| |

Александр Куприн: “Суламифь”

5/5 - (1 добуш)

(повесть)

“Мени жүрөгүңө мөөрдөй сакта, билегиңе мөөр кылып тагын. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү, кызганыч ажал сыяктуу ырайымсыз; анын жебелери – оттуу жебелер”.

(Ырлардын ыры)

I

Падыша Сулайман орто жашка – кырк бешке – жете элек болсо да, анын акылмандыгы, сулуулугу жана кереметтүү жашоосу менен даңазалуу ордосунун таң каларлык шаан-шөкөтү жөнүндөгү даңкы Палестинанын чегинен алыска тарады. Ассирияда, Финикияда, Жогорку жана Төмөнкү Мисирде, байыркы Тавризден Йеменге чейин, Исмардан Персеполиске чейин, Кара деңиздин жээгинде жана Жер Ортолук деңизинин аралдарында анын атын таң калуу менен аташчу, анткени падышалардын арасында ага тең келе турган эч ким болгон эмес.

Ысрайылдын чыгышынан 480-жылы, өз падышачылыгынын төртүнчү жылында, Зив айында, падыша Мория тоосунда Кудайдын улуу ибадатканасын жана Иерусалимдеги сарайды курууну баштады. Сегиз миң таш чапкыч жана жетимиш миң жүк ташуучу тоолордо жана шаардын четинде тынымсыз иштеп жатты. Ал эми отуз сегиз миң отунчунун он миңи кезек-кезеги менен Ливанга барып, ал жерде бир айды абдан оор эмгекте өткөрүп, андан кийин эки ай эс алышчу. Миңдеген адамдар кыйылган дарактарды сал кылып байлап, жүздөгөн деңизчилер аларды деңиз аркылуу Яффага жеткизип турушчу. Ал жерде аларды Тир элинин уста жыгач усталары иштетишкен. Гизеде Хефрен, Хуфу жана Микериндин пирамидаларын тургузууда гана ушунчалык көп сандагы жумушчулар тартылган эле.

Үч миң алты жүз көзөмөлчү иштерди көзөмөлдөчү, ал эми көзөмөлчүлөрдүн үстүнөн Нафандын уулу Азария – катаал жана ишмер адам башчылык кылуучу. Ал эч качан уктабайт, анткени аны ичиндеги айыкпас оору жеп турат деген имиш бар эле. Ал эми сарайдын жана ибадаткананын бардык долбоорун, мамычалардын, ибадаткананын ичиндеги эң ыйык жайдын жана жезден куюлган чоң көлмөнүн сүрөттөрүн, терезелердин чиймелерин, дубалдар менен тактынын кооз оюуларын Сидондон келген уста Хирам-Авий түзгөн, ал Нафтали уруусунан чыккан жезчинин уулу эле.

Жети жылдан кийин, Буле айында, Теңирдин ибадатканасы, ал эми он үч жылдан кийин падышанын сарайы бүткөрүлдү. Ливандан алынган кедр устундары, кипарис жана зайтун тактайлары, певг, ситтим жана Фарсис жыгачтары чапталып, жылмаланган зор баалуу таштар, кочкул кызыл жана алтын менен саймаланган кооз туш кийиздер, көк жүндөн токулган кездемелер, пил сөөгү жана кызылга боёлгон кой териси, темир, оникс жана көп сандаган мрамор, баалуу таштар, алтын чынжырлар, таажылар, жиптер, кыскычтар, торлор, чырактар, гүлдөр жана шам койгучтар, эшиктердин алтын турумдары, туткалар жана ар бири алтымыш сикль салмагындагы алтын мыктар, куюлган алтын чөйчөктөр жана табактар, оюлган мозаикалуу кооздуктар, арстандардын, керувимдердин, өгүздөрдүн, пальмалардын жана ананастардын куюлган да, ташка оюлган да сүрөттөрү үчүн – Сулайман Тир падышасы Хирамга (устанын атасына) Галилея жеринен жыйырма шаар менен айылды белекке берди. Бирок Хирам бул белекти жетишсиз көрдү. Теңирдин ибадатканасы жана Сулаймандын сарайы, ошондой эле анын аялы – Мисир фараону Суссакимдин сулуу кызы Астис үчүн Миллодогу кичи сарай ушунчалык укмуштуудай көп чыгаша менен курулган эле.

Кара жыгач кийинчерээк тепкичтердин, галереялардын тепкичтерине, музыкалык аспаптарга жана Ыйык Жазуунун мукабаларына кеткен. Аны Сулайман падышага Сава канышасы, акылман жана сулуу Балкис көп сандаган жыттуу заттар, жыпар жыттуу майлар жана баалуу атырлар менен кошо белек кылган, буга чейин Ысрайылда мындай нерселерди эч ким көргөн эмес эле.

Жыл өткөн сайын падышанын байлыгы өсүп жатты. Жылына үч жолу анын кемелери: Жер Ортолук деңизинде сүзгөн “Фарсис” жана Кара деңизде сүзгөн “Хирам” кеме токтоочу булуңга кайтып келишчү. Алар Африкадан пил сөөгүн, маймылдарды, төө куштарды жана бугуларды, Мисирден кооздолгон арабаларды, тирүү жолборсторду жана арстандарды, ошондой эле Месопотамиядан жаныбарлардын терилерин, Кувадан кара ала аттарды, жылына алты жүз алтымыш талант турган Парваимдин алтын кумун, Офир жеринен кызыл, кара жана сандал жыгачтарын, Тиглат-Пилеазар падышанын достук белектери болгон Ассур жана Калах шаарларынан кооз оймолуу килемдерди, Ниневия, Нимруд жана Саргондон көркөм мозаиканы, Хатуардан таң каларлык кооз кездемелерди, Тирден алтын чекилген чөйчөктөрдү, Сидондон түстүү айнектерди; ал эми Баб-эль-Мандебге жакын Пунттан – нард, алоэ, корица, шафран, амбра, мускус, стакти, халван, мирра жана ладан сыяктуу сейрек кездешүүчү жыпар жыттуу заттарды алып келишчү. Ушуларга ээ болуу үчүн мисирлик фараондор бир нече жолу кандуу согуштарды баштаган эле.

Сулаймандын учурунда күмүш кадимки таштан арзан баада болгон, ал эми кара жыгач ойдуңда өскөн жөнөкөй инжир дарагынан кымбат эмес эле.

Падыша порфир менен капталган таш мончолорду, мрамор көлмөлөрдү жана муздак фонтандарды куруп, Кидрон өзөнүнө куйган тоо булактарынан суу алып келүүнү буйруган. Сарайдын айланасына бакчалар менен бадалдарды отургузуп, Баал-Амондо жүзүмзар өстүргөн.

Сулаймандын качырлары менен жол арабанын аттары үчүн кырк миң, ал эми атчан аскерлери үчүн багылган он эки миң жылкы баткан атканасы бар эле. Ар күнү аттар үчүн айылдардан арпа менен саман ташылчу. Он байланган өгүз жана жайыттан жыйырма өгүз, отуз кап буудай уну жана алтымыш кап башка дандардан тартылган ун, 3000 литр ар кыл шарап, үч жүз койдон тышкары, байлап семиртилген канаттуулар, бугулар, аркар-кулжалар – булардын баары он эки көзөмөлчү аркылуу күн сайын Сулаймандын, ошондой эле анын ордосунун дасторконуна жана коргоочуларына жеткирилип турчу. Бүткүл аскердеги эң күчтүү жана эр жүрөк беш жүз аскердин ичинен тандалган алтымыш жоокер кезек-кезеги менен сарайдын ички бөлмөлөрүндө күзөт кызматын өтөшчү. Беш жүз алтын кабырчыктар менен капталган калканды Сулайман өзүнүн жеке коргоочулары үчүн жасаткан.

II

Падыша көзү каалаган нерседен баш тартпаган жана өз жүрөгүндөгү эч кандай кубанычка тыюу салган эмес. Падышанын күңдөр менен бийчилерди эсептебегенде жети жүз аялы жана үч жүз токолу бар эле. Сулайман алардын бардыгын өз сүйүүсү менен ырахатка батырчу, анткени Кудай ага адаттагы адамдарда болбогон ушунчалык талыкпаган күч-кубатты берген эле. Ал ак жүздүү, кара көздүү, нарцисс гүлүнө окшоп эрте жана кооз гүл ачкан, ошондой эле тез соолуган кызыл эриндүү хеттиктерди – алардын керемет, бирок өтө тез өткөн сулуулугу үчүн жакшы көрчү. Билегине алтын билериктерди, ийиндерине алтын шакектерди, ал эми буттарынын эки ашыгына ичке чынжыр менен туташтырылган кенен аяк билериктерди тагынышкан кара тору, бойлуу, жалындап күйгөн филистимдиктерди; назик, кыска бойлуу, сүйүүдөгү берилгендиги жана баш ийгендиги ылакап болуп калган ийкемдүү аммореялыктарды; боёк менен кирпиктерин узартып, маңдайына жана эриндерине көк жылдыздарды сыздырышкан ассириялыктарды; бийди, ошондой эле арфа, лютня жана флейтада тапурга коштоп ойноону жакшы билишкен билимдүү, шайыр жана акылдуу сидондуктарды; сүйүүдө чарчабас жана кызганычтан эстен танган сары терилүү мисирликтерди; денеси кийимдин алдында мрамордой жылмакай (өзгөчө май менен денесиндеги түктөрдү жок кылышкан) вавилондуктарды; чачы менен тырмагын от-кызыл түскө боёгон, шалвар кийген бактриялыктарды; тисирейген эмчектери эң ысык жайкы түндөрдө да муздап турган тартынчаак, унчукпас моавиттиктерди; от чачтуу, денеси караңгыда жаркырагыдай аппак, коркунучсуз жана чыгымкор аммониттиктерди; зыгыр чачтуу, көзү асман сыяктуу көк, терисинин жыты билинбеген, түндүктөн Баальбек аркылуу алынып келинген жана бүт Палестинада жашагандардын эч бирине түшүнүксүз тилде сүйлөгөн назик аялдарды жакшы көрчү. Мындан тышкары, падыша Иудея менен Ысрайылдын көптөгөн кыздарын да барктап сүйчү.

Ошондой эле бардык аялдардын арасынан сулуулугу, акылмандыгы, байлыгы жана сүйүүдөгү өнөрдүн ар түрдүүлүгү менен айырмаланган Сава канышасы Балкис-Македа менен жана Дөөт падышанын карылыгын жылытып, өз назиктиги, сулуулугу менен Сулайман тактысынын тагдырын чечкен – ошонун айынан Сулайман өзүнүн улуу агасы Адонияны Иодай уулу Ванеянын колу менен өлүмгө кыйдырган – жоош сулуу Сунамдык Авишаг менен да Сулайман төшөгүн бөлүшчү.

Падыша бардык аялдардын ичинен жүзүмзардагы Суламифь аттуу кедей кызды бүт жүрөгү менен сүйгөн.

Сулайман өзүнө эң мыкты кедр жыгачынан, күмүш мамычалары, комдонуп жаткан арстандар түрүндөгү алтын устундары бар, тир кызыл-кочкул кездемеси менен жабылган көтөрүп жүрүүчү чатыр (замбил) даярдаткан. Чатырдын ичи толугу менен алтын саймалар жана баалуу таштар менен кооздолгон – булар Иерусалим аялдары менен кыздарынын сүйүү белектери эле. Келишимдүү кара кулдар Сулайманды улуу майрам күндөрү эл арасында алып жүрүшкөндө, чынында падыша Шарон өрөөнүнүн лилиясындай керемет эле!

Анын жүзү кубарып турчу, эриндери – ачык кызыл лентадай эле; тармал чачтары кара-көгүлтүр, ал эми алардын арасында – акылмандыктын кооздугу – Хермон тоосунун караңгы аскаларынан аккан күмүш агымдардай ак чач жаркырап турчу; ак кылдар анын кара сакалына да көрк кошчу. Падышанын көздөрү карагаттай капкара, ай жок жайкы түндөгү асмандай карайып, ал эми жогору-төмөн ирмелген кирпиктери жылдыздардын тегерегиндеги кара нурлардай көрүнчү. Сулаймандын көз карашын көзүн жаппай туруп чыдап карай алган адам ааламда болгон эмес. Падышанын көзүндөгү каар адамдарды жерге чагылган тийгендей кулатчу.

Бирок падышанын сүйүүнүн, шараптын, бийликтин таттуулугуна же өз убагында айтылган акылдуу жана сулуу сөздөргө жүрөгү кубанган учурлары болгон. Ошондо анын узун кирпиктери жарым-жартылай жумулуп, аппак бетине көк көлөкөлөрдү түшүрүп, падышанын көзүндө кара алмаздан чыккан учкундардай жылуу, назик күлкүнүн жалындары тутанчу. Бул күлкүнү көргөндөр ал үчүн денеси менен жанын берүүгө даяр болушчу – ушунчалык айтып бүткүс сулуу болуп чыга келер эле. Падыша Сулаймандын ысымы, аны уккан аялдардын жүрөгүндө сүйүү түндөрүн эске салып, төгүлгөн мирра жытындай толкундатчу.

Падышанын колдору назик, аппак, жылуу, аялдардыкындай сулуу болчу. Бирок аларда ушунчалык өмүрлүк күч-кубат ашып-ташып тургандыктан, падыша ооруган адамдардын чекесине алаканын коюп, баш оорусун, тырышма ооруларды, кара меланхолияны жана жин ооруга чалдыккандарды айыктырчу. Сол колунун сөөмөйүндө Сулайман кызыл астерикс ташынан жасалган шакек тагынчу, ал алты бурчунан нур чачып жылтылдачу. Бул шакекке бир нече жүз жыл болгон жана анын ташынын арткы бетинде байыркы, жоголгон элдин тилинде: “Бул күн да өтөт” деген жазуу оюлган.

Сулаймандын бийлиги ушунчалык чоң болгондуктан, ага жаныбарлар да баш ийишчү: ал алардын турагына киргенде арстандар менен жолборстор падышанын бут алдына жатып, тизесине башын жөлөп, колун одуракай тили менен жалачу.

Ал баалуу таштардын жарк-журк жалтылдоосунан, мисирдик жыпар жыттардан, жеңил кездемелердин назик бүктөмдөрүнөн, жагымдуу музыкадан, кооздолгон Ниневия чөйчөгүндө ойноп турган кызыл шараптын назик даамынан жүрөк шаттыгын тапчу. Ал арстандардын катуу жалдарын, кара пантералардын баркыттай терилерин жана жаш барстардын назик тамандарын сылоону, жырткыч жаныбарлардын үнүн угууну, алардын күчтүү да, кооз да кыймылдарын көрүүнү жана жырткычтын дем алуусунун ысык жытын сезүүнү жакшы көрчү.

Сулайман падышаны Ахилуддун уулу Иосафат – анын тарыхчысы ушундай сүрөттөгөн.

III

“Сен өзүңө узак өмүр сурабадың, өзүңө байлык сурабадың, душмандарыңдын жанын сурабадың, бирок акылмандыкты сурадың, ошондуктан мен сенин тилегиңди берем. Сага акылман жана адилет жүрөк берем, сага теңдеш эч ким сенден мурда болгон эмес жана сенден кийин дагы сага окшош эч ким чыкпайт”.

Сулайманга Кудай ушундай деген. Анын буйругу менен падыша дүйнөнүн курулушун жана стихиялардын аракетин таанып, замандардын башын, аягын жана ортосун түшүнгөн, окуялардын түбөлүктүү толкундуу айланып кайтуусунун сырына кирген. Ал Библос, Акра, Саргон, Борсиппа жана Ниневия астрономдорунан жылдыздардын жайгашуусунун өзгөрүшүн жана жылдык айланууларды байкоону үйрөнгөн. Ал ошондой эле бардык жаныбарлардын табиятын билчү жана алардын сезимдерин болжой алчу, шамалдардын келип чыгышын жана багытын, өсүмдүктөрдүн ар кыл касиеттерин жана дарылык чөптөрдүн күчүн түшүнчү.

Адам жүрөгүндөгү ойлор – терең суу, бирок акылман падыша аларды да сузуп ала алчу. Сөздөрдөн жана добуштардан, көздөрдөн, колдун кыймылдарынан ал жандын эң жашыруун сырларын ачык китептеги тамгалардай так окучу. Ошондуктан Палестинанын бардык бурчтарынан ага соттук талаштарды чечүүнү, кеңеш берүүнү, жардам көрсөтүүнү сурап кайрылышчу. Ошондой эле түшүнүксүз белгилер менен түштөрүн жоруп берүүнү суранып көп сандаган адамдар келишчү. Эл Сулаймандын жоопторунун тереңдиги менен назиктигине таң калчу.

Сулайман үч миң икая жана миң беш ыр чыгарган. Ал аларды эки чебер жана тез жазган катчылары – Сива уулдары Елихофер менен Ахияга айтып берип жаздырган, андан кийин экөөнүн жазганын салыштырган. Ал өз ойлорун ар дайым кооз сөздөр менен көркөмдөчү, анткени чечен сөз – жарашыктуу тунук таштан жасалган чөйчөктөгү алтын алмадай, ал эми акылдуулардын сөздөрү ийнедей курч, кагылган мыктай бекем жана алар Жараткандан түздөн-түз берилген. “Сөз – жүрөктүн кыймылындагы учкун”, – деп айтчу падыша.

Сулаймандын акылмандыгы бардык Чыгыш уулдарынын жана бүткүл Мисир акылмандыгынан жогору эле. Ал Езрахиттик Ефандан, Емандан, Хилколдон жана Махол уулдары Додрадан да акылдуу болчу. Бирок ал жөнөкөй адамдык акылмандыктын сулуулугунан тажай баштаган эле жана анын өзүнүн көз карашында ал мурдагыдай баалуу эмес болчу. Тынчыбаган жана изденүүчү акылы менен ал Теңирдин өз жолунда, жаратылыштан мурда, жердин пайда болушунан да мурда улуу Жаратуучуда болгон жогорку акылмандыкты – Ал боштуктун бетине тегерек сызык тарткан кездеги болгон акылмандыкты каалачу. Бирок аны Сулайман таба алган эмес.

Падыша халдей жана ниневиялык магдардын окууларын, Абидос, Саис жана Мемфис астрологдорунун илимин, ассириялык волхвдордун, мистагогдордун жана эпопттордун сырларын, Бактра жана Персеполиянын олуяларын изилдеп, алардын билимдери адамга гана таандык билим экенине ынанган.

Ал ошондой эле байыркы бутпарас ишенимдердин сырдуу иштеринен акылмандык издеп, ошондуктан алардын ибадатканаларына барып курмандык чалчу: деңизчилердин колдоочусу, курулуш менен кыйратуунун кудайы, Тир менен Сидондо Мелькарт деп аталган күчтүү Ваал-Ливанга; Сивах оазисиндеги, идолу майрам жүрүштөрүнүн жолун баш ийкеп көрсөтчү Аммонго; халдейлерде Бэл, хананейлерде Молох деп аталган кудайга; ошондой эле анын аялы – башка ибадатканаларда Иштар, Исаар, Ваальтис, Ашера, Истар-Белит жана Атаргатис аттарын алган коркунучтуу жана шаттуу Астартеге барып турчу. 

Ал ошондой эле энесинин курсагында эле никелешип, Гор кудайын төрөгөн эже-ага Мисирдик Изида менен Озириске, тир бальзамдоо кудайы, ит баштуу Анубиске, вавилондук Оаннга, филистимдик Дагонго, ассириялык Авденагого, ниневиялык идол Утсабга, караңгы Кибелага, Бабылдын колдоочусу – Юпитер планетасынын кудайы Бэл-Меродокко, түбөлүк оттун кудайы халдейлик Орго жана кудайлардын түпкү энеси, Бэл экиге бөлгөн, алардан асман менен жерди, ал эми башынан адамдарды жараткан сырдуу Оморогго май тамызып, ырымын жасачу. Падыша Финикия, Лидия, Армения жана Персиянын кыздары өткөн жолоочуларга денесин ыйык курмандык катары беришкен Анахита кудайын да сыйлачу.

Бирок падыша бутпарастык ырымдардан мас болууну, түнкү оргияларды, зына жана карама-каршы кумарларды гана тапты, алардын доктриналарынан бош сөз менен алдамчылыкты гана көрдү. Бирок ал эч бир букарасына өзү сүйгөн кудайына курмандык чалуусуна тыюу салган эмес, атүгүл ошол кездеги сүйгөн аялы, ойчул моавитиялык Эллаандын өтүнүчү менен Зайтун тоосунда моавиттердин жийиркеничтүү жери Кемошко арнап ибадаткана курган. Сулайман чыдай албаган жана өлүм жазасы менен куугунтуктаган бир гана нерсе бар болчу – ал балдарды курмандыкка чалуу эле.

Ал өз издөөлөрүндө адам уулдарынын тагдыры менен жаныбарлардын тагдыры бир экенин көргөн: алар кандай өлсө, булар да ошондой өлөт, баарынын дем алуусу окшош жана адамдын жаныбарларга караганда артыкчылыгы жок. Падыша көп акылмандыкта көп кайгы бар экенин, билимди көбөйткөн адам кайгыны көбөйтөрүн түшүнгөн. Ал ошондой эле күлгөндө да кээде жүрөк ооруруна жана шаттыктын аягы кайгы болоруна көзү жеткен. Бир күнү эртең менен ал биринчи жолу Елихофер менен Ахияга мындай деп жаздырган:

– Баары болбогон убаракерчилик жана жан дүйнөнүн чарчоосу, – деп айтат Экклезиаст.

Бирок ошол учурда падыша Кудай ага көп өтпөй эле ушунчалык назик жана жалындуу, жан дүйнөсү менен берилген жана сулуу сүйүүнү жиберерин билген эмес. Ал байлыктан, даңктан жана акылмандыктан кымбат, ал жашоонун өзүнөн да кымбат, анткени ал жашоого байланбайт жана өлүмдөн коркпойт.

IV

Падышанын Ваал-Гамондо жүзүм багы бар эле, ал Ватн-эль-Хавдын түштүк капталында, Молох ибадатканасынын батышында болчу. Падыша улуу ойлор башына келгенде ошол жерде ээн жүргөндү жакшы көрөр эле. Анар дарактары, зайтундар жана жапайы алма дарактары кедр менен кипарис менен аралашып, аны үч тараптан тоо курчап, төртүнчү тарабындагы жолдон таш дубал бөлүп турчу. Айланадагы башка жүзүм бактар да Сулайманга таандык болчу; ал аларды күзөтчүлөргө ар бирин миң күмүш акчадан ижарага берчү.

Ассирия падышасынын, атактуу Тиглат-Пилеазардын элчилерин урматка бөлөп, падыша Ысрайылда берген салтанаттуу той сарайда таң сүрө бүткөн. Чарчаганына карабастан, Сулайман бул таңда уктай алган жок. Шарап да, сикера да ассириялыктардын тунук акылдарын тумандатып, кара тилдерин агыта албады. Бирок акылман падышанын көрөгөч акылы алардын ойлогон ойлорун түшүнүп, өз кезегинде бул сүймөнчүктүү көз караштары менен караган жана жагынып сүйлөгөн адамдарды чырмаган назик саясий торду токуп жаткан эле. Сулайман Ассирия ээси менен зарыл достукту сактай алат, ошол эле учурда, Тир Хирамы менен түбөлүк достук үчүн, анын падышачылыгын – тар көчөлөрдөгү жыш үйлөрдө жашырылган эсепсиз байлыгы менен көптөн бери чыгыш ээлеринин ач көз көздөрүн өзүнө тарткан падышачылыгын талап-тонотуудан куткарат.

Ошентип, таң заарда Сулайман өзүн Ватн-эль-Хав тоосуна алып барууну буйруду. Чатырын жолдо калтырып, жалгыз, жүзүм багынын үстүндөгү дарактардын көлөкөсүндө, алигиче шүүдүрүм кетелек жерде, жөнөкөй жыгач отургучта отурду. Падышанын үстүндө жөнөкөй, жука ак чепкен, оң ийининде жана сол капталында эки мисирлик аграфа менен бекитилген – алтындан жасалган оролуп жаткан крокодилдер (Себек кудайынын белгиси) бар эле. Падышанын колдору тизесинде кыймылсыз жатты, ал эми терең ойго толгон көздөрү Өлүк деңиз тарапка – Аназенин анча тик эмес чокусунан таң нурунда күн чыгып жаткан жакты карайт.

Чыгыштан согуп жаткан таңкы шамал гүлдөп жаткан жүзүмдүн жытын далай жерге жеткирет – бул резеда менен кайнатылган шараптын назик жыты. Каралжын тарткан сөөлөттүү кипаристөр өзүнүн ичке бутактарын ары-бери теңселтип, жыпар жыттуу демин төгүшөт. Күмүш-жашыл зайтун жалбырактары шашылыш бир нерсени шыбырашып жатышкансыйт.

Бир кезде Сулайман ордунан туруп, тыңшап калды. Ырдап жаткан кыздын ушул таңкы шүүдүрүмдөй ачык, таза, таттуу үнү кайдадыр жакын жерде, дарактардын арасынан угулду. Жөнөкөй жана назик обон тоодогу шылдырап аккан булактын үнүндөй агылып, беш-алты нотаны кайра-кайра кайталап жатты. Анын жөнөкөй кооз назиктиги падышанын жан дүйнөсүндө жумшак жылмаюуну жаратып, суктануусун козгоду. Үн барган сайын жакындай берди. Мына, ал бул жерде, жайкалган кедрлердин артында, арчанын кочкул жашыл койнунда. Падыша бутактарды колу менен акырын жылдырып, тикенектүү бадалдардын арасынан абайлап өтүп, ачык жерге чыкты. Анын алдында, чоң сары таштардан эптеп-септеп көтөрүлгөн жапыз дубалдын арт жагында, жогору тоо этектеп өскөн жүзүм багы жайкалып жаткан.

Көгүлтүр жеңил көйнөкчөн кыз жүзүмдүн арасында улам эңкейип бир нерсени карап, кайра боюн түзөп тура калат да ырдап коёт. Анын кызыл-сары чачтарында күндүн нурлары ойноп жатты.

Таң атып, сергип жер бети,
Ойготту талаа гүлдөрүн.
Ашуудан ашкан аркардай,
Ашыгып келчи, сүйгөнүм.

Ушунтип ырдаган кыз жүзүмдүн сабагын байлап, акырындык менен ылдыйлап, падыша жанында турган дубалга жакындады. Ал жалгызмын – эч ким мени көрбөйт жана укпайт деп ойлогон. Гүлдөп жаткан жүзүмдүн жыты, таңдын тазалыгы, жүрөгүндөгү ысык кан аны мас кылып, бир заматта жаралган жөнөкөй ырдын сөздөрү ошол эле мүнөттө шамал менен учуп, түбөлүккө сиңип кетип жаткансыйт.

Түлкү менен бөжөктөрү
Гүлдүү бакты тебелейт.
Кармап алып, айтпасамбы,
Мөмөбүздү жебе деп.

Ал дубалга чейин жетип, анын артында турган падышаны көрбөй, кайрадан артка бурулуп, жүзүмдүн кийинки катарына түшүп, жеңил кыймылдап тоо тарапты карай жөнөдү. Эми анын үнү акырыныраак угулду:

Кел сүйгөнүм, кел ашыгым,
Оюн салып эликтей.
Жаш бугудай сызып келчи,
Келчи жаным, кечикпей.

Бирок капысынан ал токтоп, эңкейип, жүзүмдүн арасынан көрүнбөй калды. Ошондо Сулайман кулакка жагымдуу добуш менен мындай деди:

– Эй сулуу кыз, мага жүзүңдү көрсөтүп, жагымдуу үнүңдү кайра угузчу.

Ал тура калып падышага карады. Ошол учурда катуу соккон тентек шамал анын жеңил көйнөгүн желпилдете үйлөп, капысынан аны кыздын денесине тыгыз ороп салды. Падыша бир мүнөткө, кыз шамалга арт жагы менен бурулгуча өспүрүм кыздын узун жана ичке, толукшуп гүлдөп турган денесин жылаңач турган сыяктуу көрдү; анын кичинекей, тисирейген бекем көкүрөгүн жана бүртүйүп чыгып турган эмчегинин учунан ар тарапка күн нурундай таркаган көйнөгүнүн бырыштарын, кыздын чөйчөктөй торсойгон курсагын жана буттарынын башынан тартып, ылдыйдан өйдө карай жумуру жамбашына чейин аны экиге бөлүп турган терең сызыкты көргөнгө үлгүрдү.

– Сенин добушуң таттуу жана жүзүң жагымдуу экен! – дейт Сулайман.

Кыз жакындап келип, денеси дирилдеп, падышага суктана карады. Анын кара тору, жагымдуу жүзү сүрөттөлгүс сулуу болчу. Эки кызыл кызгалдак гүлүн сайып алган коюу, кочкул-кызыл тармал чачы ийиндерин жаап, аркасына төгүлүп түшүп, күндүн нурларына киринип, алтын-кочкул түстө жанып турду. Кайсы бир кызыл кургак данектерден өз колу менен жасап алган мончок анын кара тору, ичке мойнун эки катар айланта ороп, жүрөктү элжиреткен бейкүнөө көрүнүш жаратат.

– Мен сени байкаган жокмун! – деди ал, флейтанын үнүндөй назик угулган добушу менен. – Кайдан келдиң?

– Сен ушунчалык жакшы ырдадың, сулуу кыз!

Ал уялып, жүзү албырып чыкты, бирок анын узун кирпиктеринин алдында, эриндеринин бурчтарында билинер-билинбес жылмаюу турду.

– Сен сүйгөнүң жөнүндө ырдадың. Ал эликтин улагындай жеңил, тоо бугусундай жаш. Сенин сүйгөнүң абдан сулуу болсо керек, кыз, туурабы?

Анын ушунчалык жагымдуу, күмүш мөндүр алтын табакка түшкөн сыяктуу күлкүсү угулду.

– Менин сүйгөнүм жок. Бул жөн гана ыр. Мен азырынча эч кимди сүйө элекмин…

Алар бир мүнөткө унчукпай калышты. Дарактардын арасында канаттуулардын сайраганы угулат. Кыздын көкүрөгү жеңил кийимдин алдында дирилдеп турду.

– Мен сенин сүйгөнүң жогуна ишенбейм, сулуум. Сен ушунчалык сулуусуң…

– Сен мени шылдыңдаба. Карабайсыңбы, мен капкара болуп турбаймынбы…

Ал кичинекей күнгө күйгөн колдорун жогору көтөргөндө көйнөгүнүн жеңи акырын ылдый түрүлүп, кыздын ушунчалык назик, жумуру билегин жылаңачтап, чыканагына чейин жыйылып түштү.

Ал муңайып жылмайып мындай деди:

– Агаларым мага жинденип, жүзүм багын кайтартып коюшту, эми мына – карачы, күнгө күйүп капкара болдум!

– О жок, күн сени мурдагыңдан да сулуу кылыптыр, ургаачынын эң сулуусу! Мына сен күлсөң, тиштериң – жуунтуп койгон эгиз козулардай аппак, алардын эч биринде кемчилик жок. Жаактарың – тармал чачтарыңдын алдында кесилген анардын жарымы сыяктуу. Борсойгон кызыл эриндериң укмуш – ага карап туруу өзгөчө ырахат. Ал эми чачыңды… Билесиңби, чачың эмнеге окшош? Галаад тоосунан кечинде койлор кантип түшкөнүн көрдүң беле? Алар тоонун бетин чокудан этегине чейин каптайт, таңдын жарыгынан жана көтөрүлгөн чаңдан сенин чачың сыяктуу кызыл жана ошондой эле тармал болуп көрүнөт. Көздөрүң терең, Батраббим дарбазасынын жанындагы эки Есевон көлүндөй. О, сен кандай сулуусуң! Мойнуң койкоюп узун жана назик, кудум Дөөт мунарасындай!..

– Дөөт мунарасындайбы! – деп кайталады кыз маашырлануу менен.

– Ооба, ооба, ургаачылардын эң сулуусу. Дөөттүн мунарасында миң калкан илинип турат жана булардын баары жеңилген аскер башчылардын калкандары. Мына, мен да өз калканымды сенин мунараңа илем…

– О, айт, дагы да айта түш…

– Сен менин чакырыгыма артыңа кылчайып караганда, шамал согуп, көйнөгүңдүн алдынан эки эмчегиңди көрдүм да; “булар – лилия гүлдөрүнүн арасында оттоп жүргөн аркардын эки кичинекей улагы” деп ойлодум. Тулку боюң пальмага, ал эми эмчектериң жүзүм шиңгилдерине окшошот.

Кыз акырын кыйкырып, бетин алаканы менен, төшүн чыканактары менен жаап алды. Моюну кулактарына чейин кызыл-кочкул түскө боёлуп, албырып чыкты.

– Жамбашыңды да көрдүм. Ал назик, устанын колунан чыккан баалуу вазадай. Колуңду алчы, сулуу кыз. Жүзүңдү көрсөт.

Кыз анын айтканына муюп, колдорун ылдый түшүрдү. Сулаймандын карегинен чыккан алтын нур кыздын жан дүйнөсүн ээлеп, башын айлантты, денесин жагымдуу титирек басты.

– Айтчы, сен кимсиң? – дейт ал таң калып. – Мен эч качан сага окшогон адамды көргөн эмесмин.

– Мен койчумун, сулуум. Мен тоолордо жашыл чөп нарцисс менен аралаш өскөн жайытта сонун сулуу ак козуларды багам. Сен мага, менин жайытыма кошулбайсыңбы?

Бирок ал акырын башын чайкады:

– Чын эле бул сөзүңө мени ишенет деп ойлойсуңбу? Жүзүң шамалга тотугуп, күнгө күйбөптүр, колдоруң аппак. Кийгениң эң кымбат хитон, анын бир топчусунун баасы менин агаларым жүзүмзардын ижара акысы үчүн жыл сайын Адонирамга – падыша салык жыйноочусуна – берген акчанын жылдык төлөмүнөн кымбат турат. Сен ошол жактан, дубалдын артынан келдиң… Сен, чынында, падышага жакын адамдардын бирисиңби? Мага сени бир жолу улуу майрам күнү көргөнсүп жатам, атүгүл эсимде – мен сенин арабаңдын артынан жүгүргөм.

– Сен таптың, сулуу кыз. Сенден бир нерсени жашыруу кыйын. Чын эле, эмне үчүн сен койчулардын жанында болушуң керек? Ооба, мен падышанын кызматчыларынын биримин, мен падышанын башкы ашпозумун. Сен мени Аминодав арабасында Пасха майрамы күнү бара жатканда көргөнсүң. Бирок эмне үчүн сен менден алыс турасың? Жакын келчи, менин карындашым! Кел, бул дубалдын жанындагы ташка келип отур. Өзүң жөнүндө бир нерсе айтып берчи. Атың ким?

– Суламифь, – деди кыз.

– Суламифь, эмне үчүн агаларың сага ачууланышты?

– Бул жөнүндө айтуудан уялам. Алар шарап сатып акча табышчу. Анан мени шаарга нан менен эчки сүтүнөн жасалган быштак сатып кел деп жиберишти. Ал эми мен…

– Ал эми сен акчаны жоготуп алдыңбы?

– Жок, андан да жаман… – Ал төмөн карап, шыбырады: – Нан менен быштактан тышкары, эски шаардагы мисирликтерден бир аз… бир аз эле гүл майын сатып алгам.

– Анан аны агаларыңдан жашырдыңбы?

– Ооба… – Ал араң угулар-угулбас шыбырап сөзүн улады: – Гүл майы ушунчалык жакшы жыттанат!

Падыша анын кичинекей, одуракай колун назик сылады.

– Жүзүм багында жалгыз жүрүп тажадыңбы?

– Жок. Мен иштейм, ырдайм… Түштө мага тамак алып келишет, ал эми кечинде мени агаларымдын бири алмаштырат. Кээде мен мандрагоранын кичинекей адамдарга окшогон тамырларын казам… Аларды бизден халдей соодагерлери сатып алышат. Андан уктатуучу суусундук жасашат дешет… Айтчы, чын эле мандрагоранын данеги сүйүүдө жардам береби?

– Жок, Суламифь, сүйүүдө сүйүү гана жардам берет. Айтчы, сенин ата-энең барбы?

– Энем гана бар. Атам эки жыл мурда каза болгон. Агаларымдын баары менден улуу – алар биринчи никеден, ал эми экинчи никеден мен жана сиңдим экөөбүз.

– Сиңдиң да сендей сулуубу?

– Ал азыр кичинекей, тогуз гана жашта.

Падыша күлүп, Суламифти акырын кучактап, өзүнө тартып, кулагына шыбырады:

– Тогуз жаш… Демек, анын төшү сеникиндей толо элек экен да? Ушунчалык сүйкүмдүү, ушунчалык ысык көкүрөк!

Кыз уялып да, бакытка батып да унчукпай турду. Көздөрү бирде жарк этип, бирде өчүп, бактылуу жылмаюудан тумандап жатты. Падыша колу менен анын жүрөгүнүн ашыкча жыйрылып, согуп жатканын сезип турду.

– Кийимиңден жыпар жыттуу мирра менен нарддын жыты аңкыйт, – деди ал кыздын кулагына ысык эриндерин тийгизип. – Сен дем алганда, таноолоруңдан алманын жытындай жыт келет. Карындашым менин, сүйүктүүм менин, сен менин жүрөгүмдү бир гана карашың менен, моюнуңдагы бир гана мончогуң менен багынтып алдың.

– Оо, мага карабачы! – деп өтүндү Суламифь. – Көз карашың мени уялтып жатат.

Бирок өзү да аркасына ийилип, башын Сулаймандын көкүрөгүнө койду. Жалтыраган тиштеринин үстүндөгү эриндери чоктой күйүп, кабактары кумардан калтырап турду. Сулайман анын өзүнө чакырып турган оозуна ынтызарлык менен эриндерин тийгизди. Ал кыздын эриндеринин жалынын, тиштеринин жылмакайлыгын, тилинин таттуу нымдуулугун сезип, өмүрүндө эч качан баштан кечирбеген чыдагыс кумардан бүт денеси өрттөнүп жатты. Ошентип бир-эки мүнөт өттү.

– Мени эмне кылып жатасың! – деди Суламифь көздөрүн жумуп, алсыз үн катып. – Мени эмне кылып жатасың!

Бирок Сулайман эриндерин кыздын эриндеринен албай кумарлана шыбырап жатты:

– Сенин оозуңдан бал челектин балы тамат, колуктум, тилиңдин астында бал менен сүт бар… Оо, мага тезирээк келчи. Бул дубалдын арты караңгы да, салкын да. Бизди эч ким көрбөйт. Кедрлердин түбүндө жумшак шибер бар.

– Жок, жок, коё берчи мени. Каалабайм, колумдан келбейт.

– Суламифь… сен каалайсың, каалап турасың… Карындашым менин, сүйүктүүм менин, келчи мага!

Падышанын багынын дубалынын жанынан, ылдыйкы жолдон бирөөлөрдүн дабышы угулду, бирок Сулайман коркуп кеткен кызды колунан кармап калды. 

– Тез айтчы мага, кайсы жерде жашайсың? Бүгүн түнү мен сага келем, – деди ал шаша-буша. 

– Жок, жок, жок… Мен сага айтпайм. Мени коё бер. Мен сага айтпайм. 

–Айтмайынча сени коё бербейм, Суламифь… Мен сени каалайм! 

– Макул, айтайын… Бирок ага чейин ушул түнү келбейм деп убада бер… Кийинки түнү да, андан кийинки түнү да келбе… Падышам менин! Тоо текелер менен талаа эликтеринин атынан ант берем, сүйүктүүң өзү кааламайынча анын тынчын алба! 

– Макул, убада берем… Үйүң кайсы жерде, Суламифь? 

– Шаарга бараткан жолдо Силоамдан өйдөрөөк көпүрө аркылуу Кедрондон өтсөң, булактын жанынан биздин үйдү көрөсүң. Ал жерде башка үй жок. 

– А сенин терезең кайсы тарабында, Суламифь? 

– Аны билип эмне кыласың, берекем? Оо, мага андай карабачы. Көз карашың мени арбап баратат… Өппөчү мени… Өппөчү мени… Берекем! Дагы өпчү мени… 

– Жалгызым менин, терезең кайсы тарапта? 

– Түштүк тараптагы терезе. Эх, муну сага айтпашым керек эле… Торлуу, чакан, бийик терезе. 

– А тор ичинен ачылабы? 

– Жок, ал ачылбаган терезе. Бирок бурчта эшик бар. Ал мен сиңдим менен уктаган бөлмөгө түз кирет. Бирок сен убада бербедиң беле!.. Сиңдим сергек уктайт. Оо, кандай сулуусуң, сүйүктүүм. Убада бердиң эле го, туурабы? 

Сулайман анын чачтарын, жаактарын акырын сылады. 

– Мен сага ушул түнү келем, – деди ал өжөрлөнө. – Түн ортосунда келем. Ошондой болот, ошондой болушу керек. Мен муну каалайм. 

– Берекем!

– Жок. Сен мени күтөсүң. Тек гана коркпо, мага ишен. Мен сага жамандык кылбайм. Мен сага ушундай бир кубаныч тартуулайм, анын жанында жер жүзүндөгү нерселердин баары эч нерсеге арзыбай калат. Эми кош бол. Мени издеп келе жатышканын угуп жатам. 

– Кош, сүйүктүүм менин… Оо жок, дагы бир азга кетпей турчу. Мага атыңды айтчы, мен аны билбейм. Ал бир сүртүмгө, бейкапар сыяктуу кирпиктерин ылдый түшүрдү да, кайра дароо өйдө көтөрдү: 

– Менин атым падышанын аты менен уйкаш. Менин атым Сулайман. Кош бол. Мен сени сүйөм.

V

Бул күнү Сулайман Ливан үйүнүн залында тактыда отуруп, ага кайрылгандардын үстүнөн сот жүргүзүп жатканда абдан көңүлдүү, маанайы жакшы эле. Төрт катар тизилген кырк мамы сот залынын шыбын көтөрүп турчу. Алардын баары кедр жыгачы менен капталып, баш жагы лилия гүлү формасындагы капителдер менен кооздолгон. Пол кипарис тактайлардан төшөлүп, дубалдардан таш таптакыр көрүнчү эмес – баары кедрден жасалып, алтын оймолор түшүрүлгөн пальмалар, анарлар жана керувимдердин сүрөттөрү менен кооздолгон. Залдын төрүндөгү алты тепкич тактыга алып чыкчу, ар бир тепкичтин эки тарабында жезден куюлган бирден арстан турган. Ал эми тактынын өзү пил сөөгүнөн жасалып, алтын оймолор менен көркөмдөлгөн, чыканак койгучтары болсо жаткан арстандар түрүндө алтындан куюлган. Тактынын бийик жөлөнгүчү алтын диск менен аяктачу. Залдын кире беришинде чымкый кызыл жана кочкул кызыл кездемеден тигилген көшөгөлөр полдон шыпка чейин илинип, кире беришти бөлүп турчу. Ал жерде, беш мамынын ортосунда, кайтаруу астында доогерлер, сураныч менен келгендер, күбөлөр, ошондой эле айыпталуучулар менен күнөөкөрлөр отурушчу. 

Падыша кызыл хитон кийип, башына алтынга чөгөрүлгөн алтымыш берилл ташы бар жөнөкөй, ичке таажы кийип отурду. Оң тарапта энеси Вирсавиянын тактысы турчу, бирок акыркы убакта карылыгына байланыштуу ал эл алдына сейрек чыкчу… Сөөлөтүү, кара сакалдуу ассириялык меймандар дубалды бойлой яшмадан жасалган отургучтарда отурушкан; үстүлөрүндө чекелери кызыл жана ак оймолор менен саймаланган ачык оливка түстүү кийимдер эле. Алар Ассирияда жүргөндө эле Сулаймандын адилеттиги жөнүндө толуп жаткан кептерди угушкандыктан, кийин израилдиктердин падышасынын соту тууралуу айтып берүү үчүн анын бир да сөзүн өткөрүп жибербөөгө аракет кылып жатышты. Алардын ортосунда Сулаймандын аскер башчылары, министрлери, провинция жетекчилери жана ак сөөктөрү отурду. Бул жерде бир кездеги падышанын баш кесер желдети, Иоавды, Адонияны жана Семейди өлтүргөн, азыркы учурдагы аскердин башкы башчысы – узун ак сакалдуу, жапалдаш бойлуу, толук карыя Ванея да бар эле; анын аңтарылып калгансыган кызарган кабактарынын ортосунда тунарган көгүш көздөрү карыларча кыбыңдайт; ачылган оозу, нымдашып, эттүү, астыңкы кызыл эриндери шалпайып ылдый түшүп турчу; башын дайыма ылдый салып, бир аз калтырап турар эле. 

Ошондой эле Нафандын уулу, жүзү ачуулуу, арык, оорулуудай кубарган жана көзүнүн асты карайган узун бойлуу Азария, ак көңүл, алаңгазар тарыхчы Иосафат, Сулаймандын сарай башчысы Ахелар, падышанын досу деген бийик титулду алып жүргөн Завуф, Сулаймандын улуу кызы Тафафияга үйлөнгөн Бен-Авинодав, Васандагы Аргов облусунун башчысы Бен-Гевер да бар эле; анын башкаруусунда жез кулпулуу дарбазалары бар, бийик дубалдар менен курчалган алтымыш шаар бар болчу. Ошондой эле бир кезде отуз парасанг аралыкка найза ыргытуу өнөрү менен аты чыккан Хушайдын уулу Ваана жана башка көптөгөн адамдар да олтурушкан. Алтын жалаткан туулгалары менен калкандары жаркырап, алтымыш жоокер тактынын оң жана сол тарабында катарда турушту; бүгүн алардын улуусу Ахилуддун уулу, кара тармал чачтуу сулуу Элиав эле. 

Сулаймандын алдына биринчи болуп Ахиор аттуу таш устасы арыз менен келди. Финикиядагы Белде иштеп жүрүп, ал баалуу таш таап алат да, аны иштетип, Иерусалимге бараткан досу Захариядан асыл ташты аялына берип коюуну өтүнөт. Бир аз убакыттан кийин Ахиор өзү да үйүнө кайтат. Аялы менен көрүшкөндө эң биринчи сураганы асыл таш болот. Бирок аялы күйөөсүнүн суроосуна абдан таң калып, эч кандай асыл таш албаганын ант ичип ырастайт. Ошондо Ахиор аныгын билүү үчүн досу Захарияга барат; бирок тигил да ант ичип, шаарга келери менен асыл ташты тапшырганын айтат. Ал тургай Захария асыл ташты Ахиордун аялына берип жатканын өз көзү менен көргөн эки күбөнү да ээрчите келет. Мына эми төртөө тең – Ахиор, Захария жана эки күбө – израиль падышасынын тактысынын алдында турушту. Сулайман алардын ар бирин кунт коюп карап чыгып, кароолчуларга буйрук берди: 

– Булардын баарын өзүнчө бөлмөлөргө алып барып, бекиткиле. Бул аткарылгандан кийин, ал төрт кесек нымдуу баткак алып келүүнү буйруду. 

– Ар бири, – деди падыша, – баткактан ошол таштын формасын жасап чыксын. 

Бир аз убакыттан кийин формалар даяр болду. Күбөлөрдүн бири өз калыбын, адатта баалуу таштар жасалгандай, аттын башы түрүндө жасаптыр; экинчиси – койдун башы түрүндө, ал эми Ахиор менен Захарияда гана формалары окшош, аялдын эмчегине окшоштуруп жасалыптыр. Ошондо падыша мындай деди: 

– Эми күбөлөрдү Захария сатып алганы сокур кишиге да белгилүү болду. Ошентип, Захария ташты Ахиорго кайтарып берсин жана аны менен бирге сот чыгымдары үчүн ага отуз жарандык сикль төлөп, ибадатканага он ыйык сикль тапшырсын. Ал эми өздөрүн өздөрү ашкерелеген күбөлөр жалган көрсөтмө бергени үчүн казынага беш сикпадан төлөшсүн. 

Андан соң Сулаймандын тактысына мурас талашып соттошуп жаткан үч бир тууган жакындашты. Алардын атасы өлүм алдында аларга: “Мурасты бөлүшкөндө чыр чыкпас үчүн, мен өзүм силерге адилеттүүлүк менен бөлөп берем. Мен өлгөндөн кийин, үйдүн артындагы токойдун ортосундагы дөбөгө барып, аны казгыла. Ал жерден үч бөлүктүү үкөктү табасыңар: билип койгула, жогоркусу – улуусуна, ортоңкусу – ортончусуна, төмөнкүсү – кенжесине”, – деген экен. Атасы каза болгондон кийин барып,

керээзин аткарышканда, жогорку бөлүгү алтын монеталарга толгондугун, ортоңкусунда жөнөкөй сөөктөр, төмөнкүсүндө жыгач кесиндилери гана жатканын көрүшөт. Ошентип, кичүү бир туугандардын арасында улуусуна карата көрө албастык менен касташуу пайда болуп, акыры жашоолору ушунчалык чыдагыс болуп кеткендиктен, падышага кеңеш жана адилеттик сурап кайрылууну чечишет. Бул жерде, тактынын алдында турганда да, алар бири-бирин айыптап, капалантуудан кайра тартышкан жок. Падыша башын чайкап, аларды угуп, мындай деди: 

– Жаңжалды токтоткула; таш оор, кум да салмактуу, бирок акмактын каары экөөнөн тең оор. Атаңар, сыягы, акылдуу жана адилеттүү адам болгон экен, ал өз эркин керээзинде жүз күбөнүн катышуусунда айткандай эле ачык билдирген. Эй, байкуштар, атаңар улуу бир тууганыңарга бардык акчаны, ортончусуна – бардык малды жана кулдарды, ал эми кенжесине – үйдү жана айдоо жерин калтырганын дароо түшүнгөн жоксуңарбы? Тынчтык менен кетип, мындан ары касташпагыла. Үч бир тууган – кечээки кастар – жүздөрү жаркырап, падышанын бутуна жыгыла таазим кылышып, сот залынан кол кармашып чыгып кетишти. 

Падыша дагы бир мурас ишин чечти, ал үч күн мурда башталган эле. Бир киши өлүп баратып, бардык мүлкүн эки уулунун эң татыктуусуна калтырарын айткан. Бирок экөө тең өзүн начар деп моюнга алууга макул болбогондуктан, падышага кайрылышкан. Сулайман алардан өнөрлөрү эмне экенин сурап, экөө тең мергенчи-жаачылар экенин укканда, мындай деди: 

– Үйүңөргө кайткыла. Мен атаңардын сөөгүн дарактын жанына койдурууну буйруйм. Адегенде кимиңер анын көкүрөгүнө жебени таамай тийгизериңерди көрөлү, андан кийин ишиңерди чечебиз. Эми эки бир тууган падыша тарабынан көзөмөлдөө үчүн жиберилген кишинин коштоосунда кайтып келишти. Сулайман андан мелдеш тууралуу сурады. 

– Мен сен буйруган нерсенин баарын аткардым, падышам, – деди ал киши. – Мен карыянын сөөгүн дарактын жанына коюп, бир туугандардын ар бирине жаасы менен жебесин бердим. Улуусу биринчи атты. Жүз жыйырма чыканак аралыктан ал тирүү кишинин жүрөгү соккон жерге дал тийгизди. 

– Сонун атыш, – деди Сулайман. – Ал эми кичүүсүчү? 

– Кичүүсү… Кечирип кой, падышам, мен сенин буйругуңдун так аткарылышын талап кыла албадым… Кичүүсү жаа жибин чоюп, жебени койду, бирок капысынан жааны бутунун түбүнө түшүрүп, бурулуп, ыйлап жиберди: “Жок, мен муну кыла албайм… Атамдын сөөгүн атпайм”. 

– Анда атасынын мүлкү ага таандык болсун, – деп чечти падыша. – Ал эң татыктуу уул болуп чыкты. Ал эми улуусу, эгер кааласа, менин жан сакчыларымдын катарына кире алат. Мага ушундай күчтүү жана ачкөз, колу таамай, көзү курч жана жүрөгүн түк баскан адамдар керек. 

Андан соң падышанын алдына үч киши келди. Алар биргелешип соода кылып, көп акча табышкан. Иерусалимге бара турган убак келгенде, алтынды булгаары курга тигип алып, жолго чыгышат. Жолдо токойго түнөп, курга аманчылык үчүн жерге көмүп коюшат. Эртең менен ойгонушканда, курду коюшкан жеринен таппай калышат. Алар бири-бирин жашырынып уурдап алды деп айыпташты. Үчөө тең абдан куу жана чечен адамдардай көрүнгөндүктөн, падыша аларга мындай деди: 

– Мен силердин ишиңерди чечерден мурда бир окуя айтып берейин, уккула. Бир сулуу кыз сапарга чыгып жаткан сүйүктүүсүнө аны күтүүгө жана андан башка эч кимге кыздыгын бербөөгө убада берет. Бирок, кеткенден көп өтпөй жигит башка шаарда башка кызга үйлөнөт, кыз муну билип калат. Ортодо ага өз шаарынан келген бай жана ак көңүл жигит, бала кезден чогуу өскөн досу жуучу түшөт. Ата-энесинин кыстоосу менен ал уяттан жана корконунан улам өз убадасы жөнүндө айтууга батына албай, ага турмушка чыгат. Үйлөнүү үлпөтү аяктагандан кийин жигит аны уктоочу бөлмөгө алып барып, жанына жаткысы келгенде, кыз ага жалбара баштайт: “Менин мурунку сүйгөнүм жашаган шаарга барып келүүмө уруксат берчи. Ал мени антымдан бошотсун, андан кийин мен сага кайтып келип, сен каалаган нерсенин баарын кылам!”. Жигит аны абдан сүйгөндүктөн, анын өтүнүчүнө макул болуп коё берет, ал кетет. Жолдо ага каракчы кол салып, тоноп, аны зордуктагысы келет. Бирок кыз анын алдында чөгөлөп, ыйлап, анын аруулугун бузбоосун өтүнөт жана каракчыга өзүнүн башынан өткөргөн окуясын, эмне үчүн бөлөк шаарга баратканын айтып берет. 

Каракчы муну угуп, анын убадасынын бекемдигине ушунчалык таң калып, күйөөсүнүн боорукердигине ушунчалык таасирленип, кызды тынчтык менен гана коё бербестен, тартып алган баалуу буюмдарын да кайтарып берет. Эми мен силерден сурайм, Кудайдын алдында ушул үчөөнүн кимиси эң жакшы иш кылды – кызбы, күйөөсүбү же каракчыбы? Соттолуп жаткандардын бири кыз антка бекемдиги үчүн баарынан да мактоого татыктуу деди. Экинчиси күйөөсүнүн улуу сүйүүсүнө таң калды; ал эми үчүнчүсү каракчынын жоругун эң жоомарт деп тапты. Ошондо падыша акыркысына айтты: 

– Демек, алтын салынган курду сен уурдапсың, анткени сен табиятыңдан ачкөзсүң жана бирөөнүн мүлкүнө көз артасың.

Ал киши болсо таягын жолдошторунун бирине берип, ант ичип жаткандай колдорун өйдө көтөрүп, мындай деди: 

– Жараткандын алдында күбөлүк берем, алтын менде эмес, тигинде! Падыша жылмайып, жоокерлеринин бирине буйруду: 

– Бул кишинин таягын алып, ортосунан сындыр. Жоокер Сулаймандын буйругун аткарганда, жерге алтын монеталар чачылып кетти, анткени алар көңдөй таяктын ичине катылган эле. Ууру падышанын акылмандыгына таң калып, анын тактысынын алдына жыгылып, кылмышын моюнга алды.

Ошондой эле ливандык бир аял, таш куруучунун кедей жесири келип, мындай деди: 

– Мен адилеттүүлүк сурайм, падышам! Колумда калган акыркы эки динарга ун сатып алып, мобу чоң чопо идишке салып, үйгө алып жөнөдүм. Бирок капысынан катуу шамал көтөрүлүп, унумду учуруп кетти. Оо, акылман падыша, бул чыгымды мага ким кайтарып берет! Эми балдарыма бергенге тамагым жок. 

– Бул качан болду эле? – деп сурады падыша. 

– Бул бүгүн эртең менен, таң атканда болду. 

Ошондо Сулайман кемелери ошол күнү Иоппия аркылуу Финикияга товарлары менен кеткени камданып жатышкан бир нече бай соодагерди чакырууну буйруду. Алар тынчсызданып сот залына келишкенде, падыша алардан сурады: 

– Кемелериңер үчүн ыңгайлуу шамал сурап Кудайга же кудайларга сыйындыңар беле? 

– Ооба, падышам! Ошондой болгон. Кудай биздин курмандыктарыбызды кабыл кылды, анткени ал бизге жакшы шамал жиберди. 

– Мен силер үчүн кубанычтамын, – деди Сулайман. – Бирок ошол эле шамал бечара аялдын идишке салып бараткан унун учуруп кетиптир. Ага кенемте төлөп беришиңерди адилеттүү деп таппайсыңарбы? 

Алар падыша өздөрүн ушул нерсе үчүн гана чакырганына кубанып, дароо аялга жарыша, чоң чопо идишке майда күмүш тыйындарды толтура салып беришти. Ал ыйлап падышага ыраазычылык билдире баштаганда, Сулайман жылмайып: 

– Токто, бул али баары эмес. Бүгүнкү эртең мененки шамал мага да мен күтпөгөн кубаныч тартуулады. Ошондуктан, бул соодагерлердин белектерине мен да өзүмдүн падышалык белегимди кошом. Ал казыначы Адонирамга соодагерлердин акчасынын үстүнө күмүш таптакыр көрүнбөй калгыдай кылып алтын монеталарды салууну буйруду.

Сулайман бул күнү эч кимдин бактысыз болушун каалаган жок. Ал кээде бир жылда таратпаган сыйлыктарды, пенсияларды жана белектерди таратты, ошондой эле мурда мыйзамсыз жыйымдар үчүн каары кайнап жүргөн Неффалим жеринин башкаруучусу Ахимаасты кечирди жана мыйзам бузгандардын көбүнүн күнөөсүн кечти, ошондой эле букараларынын өтүнүчтөрүнүн бирөөнөн башкасын көңүлсүз калтырган жок. Падыша Ливан үйүнөн чакан түштүк эшиктен чыгып баратканда, анын жолунда сары булгаары кийимчен, жапалдаш бойлуу, жазы далылуу, кочкул кызыл, түнт жүздүү, кара, калың сакалдуу, өгүз моюндуу жана калың кара каштарынын астынан сүрдүү караган бирөө турду. Бул Молох бутканасынын башкы сыйындыруучусу эле. Ал жалбарган үн менен бир гана сөз айтты: 

– Падышам!.. 

Анын кудайынын колодон жасалган сөлөкөтүнүн ичинде жети бөлүк бар эле: бири ун үчүн, экинчиси көгүчкөндөр үчүн, үчүнчүсү койлор үчүн, төртүнчүсү кочкорлор үчүн, бешинчиси музоолор үчүн, алтынчысы букалар үчүн, ал эми энелери алып келген тирүү ымыркайлар үчүн арналган жетинчиси – падышанын тыюу салуусу менен эбак бош калган болчу. Сулайман тигил кишинин жанынан унчукпай өтүп кетти, бирок тигил артынан колун сунуп, жалбара кыйкырды: 

– Падышам! Сенин кубанычың менен ант берем!.. Падышам, мага ушул ырайымды кыл, мен сага өмүрүң кандай коркунучта турганын ачып берем! Сулайман жооп берген жок, ал эми тигил, күчтүү колдорунун муштумдарын түйүп, аны каардуу көз карашы менен чыгуучу эшикке чейин узатып кала берди.

VI

Кечке маал Суламифь эски шаарга – сарапчылардын, сүткөрлөрдүн жана жыпар жыттуу дары-дармек саткандардын дүкөндөрү узун катар болуп созулуп жаткан жерге келди. Ал жерден зергерге өзүнүн жалгыз асыл буюмун – ар биринде алтын жылдызчасы бар шакек сымал майрамдык күмүш сөйкөсүн үч драхма жана бир динарийге сатты. Андан соң жыпар жыт саткан сатуучуга кайрылды. Терең, караңгы таш уяда, боз аравия амбрасы салынган чөйчөктөрдүн, ливан ладаны оролгон баштыкчалардын, жыпар жыттуу чөп боолорунун жана май куюлган бөтөлкөлөрдүн арасында – буттарын кайчылаштырып, уйкулуу көздөрүн сүзүп, кыймылсыз, өзүнөн да аңкыган жыт чыккан карыган, семиз, бети-башын бырыш баскан мисирлик бычылган эркек отурган эле. Ал финикиялык бөтөлкөдөн кичинекей чопо кутучага Суламифтин болгон акчасына канча динарий туура келсе, дал ошончо тамчы мирраны кылдаттык менен санап куйду. Бул ишин бүтүргөндөн кийин, бөтөлкөнүн оозундагы майдын калдыгын тыгыны менен сүртүп алып, куулана күлүп мындай деди: 

– Кара тору, сулуу кыз! Бүгүн кечте сенин сүйүктүүң көкүрөгүңдөн өпкөндө жана “Сенин денең кандай гана сонун жыттанат, о менин сүйүктүүм!” – деген көз ирмемде мени эстеп кой. Мен сага ашыкча үч тамчы куюп бердим.

Түн кирип, Силоамдын үстүнө ай көтөрүлүп, үйлөрдүн көгүлтүр агышын, көлөкөлөрүн кара көгүлтүр жана дарактардын бозомтук жашылы менен аралаштырган кезде, Суламифь эчкинин жүнүнөн жасалган жупуну төшөгүнөн туруп, айланасына кулак төшөдү. Үйдө баары тып-тынч. Сиңдиси дубал түбүндө, жерде бир калыпта дем алып уктап жатат. Сыртта гана жол боюндагы бадалдарда чегирткелер кургак жана кумарлуу чырылдап, кулакта кандын согушу шуулдайт. Ай жарыгы түшүргөн терезенин торчосу полго даана жана кыйшайып түшүп турган. Суламифь тартынчактыктан, күтүүдөн, алдыда турган бакыттан дирилдеп, кийимин чечип, бутуна чейин түшүрдү да, андан аттап өтүп, бөлмөнүн ортосунда – терезенин торчосу аркылуу түшкөн айдын жарыгына бөлөнүп жылаңач турду. Ал коюу, жыпар жыттуу мирраны далысына, көкүрөгүнө, курсагына сыйпады да, баалуу жыпар жыттын бир тамчысын да жоготуп алуудан коркуп, майды буттарына, колтуктарынын астына жана моюнунун айланасына тездик менен сүртө баштады. Анын алакандары менен чыканагынын денесине назик тийиши таттуу бир туюмдан улам титиретип жиберди. Ал жылмайып, терезеден ары жакта өскөн бир жагы караңгы, экинчи жагы күмүштөй жаркыраган эки теректи карап, ичинен шыбырап жатты: 

– Бул сен үчүн, менин берекем, бул сен үчүн, менин сүйүктүүм. Менин сүйүктүүм башкалардан он миң эсе артык, анын башы – таза алтын, толкундаган тармал чачы – карганын канатындай кара. Анын оозу – ширин, ал өзү – бүтүндөй кумар. Иерусалимдин кыздары, менин сүйүктүүм ушул, менин берекем ушундай!..

Ошентип, ал мирра жыттанып, төшөгүнө жатты. Бети терезе жакты караган; колдорун, жаш балача, тизелеринин арасына кысып алган, жүрөгү түрсүлдөп катуу согуп жатты.

Бир топ убакыт өттү. Көзүн дээрлик жумбай жатып, көзү илинип кетти, бирок жүрөгү сергек. Ошондо ал сүйүктүүсү жанында жаткандай түш көрөт. Анын оң колу мунун башынын астында, сол колу менен кучактап алган. Кубанычтуу коркуу менен ал уйкусун кууп чыгып, төшөктөн сүйүктүүсүн издейт, бирок эч кимди таппайт. Полдогу айдын оймосу дубалга жакыныраак жылып, кыскарып, кыйшайган. Чегирткелер чырылдайт, Кедрон булагы бир калыпта шаркырайт, шаарда түнкү кароолчунун муңайым ырдап жатканы угулат. “Эгер ал бүгүн келбей калсачы? – деп ойлойт Суламифь. – Мен андан суранбадым беле, кокус ал мени угуп, ага макул болуп калсачы?.. Иерусалимдин кыздары, силерге эликтер жана талаа лилиялары менен ант берем: сүйүү өзү келмейинче, аны ойготпогула… Бирок мына, мага сүйүү келди. Тезрээк келчи, менин сүйүктүүм! Ашыгың сени күтүп жатат. Бальзамдуу тоолордогу жаш кийиктей күлүк болчу”.

Кыз түнкү короодогу жеңил кадамдардан катыраган кумдун үнүн угуп чочуп көзүн ачты. Кыздын үрөйү учуп, жаны чыгып кете жаздады. Бирөөнүн сак колу терезени акырын чертти. Кара көлөкө тор артынан жылт этип, сүйүктүүсүнүн акырын чыккан үнү угулду: 

– Эшигиңди аччы, карындашым, сүйүктүүм, көгүчкөнүм, аруузатым менин! Башым түнкү шүүдүрүмгө жуулуп, чачтарымдан таңкы салкындыктын жыты аңкыйт…

Бирок күтүүсүздөн Суламифтин бүткүл денесин сыйкырдуу селейүү бийлеп алды. Ал ордунан козголгусу келди – бирок алсыздык буттарын тушап койду; колун сунуп, эшикти ачкысы келди – бирок колдору кыймылдабайт. Эмне болуп жатканын түшүнө албай, терезени тиктеп, акырын шыбырады:

– Ах, анын тармал чачтары түнкү нымга толуптур… Бирок мен хитонумду чечип, кийимдеримди жыйнап койгон элем. Эми аны кантип кайра кийип, эшикти ачам?

– Тур, менин сүйүктүүм. Менин сулуум, тезирээк чыкчы. Таң атып баратат, гүлдөр ачылып, жүзүм өз жыпар жытын чачууда, ырдай турган убакыт келди, бактек үнү тоолордон угулууда. 

– Мен буттарымды жууп алдым эле, – деп шыбырайт Суламифь, – кантип муздак жерди басам?

Караандын башы терезеден көрүнбөй калды, шаңдуу кадамдар үйдү айланып өтүп, эшиктин алдында токтоду. Сүйүктүүсү эшиктин тешигинен колун этияттап киргизип, манжалары менен ички бекиткичти издеп жатканы угулду. Ошондо Суламифь ордунан туруп, алакандарын көкүрөгүнө катуу кысып, коркуп шыбырады: 

– Сиңдим уктап жатат, аны ойготуп алуудан корком. 

Ал сандалын бутуна илип, жылаңач денесине жеңил хитонду кийип, анын үстүнө жапкычын жамынды да, эшиктин кулпусуна мирранын изин калтырып, эшикти ачты. Бирок боз баскан эртең мененки мунарыкта караңгы бадалдардын арасында жалгыз агарып жаткан жолдо эч ким жок эле. Сүйүктүүсү күтпөптүр – кетип калыптыр, ал тургай анын кадамдары да угулбайт. Ай кичирейип, өңү өчүп бара жаткан. Чыгышта тоолордун чокуларындагы асман таң нуруна бөлөнүп кызгылт тартып турду. Алыстан Иерусалимдин дубалдары жана үйлөрү агарат. 

– Менин сүйүктүүм! Өмүрүмдүн падышасы! – деп кыйкырат Суламифь нымдуу караңгылыкка. – Мен мындамын. Мен сени күтүп жатам… Кайрылып кел! 

Бирок эч ким жооп берген жок. “Тез чуркап, артынан кууп жетейин, сүйүктүүмдү табайын, – дейт Суламифь ичинен. – Шаарды, көчөлөрдү, аянттарды кыдырайын, жаным сүйгөн адамды издейин. Оо, эгер сен менин апамдын эмчегин эмген бир тууганым болгон болсоңчу! Мен сени көчөдөн жолуктуруп, өпмөкмүн да, мени эч ким айыптамак эмес. Мен сени колуңдан кармап, апамдын үйүнө алып келмекмин. Сен мени окутмаксың, ал эми мен сага анардын ширесин ичирмекмин. Иерусалимдин кыздары, силерден суранам: эгер менин сүйүктүүмдү жолуктурсаңар, ага менин сүйүүдөн жараланганымды айткыла”. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп, жеңил, элпек кадамдар менен шаарга карай жолдо чуркап баратты. Кык дарбазасынын жанындагы дубалдын түбүндө түнкүсүн шаарды айланып чыккан эки кароолчу эртең мененки салкындыкта үргүлөп отурушкан. Алар ойгонуп, чуркап бараткан кызды таң калуу менен карап калышты. Алардын кичүүсү туруп, кулачын жайып анын жолун бөгөдү. 

– Токтой тур, токтой тур, сулуу! – деп кыйкырды ал күлүп. – Мынча шашып каякка баратасың? Сен түндү сүйүктүүңдүн төшөгүндө өткөрүптүрсүң, анын кучагынан чыккан боюнча дагы эле ысыксың, ал эми биз түнкү нымдан тоңуп калдык. Эгер сен биз менен бир аз отурсаң, адилеттүү болот эле.

Улуусу да туруп, Суламифти кучактагысы келди. Ал күлбөйт, ал оор, бат-бат жана катуу дем алып, көк эриндерин тили менен жалайт. Анын чечек оорусунан калган чаар тактары бар бети бозогон таңда коркунучтуу көрүнөт. Ал мурундан чыккан чыңылдак жана кырылдаган үн менен мындай деди: 

– Ооба, бул туура айтат. Сенин сүйүктүүң башка эркектерден эмнеси менен артык, сүйкүмдүү кыз! Көзүңдү жумсаң, мени андан айырмалай албайсың. Мен атүгүл артыкмын, анткени, сыягы, андан тажрыйбалуураакмын. 

Алар аны көкүрөгүнөн, далысынан, колдорунан, кийиминен кармалай башташты. Бирок Суламифь ийкемдүү жана күчтүү, ал эми май сүйкөлгөн денеси сыйгалак эле. Ал кароолчулардын колуна өзүнүн сырт кийимин калтырып, качып чыгып, мурдагы жолу менен андан да тезирээк артка чуркап жөнөдү. Ал таарынычты да, коркунучту да сезген жок – анын бүт ою Сулайман жөнүндө эле. Өз үйүнүн жанынан өтүп баратып, ал жаңы эле өзү чыккан эшиктин ачык калганын, ак дубалда кара төрт бурчтук болуп үңкүрчө ачылып турганын көрдү. Бирок ал демин ичине катып, жаш мышыктай бүрүшүп, буттун учу менен дабышсыз өтүп кетти. Ал Кедрон көпүрөсүнөн өтүп, Силоам айылынын чет жакасын айланып, таштак жол менен Ватн-эль-Хаванын түштүк капталына, бара-бара өзүнүн жүзүмзарына көтөрүлдү. Анын бир тууганы шүүдүрүмгө суу болгон жүн жуурканга оронуп, жүзүм бактарынын арасында дагы эле уктап жаткан. Суламифь аны ойготту, бирок ал эртең мененки таттуу уйкуга мас болуп, ойгонбой койду. Кечээгидей эле Аназенин үстүндө таң агарып, шамал көтөрүлүп чыкты. Жүзүм гүлүнүн жыты аңкыйт. 

– Кечээ күнү менин сүйүктүүм турган дубалдын жанына барып карап көрөйүн, – деп ойлоду Суламифь. – Ал кармаган таштарга кол тийгизейин, анын буттарынын астындагы жерди өпкүлөйүн. 

Ал жүзүм бактарынын арасынан жеңил басып баратты. Жүзүм багынан түшкөн шүүдүрүмдүн тамчылары буттарын муздатып, тизесине чейин суу болду. Мына, Суламифтин кубанычтуу кыйкырыгы жүзүмзарды жаңыртты! Падыша дубалдын артында турган. Ал жылмая карап, аны көздөй колдорун сунду. Канаттуудан да жеңил Суламифь тосмодон секирип өтүп, сүйүнүп падышанын кучагына жыгылды. Ушинтип бир нече мүнөт өттү. Акыры, анын оозунан эриндерин алып, Сулайман кумарлануу менен сүйлөй баштады, анын үнү калтырап чыкты: 

– Оо, сен кандай кереметтүү сулуусуң, менин сүйүктүүм, сен сулуулугуң айтып бүткүс!

– Оо, а сен өзүң кандай сулуусуң, менин сүйүктүүм! 

Суктануунун жана ыраазычылыктын жаштары – бакыттын жаштары Суламифтин кубарган жана сулуу бетинде жаркырайт. Сүйүүдөн алсырап, ал жата кетти да, араң угулган акылсыз сөздөрдү шыбырады:

 – Төшөгүбүз – көк шибер. Кедрлер – биздин үстүбүздөгү шып… Мени оозумдан өпчү. Сенин эркелеткениң шараптан артык…

Бир аздан кийин Суламифь башын Сулаймандын көкүрөгүнө коюп жатты. Ал аны сол колу менен кучактап алган. Падыша кыздын кулагына аябай жакын эңкейип, шыбырап, назик кечирим сурады, а Суламифь анын сөздөрүнөн кызарып, көздөрүн жумду. Андан соң сүйкүмдүү жылмайып мындай деди: 

– Мени бир туугандарым жүзүмзарды кайтарууга койду… ал эми мен өзүмдүн жүзүмзарымды сактай албадым.

Сулайман анын кичинекей кара тору колун алып, эриндерине катуу кысты. 

– Сен буга өкүнбөйсүңбү, Суламифь? 

– Оо, жок, менин падышам, менин сүйүктүүм, мен өкүнбөйм. Эгер сен азыр эле туруп, менден кетип калсаң да, мен кийин сени эч качан көрбөөгө өкүм кылынсам да, өмүрүмдүн аягына чейин сенин атыңды ыраазычылык менен айтам, Сулайман! 

– Мага айтчы, Суламифь… Жөн гана суранам, чындыкты айтчы, менин аруузатым… Менин ким экенимди билчү белең? 

– Жок, мен азыр да билбейм. Мен ойлогом… Бирок моюнга алуудан уялам… Сен мени шылдыңдайсыңбы деп корком… Айтышат го, бул жерде, Ватн-эль-Хав тоосунда кээде бутпарас кудайлары кезип жүрүшөт деп… Алардын көбү сулуу дешет… Анан мен ойлогом: сен Осиристин уулу Гор эмессиңби же башка кудайсыңбы? 

– Жок, мен жөн гана падышамын, сүйүктүүм. Бирок дал ушул жерде мен сенин күнгө күйгөн сүйкүмдүү колуңду өбөм жана сага ант берем: эч качан – жаштыктын биринчи сүйүү толкунданууларында да, менин атак-даңкымдын күндөрүндө да жүрөгүмдө сенин бир жылмаюуң, оттуу тармал чачыңдын бир тийгени, кызгылтым эриндериңдин бир ийилгени ойготкон мындай канбай турган каалоо менен күйгөн эмесмин! Сен Кидар чатырларындай, Сулаймандын ибадатканасындагы көшөгөлөрдөй сулуусуң! Сенин эркелеткениң, эркелегениң мени мас кылат. Сенин көкүрөгүң – жыпар жыттуу. Сенин эмчектериң – шарап сыяктуу! – Ооба, кара, мени кара, сүйүктүүм. Сенин көздөрүң мени толкундантат! Оо, кандай кубаныч: анткени сенин каалооң мага, мага багытталган! Сен менин мирранын бир боосундай болуп көкүрөгүмдө жатасың!

Убакыт өзүнүн агымын токтотту жана алардын үстүнөн күн алкагы сыяктуу курчап алды. Алардын төшөгү – көк жайык, чатыры – кедрлер, дубалдары – кипарис. Алардын чатырынын үстүндөгү туусу – сүйүү.

(уландысы бар)

Которгон Абийрбек Абыкаев

  • (1870–1938)

    Орус адабиятынын реализм багытындагы эң көрүнүктүү классиктеринин бири, атактуу жазуучу, прозаик жана котормочу. Ал адам психологиясын кылдаттык менен ачып берген, турмуш чындыгын, сүйүүнүн кубатын жана коомдун терс көрүнүштөрүн сүрөттөгөн чебер калемгер катары таанымал.

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген