|

Аял баркы

4.2/5 - (6 добуш)

(аңгеме)

Жайкы түн бар жандууну өз кучагына алып, теребел жымжырт. Көп кабаттуу үйлөрдүн сол тарабына түшкөн жаңы конуш тараптан иттердин үргөнү анда-санда угула калат. Капкара асман бетинде жылдыз жайнап, Саманчынын Жолу асмандын бир учунан экинчи учуна тегиз чачылып жатат. Аптапка куйкаланып чаалыккан калаа четиндеги аймак тыптынч уйкуда. Туш-туштан тынымсыз чирк-чирк этип саратан гана тынбай сайрайт.

Бир маалда түнкү жымжырттыкты бузуп көп кабаттуу үйлөрдүн астына чырагы мышык көзүндөй жанган автоунаа күрүлдөй келип токтоду. Айдоочу жигит салондун бүлбүл чырагын жандырып, автоунаадан чыкпастан, көпкө дейре телефонун чукулап олтурду. Бир маалда оозуна тамеки тиштеп, оттугу менен чырк эттире күйгүздү да, салондун ичинде дагы бир топко тамеки тартты. Андан соң бир аз кыйылып турду да, пиджагын колтуктай автоунаадан чыкты.

Жоодар батирин көздөй ыргылжың басып баратты. Батирге эч эле баш багып киргиси жок. Үйдө баягы эле кайталанма көрүнүш: уктоочу бөлмөдө келинчеги таарынгансып терс бурулуп жатканы, Жоодардын келгенин туйса да, билмексенге салып уктамыш болуп жата берген – көкөйгө көк таштай тийген жубайлар жаткан суз төшөк. Же болбосо көзүн жумган абалында анын эртеден кечке каңгып жүргөнү тууралуу, электр, суу жана газдын акчасы алиге дейре төлөнбөй жатканы, андан башка дагы толгон-токой наалыган маанисиз сөздөр айтылат. Сагыныч таарынычка айланып, андан соң таарынычтын түбү кайдыгерликке келип сайылып калгандай. Эшикке жакындап калганда Жоодар келинчеги эч болбосо эбак уктап калышын ичинен ушунчалык тилеп баратты. 

Такси кызматында иштегенден бери Жоодар үйдөн безип калганына көп болгон. Үстүндөгү кийимин которуп алганы, же жумшак төшөктө тынч жатып уйкусун кенен кандырып алышка гана келбесе, үйгө түк жолобойт. Атүгүл тамакты да көбүнчө шаардагы кафе, чайканалардан ичип калган. Такси кызматын аркалаган бойдок жигиттер менен бат эле тил табышып кетти. Ошондон улам жумуштан сырткары таксиде иштеген чоң жамаат менен мини-футбол, волейбол, бильярд ойноп, чогуу мончого түшүшүп, айтор, үйдү көздөй жөнөгөндө аягы тартпай, мойнунан байланган иттей сылтып араң келет. Таксист жигиттер арасындагы ортого байге сайылган бильярд оюну боюнча Жоодар алдыңкы чемпиондордун бири.

Таксиде ар кандай жагдайлар жаралып калары турган иш. Түнкүсүн айрым кардарлар түз эле коркутуп-үркүткөнгө өтсө, кээ бир тарбиясыз мас кыздар ачык эле мага ыдык көрсөттү деген доо менен үстүңдөн арыз жазам деп жалаа жапкандар да бар. Мындайда нымтырып милийса чакырып отуруштан пайда жок, ватсап тайпасынан чакырылган жардамга таксист жигиттер туш-туштан жабалактап ыкчам жетип келишип, ишти өздөрү эле ордунда чечип коюшат. Мына ушундай ынтымактуу атмосфера Жоодарды өзүнө тартып, үйдөн безип, таксист жигиттер менен бир туугандай ынак болуп кеткенин өзү да аңдабай калды, алардын жанынан эч эле чыккысы жок, бара-жүрө алар Жоодардын эң жакын сырдаш адамдарына айланды.

Мунун айынан келинчеги экөөнүн ортосундагы мамиле аз-аздан сууп, кийин алар тек гана бир батирде жашаган бейтааныш адамдардан айырмасы жок калды: Жалындаган сүйүү куураткан кусалыкка айланып, саргайган кусалыктан жек көрүү жаралып, ортодогу сүйүү акырындап барып жек көрүүгө байланды. Жек көрүүдөн эки күндүн биринде уруш-жаңжал тутанып, жаңжалдын аягы унчукпоодон куралган кайдыгерлик менен бүттү. 

Үйдө болгон акыркы жаңжалдан кийин Жоодар үйдөн убактылуу чыгып кетти. Келинчегинин мурдуна бир аз суу кирсе, таноосун тырмаган эшек курту түшүп, бир аз оңолуп калар деп ойлоду. Төрт күн бою батирге жолобой, азыркы тапта ыргылжың абалда тууруна кайтып келатканы.

Эшикти ачып, ичкери кирген Жоодар кире бериштеги жарыкты күйгүзөр замат күндөгүдөн таптакыр башкача атмосферага туш болду: үй ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Дубалдагы сааттын гана чык-чык үнү угулат. Жоодар акырын басып алгач уктоочу бөлмөгө баш бакты, андан соң чоң бөлмөнү, ашкананы бир сыйра карап чыкты. Бөлмөлөр миздей таптаза жыйналып, кире бериштеги текчеде Жоодардын спорттук бут кийимдери кир машинада таптаза жуулуп, тыкан тизилип коюлган. Жүрөгү бир нерсени сезгенсип туйлаган Жоодар шифонерди ачты. Ага караштуу кийимдер таза жуулуп, үтүктөлүп, шифонерде тегиз кыналып салынган. Келинчегине караштуу кийимдер турган орунда гана негедир көпчүлүк кийимдери жок.

Кызык! Эси жок аялдын айтып-дебей үйдөн жоголуп кеткени эмнеси? Табышмактуу жагдай негедир сырдуу, кооптуу сезилип, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей дале туйлап жатты. Подъездге чыгып, кошунадан анын кайда кеткенин бир сурашка коңгуроосун басканы жатып, кайра ойлонуп калды: кемпири менен жалгыз турган кошуна орус абышка беймаалда эмес, жайчылык убакта айтылган соболго жөн жооп бербей, корсулдап сүйлөгөн чорт мүнөз киши. Аны менен жок жерден түндөсү кер-мур айтышып, мамилени бузуп алыштан коркту. Кантсе да эң жакын кошуна эмеспи. Жоодар менен саламга түз, төртүнчү кабатта доктур аял турат. Бирок түн оокумда майда балдары менен уктап жаткан жалгыз бой жаш аялдын эшигин барып тыкылдаткан да анча жакшы жосун эмес. Акыры экинчи кабаттагы жоош-момун кошунасы Урмат байкеден барып Алтындын жайын такташты ылайык көрдү.

Көпкө шыңгыраган коңгуроо үнүнөн чочуп туруп, бир топко күйпөңдөп жатып үстүн кийинген Урмат эшикти ачып жиберип, босогодо турган үчүнчү кабаттагы кошунасы Жоодарды көзү чалды.

– Кел, кошуна, – деди уйкулуу көздөрүн араң ачып. – Тынчылыкпы деги? Неберелер уктап жатышкан.

– Беймаалда келгенимди кечиресиз, – деди Жоодар алактап. – Алтынды көргөн жоксузбу бүгүн? Ал кайда кетти?

– Жок, – деди кошунасы, – Мен бүгүн жатарда келдим.

“Жок” дегенин укканда, же ары басып кеталбай, ал кишиден дале үмүт этип арасаат бойдон тура берди. Ал арада үстүнө халатын жамынган Урматтын аялы босого көздөй чыгып келатып үн катты:

– Алтын бая түш ченде чоң сумкасын көтөрүнүп, такси менен бир жакка шашылыш чыгып кетти. Байланышкан жок белеңер?

– Жок, кайдан. Байланышсам Сизге ушинтип келет белем.

– Кызык, – деди кошуна аял уйкулуу көздөрүн ача албай жатып. – Аялы менен иши жок эркектер аман эле болгулачы, айланайындар.

– Мен төрт күндөн бери Алматыда жүрдүм, эже, – деп алактаган Жоодар жанын жеп калпты токуп жиберди. – Неме… Бүгүн… Азыр келсем… Жок… 

– Алматыдан келдиңби, Америкадан келдиңби – айырмасы канча, – деди Урматтын жубайы. – Азыр телефон, ватсап деген бар. Жердин жети түбүнөн туруп да байланышсаң болот. Тим эле башка планетада жүрүп келгендей сүйлөйсүңөр. 

– Чынын айтыңызчы, эже, – деди Жоодар аялды жалооруй карап. – Сизге бир ооз бирдеме айтпадыбы?

– Ой, жок, кагылайын кошуна. Мага эмнени айтмак эле. Көргөн көздө не жазык. Балкондо туруп анын такси менен шашылыш өзү жалгыз жөнөп кеткенин гана көрүп калдым.

– Кызык. Ушундай да болобу?

Жоодар мелтирей жер тиктеп бир саамга дейре турду да, шарт бурулуп, тепкич менен жогору көздөй жөнөдү. Артынан эшик жабылып, ичинен шырк кулпуланганы угулуп кала берди. Кетип баратып карайлаган жаны аларга: “Ыракмат, жакшы жатыңыздар” – деп коюшка деле жарабаптыр.  

Дале бирдемеге толук түшүнбөгөн жаны акырын ашканага кирди. Муздаткычты ачса, келинчеги жалаң эт менен колго түйүлгөн чүчпараны казанга бышырып, муздаткычка салып, андан сырткары алдыңкы текчеге бир кастрюль толо чүчпараны калтырып кетиптир. Ушундан сууга кайнатып жей берсин десе керек. Казандагы тамактан кесеге салып, аны ысытып, столго койду да, курсагы өзөрө ачкан жаны андан шашпай жеп жатып өзүнчө ойго батты: “Мейли, менден кетип да көрчү. Төркүнүңө качанга дейре батар экенсиң. Эртең эле мурдуңдун курту түшүп, кайра келерсиң. Менсиз да жашап көр…” Ошол замат ичинен жогору көздөй атырылган оор кусалык жанар тоодой ташкындап кеткенсип, оозундагы тамак кекиртектен ары өтпөй туруп калбаспы. Аз жерден окшуп жибере жаздап, өзүн кыстап туруп тамагын жутуп жиберди.

Диванга олтурду да, пиджагынын чөнтөгүнөн экинчи телефонун таап чыгып, дароо жандырды. (Келинчеги улам чалып кулак-мээни жеп салбасын деген ойдо иш маалында бул телефонун такай өчүрүп сала турган). Телефондогу номерге жана ватсаптан келинчегинен тынымсыз чалуулар келиптир. Эми гана бир шойком болгонуна көзү даана жетти: Бул бир жамандыктын белгиси. Алтындын таарынып кетип калганы анык. Жоодар төрт күн бою үйгө жолобой койгон күндө да, келинчеги минтип ачуу-таттуусу аралаш жубайлык турмушка чекит коюп, ажырым жолго түшүп кетет деп эч ойлогон эмес.

Карайлап келинчегине тынымсыз чалып жатты. Анын телефону өчүк. Шалдайган жаны не кылар айласын таппай дубал бооруна илинген келинчегинин сүрөтүн тиктеген калыбында катып калды. Сүрөттү тиктегенде, келинчеги бөлмөдө ары-бери күнүмдүк тиргилик менен алпурушуп басып жүргөнүн элестеп, анын жүрөгүнүн дүк-дүк соккону кулагына угулгансып, андан башка эч бир жанда жок сейдана мончок жыты мурдун өрдөп кеткенсиди.

Диванда шалдырай олтуруп илгичте илинип турган таптаза жуулган халатын көзү чалды. Алтын ар дайым кечте үстүнө ушул халатын кийип, тыкан жыйналган ашканада өз колунан бышкан дамдуу дүйүм-тамактар менен Жоодарды жадырай тосуп алчу эмес беле. Жымжырт бөлмө адам буту басып барбаган алыскы ээн жайдагы ээнсиреген мүрзөгө окшоп туюлуп, жайкы саратанга карабастан негедир чыйрыгып үшүп чыкты. Алтын өзү менен кошо үйдөгү бар жылуулукту да ала кеткени кадимкидей сезилди. Эркине баш ийбеген туптунук көз жаш жүзүнөн мөлт-мөлт тама түшүп, кусалыктын ташкыны жүрөгүндө шоолдоп жатты. Үч жылдык жубайлык таттуу өмүрдүн баркын тепсеп, үйгө такыр жолобой, Алтындын ар кечте ушул диванда үңкүйүп жалгыз олтурганын сезгенде гана, башын мыкчып, ичинен өксөп-өксөп ыйлап жиберди: “Кандай акмакчылык!.. Колдо бар алтындын баркын билбей… Не деген макоомун деги… Пайдасызга ишке шарп урган, эр экемин ант урган…”.

Башына түзүк эчтеке кирбей, карайлап олтурган маалда ватсаптагы “Такси Бишкек” тайпасынан билдирүү келди:

“Кутман кеч, жигиттер! Бүгүн түнкү саат экиге бильярдга келип, чер жазып кеткиле. “Яндекс” менен “Жоргонун” ортосунда кызуу таймаш өтөт. Байгенин спонсору: 2000-2005-муундагы таксиде иштеген Нарындык жана Көлдүк жигиттер. Сиздерди күтөбүз!

Дареги: Sun Club, Жукеев-Пудовкин көчөсү 1/9”.

Жоодар шуу үшкүрүнүп шыпты тиктеген калыбында ойго батты: “Жок, жигиттер! Байгесине мага демектен алтын, күмүш сайгыла. Мындай чакырууларга эми эч качан барбайм. Ушунун айынан Алтындан ажырап калгым келбейт. Эртеңден баштап таксини жыйнаштырып, өзүмө күндүзгү башка иш таппасам болбойт. Кечкисин Алтындын жанынан карыш жылсам, майнаке болоюн.

Эртең Алтындын артынан кайын журтка жетип барышым керек. Убакытты созсом, иш чатагына айланганы турат. Кайната түшүнүктүү киши, андан маселе жаралбайт. Ачуусу бир аз чукул кайнененин гана астынан өтүп, эптеп тилин тапканым дурус. Кайын журттун алдында Алтындан ийилип кечирим сурасам, балким жибип кетер. Алтын андай кекчил жан эмес.

Эгер кайнене кызын кошуп бербей иш берсе, милийса менен барып болсо да Алтынды кайтарып алам. Алтынды биротоло ажыратып алам десе, уят-сыйытты жыйыштырып туруп, мыйзамдуу жубайымды менден талашып жатат деп кайненемди сотко берем. Үстүнөн арыз жазам. Акыр аягына чейин күрөшөм! Алтын үчүн колуна өлүп бербесем элеби!..”

Карайлаган башы адам оюна келбеген оор ойлордон арылбаган жаны өзүн коёрго жер таппай сыртка чыкты. Көзүнүн жашы тыйылбайт, өзүнө өлүм тиледи, бир карыш жипке муунуп өлүп алгысы бар. Кимдир бирөөнү издегенсип көп кабаттуу үйдүн жака белин шашпай карап чыкты. Эч ким көрүнбөйт. Кулагы бүтөлүп калгансып айлана жымжырт. Тээ жолдун аркы өйүзүндөгү жаңы конуш тараптан гана анда-санда иттин авалап үргөнү угулат. 

Акырында сенделе басып үйгө кайтып келди да, ашканага кирип, жарыкты өчүрүп, столго башын койгон калыбында ичинен боздоп, стол бетин утур ургулап жатып, чаалыккан жаны кантип уктап калганын билбейт.

Түн ортосу сырттан шамал согуп, ар кайсы жерден калдыр-кулдур үндөр чыга калып жатты. Ашканадагы столго башын жазданган бойдон уктап калган Жоодар калдыраган үндөн ойгонуп кетти. Жаш чайыган көздөрүн ачпастан сыртта соккон шамал үнүн көпкө тыңшап жата берди. Анан дагы уктап калды.

Бир маалда күтүүсүз жерден жарк дей түшкөн ашкананын жарыгынан селт этип ойгонду. Босогодо жанына чоң сумка көтөргөн Алтын туруптур. Ашканада столду кучактап уктап жаткан Жоодарды таңыркай карап турду да, анан үн катты:

– Жора, бул сенби? Эмне ашканада жатасың?

Маңдайында капыстан пайда болгон жубайына учуп жетти да, ага энтигип үстөкө-босток суроо жаадырды:

– Кандайсың?!.. Тынчсыңбы деги?.. Кайда жүрдүң?..

– Ой, мен жакшы, – деди жубайы Алтын. – Деги өзүң тынчсыңбы? Качан келдиң?

– Түндө эле келгем. Келсем жок экенсиң. 

Аялы үстүндөгү плащын чечип, илгичте илинип турган халатын кийди да, ашканадагы стол четине олтура кетти. Жол жүрүп келгени байкалат. Жоодар анын кашына келип жакын олтурду да, жубайын колдон алып, карагаттай көздөрүнө тигилди.

– Умсун чоң апам ооруканада жатканын билесиң да, – деп жубайы кеп баштады. – Мурунку түнү комага кабылып, кечээ шашке ченде айылдан Мурат акем: “Умсун чоң апамдын акыбалы оор, “колго түшүп” калды, тез келбесеңер болбойт”, – деп ызылдап телефон чалбаспы. Дайыр акем экөөбүз эртелеп жолго чыга берели деп чечтик. Сага миң жолу чалдым окшойт. Телефонуң өчүк. Акыры айла кеткенде сенсиз жолго чыга берели деп шашылыш жөнөп кеттик.

– А мен иш менен чапкылап жүрүп, телефонум өчүк экенин деле байкабапмын, – деди Жоодар жок жеринен актанып.

– Ооба, биз да ошондой ойлодук, – деди жубайы. – Ал арада сенин таза кийимдериңди үтүктөп, бир казан тамак бышырып коюшка үлгүрдүм. Айылда төрт-беш күн туруп каларбыз деген ойдо, сени тамак-аштан кыйналбасын дедим.

– Айылга барбадыңарбы?

– Төө-Ашууга жеткенде айылдан апам чалып калды. Кудай жалгап чоң апам эсине келип, абалы жакшы болуп кетиптир. Кайра артка кайтышка туура келди. Анүстүнө чоң апамдан бир ай алдын эле атайын барып кабар алып келбедик беле. Апам көнбөй жатып бизди кайра артка кайтарды.

– Мейличи деги. Умсун чоң апанын жакшы болуп кеткенине да шүгүр дейли.

– Ооба, апам да ушуну айтты. Жоодар балам жалгыз кыйналып калбасын деп сага аябай кыжаалат болду.

– Бечара энем.

Сагынычка жык толгон жубайлардын баарлашуусу ашканада көпкө созулду. Курсагы өзөрүп ачканын эми сезген Жоодар жубайынын кашында эки кесе тамак ичти. Артынан тамагы кургап суусаган жаны жубайы демдеп, өз колу менен сунган чайдан үч чыны ичкенде гана, чекеси нымшып тердеп, бүтөлүп калган кулагы ачылып кеткенсип сырттагы үндөр даана угулуп баштады.

Моокум канганча баарлашып, сагынычтар бир аз таркаган соң жубайы аркы бөлмөгө туруп жөнөдү. 

– Кой, жаталы, жаным. Төшөк салайын. Аягым жер тартып турат.

Жубайы уктоочу бөлмөгү кирип кетип төшөк салууга күйпөңдөп жаткан маалда Жоодар ватсаптан ким бирөөгө чалып кирди:

– Алло, Медер. Оюн бүтө элекпи?

– Кандайсын, Жора! – телефондон эркек үнү угулду. – Чейрек финалга жакындап калдык. Бир саатка жетпей келе калчы, досум. Сен жок, биз утулуп кала турган болдук. 

Жоодар телефонун колуна мыкчыган бойдон демин ичине терең тартып бир топко ойлонуп калды. Көз алдына бильярд залындагы картина тартылды: Тамеки түтүнү каалгыган зал. Бильярд шарынын кагылышкан тарс-тарс үнү. Бильярд шарын урнага туштап, кийдин учун тиктеген мерген көздөр. Жабалактап туш-туштан караган өңдөр. Жүзүндөгү токтоолук, дүкүлдөп соккон жүрөк, чыңалган нерв… Анан жеңиш!.. Жеңиштен кийинки жанга жагымдуу эйфория!

Мына ушуну ойлогондо каны кызып, колдору кадимкидей кычышып, отурган жеринде жаны туйлап, бильярд залындагы кыйкырык-сүрөөн кулагында жаңырып баштады. Бильярдга барбаган күндө деле, оюндун жүрүшүн, кантип аяктаганын, кимдер чемпион болгонун эстей берип түзүк уктай деле алчудай эмес. Көздөрү тумандап, кыртышы дагы адатынча оюндан башка эчтекени каалабай баштабаспы. 

Алтын таттуу кыялга батты. Жоодардын төрт күндө эле кадимкидей оңолуп, өзүнө келип адам болуп калганына ичи ушунчалык жибип, аны ичинен ушунчалык аяды. Тээ жүрөк түпкүрүндө катылган сүйүүнүн уюткусу кайрадан оргуштап, жан-дүйнөсү бир башкача сезимдерге бөлөнүп, жүзү албырып чыкты.

Ушул түнү жан шериги менен бирге моокум канып, сагынычтар таркап, ортодогу сүйүү кайрадан оргуштап көпкө баарлашып жатчу убак акыры келди. Анан анын колун кармаган бойдон таттуу уйкуга кетет. 

Ушундай таттуу кыялга баткан алтын жубайы уктоочу бөлмөдөн чыгып баратып, улагада сыртка шашылыш жөнөп бараткан Жоодарды көргөндө, таң кала сурады:

– Жора, сен кайда жөнөдүң?

– Бильярд кызыгына келип калыптыр, – деди Жоодар бут кийимин шашылыш кийип жатып. – Үлгүрүп барып, баарын бир сыйра талкалап келбесем болбой калды.

Алтындын жүзүн эми эле уялаган жылмаюулар акырын таркап, жүрөгү кайрадан ооруп баштады. Сыртка чыгып баратып Жоодар коюн чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып, текченин көрүнөө жерине койду да, жубайына майданга аттанып бараткандай олуттуу кайрылды:

– Кош, жаным. Жакшы түш көрүп жат. Калган кепти келгенде сүйлөшөбүз.

Сырткы эшик тарс жабылды. Алтын эки колун көкүрөгүнө алган бойдон демин ичине терең тартып, шалдайган калыбында дубалга жөлөнүп, жерди мелтиреп тиктеген бойдон калды. Кайрадан ар дайым боло жүргөн көрүнүш өз өкүмүн сүрүп жатты: Үнсүз жымжырттык. Ээнсиреген үй. Бир гана сааттын чыкылдаган үнү кулагын тынымсыз ургулап жатты: чык-чык-чык… Коюу түндөгү ээнсиреген көрүстөнгө бирөө жалгыз калтырып кеткенсип денеси улам чыйрыгып муздап баратканда, сааттын үнү ансайын катуулап, үн-сөзү жок өткөн өмүрүн кайрадан эске салып өктөм чыгып баштагансыды: Чык!.. чык!.. чык!.. 

Бир аздан соң сырттан автоунаанын от алдырган күр-күр үнү угулуп, автоунаа шашылыш түрдө бир жакка жөнөп кетти. Анан кетип бараткан автоунаанын доошу да тынчып, шаар четиндеги жаңы конушту, аны өбөктөй салынган көп кабаттуу үйлөрдү капкараңгы айсыз түн өз кучагына алып, ошол түнү аялдын кристаллдай туптунук жан-дүйнөсүн өлүү жымжырттык, мелтиреген үнсүздүк, жапан куштай жалгыздык жана көзгө сайса көрүнгүс караңгылык гана байырлап кала берди.

  • 1980-жылы туулган. Кесиби боюнча физик-теоретик, физика-математика илимдеринин кандидаты. Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенет.

    Аны менен катар өзүнүн адабий чыгармалары жана чыгармалардын түпнуска тилинен которулган котормолору менен белгилүү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген