“Дагы эле жапакеч мезгилге…”
* * *
Дагы эле жапакеч мезгилге,
Жабыгып турганда кезиктим.
Күз келди кечикпей маалынан,
Мен балким максаттан кечиктим.
Коюнга батпаган түйшөлүү,
Тытмалап жанымды жүдөттү.
Кыйырда күз тосуу мен үчүн,
Кыйнаган кусалуу мүнөттүр…
Уча албай удургуйт көпөлөк,
Жел менен желпинип жарышчу.
Тармал чач таранган кайыңдар,
Тарбайып жылаңач калышты.
Бутакта илинген жалбырак,
Акыркы ирмемин күзөтөт.
Суз тарткан дүйнөмдү суук коштоп,
Санааны ырбатып, күчөтөт.
Изи жок бир баскан өмүрдөй,
Ичкерип бош калган дил өзөк…
Ийнимде күздүн оор салмагы,
Ичимде үмүттүн гүлү өсөт.
