Тарбия

4/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

– Ой, бул турмушуң кызык неме экен го. “Жакшыдан жаан, жамандан мөөн” дегендей тигил сугатчы Темирбектин баласы мыкты окуйт, жүргөн-турганы үлгүлүү деп эле мугалимдер макташат. Деги эле баланын сергек, зирек, болмогу ага акыл айткандан деле эмес окшойт! – деп калды бир жолу эл чогулган жерде кырдана сүйлөп өзүнүн байлыгына, даңкына чиренген бирөө.

Ак эмгеги менен элге алынып эл ичинде урмат-сыйга арзыган жакшы бир адам жөнүндө бул адамдын минтип сүйлөгөнү көпчүлүккө жага бербеди. Угуп отурган боз үйдөгү отургандар эмне дешерин билишпей астыртан бирин бири карашты.

Аңгыча төрдө отурган салабаттуу бир аксакал адам ордунан обдула берип сөз жөнөттү:

– Айткан кебиңде калет жок иним. Бирок ошол сен айтып жаткан жаман Темирбек таң азандан талаада суу жайып жүрүп, суудай тазалыкты күткөн. Ачуу тийген күн нурунан какталып жүрүп жүрөгүнө ыйык отту топтогон. Таза абадан дем алып, сезимин тазарткан, маңдай терин кургаткан. Ошентип, ал үйүнө булактын тунуктугун, күндүн аптабын, кең талаанын салкын соккон желин алып келип турган. Бала-чакасын да ошол ыйык нерселер менен оозанткан. Ал эми сен жакшы дегендер болсо дыйкан айтпаган укмуштуудай акылды ашкере шыкаганы менен ошол кебине төп келбеген кылык-жоруктарына батып, жагынпоздук жана кара өзгөйлүк иш менен арам тамак таап, ошол тамак менен оозанткан. Акылдын мурда уурунун ашы ушактын уусу жаш жүрөктү туткандар алат! “Куш эмнени көрсө, учканда ошону алат” – деди.

Отургандардын оюн окугандай таамай айткан бул аксакал карыяга мен да ыраазы болуп турдум.

Ырас, эң ириде биздин балдарыбыз тарбияны өзгөдөн эмес өзүбүздөн алары чындык эмеспи.

  • 1979-жылы Токтогул шаарында төрөлгөн. Учурда Бишкекте жашайт. Бала кезинен буту ооруп үйдө.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген