WhatsApp’та сайттын каналы ачылды
Кыргызстандыктардын дээрлик бардыгы колдонгон WhatsApp мессенжеринде сайтыбыздын каналы ачылды. Бул сайттын жаңылыктары, анда жарыяланган чыгармалар менен өз убагында таанышып турганга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Каналга күнүнө 2-3төн ашпаган гана пост жарыяланып турмакчы. Алар, жогоруда белгиленгендей: сайттын жаңылыктары жана да сайттын администрациясын пикиринде сайтта жарыяланган мыкты чыгармаларга шилтемелер болмокчу.
Каналга бул шилтеме менен кирип, катталса болот.
Сайттын WhatsApp’тагы каналы менен достор, кесиптештер, туугандар арасында бөлүшүүгө чакырабыз – сайтыбыздын окурмандары көбөйсүн!
