Келиниме

4/5 - (1 добуш)

Үлпүлдөк жоолугуңа
жарашып турган сенин
дүйнөңдөн өнүп-өсөр
келечек муунум менин.

Колдоруң илбериңки
мээримдүү эненики.
Жайнаган каректериң
жанган от… – бүт меники!

Буттарың жерге тийбей,
безилдеп чуркаганың
көргөндө: «Ашыкпа!..» – дейм,
ал бизди сыйлаганың.

Ашыкпа, кара жаным,
үйүмдүн шамы болгун,
уулумдун багын ачар,
түгөйү, жары болдуң.

Дүйнөдө көңүлү шат,
токпейил жүрсүн уулум,
күнөстүү шаарга айлансын,
сен конгон алтын тууруң.

Төгүлгөн саамайыңдан,
жарк эткен маанайыңдан!
Мен дагы келин болгом,
уул-кыз таап таалайымдан.

Сен дагы өнүп-өскүн,
уланып урпакка өттүң,
энелик парз тура бул,
жаңы муун өнүп-өссүн!

Туурума кут түштүбү,
Теңирим берди мага,
«Жан биргем – келиним!» – деп,
үйрүлүп турам сага.

Колуңда – тилегим бул –
карысам. өтөөрүмдө…
балаңдай башым жөлөп,
тура алсам этегиңе!

10.10.2016

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген