|

Өксүк

Биринчилерден баа бериңиз!

(эссе) 

“Өмүр. Өлүм”. “Өмүр бар, демек Өлүм бар”. Болгону, аралыгы ар кандай. Жашоонун бул туруктуу философиясын атам заман, алмустактан эч ким, эч качан башкача кылып өзгөртүп, бурмалап, алмаштырып же жокко чыгара алган эмес. Андай болбойт, болушу да мүмкүн эмес. Ооба, барып-келип, эртеби-кечпи, азбы-көппү ар бирибиз ошол “Аксиомага” түптүз баш ийебиз. Башка жол жок. Өзгөчөсү, “Өмүр” өтө таттуу, күлкү жана шаң. Өкүнүчтүүсү, “Өлүм” өтө ачуу, Өксүк, кайгы жана муң!

Ушул “Аксиоманы” толук түшүнүп, акыл дараметим, аң сезимим кадимкидей жетип, туюп турсам деле аз мурун Токоюбуздун (Атакебиз) анча-мынча ооруй калып, акка моюн сунуп, бу жалгандан өтүп кеткенин кашайып эле кабыл ала албай, өйдөдө өзүм айтып өткөн “Өлүмгө” эч эле ыраа көрбөй, Токоюмду тирүүлүктөн “бөлалбай”, кыялбай, кыйналып жүргөнүм жүргөн.

Ишенесиздерби? Бүгүн, азыр деле Токоюм экөөбүз “чалкалап”, алкынган ат үстүндө жүрөбүз. Бучкактары чатыраган чаначтар, канжыгада чайпалып, болушунча чайкалып. Куржун толо күл-азык. Шамбет өтөк, Ботоштон алыскы жайлоону көздөй күтүрөтө жылкы айдап. Бери жагы Бел-Карасуу, Беш-Сары, Шамалдуу-Өтөк, Кемеса, Ак-Бейит. Андан ары, оо, Аксай тарапка, Таш-Рабат бел ашып, Чатыр-Көл, Культцентр, Сарт-Жол, керилген өтөк Кежигени, Кең-Суу, Балык-Суу, Кашка-Суу, Башка сууларды “кечип”, теңдеши жок эки айрылыш Тешик-Чап жайлоосуна жетип. Өргүп, ат арытып, орто жолдо конуп-түнөп. Атаңгөрү, ат жабдыктарынан эле таптатынакай кылып, ичмегинен бери ирээттеп салып берген Токоюмдун жыпжылуу “ээр төшөгүн” эстеп, ошого көшүлө жатып, уктагым келип, эңсеп.

Ээх, чиркин.

Арыраак, оң тарапта жатууга кам урган жаш жылкычы Төлөмүш байкенин эмнеге экенин түшүнбөсөң деле айлуу түндөгү жымжырттыкка жуурулушуп, жагымдуу маанай тартуулай кыткылыктаган күлкүсү. Сол тарапта, алысыраак жайгашкан Шейшен байкенин (Буденный) эрке талтаң баласы Абдыбекти адамдан башкача эркелеткени, угулуп-угулбай, үзүл-кесил чыйылдап чыккан үнү, “Дүмпөн балам, солдат балам, шалман балам, балбан балам, ж.б.у.с.”.

Кара көрпө ичиктин жакасына жашынып, кылтыйып, далайга көз ирмебей, көктү, кайдадыр шашып, ала булут аралап, жылбай эле кадимки Аккуу сымал кайкып учуп бара жаткансыган “супсулуу” толгон Айдын артынан “кубалай” тиктеп, жөн тиктебей, акыры-ын шыбырай, “Токойке, Айга ат менен барсак болобу, консок болобу?” – дегендей “кычык” суроо бергенге үлгүрүп.

Үн-сөз жок, оо бир топтон кийин, “Калжырабачы балам, укта гой, уйкуң канбай калат”, – деген чала-моңол жообуна ичим чыкпагансып, а бирок, “чын эле уктайын, уйкум канбай калбасын”, – деген ойго жетеленип, “жеңилип”, жоошуп, мемиреп, качан, кантип уктап калганымды билбей.

“Чекеткетейин, тур, аттарды токуйлу балам”, – деген Атакемдин мээримдүү үнүнөн “селт” этип чочуп ойгонуп, чала-була, көзүмдү ачып-ачпай эликтей секирип тура калганым.

Таптаза салкын аба, таңкы шүүдүрүм, бири-бирин сыга кучактай көшүлүп уктаган тестиер балдарга окшоп, узатасынан кеткен Кытай менен чектеш бөксө тоолор, “азыр чыгам” дегендей алдын-ала ишаратыбы, тээ чыгыш тараптагы аркайган тоолордун арасынан оттой жанып, жалындай чачырап, көздүн жоосун алган апакай саргыч Күндүн шооласы. Ар кай жерде жорголоп, аздан соң көк асманга атырылып чыгып, Ааламды жаңырта кубулжута сайраганга камынган, кайра-кайра канаттарын керип-чойгон боз торгойлор. Баары, бүт баары күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тасма болуп тартылып.

Балалык сансыз ой-кыялым чаржайыт алып-учуп, бир кездерде мурунду шор-шор тартып, акырдагы аттын кашек-чөбүн тазалап, короодо эле койдун, уйдун “погун” чыгарып, же көк муштум болуп жылгаяк тээп, жыгылып-кооп жүргөнүм менен ишим жок, ансайын Ай-ааламды түрө кыдырып, “саякаттап”, “тентип” кете бергенден тажабаган мен, оо, кийин-кийин бөтөн жер, бөтөн элдин арасында, белгисиз бир чет өлкөдө жашап калам деген ой үч уктасам түшүмө да кирбеген, билбегем.

“Тагдыр” деген немеге айла жок тура, көрсө.

“Көчөбүз” деген сөздү укканда көзүм күйүп, от чыгып кете жаздайт. Анткени Атам экөөбүз Аксай тарапка жылкы айдайбыз. Башкасын билбейм, мага ушул эле керек. Эмнегедир ушул “процесс” эс тарткандан эле каныма катуу сиңип, “Көчүү-конуу” деген өзгөчө “жыргал” менин көкүрөгүмө кыттай уюп калган. Ал “уюган кыт” Ата-бабаларыбыздын Улуу жолу, кылымдарды карыткан “Кыргыз Көчү” окшобойбу. Дал ошол канымда кайнаган “өзгөчө жыргал” менен “уюган кыттын” жандырмагы ушул болсо керек, “Улуу Көчтү” улагым келсе керек.

Фин жергесине “Көчүп” келген биринчи эле күндөн тарта “эмне кылышым керек, кандай кылышым керек?” – деген суроо башымды катырып, бирок, көп буйдалып, ойлонуп отурбай эле “Кыргыз Көчү” деген аталышта Ааламтордо (Фейсбукта) алгачкылардан болуп атайын топ (тайпа) түзүп, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган жалаң мен деген мекенчил боордошторумду чогултуп, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” дегендей, баарыбыз биригип, биргеликте ар кандай аталыштагы “рубрикаларды” ачып, тилибиз менен дилибизди, үрп-адат, каада салтыбызды, нарк-насилибизди, адабият менен маданиятыбызды, бүгүнкү жөн-жай жашоо турмушубузду болушунча жайылтууга жан үрөп, аз эмес жылдар бою тер төккөнүбүздү айткым келип кетти, эмнегедир. Ошол ар кандай аталыштагы “рубрикалардын” бири “Өксүк” эле.

“Өксүктү” көп жаздым. Чет жер деген чет экен. Өзгөчө, таанып билгендериң, чогуу жүргөндөрүң, бирге иштегендериң, Эл сыйына ээ болуп, калк каймагы аталып, аттын кашкасындай таанылып калган залкарлардын кайтыш болуп, арабыздан мезгилсиз өтүп, ар кандай шартта, замандаш-кандаштарың, жердештериң Өмүр менен кош айтышып, Акырет кетип жатканын укканда, улутунуп, кайгырып, кабыргаң кайышып, “Өксүбөй” коё албайт экенсиң. Эки ооз болсо да алар тууралуу жылуу сөз жазып, эл-журтуңа, алардын жакындарына кайрат айтып, эстеп, эскербей коё албайт экенсиң.

Чынымды айтайын, эмне кыла алам, эми минтип чыныгы “Өксүктүн”, өзөктүн өрттөнгөнүн, анын кандай ачуу болоорун аз күн мурун өзүмдүн жон терим менен сездим. Бүтүндөй жан дүйнөм жабыркап, тулку боюм тутулуп, өзөгүм өрттөнүп, “Өксүп” турганын чындап туйдум. Өмүр менен Өлүмдүн жыйынтыгы акыры келип “Өксүк” болуп калаарын дагы эми толук түшүндүм.

Өзүм көргөн жокмун, бирок Атамды ажал алып кеткен жок, Атам ажалга тике карап, ал жакка өзү кетти. Ооруп, жаны кыйналганын түк билгизбей, кадимкидей эле күлүп-жайнап, жылмайып, акыл-кеңешин, ал эмес керээзин тынымсыз айтып, алы келбей калганда карандаш, кагаз сурап, эң акыркы оюн чала-була жазганга үлгүрүп, андан соң баары менен, балдары менен астейдил коштошуп, бүтүндөй “тамыр, бутак-шактарынын” алдында, ажалга, Акыретке, келбес жайга өз эрки менен эле акыры-ын көзүн жуумп, сүзүлүп узап кете бериптир.

Атамдын ошол акыркы сааттардагы таң калыштуу айткан-дегендерин, кыймыл аракеттерин айтышканда мен так ушундай бүтүмгө келип жана ушул оюмду айныгыс кылып тастыктап, бекемдедим. Өзүнүн бүтүндөй ӨМҮРҮ менен да, жада калса ӨЛҮМҮ менен да баарыбызга ҮЛГҮ болуп, АДАМ деген атты аздектеп, таптаза кармап, татыктуу жана өрнөктүү жашап өткөн чыныгы АТАНЫН баласымын го деген тейде араң-зор арыма келип, “90 жашка чыккан бар, чыкпаган бар” дедим да, өзүмдү-өзүм сооротконго өтүп, “өксүгүмдү” жыйыштырып, өзүмө-өзүм кайрат, дем-күч берип, чыйралып, ал тургай сыймыктанып, кеч болсо да ушундай өөдүк-сөөдүк эскерүү саптарымды чиймелеп отурам.

Аркы дүйнөдө Акырет, анан Акыр кыйамат деген бар дешет, агер ошол чын болсо, Акыреттен жолугаарбыз, АТАКЕ!

Финляндия, Келсинки

Автор

  • 1960-жылы Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Сүрөтчүлүк, журналисттик кесиптерди аркалаган. 2013-жылы «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде Азамат Алтай атындагы орден менен сыйланган. Ааламтордо алгачкылардан болуп мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобун түзгөн. 2009-жылдан бери Финляндиянын борбору Келсинки шаарында жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген