“Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Калыстар “Адабий Ордо” сайты “Кыргыз маданият борбору” сайты, “Кыска-нуска” жана “Кыргыз поэзиясы” телеграм-каналдары менен өнөктөштүктө уюштурган “Жаз” темасына арналган бир ыр сынагынын жеңүүчүлөрүн аныкташты:
1-орун: Айгүл МОЛДОКУЛОВА (№1 ыр)
2-орун: Айнагүл БАЗАРБАЕВА (№25 ыр)
3-орун: Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА (№21 ыр)
Редакциянын сыйлыгынынын ээлери:
Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ (№34 ыр)
Айзирек ГАДАЕВА (№40 ыр)
Жеңүүчүлөрдү сыйлыктары менен куттуктайбыз!
Эскерте кетсек, аларга төмөнкүдөй сыйлыктар каралган:
1-орун: Атайын диплом, автордун электрондук ыр жыйнагын чыгарып берүү, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоого укук берген сертификат.
Жеңүүчүлөрдү аныкташ үчүн учурдагы кыргыз адабиятында аты белгилүү чыгармачыл инсандарды тандаганбыз. Алар:
- Элмира АЖЫКАНОВА,
- Жолдош ТУРДУБАЕВ,
- Рахат АМАНОВА,
- Атахан КОЖОГУЛОВ,
- Махабат САИДРАХМАНОВА,
- Кыял ТАЖИЕВА.
Ырлар калыстарга авторлорунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, жарыяланган номурлары менен берилген. Ырлардын авторлору ким экенин жыйынтык чыккандан кийин гана билишти.
Редакцияга жалпысынан 64 ыр келип түшүп, алардын 44 сынакка катыштырылган болчу.
Сынак, ат салышкан ырлар, жеңүүчүнү аныктоо иши тууралуу калыстар төмөнкү пикирлерин билдиришти:
Элмира АЖЫКАНОВА:
“«Жаз» сынагына келген көптөгөн ырлардын ичинен үч ырды иргеп алуу оңой эмес экен. Көпчүлүк авторлор жаздын көрүнүшүн гана бир беткей сүрөттөшүптүр, ырларынан өздөрүн таппадым. Адатта акын жазган ырына өзүн кошпосо – ыр жасалма, жугумсуз болуп калары турган иш.
Ал эми алдыңкы орунга чыккан үч ырда тең акындардын жан дүйнө толгоолору, жүрөктүн чыңалуусу кошо берилген.
Сынакка катышкан бардык акындарга, поэзиянын талапкерлерине түгөнбөгөн эргүү, ийгилик каалайм”.
Жолдош ТУРДУБАЕВ:
“Жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Чыгармачыл өсүшкө умтула бериңиздер.
Авторлору жыйынтык чыкканга чейин купуя бойдон калганы абдан туура болду. Кимдин ыры экенин билгенде, тааныштарды таарынтып албайбызбы деген ой тексттин өзүн гана окуганга кыйла эле тоскоолдук кылмак.
Ырас, калыстардын берген бааларда айырма бар. Бирок салыштырмалуу жакшы деп тандалган ырларды баарыбыз негизинен окшош эле белгилептирбиз”.
Рахат АМАНОВА:
“Алгач «Жаз» темасындагы бир ырдын сынагына катышкан калемгерлердин бардыгына ыраазычылык айтып койгум келет. Себеби кечээ кыш айында эле түптөлүп, жаңыдан ачылган “Адабий Ордо” сайтынын алгачкы сынагына катышууга белсенген ар бир калемгердин көкүрөгүндө кыргыз адабиятына кызмат кылуу, кыргыз адабиятын колдоо деген ыйык түшүнүк жашайт экен. Бул сынакка келген ырларга калыстык кылуу оңойго турган жок. Себеби алдыңа келген ырлардын арасынан мыктысын тандап алыш үчүн кайра-кайра окуп чыгышың керек, анан өзүң тандап алган мыкты деген ырларды бири-бири менен салыштырып чыгышың керек дегендей. Кыскасы, жүз ойлонуп, жүз толгонуп атып, акыры мыкты деген ырларды тандап уюштуруучуга жөнөттүм. Калыстар дагы ар бири акыр аягына дейре принципалдуу болушту. Муну ачык айтып коюш керек. Бир гана нерсе, менин тандоомдогу байге орунга илешпей калган №18 бир куплет ырдын автору ким экени кызык болууда. Кудум жаздын өзүндөй сулуу, жылуу маанайдагы татынакай, жөнөкөй ырдын тилеги мага аябай жакты эле.
#18 Жаз
Бул жаз быйыл,
Керемет жаз болчудай
сезип-туям,
Бактылуу болсом дейм,
Куштардай
куруп уям.
Бул жаз быйыл,
Керемет жаз болчудай
сезип-туям…
деген калемгерге тилегиңзге жетиңиз, ушул жазда бактылуу уя куруп алыңыз демекчмин!”
Кыял ТАЖИЕВА:
“Бул сынак анык керек учурда уюштурулуптур. Жаз келгенде ар бир Адам эргийт. Темасы да татыктуу. Бирок менин ичимдин кайрылганы – кырктай ырдын ичинен араң үч эле ырга ичим чыкты. Калганы бүт окшош… Салыштыруулар, жазга болгон өзгөчө мамиле, оттой ысык дем байкалбайт…
Чынында, ачыгын биз айтпасак, ким айтат. Биздин азыр акыбалыбыз аябай эле коркунучтуу. “Адабий Ордо” ушундай коркунучтан сактоо үчүн уюшулганын, анын максаты өтө терең экендигин эми түшүндүм!
Бул сынак кайра-кайра уюшулуп, элдин табитин курчутушу керек экен”.
Махабат САИДРАХМАНОВА:
“Адабий Ордо” сайты менен “Кыргыз маданият борбору” сайты уюштурган “Жаз” жөнүндө бир ыр сынагына келип түшкөн ырлардан улам, элдин ырга болгон ышкысы ойгоо экенин байкадым. Бирок да ырлардын дээрлик көпчүлүгү уйкаштыгы чак келген жана бап келген жамак формасындагы Жаз жөнүндөгү позитивдүү ойлор экен.
Ал эми сынактагы иргелип чыккан ырлар өз табияты менен дароо эле айырмаланып, кумдун арасындагы алтындай көзгө уруна түштү. Ар бир авторго ийгилик каалайм. 1-орунга чыккан чыгарманын авторунун аты-жөнүн укканда мурда көпчүлүк окурмандарга, балким мага эле, буга чейин тааныш эмес Айгүл Молдокулова аттуу автор экенин билип таң калдым жана кубандым. Сынактын максаттарынын бири – эл ичинен чыныгы таланттарды таап чыгып, жарк эттире окурман журтуна тааныштыруу болсо, демек бул максат кайсы бир деңгээлде ишке ашты го деп ойлойм.
2-орун үчүн талашта жеке мен учурда 3-орунду алган ырдын күйөрманы болдум. Автору белгисиз чыгармаларды тандоодогу чакан талкуу да өзүнчө бир топ кызыктуу өттү. Кийин авторлор ачыкка чыга келгенде карасак 2-3-орунга деп талаш-тартыш жараткан 2 ырдын авторлору – учур адабиятындагы белгилүү, өз үнү, өз стили, өзгөчөлүгү бар акындар Динара Бейшеналиева менен Айнагүл Базарбаева экендиги бир кубантты! Байгелүү орундарга ат салышкан дагы 3-4 ырдын авторлору да элибиздин мыкты уул-кыздары экен. Сынакка катышкан бардык авторлорго алкыш жана ийгилик каалайм!”.
Бул жерде кошумчалай кетүүчү нерсе – калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүнө өз сыйлыктарын да тапшыруу чечимин чыгарышты. Атап айтсак Жыргалбек Касаболотовдун, Рахат Аманованын, Элмира Ажыканованын жана Кыял Тажиеванын авторлордун кол тамгалары түшүрүлгөн китептерин берип жатышат!
Сынак аяктап, ага катышкан ырлардын авторлорунун аты-жөнүн эми ачыктай турган болсок, алар төмөнкүлөр:
|
№1 |
Айгүл Молдокулова |
№23 |
Гүлбарчын Туратова |
|
№2 |
Чынара Нурунбекова |
№24 |
Тамара Кыдыралиева |
|
№3 |
Ашурби Кулишева |
№25 |
Айнагүл Базарбаева |
|
№4 |
Элзат Абдиева |
№26 |
Акматжан Кадыралиев |
|
№5 |
Анарбек Акматбеков |
№27 |
Батима Акматова |
|
№6 |
Уулкан Азамат |
№28 |
Жылдыз Бекболотова |
|
№7 |
Төлөн Кадырбаев |
№29 |
Айгүл Жамангулова |
|
№8 |
Сиезбек Миңбаев |
№30 |
Жумагүл Темирбаева |
|
№9 |
Кенже Жапарова |
№31 |
Нурила Нурдинова |
|
№10 |
Нургүл Абдразакова |
№32 |
Улукбек Жумагулов |
|
№11 |
Гүлдана Камбарова |
№33 |
Абдисами Шайдуллаев |
|
№12 |
Назгуль Апышева |
№34 |
Кулмат Тукеналиев |
|
№13 |
Назира Арин кызы |
№35 |
Нуркан Токторалиев |
|
№14 |
Абдил Бегалиев |
№36 |
Жумабек Бугубаев |
|
№15 |
Күннура Жөжөнова |
№37 |
Айнуса Абдыкадырова |
|
№16 |
Акылбек Ооганов |
№38 |
Индира Алымбаева |
|
№17 |
Чынара Сарбагышева |
№39 |
Айсалкын Саякова |
|
№18 |
Миргүл Текешова |
№40 |
Айзирек Гадаева |
|
№19 |
Тайир Аширбай |
№41 |
Базарбү Медетова |
|
№20 |
Назгүл Доотуева |
№42 |
Динара Шайдилла кызы |
|
№21 |
Динара Бейшеналиева |
№43 |
Жетиген Асанбек |
|
№22 |
Элмира Төлөкова |
№44 |
Жумабек Борбиев |
Сынагыбызыга катышкан бардык калемгерлерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
