№4 Келчи жазым
Келчи жазым жашыл кымкап жамынып,
Тоо башынан мөлтүр суулар агылып.
Кычыраган кыш айларын узатып,
Күтөт элим жаздын жытын сагынып.
Келчи жазым гүлдөр ачып буралсын,
Жердин бетин жамгыр тегиз сугарсын.
Мөмө жемиш тегиз ачып гүлдөрүн,
Маңдай терин сүртүп дыйкан кубансын.
Келчи жазым дарак бүчүр байласын,
Алма өрүк мөмө байлап жайнасын.
Ак эмгектин акыбетин кайтарып,
Жазда сээп, күздө көрүп пайдасын.
Келчи жазым келгин куштар көбөйсүн,
Жерди жарып байчечекей төрөлсүн.
Айланабыз көрккө келип кулпунуп,
Жаңыланып жаш чыбыктай көгөрсүн.
