Гэрэлт-Од Пүрэвжав: “Атаке, төрүңүз бош калды…”
Атаке, сизди сагынган кездерде,
Алысты тиктеп, ойго чөмүлөм.
Өмүрдүн толкунунда калак шилтеп,
Тагдырдын сыноосуна көнүгөм.
Боз үйдүн төрүндө элеңиз, атаке,
Мандаш токунуп, кымыз ичип жай отуруп.
Ууктардан күндүн нуру төгүлүп,
Түндүктөн Көкө Теңир көрүнүп.
Сиз барда үйүбүздүн куту бар эле,
Анын баркын анда кайдан билмек элем?
Эми минтип төрүңүз бош калганын,
Сагыныч менен күндө сезип келем.
Кечээ түнү түшүмө кирдиңиз,
Асыл күлүгүңүздү минип келдиңиз.
Кымыз сунуп, сөз айтам дегенимде,
Көзүмдү ачып, кайрадан жоготтум сизди.
Атаке, кызыңыз дагы эле жолдо,
Турмуштун шамалына башын ийбей.
Сиз жаккан очоктун отун өчүрбөй,
Урпактын аманатын көтөрүп келет.
Атыңызды ардактап сактап келем,
Адамдык наркыңызды бийик көрөм.
Балдарыңыз канат кагып учса дагы,
Сиз жаккан от ар бир үйдө жылуулук берет.
Күндөр өтөт, жылдар өтөт, өмүр өтөт,
Бул дүйнөдөн ар бир адам бир кетет.
Мен дагы бир күнү сизге жетем,
Лотос гүлү жайнаган бейиш төрүндө.
Ошондо сиз баягыдай төрдө отуруп,
Колуңузга кымыз куюп алган болорсуз.
Мен болсо баягы кичинекей кызыңыз,
Алдыңызга келип, башымды ийип отурам…
Атаке, бул дүйнөдө сизди сагындым,
Тиги дүйнөдө жолугар күндү самадым.
Көк асманга көзүмдү кадап,
Сизге жетер күндү үмүт кылып күтөм…
2024.04.09. Монголия.
Которогон Жанаргүл Жолдошова
