Кыз-жигит

4.5/5 - (2 добуш)

Бир кучак гүл көтөрүп, мырза келди жай басып,
Күткөн сымал гүлдүн ээсин, сейил багын айланып.
Жагоосун да оңдоп койду, бир аз эле муунгансып,
Саатын карай калды окшойт көңүлү да жайланып.

Ал аңгыча кыз келатты, аппак көйнөк кийинген,
Кубанычтан жүзү албырып, кирпиктери ийилген.
Шыңга бою көркүнө көрк кошкондой,
Сумкасы да куп жарашып, оң колуна илинген.

Мырза келип күтүп калды, гүлүн созуп даярдап,
Түшпөсүн деп, назик гүлдү кармап аны аярлап.
Сүрдөгөнсүп кетти окшойт, көгүш көйнөк тер басып,
Жете электе кызга сунуп, эки колдоп ал шашып.

Кыз да шашып, берген гүлдү колун созуп алганча,
Ала качып каректерин, экөө саламдашканча.
Эмне болду мага эми, эмне мынча шаштың деп,
Жемеледи ичтен өзүн мырза колун тартканча.

Күткөн мүнөт кирип келип, жолугушту кыз-жигит,
Бактылуудай сезим ойноп, экөө кетти ээрчишип.
Сөздөр бутпөй келатышты, жашоо болуп керемет,
Ээлешкенсип бүт ааламды, жүрөктөн сыр чечишип.

Бири-бирин көптөн бери тааныгандай сүйлөшүп,
Кичинекей сөзгө дагы каткырышып күлүшүп.
Көз ирмемден түшүнүшүп, сыр чечишип жүрөктөн,
Кеч киргенче сейилдешти, коштошо албай жүрүшүп.

Колдору да кайчылашып бекемирээк кармашып,
Карай берип кыйналышты улам көздөр арбалып.
Үнсүз тиктеп көздөр көзгө жооп айткандай тигилип,
Түбөлүккө бир болобуз деген чечим чыгарып.

  • 1971-жылы Суусамыр айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген