|

Гэрэлт-Од Пүрэвжав: “Атаке, төрүңүз бош калды…”

5/5 - (2 добуш)

Атаке, сизди сагынган кездерде,
Алысты тиктеп, ойго чөмүлөм.
Өмүрдүн толкунунда калак шилтеп,
Тагдырдын сыноосуна көнүгөм.
Боз үйдүн төрүндө элеңиз, атаке,
Мандаш токунуп, кымыз ичип жай отуруп.
Ууктардан күндүн нуру төгүлүп,
Түндүктөн Көкө Теңир көрүнүп.
Сиз барда үйүбүздүн куту бар эле,
Анын баркын анда кайдан билмек элем?
Эми минтип төрүңүз бош калганын,
Сагыныч менен күндө сезип келем.
Кечээ түнү түшүмө кирдиңиз,
Асыл күлүгүңүздү минип келдиңиз.
Кымыз сунуп, сөз айтам дегенимде,
Көзүмдү ачып, кайрадан жоготтум сизди.
Атаке, кызыңыз дагы эле жолдо,
Турмуштун шамалына башын ийбей.
Сиз жаккан очоктун отун өчүрбөй,
Урпактын аманатын көтөрүп келет.
Атыңызды ардактап сактап келем,
Адамдык наркыңызды бийик көрөм.
Балдарыңыз канат кагып учса дагы,
Сиз жаккан от ар бир үйдө жылуулук берет.
Күндөр өтөт, жылдар өтөт, өмүр өтөт,
Бул дүйнөдөн ар бир адам бир кетет.
Мен дагы бир күнү сизге жетем,
Лотос гүлү жайнаган бейиш төрүндө.
Ошондо сиз баягыдай төрдө отуруп,
Колуңузга кымыз куюп алган болорсуз.
Мен болсо баягы кичинекей кызыңыз,
Алдыңызга келип, башымды ийип отурам…
Атаке, бул дүйнөдө сизди сагындым,
Тиги дүйнөдө жолугар күндү самадым.
Көк асманга көзүмдү кадап,
Сизге жетер күндү үмүт кылып күтөм…

2024.04.09. Монголия.

Которогон Жанаргүл Жолдошова

  • Коомдук ишмер, "Дорнын гэгээн аялгуу" бирикмесинин президенти жана санариптик контент жаратуучу. Монгол адабиятын, поэзиясын өнүктүрүү жана жазуучулар менен акындардын чыгармаларын китеп кылып басып чыгаруу багытында жигердүү эмгектенип келет.

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген