“Бүгүн бардым бир ойчулдун жайына…”
* * *
Бүгүн бардым бир ойчулдун жайына:
Эшиги жок, терезеси жабылган.
Күйүп турат алигиче тирүүдөй,
Күн төбөдөн кулап түшкөн чагылган.
Миздүүлүгү – кылымдардын кылычы,
Кыянатка кыйшайбайт да, кебелбейт.
Ал ойчулдун бир тал чачы үзүлбөй,
Тайыздыктын баасы менен теңелбейт.
Көсөмдүгү көзсүз жерге жан берип,
Көргө балким ачкан ошол бейишти.
Айбыгышып абийиринен ойчулдун,
“Азезилдер жерге кайтып келишти”.
Тирүүлөрдүн тийет жерге төбөсү,
Бийик турган жан топого биригет.
Ойчулдардын орозосу түбөлүк,
Ойгоо ойлор ыйык сууга киринет.
