Кечки күү
Айыл кечи, комуз күүсү мукам бир,
кылын тартып жел ойдолоп ойногон.
Түмөн үнү аба жарып, термеле
толкуп-ташып чеке-белди бойлогон.
Этек-жеңи өрттөнүп күндү узаткан
кеч күүгүмдү келет коюу түн жөөлөп.
Бака чардап: “Саздын ырын” ырдаса,
короо-жайда койлор маарап, уй мөөрөп.
Караңгыда жылкы чочуп кошкурса,
кошо үркөт шуудурап бак, жалбырак.
Мекиренип эчки улагын издесе,
үйдө мышык “кыр-кыр” уктайт шалдырап.
Жайдын чоорун тартса тышта чегиртке,
түштөн чочуп, коштоп тынып бытбылдык…
Жол караса шашкалактап жашты уурдап,
таңды күткөн түнкү митаам кытмырдык.
Конок күткөн үйдүн өчпөй жарыгы,
мурунду өрдөйт баш-шыйрактын куйкуму.
Ит: ”ав-аалап” чоочун көздөн кайтарып,
таңда бузса короз таттуу уйкуңу.
Айыл кечи – симфония нотасыз,
дирижорсуз табият бир ойногон.
Арманда өтөр анын үнүн бир укпай,
жаздыгына башын сүйөп койбогон.
