Расул Рза: “Эми баары башкача”
Бир күн менден
Сурап калды жакшы кеп –
Кандай көздөр жакшы? – деп
Билбейм дедим,
Мен ал кезде билбегем,
Мүмкүн анда,
Чын берилип сүйбөгөм…
Азыр билем,
Азыр айтам сөздөрүм,
Эң сулуу көз –
Сүйгөнүмдүн
Кара күрөң көздөрү.
Бир күн менден
Сурап калды жакшы кеп –
Кандай чачтар жакшы? – деп.
Билбейм дегем,
Мен ал кезде билбегем.
Мен ал кезде
Али эч кимди сүйбөгөм.
Азыр келсе,
Айтам азыр башканы
Эң жакшы чач –
Сүйгөнүмдүн
Тармал кара чачтары!
Менден бир күн
Сурап калды жакшы кеп –
Кимдин үнү
Жүрөгүңө жакты? – деп
Билбейм дегем,
Мен ал кезде билбегем,
Мен бирөөнү
Анда чындап сүйбөгөм.
Азыр болсо айтар элем:
Сеникиндей назик үндү
Укпаганмын дүйнөдөн!
Мына азыр,
Карап туруп,
Кара көзүн, каштарын,
Балабыздын
Сылап тармал чачтарын,
Сурашса эгер
Билбейм дебейм, билемин.
Билсин баары,
Баары билсин – тилегим,
Сен аруусуң,
Сен сулуусуң баарынан
Ал анткени
Мен өзүңдү сүйөмүн.
1954
Азербайжан тилинен которгон Бакыт Джунусалиев
