Пардалар
(ыр түрмөгү)
Парда бар үйдөн сыртты бөлүп турган,
парда бар ичти-тышты көрө турган.
Парда бар эки дүйнө ортосунда,
көрүнбөй жашообузду бөлө турган.
Парда бар күндүн нурун калкалаган.
Парда бар жүзүбүздөн байкалбаган,
кызганыч, көрө албастык, бой көтөрүү
сезимин ичке катып тайсалдаган.
Парда бар ак-каранын ортосунда.
Пардалар… өмүр анын коштоосунда
бейпайга түйшүктөргө батып келет,
жаманын ары түртүп койбоппуз да-аа!..
Кызык, жашоо…
* * *
«Май көл, сүт көл», берекелүү заманада,
эң майдачыл, сары эсеп болдук неге?
Манастагы айкөлдүк, баёолукту,
заманды кууп, унутуп койдук беле?..
Кызык, жашоо…
* * *
Териштирип болбогон мамилени,
майдаланып сөзгө, көз карашка…
майдалап бул дүйнөнү бир сулуу жан
муштумдай чеңгелинде эзип жатса,
мен кичирип, андан кечирим сурадым:
« – Бул дүйнө опол тоодой! Тоо бойдон
калалы – деп, – болбоско майдаланбай,
тоого жол салалы!» – деп. Өкүнүчтүү!..
Капилеттен, сулуунун жылуу жүзү
тайыды көңүлүмдөн. Ал өзү «майдаланып»,
заматта түзгө айланып, күбүлдү өмүрүмдөн.
Кызык, жашоо…
