Аяй, балам

4/5 - (1 добуш)

Күлүп турсаң күлкүң – аяй!
Болбураган уйкуң – аяй!
Ээрчип ыйлап, жөрмөлөсөң,
балкыйт денем, балам – аяй!

Кайырма:
Аяй, балам! Аяй, балам!
Бал татыган тилиң – аяй!
Аруу, таза периштемсиң,
кирдебесин дилиң аяй!
Кудай берген периштемсиң,
сен бар үчүн жашоом – аяй!

Тынч уктасаң, түнүм – аяй!
Ойноп турсаң, күнүм – аяй!
Ак сүйүүдөн бүткөн назик
ай чырайлуу гүлүм – аяй!

Каз-каз туруп, бастың – аяй!
Жандан бүткөн бактым – аяй!
Аяй дүйнө бул жашоодон
өз бактыңды тапкын – аяй!

26.06.2017

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген