Апама
Ээх, апамдын эч кимде жок мээрими,
Ырыма да, обонго да сыйбаган.
Башым сылаар колдоруңа зар болуп,
Чачым жетим, чачылган ой тырмаган.
Оолак кармап ой-боюмду мен жетим,
Ойрон болгон ошондогу келбетим,
Бүкүрөйгөн бирөө эстеп ингенин,
Бүлк-бүлк ийни бүт ызасын терметип.
Изиң сууган илгери эле, ингеним,
Илең салаң кээде түшкө киргеним,
Мен деп жашап мээнет менен ээрчишип,
Мемиреген тынчтыкты анан билгеним.
Түптүз жерде түзүктөп чай бере албай,
Түпсүз жерге түбөлүккө узаткан,
Ботоң жүрөт боз чалса да чачтарын,
Бозоргон бир жоолугуңду кучактап.
