Сүйүнчү!
Сүйүнчү! Эли-журтум,
уулума келин алдым!
Ак жүздүү келиниме
сүттөй ак жоолук салдым!
Чачыла чаччы, Теңир,
ырыскы, бак-дөөлөттөн,
дени сак өмүр бергин,
эки жаш өнүп-өссүн!
Сүйүнчү! Улуу тоолор,
койнуңда түтүн булаар
жаңы жаш бүлөнү күт
өмүрдүн көчүн улаар!
Сүйүнчү! Ысык-Көлүм,
көлдөй кең кешик бергин!
Небере бөлөйүн мен,
Бугу эне, бешик бергин!
Колдоочу, Умай энем,
колдой көр балдарымды!
Балдарым, суранарым,
сыйлай көр алганыңды!
Жалпы журт, эл менен бол,
сый күтүп, көңүлгө тол!
Тирегиң – ага-тууган,
ата-эне жөлөгү бол!
Кайышпа барга-жокко,
бактылуу мүнөттү сез,
сагынтып турар балким
бактылуу дал ушул кез.
Сүйүнчү, жарык дүйнө,
кең аалам уч-кыйырсыз!
Балдарым жолумду улайт,
уч, мезгил, алдыга сыз!..
Такаатсыз бул дүйнөдөн
өтөөрмүн арманым жок.
Мен кантип жашамакмын,
балдарым, алганым жок.
Сүйүнчүм бөлүш, ЖАШОО,
бейиш жок дал сенчелик!
Өксүгөн – бул турмушта,
сүйүнсүн дал менчелик!
16.10.2015
