“Кээде дуулайм, кээде куурайм, кашаң дагы, күлүк дагы аттаймын…”
Нурлан Калыбековдун “Ыраазымын” ыр китебине сын пикир
Акындар өзүнүн жан дүйнөсү, табияты, мүнөзү, кыял-жоругу, кыскасы, ички ой-туйгулары, сырлары жөнүндө ашкере айтпаганы менен ырларынан байкалбай койбойт. Ушул тапта илим менен технологиянын өнүккөн, ааламдашуунун зуулдаган заманында жакшы ыр жаратыш да оор. ЖИ жардамы менен күн сайын эмес, саат сайын ыр, кара сөз жазгандар көбөйдү. Бул өтө коркунучтуу тенденция. Окурман журтунун таза ырга, чыныгы поэзияга, турмуштагыдай прозага болгон суроо-талабын жок кылуунун жолу, табитин талкалоонун аргасы. Адам менен технологиянын айрыкча шык, таланттын учкуну барлардын жарышы, атаандаштыгы, оңой оокатты аз-маз өзгөртө коюп, менчиктеп алуунун далалаты ким кимди ай-талаада калтырары азырынча белгисиз… Пенде өз табиятына жараша оңой оокатка тап бериш жагынан алдыга киши чыгарбайт.
Социолог-психолог изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, акын (статус) табиятынын беш-алты категориясы аныкталган. Бизде азырынча ал тууралуу сөз боло элек…
Эл оозунда дервиш акын, жинди акын, бийликтин акыны, соодагер акын, кутурган акын, күнкарама акын, тантык акын, тамашакөй акын, эрке акын, эптемей акын, атына эле акын ж.б. бир канча аталыштары ооз жүзүндө айтылган менен майнаптуу илимий изилдөөлөр жок.
Акындар атам замандан бери өздөрүн кудайга теңеп, кудай менен алым-сабак айтышып, сырдашып-муңдашып, ал тургай кесир сүйлөп тыңсынгандары, теңата болгондору да жок эмес. Мунун себебин кандайдыр бир касиеттүү күч дээрине сеппесе, оозуна салбаса, дилине куйбаса, тилине куялуштурбаса ырды кайдан жаратмак деген ишеним күч. Ошол таризден караганда акын Нурлан Калыбековдун басмадан жаңыдан чыккан “Ыраазымын” деген ыр жыйнагынын маани-маңызы да, мазмун-идеясы да “Ыраазымын Кудурет, нурларыңдан шимирип, тазаландым таза жуулган айнектей” деп, жаратканга жакындаган, анын амири менен өзүн пендечиликтин майда-барат, акыр-чикир, көр-жеринен толук бошонгон, көкүрөгү нурга, жүрөгү сүйүүгө, башы тунук ойлорго толгон, жаңы жашоо баштаган, жаңы чөйрөдөн өзүн-өзү издеп таап кубанган акындын портретин, акындын бейнесин көрүүгө болот. Акындын дил агарткан, жан дүйнө тазарткан башкы миссиясы ушунда. Китептин башынан аягына чейин өзүнүн дух-рух абалын чагылдырганга, жан дүйнөсүндөгү өзгөрүш-бурулушту ыр саптары аркылуу жеткиргенге далалат жасаганы жөндөн-жөн эмес.
“Кутурган” акындардын бири Нурлан Калыбеков китеп артынан китеп чыгарып, мурунку ырларынын эсебинен жаңы жыйнагынын көлөмүн калыңдаткан акындардын тизмесине кирбейт. Акыркы жылдары мурунку-кийинки муундун арасында илгерки убактагы ырларын кошуп, өзүнө жаккан бир канчасын китептен китепке “айылчылатканды” жакшы көргөн тенденция күч алды. Эч ким талдабайт, эч ким сындабайт, кол чапкан, лайк басканга “семиргендер” көбөйдү.
Н. Калыбеков изденүүдөн, түйшөлүүдөн, жакшы ыр үчүн өзүн отко-чокко таштагандан качпаган дервиш дүйнөлүү калемгер. Бир карасаң, кой оозунан чөп алалбаган момун, бир карасаң, албуут дүйнөсүн жыйалбаган бороон-чапкындуу акын. Акындын поэзиясы салттуу формада жазылганы менен маани-маңызы, ойлору, берейин деген идеясы жаңыча, ыр саптарындагы жаңычылдык, ыр тизмегиндеги абстрактуу ассоциациялар, кызыктай ойлор окурманын, угарманын акыл-ойду аңтар-теңтер кылган “кармашка” камап таштайт…
Эгер жаңылышпасам, өмүрдүн авантюралуу өтүшү жөнүндө “энергия заблуждения” – “адашуу энергиясы” деп атаган орустун улуу сөз чебери Лев Толстойдун мындай айтканы бар. Дегеле адам, айрыкча акын, жазуучу, ойчул адам түз жол менен кеткен болбойт. Урунуп-беринип, жаңылып-жазып жашаш керек, ошонун өзү күч-кубат, энергия берет деген. Аның сыңарындай Н. Калыбековдун жаңылып-жазылганы жөнүндө кабарым жок, бирок өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү ачуу, өзүн-өзү сындоо, өзүн бурчка такап жазалоо жагынан башкалардан айырмаланып турат.
Китепти ачарыңыз менен “Акыйкат” деп атаган ырын окуйсуз. Дал ошол ыр акындын акыйкатты табууга болгон далалаты эмес, чындыкты өзүнөн издөө машакаты десек болчудай. Анткени акыйкаттык абсолюттук мүнөздөгү түшүнүк, ар кимдин, ар бирибиздин өз чындыгыбыз бар. Ошонун жүзүн бурмалабай, бети-башын боёбой, көз-кашына кашташ койбой, ариет-намысты, уят-абийирди жараткандын калыбында кармап кала алабызбы? Кеп ушунда.
Келиңиз, кептин оролун кеңейткенден мурда, акынды угалы:
Мен өзүңдү тааныш үчүн,
табыш үчүн, ачыш үчүн өзүмдөн,
мен өзүмдү керек болду жоготуум.
сен тууралуу не бир сырдуу,
сыйкырдуу жомокторду айтылган,
тыйуу, чектөө мыйзамдарды
кулак-мээмден өчүрүп,
ишенимди көкүрөктөн
керек болду бошотуум.
Адам баласына чындыкка тике кароо, намыс-абийирине балта чаппоо, өз-өзүнө чыккынчылык кылбаш оозу менен айтканга караганда жасашы, шартка жараша ыңгайлашышы кандай оор, кандай кыйын!? Кеменгер ойчул Ч. Айтматов: “Адам баласына күн сайын адам болуш кыйын” деген кеби ушундан улам айтылган. Акын акыйкатты өзү жашаган чөйрөдөн издегиси келгени үчүн, акыйкатка жетүү үчүн, ал нерседен тартынбайт – күрөшөт, эч нерседен коркпойт – жогото турганы жок, керек болсо дүйнөнү аңтар-теңтер кылган төмөнкү саптарга байлап таштайт:
Өзүмдү-өзүм кесип, кыркып, балталап,
өзүм эккен уруктарды,
олтургузган көчөттөрдү четинен
бирден жулуп таштадым.
Чытырман-жыш токойлорду өрттөдүм,
көк майсаңдуу талааларды саргайтып,
кар-жамгырды жаадырбай,
дайраларды соолутуп,
жан-жагымды чөлгө айланттым, кактадым.
Сөздүн кудуретин, ойдун күчүн караңыз, эгерде ыр саптарында ушунчалык жалындаган ой менен таасирдүү, курч, образдуу сөздөрдүн духу болбогондо жомок сыяктуу сезилмек. Адам өмүр көчүндө кайра-кайра тарбияланып, окуп билимин өркүндөткөндөн жаман болгон эмес. Ал эми өзүн өзгөртүү, жаңылануу, руханий жактан тазаруу, жан дүйнөсүндө бурулуш жасоо, ички төңкөрүштүн ысык-суугуна чыдоо – бул, бери болгондо, эрдик, нары болгондо, апендилик… Баарыбыздын колубуздан келе турган иш эмес.
Автор ырында өз акыйкатын “улуп-уңшуп, өңгүрөп, алы куруп шалдырап, кулак укпас, көз көрбөс, ээн жерде…” турган кезинде тапты! Көрсө экөө бирин-бири издеп, көпчүлүктүн арасынан таба албай, акындык илхамдын апогейине келгенде кездешип олтурушат.
Өзүмдү-өзүм оболу,
жоготконум болгон экен керемет,
текке кетип өмүр менен убакыт,
жүрмөк экем дагы эле
быкшып, күйүп-жаналбай. [“Акыйкат”3-4-бет. ]
Изденүү – акын үчүн жеңил эмес, ал талант менен мээнеттин жан кейиткен, жан сыздаткан кармашынан, маңдай тер менен кан-жандын айыгышкан күрөшүнөн кийин жаралат. Автор жаңы китебиндеги ырлардын формасына жаңылык киргизди дегенден алыспыз, ыр саптарын жаңы идея менен жаңы ойлорго шыкап-шөкөттөп, өзүнүн жаңыча көз карашын, жаңыча бүтүмүн жасап, индивидуалдуу мүнөзүн ачкан. Н. Калыбеков акындар айтып-ырдап жүргөн көрүнүштүн (окуя, факты, обьект ж.б.) жаңы кырларын, түркүн түсүн, өңү-башын, келбет-ырайын башкача аспектиде ачканга жөндөмдүү, интерпретацияны чеберчилик менен чегине жеткире алган кашкөй акын. Албетте, поэзиясында ыр жазуу манерасын, жекече стилин, жекече мамилесин, кыскасын айтканда, индивидуалдуу жүзүн көрсөтө алган акын өзүнүн индивидуалдуу портретин тартары да талашсыз. Ырларынын уйкашы жөнүндө айтсак, боз үйдүн жасалгасына, кооздугуна, ыңгайлуулугуна эмнелер зарыл болсо, дал ошол элементтерин кынтыксыз кынаган, колунан көөрү төгүлгөн ууздай, өз ишин сүйүп жасаган уста сымал… Белгилүү сынчы С.Жигитов: “Уйкаш бир учурда ырды уйкаштырган жана көркүнө чыгарган зор күч болсо, бир учурда жезди жылтыратып көрсөткөн алтындын буусуна барабар” деп баа берген. Жөнөкөй затты, мисалы, кадимки металлды (алюминий, калай, жез ж.б) алтындын буусуна кармаса, нукурасы, тазасы кайсынысы деп баш катырган сымал, уйкаштыгы ушунчалык кынтыксыз, ушунчалык тегиз, сөз айкаштары жупташкан-куюлушкан ырлар чачтан көп. Бирок аларда кыпындай, тырмактын агындай поэтикалык ой, поэтикалык касиет жок. Том-том ыр жыйнагынан саналуу эле поэзиянын талабына жооп берген, поэтикалык призмасы даана байкалган, поэтикалык фигураларга бай ырларды таба аласыз, калгандары уйкаш жагынан алдына ат салдырбаган сырты жылтырак, ичи калтырак жарым-жан ырлар. Учурдагы жарыкка чыгып жаткан ыр жыйнактарын лупа менен астейдил карап чыгыш керек… Көлөм үчүн, томдуктар үчүн күрөш күч алды.
Ал эми акындын ырларынын техникалык курамы аздектеп өргөн беш көкүл кыздын чачындай ритм, рифма, строфа, ыр саптары, уйкаштык, муун өлчөмдөрү, көркөм сөз каражаттарынын байлыгы, орундуу иштеген чеберчилигине кине коё албайсың.
Жыйнак, негизинен, “лирикалык мендин” миң түркүн жан дүйнө абалын чагылдырып, диалектиканын мыйзамындагыдай Жер, Ай, Күн, Аалам, Планета, Табият менен Адамдын ажырагыс биримдигин, тилектештигин, өз ара карым-катнашын алардын ортосундагы органикалык байланышты ырга салат. Ал кандай байланыш эле?
Төбөм асман, астым жер…
Ак, кара, боз топурактан жаралгам,
чындыгында,
чылкый эле нурдан бүткөн жан элем.
Ыңгайлашып кара жердин бетине,
топурактан кийим тигип кийип алгам.
Жаралганда эң оболу Жараткан,
аны менен мен да кошо жаралгам. [9-бет. ]
Өзүн терең тааныган пенде Адам деген заттын улуулугун, теңдешсиз күчүн моюнга алат. Ошон үчүн “Кереметтүү зор касиет, зор күчтү, мен өзүмдөн көрө алдым” деп ишенимдүү ырдайт. Турмушунун күнгөй-тескейи, ак-карасы, жакшы-жаманы, мүдө-максаты, жашоодогу жаратуучу, куруучу, калкалоочу күч катары даңазаланганы менен сүйүү-мээрим, аруулуктун үрөнүн сепкенге милдеттүү экенин эскертет.
Адамдар арасында илгери убакта, азыр деле касыйда окуган молдолорго дем салдыргандар бар. Демдин таасири, касиети жөнүндө айтып да жүрүшөт. Бул псхикалык жана моралдык-этикалык жекече маселе. Ал эми акындар демди кимден, кайдан алышат? Аларды ыр жаздырган, илхамын ойготкон, оозуна ыр саптарын тизмектештирген эмчи-домчулар барбы?
Кере жутуп абаны,
көпкө турдум үйлөнгөн шар өңдөнүп.
От бүрккөндөй ажыдаар,
ичимдеги акыр-чикирлерди бүт,
сыртка бүркүп таштадым.
Көздү-сөздү, каргыштарды айтылган,
баш-шыйрактай куйкаладым очокко,
өзүмдү анан жеңил сезе баштадым! [“Дем”27-бет. ]
Ички дүйнөсүндөгү “ач кенедей жабышып, канды соргон ээлүү, муздак жандардан, котур ташы койнундагы ниети бузук дос-жардан, Ээлеп алып дүйнөмдү жашагандар көп экен, жөн жашабай мите курттай жешиптир…” деп, канча убакыттар бою жанын эзип-кыйнап келген кара тумандуу дүрбөлөң-убайымдан, жаман ой-санаадан кантип кутулуп, жеңилдегенин-тазарганын айтып берет. Акындын ырындагы көркөм сөз каражаттары жаңы эмес, мурда-кийин поэзияда колдонулуп жүргөн сөз айкаштары. Бир гана “ээлүү, муздак жандарды” өтө элестүү, образдуу, таасын көз алдыңызга келген мамлекеттеги жемкорлукту гүлдөткөн, өлкөнү кудуретсиздикке батырган бийликтеги (чөөлөрдөй, карышкырдай, ит, мышыктай, келемиштей, кузгундардай…) адамдардын жүзү, образы, типтери көз алдыга тартылат.
Биз акындын чыгармачылыгынын эволюциясы жөнүндө эч нерсе айта албайбыз. Бизден мурунку талдоого алгандар, ырларын анализдеген сынчы-адабиятчылар айтышы мүмкүн. Ырлардын жазылыш тарыхы же таржымалы автордун жеке тагдырына, адепкисинде социалдык-нравалык, саясий-коомдук факторлорго тикеден-тике байланышат же кандайдадыр бир тиешеси болбой койбойт.
Нурлан Калыбековдун поэзиядагы сапары ак-карасы аралашкан, будуң чаңдуу, оомал-төкмөл заманынан алыстай албады. Качып да кеткенге болбойт болчу. Эгемендүүлүгүн алган мамлекеттин тагдыры кандай болсо, анын жеке тагдыры андан ашып түшпөдү. Арийне акындар өзү жашаган коомдон четтеп кете албасынын сан-миң себептери бар. Алар жашоого элдин атынан сүйлөп, айтыш үчүн келет. Бир жаман жери, убагында (1990-жылдан 2021-жылга чейин кыргыз эли беш-алты коомдук-саясий төңкөрүштү, кандуу жылдарды башынан кечирди) “темирди кызуусунда сок” демекчи, болгону азганактай акындар (үч-төртөө) айткан менен алардын үнү угулбады, үнү жетпеди. Чогулуп айтканда, акын-жазуучулар, интеллигенция, демократияны туу туткандар бириккенде, массалык мүнөзгө айланганда, балким башкача болот беле?..
Өттү жылдар, алар менен
кошо тарттым азапты,
карайладык жол таба албай,
күн кечирдик мазактуу.
Чөөлөрдөй кыйкырыштык,
карышкырдай улудук,
курсак тойбой, карек тойбой,
жүрөк тойбой курудук.
Ит, мышыктай, келемиштей,
кузгундардай туш-туштан,
так талаштык, бак талаштык
сезген жокпуз куттуу учкан.
Топураган топ ичинде чындык өлөт,
кут конбойт,
мен ушуну билдим акыр:
кут конгон журт-жут болбойт! [“Түлөөдө” 18-бет.]
Тарыхта болуп өткөн окуя же фактылар изсиз калбайт, анын чын-төгүнү, суу кошулганы-кошулбаганы иргелет, реалдуу өтмүшү эртеби-кечпи айтылат, изилденет, анализденет.
Дүйнөлүк поэзияда тарыхый мааниге ээ болгон окуяларды кагазга түшүрүп, элге биринчилерден болуп жеткирген көркөм сөз ээлери-акындар болгон. Орус элинин улуу акын кызы А. Акматова «Реквием» поэмасын лирикалык циклге айландырууну каалаганына карабастан, алгачкы саптарын 1934-жылы жазып, аны бир канча жолу оңдоп-түзөп, атын өзгөртүп, эки главасын 1934-1935-жылдары бүтүргөн. Акын өзү бир канча жолу кол жазмасын өрттөп жиберген. Ошого карабастан, аталган поэмасы алгачкы жолу чет өлкөлүк басылмаларда Мюнхенде басылып чыккан. Анна Акматова Ежовщинанын каардуу жылдарында Ленинграддын түрмѳлѳрүндѳ уулуна тамак-аш бериш үчүн 17-19 сааттай кезек күтүп, ошол эле убакта «Реквием» поэмасын беш жыл бою жазган.
Оронбодум алтын, күмүш, шайыга,
Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим.
Элим менен бирге болдум дайыма,
Эл уу ичсе, мен да кошо уу ичтим.
* * *
Он жети ай мени сенделттиң,
Оорумсуң, оюм, санаамсың.
Бутун да өптүм желдеттин,
Баламсың балам, баламсың.
Түрүүлѳй басты жин-арам,
Түйүнүн турам чечелбай.
Кимиси жырткыч, ким адам,
Ѳлүмдү күттүм кетелбай.
(Которгон: Ш. Дүйшеев)
А. Акматова жалгыз уулу Лев Гумилёвдун азабын ашкере тарткан, ошол мезгилдин саясий тузагы, бийликтин энесине эскертип турган ишараты, оозун ачтырбоонун шылтоосу (анткени ал чындыкты ырдаган, адилеттүүлүктү жактаган күчтүү акын болгон) Гумилёвго окшогондордун канчасы жазага тартылган. Күнөөлүү, күнөөсү жогу канча? Байкуш орус энелеринин көз жашы акындын уулунун кайгысын эмес, жалпы аял-энелердин жүрөк кайгысын, муңун, үмүт-тилегин кошо тарттырып, түрмөдөгү ажал менен арбашкан адамдардын (уулу же күйөөсү, же бир тууганы, жакынынын) соңку мүнөттөгү аянычтуу тагдырын, өлбөс-өчпөс «Реквиемдин» жаралышын шарттады.
Акын Н. Калыбеков аталган ыр жыйнагында жеке өзүнүн (амбициялуу акынбы?) жан дүйнөсүндөгү бурулушту, өзгөрүүнү тагыраак айтканда, тазаланууну жазган жок. Өткөн мезгилдин жаман-жакшысынан, оор-жеңилинен, каар-кегинен, азап-мүшкүлүнөн, акараат-жазмышынан сабак алып, жыйынтык чыгарып, эл-журтту, окурмандарын дегеле коомду руханий тазаланууга үндөйт.
Кап курсактын камын көрүп ичип-жеп,
уктап келип, уктап кете бербестен
ойгонгон оң жашоодо.
[“Аты-жөнүм”12-13-беттер ]
Болот-болбойт деп олтуруп не таптык,
тобокелчил тоо томкорот, кыр ашат.
Ыргылжыңдар, жолубузду не жаптык,
кана, эмгегиң? – эртең бизден сурашат.
* * *
Кана достум кеттик, көтөр желекти,
бут тоскондор калсын артта чаңга оонап.
Өмүр бизге бир берилген белектир,
эртең эле ажал келет жан доолап.
[“Мен өзүмө, өзүм гана ишенем” 55-бет ]
Акындын жыйнагында кайра-кайра кайталанган саптар да жок эмес. ”Адам деген аты барлар, заты жоктор, жер үстүндө, жер астында көп экен…” [12]; “Байланбаймын өмүргө да өлүмгө, ачуусуна, таттуусуна” [21]; “Шашып кайда барат элем, шашып таман тешилди” [23] деген тизмектер ойду күчөтүү же маанини тереңдетүү үчүн эмес, кадыресе эле ойлордун кайра-кайра кайталанышы болуп калган. Дагы бир нерсе, акын өзү “Башым маң…” деп атаган поэмасында китептин башынан аягына чейин ырларда айтылган ойлордун жыйындысы сыяктуу сезилет.
Азыр мына жин-перилер
дүйнөсүндө жашаймын –
караңгы да сасык да…
Өңү-түсү, кебетеси-кепшири
коркунучтуу алардын,
мен дагы ошолордун биримин. [“Башым маң…”95-бет. ]
– деген каармандын (“Көлөкөсү Кудайдын”) диалогун түшүнүктүү, ачык-айкын, абсалюттук мүнөзүн реалдуу белгисине карап же илимий негизде тастыкталган образын тереңдетип иштеп чыкса болчудай.
Н. Калыбеков учурдагы индивид акындардын баш сабында турат. Жыйнагындагы көпчүлүк ырларынын өз таржымалы, объектиси, айтайын деген ою жана бүтүмү бар. Анын “Эмнегедир сагына беремин, чексиздикти, түпсүздүктү ар дайым” деген сабынын бир мандеми бар. Адатта акындар ойдун туткунунда жүрүшөт. Алардын жүрөгүнө тынчтык бербеген ойлор басса-турса жадынан кетпейт. Уктаса түшүнө кирет. Уйку-соонун арасында ыр жазгандары бар. Ал – кыйноо, жакшы ыр жазуу түйшүгү, мыкты поэзиянын үлгүсүн жаратуу убарагерчилиги…
Бул дүйнөгө келген белем жаңылыш,
өздөштүрө албай келем турмушту.
Кудай менен ортобузда таарыныч
Болгон окшойт, жеген окшойм зор мушту.
Сүргүндө окшойм, асман соту соттогон,
азабымды жедим абдан тойгончо,
Периштелер барбы мени жоктогон,
аяның бер, түк унутуп койгончо… [“Сагыныч” 29-бет.]
Жогорудагы саптар акындын жан дүйнөсүн кыскан, түйшөлткөн, мыжыккан ойлордун кагылышуусунан жаралган. Рух агартуу-тазаруу айтканга оңой, бирок анын кыйноосуна, тынымсыз күрөшүнө, анын бармакка сайылган ийнедей ачуу уусуна туруштук берүү кыйын. Бир туруп демденип-эрдемсинип кайраттанган, бир туруп шаабайы сууп, колу-буту шалдырап турган абалды башынан кечирген адам менен күнүмдүк жашоосуна каниет кылгандын айырмасы чоң.
Неге, эрте коштоштум,
шапар тепкен күндөр менен дуулдаган?
Андан көрө тал-теректин шуулдаган,
үнүн угуп жашагым бар талаада. [“Сыр” 51-бет.]
Жалгыздык тубаса акындар үчүн мүнөздүү көрүнүш. Поэзиянын жоопкерчилиги, талабы менен азабы, ыр жүрөктүү акындарды аргасыз баш ийдирген жол. Табият менен эриш-аркак, жаратылыш менен коюн-колтук аралашып, аалам сырын ачканга куштарлар үчүн жашоо образы, ыр жазгандар үчүн өзүнчө бакыт.
Хайку жапон поэзиясындагы салттуу жанр. «5 – 7 – 5» ыр саптары менен түзүлүп, үч саптан жана он жети муундан куралат. Бул жанрдын жаралуу тарыхы XVI кылымдын аягы, XVII кылымдын башына таандык. Мындайча айтканда, беш-алты кылымдан бери чанылбай, жоголбой, көөнөрбөй келаткан жанр. Хайку жанрында ыр жазган белгилүү жапон акындарынын башында Мацуо Басё, Кобояси Исса, Ёса Бусон жана башкалар турат. Жапондор булардын мектебин, хайкучулардын жолун уланткан шакирттерин кандай урматташат.
Эмнеге алар талаалап, эл кыдырып, жер кезип, дервиш сыяктуу тентип кетип, пендечиликтин жыргал-кууралынан баш тартышкан?
Мацуо Басё – жапондордун эң таланттуу акындарынын бири, ыр жазуу боюнча адабият теоретиги, анын шакирттери жапон поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өзүнчө муунун түзөт. Ал – орто жашаган самурай үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Хайку үч сап ырлар жанрында жазган, ойлорду көркөм туюндуруунун кыска жана нуска жолуна алгачкы из салган карлыгач акын. Өмүрүнүн көп жылдарын жер кыдырып, эл кезип, саякаттоо менен өткөргөн, нукура өз стилинде, өзүнүн манерасында жазган акындардын адабий мектебин калыптандырган.
Өз мезгилинде атак-даңкына, аброюна, хайку жанрына алгачкы из салган, атактуу акын болгонуна карабастан, өмүрү бүтүндөй жакырчылыкта өткөн. Чыныгы философ-буддист катары өзүнүн материалдык абалына эч качан көңүл бөлгөн эмес, материалдык байлыкка таптакыр кызыкпаган. Колунда бар шакирти салып берген, ыр дүйнөсүндө белгилүү «Банан өжүрөсү» күйүп кеткен соң, он жылдай бүткүл Жапон аймагын жөө кыдырып, өмүрүн жолоочу (дервиш) жашоодо өткөргөн. 1694-жылы шакирттери менен жер кезип жүргөндө, Осакада каза болгон.
Дагы бир кытайлык атактуу акындардын ичинен Тао Юань-миндин (Тао Цянь) өмүр жолуна көз чаптырыңыз. Анын ата-теги түпкүлүгүндө башкаруучулардын үй-бүлөсүнөн чыккан, ата-энеси анчалык чоң эмес мансапка ээ болгон. Жыйырма тогуз жашында иштей баштайт да, кырк бир жашында кичирээк бир аймактын башкаруучусу даражасына жетет. Капыстан эле күтүлбөгөндөй чечимге келип, кыйналып араң жеткен мансап-даражасын таштап, ээн-эркин болгонду эңсеп, эл кыдырып, ыр жазууга өтөт. Кырк төрт жашында капылет кырсык тооруйт. Үй-жайы алоолонгон өрттөн күйүп, эч бир буюм-тайымы калбай, ээн талаада жалгыз калат. Өзү башынан өткөргөн өмүрүнүн дүрбөлөңдүү учурларын, көз карашын поэзиясында өзүнүн акындык личносттун ар тараптан реалдуу чагылдырган. Эркиндик, өз алдынчалык, көз карандысыздык анын бийик туткан идеалы болгон. Адам деген ар дайым, ар качан эркин болууга тийиш деп түшүнгөн.
Аның сыңарындай таланттуу акын Н. Калыбеков акындык кредону бийик туткан, ырларына жасалмасыз, жоопкерчилик менен караган, көңүл түпкүрүндөгү ыр сабын этияттап, бапестеп, кастарлап жазган такыба акындардын категориясына кирет. Ыр анын өмүр-дүйнөсү менен кошоктошуп, жуурулушуп калган үчүн минтип сырын төгүп отурбайбы:
Шаракташып, шар суу менен шаң аккан
өзөн бойлоп оюн-күлкү салгым бар.
Күндү тосуп таң эрте, кайра кечте узатып,
Ай шооласын жамынып,
жылдыздарга сыр айтып
алачыкта, жалгыз жашап алгым бар.
Эмнегедир көпчүлүк акындар ыр жазган учурун, күндү, айдын числосун, жылын жазганга кызыга беришпейт. Нурланда да ырларынын кайсы күнү, канчанынчы числодо жазылганы берилген эмес. Акындардын чыгармачылыгынын эволюциялык өсүп-өнүгүшүндө, адабий процесстеги жекече ордун аныктоодо мезгил-убакыт чоң мааниге ээ. Бул дүйнөлүк практикада өзгөчө ролду ойнойт, албетте ырды эмес, пырды жазгандар үчүн эмес, классиканы, шедеврди жараткандар үчүн маанилүү.
