|

Кусалыгым турганда

5/5 - (2 добуш)

Кирпигимди кимди ойлоп кеч илем?
Имерилип жумшак түндүн четинен.
Кусалыгым кудайлатып турганда,
Жазгы куштар сапарынан кечигет.

Түндө көрдүм түштөрүмдү тартылган.
Сыпайыңкы тагдыр үндөп артымдан.
Күүгө кирип күндөлүктүү кечтерим,
Урунууда узун түндө жарты ызгаар 

Жоготуудан мурда аны тапкам бат.
Алп сырымды айгайлатып ак таңда.
Аркы-терки жол боюнан сызылат,
Өмүр алды өтүп жаткан каттамдан.

Биз абайлап баскан жолдор ээнсиреп,
Жоктойт түндөр кечээкинин карааның.
Кутманымдын кучагында гүл элем.
Кусалыгым кудай үнү баары анын.

Сүйүүм менен коруп алып бу шаарды.
Коңгуроосун угузууга дуушармын.
Кайран жылдар калдалаңдап турганда,
Канатына тагдыр каткан куш арбын!

  • 1977-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айылында төрөлгөн. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген