| |

Өткүр Хашимов: “Жубатуу”

3.8/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Көрүстөндө терең жымжырттык өкүм сүрүп турат.

Жолдун эки жагына катар тизилген пирамидалуу теректер гана мүрзөлөрдүн үстүнө эңкейип турган уулдардай болуп, энелерине түбөлүк тынчтык тилегенсип акырын шуулдайт. Алардын муңдуу шуулдаганы курандын дубасына аралашып, жүрөктү сыздаткан кайгылуу обонго айланат.

Агарып калган сакалы өзүнө жарашкан, ак пахта кийимчен көр казуучу дубасын бүтүрүп, алаканын жүзүнө сүрттү да ордунан турду.

– Болду эми, уулум. Өзүңдү мындан ары кыйнаба. Бул – жашоонун мыйзамы. Дагы эмне дейсиң?.. – Ал бир азга унчукпай туруп, кайра сөзүн улады. – Энең жакшы аял эле. Алла аны аяды. Төшөккө таңылып калган жок, өзү да кыйналган жок, башкаларды да кыйнаган жок. Мындай тынч, жай өлүм ар кимге эле буйруй бербейт.

Мен али кургай элек көрдүн дөбөсүнөн көзүмдү албай тиктеп турдум да, ичинен ойлондум:

“Балким, чын эле ошондой чыгар…”

Апам өмүрүн тынч, жөнөкөй өткөрдү. Эч кимге жамандык кылган жок. Эч ким менен урушкан жок.

Балким, ошондуктан табияттын эң ырайымсыз элчиси – өлүм менен да талашкысы келбегендир.

Балким…

– Мына көрдүңүзбү, – деп сөзүн улады көр казуучу. – Ошол күнү нөшөрлөп жамгыр жаады. Биз аны жерге бергенче токтогон жок. Ал эми жаназасы бүткөндөн кийин эле күн ачылып, асман жаркырады. Мындай таза жүрөктүү адамдар аз болот, уулум. Мен билгенимди айтып жатам.

Балким, бул да чындыр…

Балким, адамдардын кайгысын көп көргөн бул ак сакал ар бир кайгы тарткан адамга ушундай жубатар сөздөрүн айтаттыр.

Рахмат сага, ата.

Рахмат – эртеби-кечпи ар бир адамга керек боло турган эмгекчил колдоруң үчүн.

Рахмат – адамдын кайгысын түшүнгөн боорукер жүрөгүң үчүн.

Бирок…

Эгер кеп жамгырда гана болсо кана…

Апамдын өмүрү дагы үч күнгө узарса, анын ордуна жамгыр эмес, асмандан таш жааса да макул болмокмун…

Мына, бир жумадан бери досторум, тааныштарым жана тааныбаган адамдар да үйүмө кайгыруу менен кирип-чыгып жатышат.

Айрымдары унчукпай отуруп, унчукпай кетишет.

Башкалары акырын сурашат:

– Апаңыз канча жашта эле?

Мен жооп берем…

Жооп берип жатып ойлоном:

“Эненин жашы болобу?..”

Боорукерликтин жашы болобу?

Мээримдинчи?

Берилгендиктин жана ишенимдүүлүктүн жашы болобу?

Мурда мен бир гана чындыкты билчүмүн.

Эне үчүн баласы канча жашка чыкпасын, ал дайыма бала бойдон калат.

Эми болсо дагы бир чындыкты түшүндүм.

Көрсө, бала үчүн да эненин жашы болбойт экен.

Эне – эне.

Баары ушул сөздө айтылган.

Өзбекчеден которгон Жанаргүл Жолдошова

  • (1941–2013)

    Белгилүү өзбек совет жазуучусу, журналист жана коомдук ишмер. Өзбекстандын эл жазуучусу наамын алган, чыгармалары адамгерчиликке, чындыкка жана мекендештердин турмушуна арналган.

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген