|

Сабина Сайгун: “Адабият адам өзүн бөтөн сезбей калган жерден башталат”

4/5 - (4 добуш)

Сабина Сайгун – жазуучу, акын жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан чыгармачыл инсан.

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы адабий-маданий байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, эки элдин чыгармачыл чөйрөсүн жакындаткан адабий көпүрө болуп келет. Сабина Сайгундун демилгелери аркылуу кыргыз жана азербайжан адабият өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтык, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий долбоорлор өнүгүп келет.

Анын чыгармачылыгы жана коомдук-маданий ишмердиги эки элдин өз ара түшүнүшүүсүнө, достугун бекемдөөгө жана адабий баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Ошол себептен Сабина Сайгундун маеги назарыңыздарда.

– Сабина, бүгүнкү күндө сиздин чыгармачылыгыңыз ар кайсы өлкөлөрдүн окурмандарына белгилүү болуп баратат. Сиз үчүн жазуучу болуу эмнени билдирет?

– Мен үчүн жазуучу болуу баарынан мурда башкалар кээде байкабай өтүп кеткен нерселерди көрө билген адам. Бирөөнүн кайгысын, жалгыздыгын, ички күрөшүн, жакшылыктын кичинекей көрүнүштөрүн байкай билүү.

Мен адабиятты эч качан жөн гана кесип катары кабыл алган эмесмин. Адабият – адам менен ал өзүнө да айтуудан корккон нерселер тууралуу сүйлөшүүнүн бир жолу.

Мен үчүн китептин акыркы барагын окуган соң окурман аны жөн гана жаап койбостон, жок дегенде бир азга ойлонуп калганы маанилүү: Мен туура жашап жатамбы? Кечире аламбы? Сүйө аламбы? Бүгүн мен жардамым керек болгон адамдын жанынан кайдыгер өтүп кетпедимби?

– Ошондуктан сиздин чыгармаларыңызда философиялык жана психологиялык темалар көп кездешеби?

– Балким, ошондой. Мени дайыма адам тандоо алдында турган учур кызыктырчу. Баары жакшы жана түшүнүктүү болуп турган учур эмес, туура жооп жок болгон учур кызыктуу.

Эмне күчтүү – сүйүүбү же намыспы? Кыянатты кечирүүгө болобу? Адамдын башка бирөөнү соттоого акысы барбы? Өлүм алдында адамда эмне өзгөрөт? Жакшылык менен жамандыктын чеги кайсы жерден өтөт?

Мен окурманга даяр жоопторду бергим келбейт. Каарман менен аны бир катарга коюп, тандоону өзү жасашына мүмкүнчүлүк бергеним мага кызыгыраак.

– Кыргызстан сиздин чыгармачылык жашооңузда кандай орунду ээлейт?

– Өзгөчө орунду ээлейт.

Кыргызстан мен үчүн адабият картасындагы жөн гана географиялык чекит эмес. Бул жерден сөзгө, адабиятка, тарыхка жана салт-санаага абдан аяр мамиле кылган адамдарды жолуктурдум.

Кыргызстандын адабий жана маданий чөйрөсү менен болгон байланышым бара-бара абдан терең болуп кетти. Бул мейкиндиктин бир бөлүгү болуу, жазуучулар, окурмандар, маданият өкүлдөрү менен баарлашуу мен үчүн чоң сыймык.

Бул жерде адабиятка китептен да чоң нерсе катары – улуттук эс-тутумдун бир бөлүгү катары мамиле кылган өзгөчө урматты сезем.

– Маданияттарды жакындатуу сиздин максаттарыңыздын бири деп айтууга болобу?

– Ооба. Убакыт өткөн сайын муну барган сайын ачык түшүнүп жатам.

Адабият аркылуу Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн ортосунда дагы көптөгөн адамдык байланыштар түзүлүшүн каалайт элем.

Маданият саясат менен география кээде чек ара түзгөн жерде көпүрө курат.

Эгер китептин жардамы менен адам башка элге, анын тарыхына, дүйнө таанымына кызыгып калса – демек, адабият өзүнүн маанилүү миссиясын аткарды.

– Сиздин чыгармаларыңыз бүгүн ар кайсы өлкөлөрдүн окурмандарына жетүүдө. Эл аралык окурман сиз үчүн канчалык маанилүү?

– Мен үчүн биринчи кезекте окурман адам катары маанилүү.

Албетте, китептеримдин географиясы кеңейип жатканы мени кубандырат. Бирок эң баалуусу – мен эч качан көрбөгөн адамдан билдирүү келип, анын: “Бул окуядан мен өзүмдү тааныдым” дегени.

Ошол учурда аралык, улут жана тил деген түшүнүктөр жоголот.

Автор, окурман жана алардын ортосундагы окуя гана калат.

– Жазуучунун коомдогу ролуна кандай карайсыз? Жазуучу адабият менен гана алектениши керекпи?

– Менимче, муну ар бир автор өзү чечет.

Бирок мен үчүн адабиятты жашоодон толугу менен бөлүп коюу кыйын. Эгер сен боорукерлик, адамдык ар-намыс, балдар, аялдар, үй-бүлө, жакшылык жана адилеттүүлүк тууралуу жазсаң, китепти жаап коюп, айланаңдагы ушул нерселерди байкабай коюу мүмкүн эмес.

Ошондуктан мен үчүн маданий жана кайрымдуулук демилгелери, адамдар менен жолугушуулар, коомдук жашоого катышуу маанилүү.

Сөздүн баалуулугу анын артында иш-аракет турганда өзгөчө күчкө ээ болот.

– Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштар үчүн дагы эмнелерди жасагыңыз келет?

– Ар кайсы өлкөлөрдүн жазуучуларын, окурмандарын жана маданият өкүлдөрүн бириктирген долбоорлорго катышкым келет: адабий жолугушууларга, котормолорго, китеп презентацияларына, биргелешкен маданий иш-чараларга.

Айрыкча жаш муунду коңшу элдердин адабияты менен тааныштыруу абдан маанилүү деп эсептейм.

Биз кээде ойлогондон да бири-бирибизге жакынбыз. Болгону бири-бирибизге өз окуяларыбызды көбүрөөк айтып беришибиз керек.

Маектешкен Ырысгүл Изатова

  • 1994-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.  Республикалык сынактарда "Сезим күүсү",  "Эң мыкты поэзия" номинациясынын жеңүүчүсү. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген