын денесинен чыккан жыпар жыттан улам кеңейип, дирилдеп жатты, ал эми калтыраган манжалары менен анын жеңил кийиминин этегине байкатпай тийип калууга аракет кылып жатышты. Алардын эч качан канбаган ашынган кумары элестетүү мүмкүнчүлүгүн чегине чейин жеткирген Кибелла менен Ашеранын ырахаттарындагы алардын ойлоп тапкан амалдары адам баласынын мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшчү.

Алар ханышаны бири-биринен, бардык аялдардан, эркектерден жана балдардан кызганып, атүгүл ханышанын өзүнөн да кызганып, аны Изидадан да жогору коюп сыйынышчу. Ошол эле учурда аны сүйүү менен бирге, таттуу жана ырайымсыз азаптардын чексиз оттуу булагы катары жек көрүшчү. Иерусалимде ханыша Астис тууралуу жаман, коркунучтуу жана азгыруучу ушактар тараган эле. Сулуу уул-кыздардын ата-энелери балдарын анын көзүнөн жашырышчу; анын атын жубайлардын төшөгүндө айтуудан коркушчу, анткени аны ыпластыктын жана балээнин белгиси катары көрүшчү. Бирок толкунданткан, мас кылуучу кызыгуу адамдардын жанын ага тартып, денелерин анын бийлигине берчү. Анын кандуу, айбандык эркелетүүсүн бир жолу болсо да татып көргөндөр, аны эч качан унута албай, түбөлүккө анын байкуш, кор болгон кулдарына айланышчу. Аны кайрадан ээлеш үчүн ар кандай күнөөгө, ар кандай кордукка жана кылмышка даяр болгон бул адамдар, Офир өлкөсүнөн алынып келинген, таттуу түштөрдү тартуулоочу ачуу апийим суусундугун бир жолу татып алып, андан эч качан арыла албай, өмүрү өткөнчө ошол суусундукка гана сыйынып, аны гана аздектеп, акыры алсыроо менен жиндиликке чалдыккан бейбактарды элестетишчү.

Ысык абада желпигич жай гана термелип турду. Жрецтер үнсүз суктануу менен өздөрүнүн коркунучтуу бийкечин карап турушту. Бирок ал алардын бар экенин таптакыр унутуп калгандай эле. Ал парданы бир аз жылдырып, курмандык чалынуучу жайдын аркы капталына, алтын менен кооздолгон караңгы пардалардын бүктөмдөрүнүн арасынан израилдик падышанын сулуу, жаркыраган жүзү көрүнүп турган тарапка тигиле карады. Падышанын салынды аялы, ырайымсыз жана кумарпоз Астис, өзүнүн жалындуу жана бузуку жүрөгү менен бир гана ошону сүйчү. Ал анын бир ирмемдик көз карашын, жылуу сөзүн, колунун тийгенин бардык жерден издеп, бирок таба алчу эмес. Салтанаттуу чыгууларда, сарайдагы сый тамактарда жана сот күндөрү Сулайман ага падыша жана падышанын кызы катары сый көрсөтчү, бирок анын жан дүйнөсү бул аял үчүн өлүк эле. 

Көп учурда текебер аял белгиленген сааттарда өзүн Ливан үйүнүн жанынан алып өтүүнү буйручу. Ошондо ал алыстан болсо да, паланкиндин оор кездемелеринин арасынан, сарайдагы элдин арасынан Сулаймандын сыймыктуу, унутулгус сулуу жүзүн көрүп калгысы келе турган. Анын падышага болгон жалындуу сүйүүсү көптөн бери ушунчалык катуу жек көрүү менен аралашып кеткендиктен, Астис өзү да аларды айырмалай албай калган эле. Илгери Сулайман да улуу майрам күндөрү Изида храмына келип, кудайга курмандык чалып, атүгүл египеттик фараондон кийинки экинчи орундагы жогорку жрец наамын да кабыл алган. Бирок “Уруктандыруунун кандуу курмандыгынын” коркунучтуу сырлары анын акылын жана жүрөгүн кудайлардын Энесине кызмат кылуудан алыстатты.

– Билбестиктен, же зомбулуктан, же кокустуктан, же оорудан улам бычылган адам Кудай алдында кемсинтилбейт, – деди падыша. – Бирок өзүн өзү майып кылган адамга кайгы болсун!

Ошентип, бир жылдан бери анын храмдагы төшөгү бош калган эле. Эми падыша аялдын жалындуу көздөрү кыймылсыз пардаларды канчалык кумарлана карабасын, баары текке кетти.

Ал ортодо шарап, сикера жана мас кылуучу жыпар жыттуу заттар храмга чогулгандарга байкаларлык таасирин тийгизе баштады. Кыйкырыктар, күлкү жана таш полго түшкөн күмүш идиштердин шыңгыры көүрөөк угулуп жатты. Кандуу курмандыктын улуу, сырдуу мүнөтү жакындап калган эле. Аруулангандар экстазка түшө баштаган.

Падыша аял храмды жана аруулангандарды кунт коюп карап чыкты. Бул жерде Сулаймандын жан-жөкөрлөрүнүн жана аскер башчыларынын арасынан көптөгөн кадыр-барктуу, атактуу адамдар бар эле: Аргоб аймагынын бийлик ээси Бен-Гевер, падышанын кызы Васемафиге үйлөнгөн Ахимаас, тапкыч Бен-Декер, чыгыш каада-салты боюнча “падышанын досу” деген бийик наамды алып жүргөн Зовуф жана Сулаймандын Давиддин биринчи никесинен болгон бир тууганы – Далуиа; ал ашыкча ичкилик менен бузукулуктан улам эрте эле акыл-эсинен айнып, шал болуп калган жарым жан адам эле. Алардын баары – кимиси ишеними, кимиси кызыкчылыгы, ал эми кээ бирлери напсилик максаттары үчүн – Изидага сыйынгандар эле.

Мына ошентип, ханышанын көзү падышанын жан сакчыларынын башчыларынын бири Элиавдын сулуу, жаш жүзүнө кадала тиктеп калды. Ханыша анын кара тору жүзү эмне үчүн мынчалык кызарып турганын, жалындуу көздөрү эмне үчүн кусалык менен ханышанын сулуу, ак колдору тийген сайын араң кыймылдаган пардага кадалганын жакшы билчү. Бир жолу, дээрлик тамаша иретинде, бир мүнөттүк кумарына баш ийип, ал Элиавды өзү менен бирге узун, бактылуу түндү өткөрүүгө мажбурлаган эле. Эртеси эртең менен аны узатып жиберген, бирок ошондон бери көп күн бою ал кайда барбасын – сарайдабы, ибадатканадабы же көчөдөбү – аны моюн сунуу менен коштоп жүргөн эки ашык болгон, баш ийген, кусалуу көздү көрөр эле. Ханышанын кара каштары түйүлүп, узун жашыл көздөрү коркунучтуу ойдон улам бир заматта карарып кетти. Ал колун араң байкаларлык кыймылдатып, бычмачыга желпигичти түшүрүүнү буйруду да, акырын мындай деди:

– Баарыңар чыгып кеткиле. Хушай, сен барып, падышанын жан сакчыларынын башчысы Элиавды чакырып кел. Ал жалгыз келсин.

XI

Ак кийимчен, кызыл тактары бар он дин кызматчысы курмандык чалуучу жайдын ортосуна чыгышты. Алардын артынан аялдардын кийимин кийген дагы эки дин кызматчысы ээрчиди. Алар бүгүн Озиристи жоктоп ыйлаган Нефтис менен Изиданын ролун аткармак. Андан соң курмандык чалуучу жайдын төрүнөн жөнөкөй ак хитон кийген бирөө чыкты. Ошол замат ал жердеги бардык аялдар менен эркектердин көздөрү ага кадала түштү. Ал – Ливан тоолорунда он жыл бою оор сыноолорду башынан кечирген жана бүгүн Изидага өз ыктыяры менен улуу кандуу курмандыкка чалынууга тийиш болгон ошол чөл жашоочусу эле. Ачкачылыктан арыктап, шамалга какталып, күнгө күйгөн анын жүзү олуттуу да, кубарган да көрүнүп, көздөрү жерди карап, андан кандайдыр бир табияттан тышкаркы коркунуч туйлуп турду.

Акыры ибадаткананын башкы дин кызматчысы чыкты. Ал башына тиара кийип, ийнине жолборс терисин жамынып, чөөлөрдүн куйруктары менен кооздолгон парча алжапкыч тагынган жүз жаштагы карыя эле. Ал сыйынуучуларга бурулуп, карылыктын титиреген жумшак үнү менен мындай деди:

– Сутон-ди-готпу. (Падыша курмандык чалат).

Андан соң курмандык чалуучу жайга бурулуп, жардамчысынын колунан кызыл буттуу ак көгүчкөндү алды да, куштун башын кесип, көкүрөгүнөн жүрөгүн сууруп чыкты. Анан анын канын курмандык чалуучу жайга жана ыйык бычакка чачты.

Бир азга созулган жымжырттыктан кийин ал үнүн бийик чыгарды:

– Озиристи, Атум кудайын, улуу Ун-Нофер-Онуфрийди, Он кудайын жоктоп ыйлайлы!

Аялдардын кийимин кийген эки эркек – Изида менен Нефтис – дароо эле ичке, муңдуу үндөрү менен жоктоп ыйлай башташты:

– “Өз үйүңө кайтчы, о, сулуу жигит. Сени көрүү – бакыт. Сени менен бир курсакта жаралган Изида, сенин аялың жана карындашың сени чакырат. Бизге жүзүңдү кайра көрсөтчү, жаркыраган кудай! Мына, карындашың Нефтис да турат. Ал көз жашын төгүп, кайгыдан чачын жулуп жатат. Биз сенин сулуу денеңди өлүмдөй сагыныч менен издеп жүрөбүз. Озирис, үйүңө кайт!”

Аларга башка эки дин кызматчысы кошулду. Булар Гор менен Анубис эле, алар да Озиристи жоктоп ыйлап жатышты. Алар ар бир сапты ырдап бүткөн сайын, тепкичтерде жайгашкан хор аны салтанаттуу, кайгылуу обон менен кайталап жатты.

Андан кийин, ошол эле ырдын коштоосунда улуу дин кызматчылары ыйык жайдан эми наос менен жабылбаган кудай аялдын айкелин алып чыгышты. Бирок алтын жылдыздар чачылган кара мантия кудай аялды башынан бутуна чейин ороп тургандыктан, анын жылан оролгон күмүш буттары гана көрүнүп турду; чокусунда болсо уйдун мүйүздөрүнүн арасына орнотулган күмүш диск бар эле. Ошентип, жыпар жыттуу идиштердин түтүнү, систрлердин шыңгыры жана кайгылуу жоктоо менен Изида кудайдын жүрүшү курмандык чалуучу жайдын тепкичтеринен ылдый, ибадаткананын ичине, дубалдарды бойлой, колонналардын арасы менен жай жылып жөнөдү.

Мына ушинтип кудай аял өзүнүн жубайынын чачырап кеткен дене мүчөлөрүн Тоот менен Анубистин жардамы менен тирилтүү үчүн чогулткан:

– “Даңк сага, Озиристин сулуу башын сактап калган Абидос шаары! Даңк сага, Мемфис шаары, улуу кудайдын оң колун – согуштун жана коргоонун колун тапкан жерибиз! Сага да даңк, Саис шаары, жарык кудайдын сол колун – адилеттүүлүктүн колун жашырган! Сен да бата алгын, Фивы шаары, Ун-Нофер-Онуфрийдин жүрөгү тынчтык тапкан жер!”

Ошентип, кудай аял бүткүл ибадаткананы кыдырып, курмандык чалуучу жайга кайтып келди. Хордун ыры барган сайын күчөп жаңырды. Ыйык шыктануу дин кызматчыларын жана сыйынуучуларды бийлеп алды. Изида Озиристин денесинин бардык бөлүктөрүн тапты, бирөөсүнөн башкасын – энелик жатынды уруктандырган, жаңы түбөлүк өмүрдү жараткан ыйык Фаллусту. Эми Озирис менен Изиданын мистериясындагы эң улуу акт жакындап калган эле…

– Бул сенсиңби, Элиав? – деп сурады ханыша эшиктен акырын кирип келген жигиттен.

Караңгы бөлмөдө ал үнсүз гана ханышанын бутуна жыгылып, көйнөгүнүн этегин эриндерине басты. Ханыша анын кубанычтан, уяттан жана кумардан ыйлап жатканын сезди. Колун анын тармал, катуу чачына коюп, мындай деди:

– Айтып берчи, Элиав, падыша жана жүзүмзардагы кыз жөнүндө эмне билсең, баарын айтып бер.

– Оо, сиз аны кандай гана сүйөсүз, ханыша! – деди Элиав ачуу үшкүрүп.

– Сүйлө… – деп буйруду Астис.

– Мен сизге эмне дей алам, ханыша? Кызганычтан жүрөгүм тилинип баратат.

– Сүйлө!

– Падыша эч кимди аны сүйгөндөй сүйгөн эмес. Ал аны бир көз ирмемге да жанынан чыгарбайт. Көздөрү бакыттан жанып турат. Айланасына ырайым менен белектерди төгүп жатат. Авимелех сыяктуу акылман адам ал кыздын бутунда кулча жатат жана иттей болуп көзүн андан албайт.

– Сүйлө!

– Оо, сиз мени кандай гана кыйнап жатасыз, ханыша! Ал болсо… ал – бүтүндөй сүйүү, бүтүндөй назиктик жана мээрим! Ал момун жана тартынчаак, өзүнүн сүйүүсүнөн башка эч нерсени көрбөйт да, билбейт. Ал эч кимде кастыкты да, кызганычты да, көрө албастыкты да ойготпойт…

– Сүйлө! – деди ызалуу үн менен ханыша. Ал ийкемдүү манжалары менен Элиавдын кара чачына жармашып, анын башын өзүнө карай тартты; тунук хитонундагы күмүш саймалар жигиттин бетин тытып кетти.

Ал арада курмандык чалуучу жайда кара жабуу менен жабылган кудайдын сөлөкөтүнүн айланасында дин кызматчылары менен аялдар эс-учун жоготкон абалда чуркап жүрүштү. Алар уюгушкан иттердей чуркурашып, барабандардын добушу жана систрлердин шыңгыры астында бийлеп жатышты. Алардын айрымдары өздөрүн керик терисинен жасалган камчылар менен сабашса, башкалары кыска бычактар менен көкүрөктөрүнө жана ийинине терең, кандуу жарааттарды келтирип жатышты. Үчүнчүлөрү болсо манжалары менен ооздорун айрып, кулактарын жырып, беттерин тытышты. Ушул жиндидей болгон бийдин дал ортосунда, кудайдын бутунун алдында, Ливан тоолорунан келген аппак кийимчен кечил этек-жеңин желбиретип, укмуштуудай тездик менен бир орунда чимирилип жатты. Бир гана башкы дин кызматчысы кыймылсыз турду. Ал колунда эфиопиялык обсидиандан жасалган ыйык курмандык бычагын кармап, эң коркунучтуу акыркы көз ирмемди күтүп турган эле.

– Фаллус! Фаллус! Фаллус! – деп кыйкырышты эс-учун жоготкон дин кызматчылары экстаз абалында. – Сенин Фаллусуң кайда, о, жарык кудай! Кел, кудайды уруктандыр. Анын көкүрөгү кусалыктан эзилип бүттү! Жатыны жайкы ысык айлардагы чөлдөй куурап турат!

Ошол учурда коркунучтуу, жиндидей, кулакты жарып чыккан кыйкырык бир көз ирмемге бүт хорду басып кетти. Дин кызматчылары тез эле эки жакка бөлүнүп кетишти, ошондо ибадатканадагылардын баары Ливандык кечилди көрүштү. Ал жылаңач эле, анын узун, сөөктүү, сары денеси үрөй учурарлык көрүндү. Башкы дин кызматчысы ага бычакты сунду. Ибадатканада чыдап болгус жымжырттык орноду. Кечил тез эле ийилип, кандайдыр бир кыймыл жасады да, кайра түзөлдү. Анан оору менен ырахат аралашкан кыйкырык менен кудайдын бутунун алдына канга боёлгон, формасы жок эттин кесиндисин ыргытып жиберди.

Ал теңселип баратты. Башкы дин кызматчысы аны артынан кучактап, Изиданын айкелине алып барды; эч ким көрбөшү үчүн аны кара жабуу менен жаап, түшүмдүүлүк кудайынын эриндеринен өөп алуусуна уруксат берди да, андан соң бир азга жоголуп кетти. Ошол эле учурда кечилди замбилге салып, курмандык чалуучу жайдан алып кетишти. Сакчы-дин кызматчысы ибадатканадан чыкты. Ал жыгач таяк менен чоң жез тегеректи ургулап, кудайдын уруктандыруусунун улуу сыры аткарылганын бүткүл дүйнөгө жар салды. Жездин бийик, жаңырыктуу добушу Иерусалимдин үстүндө жаңырды.

Денеси дагы эле калтырап жаткан принцесса Астис башын артка таштады. Анын көздөрү чыңалуудан кызыл от болуп күйүп турду. Анан ал жай жана даана мындай деди:

– Элиав, сен Иудея менен Израилдин падышасы болгуң келеби? Бүткүл Сириянын, Месопотамиянын, Финикиянын жана Вавилондун башкаруучусу болгуң келеби?

– Жок, менин ханышам, мен сени гана каалайм…

– Ооба, сен менин башкаруучум болосуң. Менин бардык түндөрүм сага таандык болот. Менин ар бир сөзүм, ар бир көз карашым, ар бир демим – баары сеники. Сен сарайга кирүү үчүн сыр сөздү билесиң. Бүгүн сен сарайга барып, аларды өлтүрөсүң. Экөөнү тең өлтүрөсүң! Экөөнү тең өлтүрөсүң!

Элиав бир нерсе айткысы келди, бирок принцесса аны өзүнө тартып, ысык эриндери менен өпкүлөй баштады. Бул азаптуу убакыт узакка созулду. Анан ал жигитти кескин түртүп жиберип, кыска жана буйруктуу үн менен:

– Бар! – деди.

– Баратам, – деди Элиав моюн сунуу менен.

XII

Бул Сулаймандын улуу сүйүүсүнүн жетинчи түнү эле. Ал түнү падыша менен Суламифтин эркелешүүлөрү өзгөчө жагымдуу жана терең назиктикке толгон болчу. Кандайдыр бир ойлуу кайгы, саксынуу, алыскы бир туюм алардын сөздөрүн, өбүшүүлөрүн жана кучакташууларын жеңил көлөкөдөй ороп турду. Терезеден асманды карап турган Суламифь, түн кечтин өчүп бараткан шооласын жеңип бара жаткан маалда, акырын жана назик жымыңдап турган ачык көгүш жылдызга көзүн кадады.

– Бул жылдыздын аты эмне, менин сүйүктүүм? – деп сурады ал.

– Бул – Сопдит жылдызы, – деп жооп берди падыша. – Бул ыйык жылдыз. Ассириялык сыйкырчылар бизге адамдардын жаны денеси өлгөндөн кийин ошол жылдызда жашайт деп айтышат.

– Сен буга ишенесиңби, падышам?

Сулайман жооп берген жок. Анын оң колу Суламифтин моюнунан, ал эми сол колу белинен кучактап турган эле. Суламифь анын жыпар жыттуу демин өзүнөн, чачынан жана чекесинен сезип турду.

– Балким, өлгөндөн кийин экөөбүз ошол жерден жолугушаарбыз, падышам? – деп сурады Суламифь тынчсыздана.

Падыша дагы эле унчукпады.

– Мага бир нерсе деп жооп берчи, сүйүктүүм, – деп суранды Суламифь.

Ошондо падыша мындай деди:

– Адамдын өмүрү кыска, бирок убакыт чексиз, ал эми материя түбөлүктүү. Адам өлөт, денеси чирип жерди семиртет, жерден буудай өсүп чыгат, буудай данын берет, адам нан жеп, денесин азыктандырат. Кылымдар өтөт, дүйнөдө баары кайталанат – адамдар, айбанаттар, таштар, өсүмдүктөр кайра жаралат. Убакыттын жана материянын көп кырдуу айлампасында экөөбүз да кайра жаралабыз, менин сүйүктүүм. Бул чындык, мисалы, эгер биз чоң капты деңиздин шагылы менен толтуруп, ага бир гана баалуу сапфирди салып, каптан кайра-кайра сууруп ала берсең, эртеби-кечпи ошол асыл ташты сөзсүз табасың. Биз экөөбүз жолугушабыз, Суламифь, бирок бири-бирибизди тааныбайбыз. Ошентсе да жүрөгүбүз кусалык жана кубаныч менен бири-бирине умтулат, анткени биз мурда да жолукканбыз, менин асылым, менин сулуу Суламифим, бирок биз аны эстебейбиз.

– Жок, падышам, жок! Мен эстеп калам. Сен менин үйүмдүн терезесинин алдында туруп: “Чачтарым түнкү шүүдүрүмгө жуулуп, башымдан таңкы салкындын жыты аңкыйт…!” – деп чакырганда, мен сени тааныдым, мен сени эстедим, ошондо жүрөгүмдү кубаныч менен коркунуч бийлеген эле. Мага айтчы, падышам, айтсаң, Сулайман: эгер мен эртең өлсөм, жүзүмзардагы кара тору кызыңды, өзүңдүн Суламифиңди эстейсиңби?

Аны көкүрөгүнө кысып, падыша толкундануу менен шыбырады:

– Эч качан андай дебе… Андай дебе, о, Суламифь! Сен Кудай тарабынан тандалгансың, сен чыныгысың, сен менин жанымдын ханышасысың… Өлүм сага тийбейт…

Капыстан Иерусалимдин үстүнөн ачуу чыккан жездин үнү жаңырып өттү. Ал абада узакка созулуп, калтырап турду жана өчкөндө, анын дирилдеген жаңырыгы дагы көпкө калкып турду.

– Изида ибадатканасында сырдуу каада-салт аяктады, – деди падыша.

– Мен коркуп жатам, берекем! – деп шыбырады Суламифь. – Кандайдыр бир коркунуч жан дүйнөмө кирди… Мен өлүмдү каалабайм… Мен сенин кучагыңдан дагы эле толук ырахат ала элекмин… Мени кучактачы… Мени өзүңө катуурак кысчы… Мени жүрөгүңө мөөрдөй сакта, билегиңе тумар кылып тагып койчу!..

– Өлүмдөн коркпо, Суламифь! Сүйүү – өлүм сыяктуу эле күчтүү… Капалуу ойлорду кууп чык… Сага Давиддин согуштары, фараон Шишактын майрамдары жана уулоолору жөнүндө айтып берейинби? Офир өлкөсүндө айтылган жомоктордун бирин уккуң келеби?.. Викрамадитянын кереметтери жөнүндө айтып берейинби?

– Ооба, менин падышам. Сен өзүң билесиң, сенин сүйлөгөнүңдү укканымда жүрөгүм кубанычка толуп чыгат! Бирок сенден бир нерсе сурангым келип турат…

– О, Суламифь, эмнени кааласаң сура! Менин өмүрүмдү сура – мен аны сага кубаныч менен берем. Сүйүүң үчүн өтө аз баа төлөгөнүмө гана өкүнөм.

Ошондо Суламифь бактылуу жылмайып, падышаны кучактап, кулагына шыбырады:

– Сенден өтүнөм, таң атканда, чогуу ошол жакка… жүзүмзарга баралы… Жашылча, кипарис жана кедрлер бар жерге, таш дубалдын жанында сен менин жанымды колуңа алган жерге… Ушуну суранам, сүйүктүүм… Ошол жерде сага махабатымды кайра тартуулайм…

Падыша мас болгондой сүйүктүүсүнүн эриндеринен өптү. Бирок Суламифь капысынан төшөгүнөн туруп, кулак төшөдү.

– Сага эмне болду, сүйүктүүм?.. Сен эмнеден чочудуң? – деп сурады Сулайман.

– Коё тур, сүйүктүүм… бул жакка келе жатышат… Ооба… Мен кадамдарды угуп жатам…

Ал унчукпай калды. Бири-биринин жүрөгүнүн кагышы айырмалангандай жымжырттык өкүм сүрдү. Эшиктин артынан жеңил шыбыш угулуп, капысынан ал тез жана дабышсыз ачылды.

– Ким бар мында? – деп кыйкырды Сулайман.

Ошол учурда Суламифь төшөктөн секирип туруп, колунда жаркыраган кылычы бар адамдын карайган караанына карай атырылды. Дээрлик ошол замат, кыска, тез соккудан көкүрөгү көзөлүп, араң чыккан, таң калгандай үн чыгарып жерге кулап түштү.

Сулайман түнкү чырактын жарыгын жаап турган карнеол экранын колу менен талкалап жиберди. Ал эшиктин жанында кыздын денесинин үстүнө ийилип, мас сыяктуу теңселип турган Элиавды көрдү. Жаш жоокер Сулаймандын көз карашы астында башын көтөрүп, падышанын каардуу, коркунучтуу көздөрү менен жолугушканда, өңү кубарып, ыйлап жиберди. Үмүтсүздүк менен коркунуч анын жүзүн өзгөрттү. Ал капыстан бүкүрөйүп, башын плащына жашырып, корккон чөө сыяктуу бөлмөдөн сойлоп чыга баштады. Бирок падыша аны үч гана сөз менен токтотту:

– Сени ким мажбурлады?

Бүт денеси титиреп, тиштери тишине тийбей калтырап, көздөрү коркунучтан агарган жаш жоокер акырын:

– Астис ханыша…

– Чык, – деп буйруду Сулайман. – Кезекте турган кароолго айт, сени кайтарышсын.

Тез арада сарайдын сансыз бөлмөлөрүндө адамдар чырактар менен чуркап чыгышты. Бардык бөлмөлөр жарык болду. Дарыгерлер келишти, аскер башчылары жана падышанын достору чогулушту.

Улуу дарыгер мындай деди:

– Падышам, эми илим да, Кудай да жардам бере албайт. Анын көкүрөгүнө сайылган кылычты сууруп алсак, ал дароо өлөт.

Бирок бул учурда Суламифь өзүнө келип, акырын күлүмсүрөдү:

– Мен суу ичким келет.

Ал суу ичкенден кийин, назик, сулуу күлүмсүрөө менен көздөрүн падышадан алган жок; ал болсо анын төшөгүнүн алдында тизелеп олтурган, тизелери Суламифтин канына боёлуп, колдору кызыл канга чыланганын байкаган жок. Сүйүктүүсүн карап, билинер-билинбес жылмайган сулуу Суламифь араң сүйлөп жатты:

– Рахмат сага, падышам, баары үчүн: сүйүүң үчүн, сулуулугуң үчүн, таттуу булакка эриндеримди тийгизүүгө уруксат берген даанышмандыгың үчүн. Колдоруңду өбүүгө уруксат бер, акыркы демим чыкканча аларды оозумдан алба. Менден өткөн бактылуу аял эч качан болгон эмес жана болбойт. Рахмат сага, менин падышам, менин сүйүктүүм, менин сулуум. Жүзүмзарда күнгө күйгөн Суламифиңди, өз күңүңдү кээде эстеп кой.

Падыша ага терең, жай үн менен жооп берди:

– Адамдар бири-бирин сүйүп турганда, жан менен дененин сулуулугу дүйнөдөгү эң жакшы жана эң таттуу кыял болуп турганда, сага касам ичем, Суламифь, сенин атың көптөгөн кылымдар бою ыраазычылык менен айтылат.

Таңга маал Суламифь каза болду.

Ошондо падыша турду, сөөктү жууну буйруду жана алтын коңуздар саймаланган эң кооз кочкул кызыл хитонду кийип, башына кан сыяктуу кызыл рубиндерден жасалган таажыны кийди. Андан кийин ал Ванеяны чакырып, буйрук кылды:

– Ванея, сен барып Элиавды өлтүрөсүң.

Бирок карыя бетин колу менен жаап, падышанын алдына жыгылды:

– Падышам, Элиав – менин неберем!

– Сен мени уктуңбу, Ванея?

– Падышам, мени кечир, каарың менен коркутпа, муну башка бирөөгө буйру. Элиав сарайдан чыгып, ибадатканага чуркап барып, курмандык чалуучу жайдын мүйүздөрүнөн кармап алды. Мен карыдым, өлүмүм жакындап калды, бул кош кылмышты моюнума алууга батына албайм.

Бирок падыша каршы чыкты:

– Бирок мен сага ошондой эле ыйык курмандык чалуучу жайдын мүйүздөрүнөн карманган бир тууганым Адонияны өлтүрүүнү тапшырганымда, сен мени укпай койдуң беле, Ванея?

– Мени кечир! Мени аяп кой, падышам!

– Башыңды көтөр, – деп буйруду Сулайман.

Ванея башын көтөрүп, падышанын көздөрүн көргөндө, ал жерден тез туруп, баш ийип сыртка карай жөнөдү.

Андан кийин, сарайдын башчысы жана кароолчусу Ахиссарга кайрылып, ага буйруду:

– Ханышаны өлүмгө дуушар кылгым келбейт, ал каалагандай жашасын жана каалаган жеринде өлсүн. Бирок ал эч качан менин жүзүмдү көрбөйт. Бүгүн, Ахиссар, сен кербенди даярдап, ханышаны Яффадагы портко чейин, андан ары Египетке, фараон Шишакка узатасың. Баары чыгып кетишсин.

Ал Суламифтин денеси менен жалгыз калып, анын сулуу келбетин көпкө карап турду. Анын жүзү аппак эле жана өмүрүндө эч качан мынчалык сулуу болгон эмес. Сулайман бир саат мурда өпкөн жарым ачык эриндери сырдуу, бактылуу жылмайып, дагы эле нымдуу тиштери эриндеринин астынан бир аз жаркырап турду.

Падыша өзүнүн өлгөн сүйүктүүсүн көпкө карап турду, андан соң өмүрдүн жылуулугун жогото баштаган анын чекесине манжасын акырын тийгизип, жай кадамдар менен бөлмөдөн чыкты.

Эшиктин артында аны Садокиянын уулу, башкы ыйык кызматчы Азария күтүп турган. Ал падышага жакындап сурады:

– Бул аялдын денесин эмне кылабыз? Бүгүн ишемби.

Сулайман көп жылдар мурда атасы каза болгондо, кумда жатып, тез эле чирий баштаганын эстеди. Тарптын жытын сезген иттер ачкалыктан жана кумардан көздөрү күйүп, анын айланасында жүрүшкөн. Азыркыдай эле, андан Азариянын атасы, карыган башкы ыйык кызматчы сураган эле:

– Мына сенин атаң жатат, иттер анын өлүгүн тытып кетиши мүмкүн… Биз эмне кылышыбыз керек? Падышанын эскерүүсүн урматтап, ишембини арамдайлыбы же ишембинин ыйыктыгын сактап, атаңдын өлүгүн иттерге жем кылалыбы?

Ошондо Сулайман жооп берген:

– Калтыргыла. Тирүү ит өлүк арстандан артык.

Эми, башкы ыйык кызматчынын сөздөрүнөн кийин, ал муну эстегенде, анын жүрөгү кайгыдан жана коркунучтан сыздап кетти. Башкы ыйык кызматчыга эч нерсе жооп бербей, ал андан ары, сот залына барды.

Ар күндөгүдөй эле, анын эки катчысы, Елихофер менен Ахия, папирус түрмөктөрүн, камыш калемди жана сыяны даяр кармап, тактынын эки жагындагы төшөнчүлөрдө жатышкан. Падыша киргенде, алар туруп, ага жерге чейин таазим кылышты. Падыша болсо пил сөөгүнөн жасалып, алтын кооздуктар менен кооздолгон тактысына отуруп, чыканагын алтын арстандын аркасына таяп, башын алаканына жөлөп буйруду:

– Жазгыла!

“Мени жүрөгүңө мөөр кылып басып ал, билегиңе тумар кылып тагып кой: анткени сүйүү өлүм сыяктуу жеңилгис, күчтүү; кызганыч өлүмдөй аёсуз жана каардуу: анын жебелери – оттуу жебелер”.

Катчылар тынчсызданып, демдерин катып узак убакытка унчукпай тургандан кийин:

– Мени жалгыз калтыргыла, – деди падыша.

Ошол күнү, кечки көлөкөлөр жаңыдан түшө баштаганга чейин, падыша өз ойлору менен жалгыз калды жана эч ким заңгыраган, бош сот залына кирүүгө батынбады.

1908

Которгон Абийрбек Абыкаев

  • (1870–1938)

    Орус адабиятынын реализм багытындагы эң көрүнүктүү классиктеринин бири, атактуу жазуучу, прозаик жана котормочу. Ал адам психологиясын кылдаттык менен ачып берген, турмуш чындыгын, сүйүүнүн кубатын жана коомдун терс көрүнүштөрүн сүрөттөгөн чебер калемгер катары таанымал.

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген