| |

Сергей Есенин: “Аялга кат”

5/5 - (1 добуш)

Эстейсизби? Менин да ал эсимде,
Бөлмөдө сиз улам басып, оо анда,
Ачуу сөздү айтып менин бетиме,
Мен жөлөнүп турган элем дубалга.

Сиз айттыңыз: сенден кетем, жетишер,
Бул шайкелең, мас турмушуң жадатты.
Ылдый кулап кетсең өзүң кете бер,
А мен жаңы жашоо баштайм ардактуу…

Сүйүктүүм ай, сүйбөптүрсүз сиз мени,
Жок дегенде койбопсуз бир түшүнүп,
Зоруктуруп чабылган ал кезимди,
Оозун көбүк баскан аттай күйүгүп.

Жол көрсөтпөй коюу түшкөн тумандай,
Билбептирсиз, астын-үстүн турмуштун
Оор түнүндө өз абалым көрө албай,
Жар боорунда жан карайлап тырмыштым.

Жакшы көрбөй көзгө жакын турганды,
Алыс жактар, билем, даана көрүнөт.
Кеменин көр ит ыйлачу абалын,
Деңиз толкуп кирген кезде капилет.

Жер – бул кеме. Кимдир бирөө кемени,
Жаңы турмуш, жаңы жашоо, даңк үчүн
Сыймык менен толкун көздөй беттеди,
Жиреп кирип бурганактын коюусун.

Палубада турган көп эл ичинен
Кимдер гана жыгылбады, наалышып.
Аз гана адам чоң максатты түшүнгөн,
Кайрат менен бекем турду карышып.

Ошондогу ый, ызы-чуу алдында,
Өз ишимди жүргөн мен да так билип,
Түшүп кеттим кемедеги трюмга,
Чыдай албай, тургандарга эчкирип.

Ошол трюм болду орустун кабагы,
Стакандан баш көтөрбөй олтурдум.
Көрбөйүн деп азап тарткан жандарды,
Масчылыктан келди өзүмдү жок кылгым.

Сүйүктүүм ай, кыйнап койдум көп сизди,
Куса кылдым көздөрүңүз чарчаган.
Жаңжалдарга кордоп алтын өмүрдү,
Алдыңызда мен жоголуп баштагам.

А бирок да билбегенсиз сиз анда,
Астын-үстүн баш айланткан турмуштун
Оор түнүндө өз абалым көрө албай,
Жар боорунда жан карайлап тырмыштым…

. . . . . . . . . . . . .

Жылдар өттү, азыр башка курагым,
Сезим дагы, ой жүгүртүүм башкача.
Майрамдарда ыраазы тост айтамын,
Ал адамга бизге жолду баштаган.

Бүгүн мына сезим менен бир назик,
Сизди кыйнап жүргөн кезим эстедим.
Шашып турам сизге баарын айтсам деп,
Мен ким элем, ушул күндө ким болдум.

Сүйүүм менин, кубанычтуу бар кебим,
Чыгып кеткем типтик жардан кулабай.
Бул күндө мен тарабында Кеңештин,
Сапарлашы болдум өжөр, сыналган.

Ушул кезде мен эмесмин мурунку,
Сизди азапка азыр салмак эмесмин.
Жаркын эмгек, эркиндиктин туусу үчүн,
Керек болсо Ла-Маншка да жетермин.

Кечириңиз… Азыр сиз да башкасыз,
Бай, акылдуу күйөөңүз бар, билемин.
Эми сизге биздин ал кез кызыксыз,
Менин да анан таптакыр жок керегим.

Жылдызыңыз дайым жансын жаркырап,
Жакшылыктын көрүңүз көп, неченин.
Салам айтып, сизди унутпас ар убак,
Таанышыңыз, сиздин Сергей Есенин.

Автор

  • 1972-жылы Алай районунун Гүлчө айлында туулган. 1994-жылы Кыргыз Улуттук университетинин физика-техникалык факультетин бүтүргөн. Ошондон бери КРСУда, КУУда иштеп келет. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Акын, котормочу.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Есениндин эң мыкты поэзиясы Нурланбек байкеге чоң рахмат

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген