|

Балдар ырлары

5/5 - (2 добуш)

Булак

Көргөнүнө ишенбей,
аттап-буттап чалынып.
“‒ Апакелеп!..” булактан,
Айжан минтет камыгып:

“‒ Бурк-бурк буркулдап,
булак кайнайт буусу жок.
Сузуп алсам эмнеге,
тамчы ысык суусу жок?!”

“‒ Эмне үчүн?..” ‒ деп, суроолуу
колун жайып тигилет.
А апасы каткырат:
“‒ Көп сурооңдун бири, – деп;

Кайнап чыккан тереңден,
тиш какшаткан муздак суу!
Алгач көргөн сендейди
таң калтырган – БУЛАК – бу!»

Күз

Бөбөгүмдү ээрчитип,
жүрсөм бакты аралап.
Мындай деди, капыстан,
буга ким жооп таба алат?

“– Эжекебай, айтчы, – дейт,
– күз келгени жакшы, – дейт.
– Бирок күз да шоктук кылып,
мынча неге шашты? – дейт.

– Бышырам деп жер-жемиш,
бак-даракка барыптыр.
Жалбырагын байкабай,
бүт бышырып салыптыр!”

Жазды күтүү

Тып-тып-тыпылдап,
кандай сонун ушул чак.
Ак чатырдан муз эрип,
кетип барaт кыш узап.

Тыпы-тыпы, тып-тып,
тамчылардын ырын ук.
Тыпы-тыпы, тып-тып,
жашыл жазды тосуп чык.

Чырк-чырк чыркылдап,
чымчык жазды чакырат.
агындырбай келсе экен,
жадырап жаз батыраак.

Жарк-жарк жаркырап,
жашоодо күн шам чырак.
Байчечекей жаз гүлү,
бажырайып ачылат.

Короз жана Алмаз

Терезеден мойнун созуп
кыйкырат короз таң эрте.
Ачууланды ага Алмаз:
“– Уйкум буздуң дагы эрте!”.

Анда короз жооп айтат,
туура бекен көр байкап.
Алмаз менен корозду
укту апасы баш чайкап. 

“– Ку-ка-ре-ку-уу!..
Тургун, сабакка баргын,
дагы уктап калбагын!
Күндө өзүң кечигип,
класста чыр салбагын!”

Тармал козу жана Амантай

Жаңы гана көз жарган
тармал козу тыбырап,
кармана албай денесин
таканчыктап жыгылат.

Туулар замат, кызык, ай!
Козу кетти телчигип,
тай-тай баскан Амантай,
жетпей жүрөт энтигип…

Оюнкараак бул экөө
бул дүйнөнүн эркеси.
Козу кичүү Амандан,
Аман үйдүн кенжеси.

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген