Небереме
Көз тийбесин, сөз тийбесин, ылайым,
периштемсиң белек кылган Кудайым.
Өзүң түгүл, сүрөтүңдү көрсөтпөй,
жүрөгүмө катып жүрөм чырайың.
Бул дүйнөнү кайра таанып, өзү – мен,
түшүнгөнсүйм неберемдин сөзүнөн.
Боор эт менен тең көрчү элем баламды,
неберемди артык көрдүм өзүмөн.
Аман болгун, опол тоодой кубатым,
сени менен узарды эми кулачым!
Неберенин кандай ширин экенин
билбегендер келип менден сурасын.
Ата-энеңе, эл-жериңе тирек бол,
Ата-журтка согуп турган жүрөк бол!
Бак-таалайлуу болуп, алтын неберем,
элиң сүйүп, сыймыктанар зирек бол!
20.05.2018
