|

Кайырчынын майрамы

4.2/5 - (4 добуш)

(аңгеме) 

Шаар аянтынын ар кайсы бурчтарында кофе, таттуу токоч, жалтырак-жултурак оюнчук, желим шар сыяктуу майда-чүйдөнүн түрүн сатып, күнүмдүк жашоосун өткөргөн адамдарга быйылкы кыштын “киреше сезону” ачылды. Аял деле өз арабасын өзү тарткандардын бири. Башкалар сыяктанып ал да сүйүнүп, бир башкача үмүт менен күттү Жаңы Жылды. “Иштеп алайын” деди. Бирок биринчи күндөн баштап эле аны аянтка жолотпой, кызыл шапкечендер кууп чыкты. Самтыраган кейпиң менен аянттын көркүн бузасың деди алар. Айтса-айтпаса төгүнбү деп ойлоду ичинен аял. Анан жер кепесине барып, болгон тасмиясын алып чыгып, эпчилдик менен кийимин бүтөдү. Колунан көөрү төгүлбөсө да эптүү эле. Бар тапканы менен үстү-башын бүтөп алып аянтка кайра барды. “Кантип болсо да аянттан орун алыш керек… “Ачык сезонду” куру кетирбей иштеш керек”, – деген ой турду башында… Эл шаңдуу экен. Маанайы ачык адамдар кантип эле мындан беш-он сомун аямак эле? Аябайт го… Аял деле эл катары майрамдын шаңын сезгиси келди. 

…Бирок аны аянттан экинчи жолу да кууп чыкты кызыл шапкечендер. “Бул жерге кайыр сурап турууга болбойт! Бул жерге “чоңдор” келет, эл майрамдайт!” – деп кесе айтып, үстүндөгү түзүк кийимине карап да койбой кубалап чыгышты. Муну таанып алышканын карасаң! Кайырчы аялдын ызасы кайнап, тамагы буулуп, ыйлап жиберди. Кантип эле ушундай майрамдуу, шаңдуу жайга кире албай калат?! Кантип эле башкалардай болуп “иштей албай” калат? Жаңы жылды элдей болуп тосо албай калабы?! Сууктан жарылып кеткен катуу, капкара колдору менен көз жашын аарчып атып “карыздарын” эстеди. Өткөндө, күн катуу суук болгондо, жер астындагы суу түтүктөрдү ороп жашагандардын жанына барган. Алар муну аяп, тоңуп өлүп калба деп кезектешип “жүз грамм” куюп берип, бар тамагын берип сыйлаган эле. Ошону кайтарыш керек эмес беле? Миң ирет кайырчы болгон күнүндө деле сыйга сый менен жооп кайтарышы керек да акыры. Аял мукурай түштү… Саамга жалдырап турду да, “үйүн” карай жөнөдү.

Базардын эски имаратынын жер төлөсүндө ар кай жерден чогултуп төрт-беш таяк, устун, таяктарды таап, жөлөп-таяп тургузуп, ала каптардан, калың кагаздардан чогултуп келип сыртын, астын-үстүн калыңдатып бүтөп алган. Ачык асман алдында калгандан көрө кадимкидей эле жанына огожо болуп келет. Аялдын үйү ушул. Ушул төрт тактай куласа эле өзүн үйсүз калчудай сезет. Жедеп, дал-далынан айрылган ала каптарды, жыртык-тешиктен көрүнгөн, чирий баштаган тактайды тиктеди аял. Жаңылаш керек деп ойлоду ичинен. Ушундан башка өз үйү болбогонун эстеди…

“Мындан ары эриңдин үйү сенин үйүң, бул үйгө кайтып келбе” деп күйөөгө узатышты эле муну, тээ илгери, кыз кезинде. Ата-энеси, тууган-уругу, каалоо-тилек айткандар да, бата бергендер деле ушул сөздү тынбай кайталап атты. “Кайтып келбешим керек экен”, – деп кетти ал да үйүнөн. Ошол сөздүн айынан кызыл камчы эрине чыдады. Тырмалаңдап жүрүп оокат-аш жыйнашты, үй курушту…Бирок ошол үйдө жашоо насип эткен жок. Эри менен келишип-келишпей, ыркы жок жашагандын кесепетиненби, айтор, биринчи баласы өлүү төрөлгөн. Ошол бойдон боюна токтогон жок. Кийинчерээк, үй-тиричилиги түптөлүп бүткөн соң, кайын журту аялдын баласыздыгын көп эстеп, көбүрөөк кеп кыла башташты. Кайра-кайра каңкуулай берген кайын журтунун кеби жүрөгүнө тикенек болуп сайылып, кейип, жанын коёр жер таппай жүрүп, ичкиликке ыктай баштаган. Ансыз да араң турган кайын энеси менен эри дал ошонун шылтоосу менен аялдан оңой эле кутулушту. 

– Бир чыны да алып кетпейсиң, – деди кайненси. – Бир чыны да алып кетпейсиң! Мен сага очойтуп калың төлөгөм. Апаң мен берген калынга уулун үйлөдү. Сага берген себи төрт төшөк болчу!

Төрөбөгөнү үчүн айыптала берип эбак тили кыскарган келин төрт көйнөгүн көтөрүп үйүнө келди, бирок бир туугандарына баткан жок. Атасы менен апасы өтүп кеткенине көп болгон. Батмак беле? Аял эч нерсеси жок үйгө кайтып келгенде арданды туугандары, ажырашканда арданды, ичип кеткенде арданды, бирок көчөдө калганда бири да да арданган жок. Баары билмексенге салып, өз жашоосун жашай берди. Эч кимге кереги жок экенин ошондо түшүндү аял.

Бир жолу “юрист” анын тагдырын угуп отуруп:

– Тебя надули, детка! – деди асманды тиктеген бойдон, – тебя надули… 

“Юрист” эки көчө нары жайгашкан жертөлөдө жашайт. Өзүнүн айтуусу боюнча “башына келген багын көтөрө албай” алардын катарына кошулуп калыптыр… Аял анын ысымын деле билбейт, элдин баары аны “юрист” дейт, ал деле ошентип жүрөт. Анын үстүнө өзүнө окшогондордун баарынын көбүн эсе каймана аттары бар, өзүнүн ысымын айткан киши аз эле. Көчөдө калган кишилерге ысымдын деле кереги жок окшойт…

Аялдын таңыркап тиктегенин көрүп, “юрист” сөзүн улады:

– Эрин экөөң баш кошкондон кийин курулган үй болсо, анда мыйзам боюнча ал үйдүн жарымы сеники болчу. Ата-энеңден калган үй болсо, анда ал үйдө бир туугандарыңдын да, сенин да үлүшүң бар, үй баарыңа таандык, баарың мураскор болуп эсептелесиңер. Сени көчөгө минтип кууп чыкканга эч кимдин акысы жок болчу!

Аял ыйлап жиберген ошондо. Шолоктоп ыйлаган. Анын ыйлаганын көрүп:

– Ай, ай, ай, кыргыздар, өз укугунарды, мыйзамды билбегениңердин кесепетин көп тартасыңар го, – деп баш чайкаган “юрист”.

Ушуларды ойлоп отуруп аялдын оюна бир нерсе келди. Баягыда таштандыдан таап алган “артист көйнөктү” сууруп чыкты. Жупжука болчу. Жука экенине карабай калың кийиминин сыртынан кийди да, өжөрлөнө басып кайра аянтка барды. Жалпы сайрандоочулар үчүн коюлган музыка бар эмеспи… Дал ошол музыканын үнүнө туштап барды да, ортого чыгып, бийлеп кирди! Минтпесе кызыл шапкечендер дагы кууп чыкмак. Үлбүрөгөн көйнөгүн каалгытып, музыканын ыргагына дал келсе, келбесе да бийлеп атты. Бирок бир чатак жери – анын кайырчы экенин эч ким элес алган жок. Жөн гана аянттагы Аяз кыз, Аяз ата, Мамалак, Коён, ар кандай мультфильмдин каармандарынын бири катары кабыл алып, эч ким ага беш-он сом таштабай койду. Ошентсе да тынбай бийледи, көңүлү чөгүп турганына карабай өзүн күчкө салып жылмайып бийлеп атты. Ал жыргап аткансып ары-бери өткөндөр аны менен улам сүрөткө түшүп коет… Берген беш сому жок же! Жаман көрүп карап өткөндөр да болду. Жаман көрбөй анан! Күпшүйгөн пальтосунун үстүнө үлбүрөгөн артис көйнөк кийип алса…

Ошентип бийлеп аткан. Бир кезде маңдайында он, он эки жаш чамасындагы бала пайда болду. Бала аны тааныды, мектептен келатып көп көргөн бу аялдын суранып турганын. Ошол аял эми кооз кийинип алып бийлеп турат!

“Веселая попрошайка! Прикоо-ольно!” – сары бала көздөрүн жүлжүйтүп күлүп жиберди. Күлкүсү борсулдап кулакка жагымдуу экен. Кайырчы бийлеп атып байкап калды баланы. Сапсары, көздөрү асман түстүү, бирок жүлжүк. Күлсө көзү көрүнбөй калат экен. Аялды карап алып чын дилинен жыргап, борс-борс күлүп турат. Аял баланын кейпине күлкүсү келди. Бийлеп атып баланын жүлжүйгөн көздөрүн тиктеп күлүп ийди. Анан алар бирин-бири карап алып аябай күлдү. Бири-биринин кейпине күлдү! “Ушунча да сапсары, жүлжүк бала болобу? Анан калса сүйкүмдүү экен!” Деги эле бала аттуу менен иши жок аялдын береги балакайга жүрөгү элжиреп чыкса болобу. 

– “Она попрошайничаеть весело!” – бала күлгөн боюнча кайырчынын али эч нерсе салына элек кутусуна чөнтөгүнөн бир сом алып чыгып салып койду. Ошондон соң гана адамдар береги “бийчинин” жөн бийчи эмес, кайырчы экенин баамдап, бериде, жерде турган кагаз кутусун байкап акча таштай баштады. Аялдын маанайы көтөрүлүп чыкты, чындап эле бийлеп кирди. Алдында турган бала үчүн бийледи! Аянттагы бардык жасалга анын урматы үчүн коюлгандай. Асман тиреген бийик, кооз, оголе көп каражат жумшалып жасалган балаты, жада калса музыка да ушул күнү жалгыз анын урматы үчүн коюлгандай сезди. Асмандан кебездей жумшак, жылуу кар себелей баштады.

2023-ж.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген