Эстүү уул эле Эсенгул
Кайсы жылы эсимде жок, жумуштан келатып, акын Дүйшөн Жапаровдун үйүнө кайрылдым. Анда өзү да, өзүнө куюп койгондой окшош уулу Эсенгул да тирүү, уулу Тургунбай Садыковдун Көркөм өнөр академиясында студент кези.
Дүйшөн аюудай майпаңдап ары-бери басып, кубанычы койнуна батпай, аябай сүйүнүп турган экен. Жүзү албырат. Бул мүнөттөрдө андан бактылуу жан жок эле.
– Ээ, Болот, – деди мени көрүп, – Менин Эсенгулум окшоштуруп тартканды үйрөнүп калды. Жүрү, сага сүрөттөрүн көргөзөйүн.
Колумдан жетелеп, вагонго алып кирди. Бул вагон Дүйшөн үй салганга чейин кышы-жайы ар кайсы жерге көчүп-конуп жашаган вагону эле. Арча-Бешиктен участок алып, өзүнө ылайык чакан үй салып алгандан кийин үйүнүн жанына сүйрөтүп келишип, майда-чүйдө буюмдарын салып коюшчу. Эми Эсенгул сүрөт тарта баштаганы ал вагонун баласына өнөркана кылып берип койгонун айтып калчу.
Вагонго киргенде эле, көзүмө акын Омор Султановдун портрети, тоолор тартылган картиналар урунду.
– Мына карачы, бул биздин Чеч-Дөбө. Эсенгулум азаматтык кылып, Чеч-Дөбөнү тартып, мага жакындатып бербедиби. Карачы, кудум эле Чеч-Дөбөнүн өзү.
Дүйшөн адабиятты гана эмес, сүрөт өнөрүн да жакшы түшүнчү, картиналарды карап, анда кыл калем чебери эмне айткысы келгенин, картина канчалык чындыкка жакын экенин жарым саат, бир саат эч жадабай божурап бергенден чарчачу эмес.
Кайран Дүйшөн өзүнө сыйбай кетти. Эсепкор заман эсеңгиретип, абийир эмес, акча алдыңкы планга чыккан заман менен келише албай койду. Эсепке жок экен.
Акын Дүйшөндүн ысык-суугуна чыдаган Гүлбара эже болду. Барына да, жогуна да кайыл болуп, баарын унчукпай көтөрдү. Эч нерсени билдирген жок.
Экөөнүн ак тилегинен жаралган баласы да, кызы эстүү чыкты. Эсенгулду сүрөтчүлүк өнөрдү үйрөнсүн деп, Тургунбай Садыковдун академиясынан окутушту. Ошол аракеттери текке кетпеди. Эсенгул табияттын сулуулугун ашырбай да, кемитпей да тарткан сүрөтчү болуп чыкты. Атасын тартып, акындын өнөрү да бар эле.
БИШКЕГИМ
Бишкегим кең мекеним тумарымсың,
Бийик мейкин асылым, кунарымсың.
Бүткүл денем, жүрөгүм сенден бүтүп,
Башы, көзүм, ооз, мурун, кулагымсың.
Күлкү, кайгың аралаш санаамдасың,
Күндүз кечке түнкүсүн ай алдында.
Жан кейиткен учур болгон октор учуп,
Жаман күндү кечиргенбиз аянтыңда.
Түпөйүл ойумдан эч кетпеген,
Түгөнбөгөн кайгысы көп арманымсың.
Агамдай бир тууган жанын берер,
Агай, эжей, ата-энем жардамымсың.
Байымсың, кедейим, жакырымсың,
Баарынан кымбатым жакынымсың.
Бардарың аз бирок да кайырчың көп,
Жазуучу, обончу, акынымсың.
Муздагым да ошондой ысыгымсың,
Махабат тартуулаган кызыгымсың.
Мөлтүрөп бак ичинде бышып турган,
Мөмөлөрдүн ичинен кызылысың.
Дүйшөн дүйнөдөн өткөндө уулу Эсенгул атасынын жазгандарын ар кайсы жерден термелеп таап, оболу чакан китепче кылып чыгарып, кийин чоң китеп чыгарды. Китептин бет ачарын өткөрдү. Албетте, артында калкагар тоодой болуп, апасы – Дүйшөн Жапаровдун жубайы Гүлбара эже турду.
Атасынын китеби жарык көргөнүнө сүйүнгөн Эсенгул ошондо фейсбук баракчасына:
“Атамдын курсташтарына чоң таазим менен алкыш айтам. Дүйшөн саптар деген китеби менен атамдын ашына спонсорлук кылган, өзгөчө Нарынгуль Кокотаева, Акматов Урмат, Абдыраимова Венера жана Молдогазиева Нуржамалга колдоп кайрат айтып тургандарына терең ыраазычылык билдирем. Бекем ден-соолук, узун өмүр деңиздей бакыт каалайм.
Көп жылдан бери жамандык, жакшылыгыбызга чогуу күйүп, чогуу күлүп жүргөн кошунабыз, Эркин байкенин китепти чыгарууга болгон колдоосуна ыракмат айтам, оорубай жакшы жүрүңүз” – деп жазды эле.
Эсенгулду сыртынан карап, “Көз тийбесин!” деп койчу элем.
Эсенгулдун дүйнөдөн өткөнүн укканда, уккан кулагыма ишене алган жокмун. Кайран бала. Бүт өмүрү алдыда эле.
КУСАЛЫК
Жылуулук жок шум заман,
Жырткычтардай ырылдап.
Жүдөп турам араң жан,
Жүрөгүм ооруп зырылдап.
Туңгуюк болгон келечек,
Туш тарабым караңгы.
Жалгыздык болуп өнөкөт,
Жалгыз басып каламбы.
Кечире көр чоң Кудай,
Кетирген далай катамды.
Сарбагышын сайраган,
Сагындым байкуш атамды.
Мээримин төгүп айланып,
Мен үчүн далай козголгон.
Артынан такай ээрчитип,
Атадан мурун дос болгон.
Арманга толо дүйнөнүн,
Аргасын кантип табалык.
Кош бол атам алтыным,
Кош бол асыл балалык.
Атасы кайтыш болгондо, уулу Эсенгул ушинтип жазды эле. Ырды окуп жатып, оозума көз жаштын кермек ачуу даамы келген. “Кайран Дүйшөн өлбөптүр. Артында атадан өткөн уул калыптыр” дегем.
Эх дүйнө:
БУЛУТТАР
Кошойдун тоосун айланып,
Коюлуп көчкөн булуттар.
Кайыгып турам тагдырдан,
Кайгымды менин унуткар.
Агартып дилиң жубардай,
Ак жамгыр болуп нөшөрлө.
Ат-Башы дайра ташкындап,
Агылсын батпай өзөнгө.
Эскирип кетип баратам,
Эстей жүр байкуш Дүйшөндү.
Соконун тиши тилбесин,
Сен эзип түздө мүрзөмдү, – деп жазган акын Дүйшөндү эми ким эстейт!?
Былтыр эле, 1-апрелде фейсбук баракчасына “Миталип Мамытовдун портрети. 110/85 см” деп даңазалуу нейрохирургдун сүрөтүн коюп:
* * *
Сүйүүнүн билесизби эмнеси жок?
Сүйүүнүн атасы эмес энеси жок.
Сүйүүнүн агасы эмес эжеси жок,
Сүйүүнүн күндөрүнүн бактысы жок,
Сүйүүнүн түндөрүнүн аткысы жок.
Сүйүүнүн жашы эмес карысы жок,
Сүйүүнүн уялганга намысы жок,
Сүйүүнүн айыкканга дарысы жок,
Сүйүүнүн жата турган далысы жок,
Сүйүүнүн уктаганга акысы жок,
Сүйүүнүн кыймылдабай жаткысы жок,
Сүйүүнүн көп сырларын айткысы жок,
Сүйүүнүн барган жерден кайткысы жок,
Сүйүүнүн кулпусунун ачкычы жок,
Сүйүүнүн өзү махабаттан качкысы жок,
Сүйүүнүн тактысы эмес бактысы жок,
Сүйүүнүн өзү жалгыз жалпысы жок,
Сүйүүнүн билесизби эмнеси жок?
Сүйүүдөгү жокторунун баарысы жок.
“Миталип Мамытов” – деген ырды жүктөптүр эле.
Аттигиниң, бүгүн Дүйшөн да, Эсенгул да жок. Ажал улук, өлүм ак деген ушул.
Ата менен баланын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Редакциядан: Эсенгулдун дагы башка ырлары менен бул жерден тааныша аласыздар – https://kmborboru.su/2025/07/14/atasynyn-uulu-esengul/
