|

Эки доорду бириктирген муун

5/5 - (1 добуш)

Альбом барактарынын да өз өмүрү бар. Кээде адам аларды жөн гана барактбайт. Убакыт өзү ачып берет. Бүгүн саргайып калган эски сүрөттөрдүн арасынан бир сүрөт көзүмө урунду. Бул сүрөттү жандүйнөм менен тааныдым. Анткени анда жаштыгыбыз калыптыр. Биз бул сүрөттө эч нерседен жалтанбай тик карап турабыз. Жүзүбүздөн мезгилдин көлөкөсү, тагдырдын изи көрүнбөйт. Көңүлүбүздө чексиз дүйнө, көөнөрбөс кыял. Көзүбүздө эртеңки күнгө ишеним толуп турат. Али турмуш деген улуу жолдун “тайгак ашуу, тар кечүүсөнө” кабыла элек кез.

Ушул сүрөттүн үнсүз туруп айткан баяны ар кандай сөздөн алда канча акыйкат угулат. Анткени бул сүрөт эки доордун чек арасында тартылган. Биз студент болуп КМУнун улагасын аттаган 1991-жылы СССРдин кызыл туусу имаараттын башында желбиреп турган. Союз деген улуу державанын көчү али чачыла элек болчу. Адамдардын аң-сезими да, мыйзамы да, акчасы да, ишеними да ошол мамлекетке бекем байлануу эле. Биз аудиторияга киргенде дубалда Лениндин сүрөтү илинип, профессорлор Маркс, Энгельс, Лениндин китептерин тарыхтын өзгөрбөс мыйзамындай чечмелеп беришчү.

А тарых эч кимден уруксат сураган жок. Тамыры терең карт дарак капыстан кулап түшкөндөй, дүйнөнүн жарымына бийлик жүргүзгөн СССР бир күнү көз алдыбызда кулап түшүп жок болду. Бир кезде өзгөрбөйт делген дүйнө самандай сапырылып, анын ордун белгисиздик басып калды. Биз окууну бүтө электе мамлекет, диплом алганча дүйнө өзгөрдү. Биз 1991-жылы Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик университетине студент болуп кирип, 1996-жылы Эгемен Кыргыз республикасынын борбору Бишкек шаарындагы Улуттук университетинен диплом алып окууну бүтүп кеттик. СССРдин жарандык паспортун Күнкорсуз Кыргыз республикасынын жаңы паспортуна алмаштырдык. Ошентип, биз эки доорду бириктирген муун болдук. Кээ бирөөлөр биздин муунду “жоголгон муун” деп да атап жүрүшөт. Мен антип айтпайм. Биздин муун жоголгон муун эмес, Биздин муун эки доорду бириктирген, өзгөчө күчтүү муун.

Эски доордун карааны үзүлүп, жаңы доор жаңыдан түптөлө баштаган. Ошол эки дүйнөнүн ортосунда эң оболу адамдын аң-сезими чайналды. Көп жыл бир гана чындыкты окутуп келген профессорлор өздөрү да кайсы жол туура экенин ажырата албай калды. Кечээ эле өзгөрбөс акыйкат болуп көрүнгөн түшүнүктөр күтүүсүз тарыхтын чаң баскан текчелерине жылдырылды. Алардын ордун эмне басары анда белгисиз болчу. Ошол белгисиздиктин ичинде жалганчы башкаруучулардын сөзүнө ишенбесек да, эч нерседен коркпой биз жашадык. Ошентип турмуш өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү.

Алгач СССРдин курамында турган 15 республиканын валютасы – рубль баркын жоготту. Колдогу акча эртең менен башка, кечинде башка наркка айланып, улам куну качып турду. Дүкөндөрдүн текчелерин киргилт баскан чаң ээлеп калды. Бирок ошол оор жылдарды эстегенде бүгүн бизге биринчи кезекте жокчулук эмес, ошондогу адамдар эске түшөт. Биздин байлыгыбыз куну учкан акчада эмес, аалам баткан кең пейилибизде эле. Кимдин чөнтөгүндө акча болсо, ал акча бир бөлмөдө жашагандардын азыгына айланчу. Бирөө ооруса, баарынын уйкусу каччу. Бирөө сүйүнсө, ал кубаныч дубалдан дубалга, бөлмөдөн бөлмөгө жаңырып турчу. Балким, биздин эң чоң байлыгыбыз да ушунда болгондур. Биз жокчулукка алдырып үмүттү жоготкон жокпуз. Доор өзгөрүүлөрүн баштан өткөрдүк, бирок досторду саткан жокпуз. Эртеңки күндүн белгисиздигин билсек да, бүгүнкү сүйүүгө ишенип жашадык. Ошондуктан эски альбомдогу бир жагымдуу сүрөт бүтүндөй бир өмүрдүн тарыхын айтып отурат.

Убакыт бизди ар кайсы жолго узатты. Бирок ошол эски сүрөттө биздин жаштыгыбыз, бүтүндөй бир доор сакталып калды. Бир гана сүрөт эч кимдин жаштыгын колунан талашкан жок. Анда биз баягы бойдонбуз. Күлүмсүрөгөн көздөрүбүз келечекти ишенимдүү карап турат. Күтүүсүз эски альбомду барактоо сүрөт көрүү эмес, өз өмүрүң менен кайрадан бет келип жолугушуу. Өзүңдүн кечээги жүзүңө бүгүнкү акылың менен кайрадан тигилүү. Анткени тарых дайыма эле падышалардын тактысында же мамлекеттик кеңселерде гана эмес, кээде ал студенттик жатакананын тар бөлмөсүндө, онго бөлүнгөн бир бөлкө нандын үстүндө да жазылат. Кээде түнкү саат экиде жазылган ырдын бир сабында жашайт. 

Ушундай эч ким көңүл бурбай саргайып жаткан эски сүрөттө бүтүндөй бир доордун үнү сакталып калат. Бул сүрөт аркылуу ошондогу КМУнун №10-жатаканасы бүгүнкүдөй көз алдыма тартылды. Ал жатакана эмес, “Бакыт үйү” эле. Калың дубал. Узун коридор. Темир керебеттер. Түн ортосуна чейин өчпөгөн жарыктар. Бир бөлмөдөн Калмураттын комузунун үнү чыгып турса, экинчи бөлмөдөн Мамажандын кызуу талкуусунун добушу угулат. Дагы бир эшиктин ары жагында Кубаттын жаңы жазылган ыры окулуп жаткан болот. Кимдир бирөө арзуу ырын жазып отурат. Кимдир бирөө сабакка даярданып китепке тигилет. Дагы бирөө алыстагы айылын сагынып терезеге телмирет.

Эң өзгөчөлүгү, эч бир оомол-төкмөл дүйнөнүн оош-кыйыш татаалдыгына карабай биздин жатаканада сүйүү жашачу. Доор алмашты, бирок сүйүү алмашкан жок. Жокчулук аны өзү менен кошо жок кыла албады. Сүйүү ан сайын тазаланып турду. Ошол бөлмөлөрдө классикалык поэзия, мукамдуу музыкалар жаралды. Ырлар адегенде китепке эмес, жатаканада жашаган достордун жүрөгүнө басылды. Биз ошол ырлардын, музыкалардын, өчпөс махабаттын биринчи күбөлөрү болдук. Бул сүрөттө менин жанымда турган ошондой таланттуу досторубуздун бири Кубанычбек Болотбеков. Ал да көп катары жаңы жазган ырын эң алгач бизге окуп берчү. Арадан отуз жылдан ашуун мезгил өтсө да анын төрт сап ыры эс тутумумда дагы эле ошол бойдон жашап келет:

“Жанымда жүрсөң жалжылдап,
Алчы элем эки балмуздак.
Эми алып жатып бирөөнү,
Жан сыздап кетти… жан сыздап…”

Келиңиз окурман ушул төрт сап ырды чогуу талдап көрөбүз. Менин эстутумумда сакталып калган бул төрт сап ыр бир караганда балмуздак жөнүндө жазылган жөнөкөй лирикалык көрүнүш сыяктуу сезилет. А чындыгында, бул колдон учкан бакыттын символу аркылуу берилген сүйүү трагедиясы. Ар бир сап өзгөчө эмоционалдык тереңдикке ээ:

“Жанымда жүрсөң жалжылдап”, бул сапта эки маанилүү образ бар. “Жанымда жүрсөң” бул шарттуу сүйлөм. Акын азыркыны эмес, өткөн күндү элестетип жатат. “мурда сен жанымда жүргөнүңдө…” деген өкүнүчтү сыртка шилеп чыгарат. Бул ишке ашпай калган мүмкүнчүлүктүн азабы. “Жалжылдап” деген сөз кыргыз тилинде шайыр, күлүмсүрөп, эркелеп, көңүлдүү басып жүргөн абалды билдирет. Демек акын сүйүктүүсүн кайгыга баткан эмес, жашоого көрк берип турган кубанычтын элеси катары эстейт. Бул саптагы трагедия, азыркы жалгыздыктын эмес, өткөн бакыттын элеси.

“Алчы элем эки балмуздак”, ырдын эң күчтүү көркөм табылгасы мына ушул сапта. Эмне үчүн акын гүлдү эмес, шакекти эмес, авто унааны эмес, балмуздакты айтып жатат? Анткени сүйүүнүн эң чоң бакыты кымбат нерселерде эмес, эң жөнөкөй күнүмдүк кубанычта. “Эки” деген сан да символдук мааниге ээ. Бир же үч эмес, эки. Анткени эки балмуздак эки адамдын бирге жүргөнүнүн аныктамасы. Бул жерде балмуздак сүйүүнүн өзү эмес, бирге өткөрүлгөн бактылуу күндөрдүн символу. Акын чоң бакытты эң кичинекей нерсе аркылуу жогорку чеберчиликте ачып берген.

“Эми алып жатып бирөөнү”, мына ушул саптан бүтүндөй драманын бурулушу башталат. Мурда эки балмуздак алчу. Азыр бирөөнү алып жатат. Акын “сен кеттиң” деп жер муштап ыйлап айткан жок, “экөөбүз ажыраштык” деп да жер тиктеп томсоргон жок. Бир гана сатып алган “эки” менен “бир” балмуздактын айырмасы аркылуу бүтүндөй тагдырды айтып берип салды. Бул өтө күчтүү поэтикалык ыкма. Сан өзгөрдү. Ошол сан менен кошо бүтүндөй тагдыр өзгөрдү. “Жан сыздап кетти, жан сыздап” бул сапта психологиялык чыңалуу эң бийик чокуга жеткен. Акын эмне үчүн бир сөздү эки жолу кайталап айткан? Бул жөн эле кайталоо эмес, жан дүйнө жанчылып, сыздап турганын айтып бүтө албай жаткан күчөтмө интонация. Бул кайталоо сезимдин күчүн табигый угузуп, акындын үнү калтаарып тургандай таасир калтырат. 

Бул ырдагы эң чоң трагедия сүйгөн жардын кеткенинде эмес, калыптанган адаттын эске түшүүсүндө. Мурда автоматтык түрдө эки нерсе алып жүргөн лирикалык каармандын колу өзүнөн өзү бирөөнү алганында, жүрөк чындыкты кайрадан сезип сыздаганында. Психологияда мындай көрүнүштү, “күндөлүк адаттын бузулушу” деп түшүндүрөт. Адам мурдагы жашоо үлгүсү боюнча аракет кылып, анан реалдуулук анын өзгөргөнүн капысынан эске салган көз ирмемде унутулган кайгы кайра жаңыланат. Акын ошол көз ирмемди өтө кылдаттык менен кармап сүрөттөп берген. Мына урматтуу окурман, кээ бир адамдар “жоголгон муун” деп атаган Кубанычбек Болотбеков, Кубат Оторбаев, Мыктыбек Өмүрзаков, бейиши болгур Бакыт Абдыразаков менен Зайырбек Ажыматовдор баштаган муундун махабат ырлары өз мезгилинде мына ушундай ырдалган. 

Акын өз чыгармасында эч нерсени ашыкча түшүндүрбөйт. Сүйгөнүн жоготуп алганын да түз айтпайт, бирок “эки” жана “бир” деген эки санды анан да жөп-жөнөкөй балмуздакты колдонуу менен бүтүндөй сүйүү баянын жогорку чеберчилик менен окурмандын алдына таштап койот. Ошол кездеги 20 жаштын айланасындагы Кубанычбек Болотбеков мыкты акын болгонун – күнүмдүк турмуштагы эң жөнөкөй көрүнүштү бир балмуздак сатып алуу менен чоң ички трагедиянын символуна айлантып салганын кантип айтпай коюуга болот?! Ырда жасалмалуулук жок, жашоонун өзүнөн алынган реалдуу чындык көрүнүп турат. Ошондуктан бул төрт сап ыр окурмандын эсинде түбөлүк жашап кала берет. Кубанычбек Болотбеков учурда ЖАМУда эмгектенет. Ал жакын арада өз калеминен жаралган классикалык мыкты чыгармаларын окурман журтуна сунуштайт деген үмүт менен чыгармачылык ийгилик каалап, бактылуу, бакубат турмушта узак өмүр сүрүүсүн тилейбиз.

PS КУБАНЫН ЖОРУКТАРЫ

Ошол кездеги бир кызык окуя эске түшөт. Студент кезде Кубанычбек Болотбековду – Куба деп атайт элек. Куба Бишкек шаарындагы №6-мектеп-гимназияда түнкүсүн кароолчу болуп иштеп, эрте менен саат 08-00гө жатаканага келип калчу. Азыр мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн дагы бир курсташыбыз – Мыктыбек Өмүрзаков: “Куба, эрте менен жумуштан келгениңде, саат 08-00дө мени ойготуп кой”, – деп кат жазып, тамактанчу столго көрүнөө коюп коёт. Куба жумуштан келип, катты алып окуп, алдына: “Мыктыбек, тур, саат сегиз болду”, – деп жазып коюп, уктап калат. Саат 10-00дө ойгонуп, барчу жеринен кечиккен Мыктыбек Кубанын жазганын окуп алып жер тепкилеп катуу чычалаган. Биздин студенттик күндөрдү мына ушундай кызыктуу окуялар коштогон.

  • Журналист, сынчы. 1968-жылы Ош облусунун Отуз-Адыр айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин Журналистика факультетин аяктаган. 1996-жылдан бери Жалпыга маалымдоо каражаттарында журналист болуп эмгектенип келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген