|

Үгүтбригада

5/5 - (1 добуш)

(Жыргал замандан бир шиңгил икая)

Биздин убакта шаарга келип окууга өтпөй калгандар өтө бир осол иш кылгансып айылга кайтып барганды намыс көрүшчү. “Баланчанын баласы окууга өтпөй кулап кайтып келиптир!” деген жагымсыз кабар айылга заматта желдей тарап кетчү, мугалимдер жер – сууга тийгизбей мактаган отличник балдар кыздардын кайкайган намыстуу баштарын жерге салдырып, демин сууткан, дымагын каккан жагдай – окууга өтпөй шалпайып айылга кайткан мына ушундай учурлар эле. 

Эсимде, менин бир классташ досум Фрунзеге келип, беш жыл катары менен юрфакка тапшырып өтпөй жүрдү, бир жери менен иши жок камбагалдын прокурор болом деген аттын башындай арманы менен ширин кыялы ошол бойдон ишке ашкан жок. Атасы эл башкарган биргат эле, “уулум прокурор болот, соттун окуусун окуп атат” деп ар кимге мактана бакылдап жүрүп ааламдан өтүп кетти бечара, уулу болсо окубай-этпей эле Фрунзе заводунда катардагы карапайым жумушчу болуп жүргөнүн, жылда жылас калгыр юрфакка тапшырып, жылда “чабылып” жүргөнүн а киши түк билген жок. 

Онунчуну аяктап шаарга келип, мен да окууга өтпөй калдым, журналистика факультетине эки жылдык эмгек стажы менен гана алат экен, ошондуктан үйдөгүлөрдүн кеңеши менен политехте мугалим болуп иштеген алыс жакыныраак жездемди караан тутуп, документтеримди ошол жакка тапшырдым. Ишенген Мамытбай деген жездекем да, – агезде жождун мугалимдеринин аптарыйкаты асманда, шаанисине палоо бышып турган замандар эле, – өкүртө пара алып көнгөн неме окшойт, менин куру кол келгенимди, кебетемди бир карап туруп эле билди окшойт, мага болгон кызыгуусу салам алик кылгандан кийин эле жоголду, мен так экзаменге кирер алдында отпускеге чыкты да, Көлдү көздөй уруп кетти; эжекем болсо бир аптага жеткирбей “үка, ордуңду тап” дебеле ачык айтып батиринен (ансыз деле балконунда жашап аткам) сылык кууп чыкты. 

Тууган деп эш тутуп келген немелереден да, уу-дуу түшкөн шаарынан да көңүлүм үч көчкөн журттай калып, пейили кенен айылга кайттым да армияга кеткенче колоктоп бош жүргөндөн көрө деп райондук маданият үйүнө жасалгалоочу-сүрөтчү болуп ишке орношуп алдым (баса, бул кесиптин үзүрүн армиядан көрдүм). Мектепти жалаң бешке окуп бүтсөм, талаага чыгып кетмен чапмак белем. Кылган эле жумушум – коюла турган кинонун афишасын жазам, анан майрамдар сайын: “Жашасын Советтер Союзунун коммунисттик партиясы!”, “Беш жылдык планды үч жылда аткарабыз!”, “Айылда жашасаң техниканы башкара бил!”, “Бүт классыбыз менен колхозубузда калабыз!”, тиги-бу деген сыяктуу эмгекчилер парадка көтөрө турган кызыл-тазыл ураан плакаттарды жазмай. Айтор, жашоого нараазы эмес элем, ай сайын 27 сом (рубль) 60 тыйын айлыгымды алып коюп иштеп жүрдүм. 

Жыргап жүргөнүмдү бирөө жеткирип барганбы же өзү байкаганбы, айтор, бир күнү маданият үйүбүздүн деректири, таланттуу обончу жана аткаруучу, Аксынын кулуну, ыраматылык Абдыкерим Алымов, – абдан маданияттуу, сылык жигит эле, – мени кабинетине чакырды да: “Алыскы кыштоолордогу чабандарга маданий тейлөө көрсөтүү үчүн райкомдун тапшырмасы менен атайын үгүтбригада түзүлдү. Сени ошол автоклубка башчы деген кызматка дайындадык, мындан ары ошол автоклуб менен иштейсиң. Бул жерде быкшып жата бербей, таза абага чыгып, кыштоолорду кыдырып кел”, – деди. Шеф айткан соң жок дей албайсың, куп болот дедим. 

Маданият үйүнүн орустар “буханка-бөлкө” деп койчу менчик “Рафиги” бар эле. Жалаң шагыраган эркектерден куралган биздин үгүтбригада ошону минип алып жумасына бир жолу алыскы короолорго чыгып, малчыларга лекция окуп, концерт коюп жүрдүк. Жашырган менен болобу, үгүт топтогу артисттерибиз (чыгармачыл адамдар эмеспи) узун жолду ичкилик менен кыскартууга ышкыбоз адамдар болуп чыкты. Айла жок, коомдон өзүнчө бөлүнүп сыртта кала албайсың, кемеге түшкөндүн жаны бир дегендей мен да аргасыздан катарга кошулдум. Чоңубуз да, демилгечи анабашыбыз да деректирдин оң колу Маннап Максымович деген киши. 

Жетекчилик артистердин тамак-ашына деп атайын акча бөлүп турчу. Машине ордунан жылаары менен эле шеф шоопурга: “Сапаш, центрдеги көк дүкөнгө кайрыла кет!” деп буйрук берет. Дароо бирөөнү чуркатат. Тиги урган бойдон барат да 1-2 кил колбаса, 2-3 банке “кильки” балык, бөлкө нан, анан албетте 2 шише “экстра” арактан апкелет. Тамак-азык келери менен Маннап Максымовичтин салабаттуу, сүрдүү өңүнө кан жүгүрүп, көздөрү упчу көргөн наристеникиндей күлмүңдөй түшөт, алакандарын ушалап жиберет да шак эле: “Сапаш, давай, куй эми бирден, сыртта суук да сай-сөөктөн өтө кычырап турат, биртике ичти жылытып албасак болбойт. Партиянын тапшырмасы деп өлүп кетелиби эми!” – деп чый-пыйы чыга бакылдап жиберет. 

– Биз, артисттер, жан дүйнөсү үлбүрөгөн назик адамдар болобуз, бизге шарапсыз (Омор Хаямды туурап, бүт эле ичкилик атмайды а киши ушинтип койчу) жашоо кыйын, алтургай жашоонун кызыгы да жок! – деп чулчуңдата колбаса чайнаган шеф аңгеме баштайт. – Ургаачыларга карата ашыглык сезимин эсепке албаганда, шарап бардык замандарда биздей чыгармачыл жандарды алдыга түрткөн, шыктанткан зор кыймылдаткыч болуп келатат. Мотор деп коёюнчу. Ар бир атактуу акын өзүнүн тамшандырган ырларын, кайталангыс сонет казалдарын эмненин таасири астында жараткан? Туура, шараптын. Бирок карагыла, ичет деп эле түбүнө түшүп кетпегиле, ченемди билгиле. Ошондо баары во болот! Ичип жатып алсаңар, анда пачак болуп бүткөнүңөр, ошол, кайсы бир күнү бир кашаанын түбүндө тыркыйып жаткан бойдон күм-жам болосуңар. Ит билеби, араңардан балким Эрмек Мойдуновдой же Утёсовдой атактуу ырчылар, же жогеле дегенде жооптуу кызматта иштеген мендей мыкты жетекчи чыгаар. Менин айткандарымды ошондо эстеп, ыракмат дээрсиңер. Бирок мен буга анча деле ишенбейм, анткени силердин ырайы-башараңар суук, түн ката жойлогон каракчыдан айырмаңар жок, чеккениңер насвай, ичкениңер барматуха. Анан ушу силерде чоң сахнага чыга турган дем кайдан болсун? А чоң сахна дегениң, үкөлөрүм, биздикиндей кейпи кеткен, полун ар жеринен чычкан кемирип кеткен жыртык пол эмес, ал касиети өзгөчө, сүрү калтыратаар сырдуу жер, чоң сахна жарк эткен чыныгы таланттарга гана багынат! Бирок кыялдана бергиле, анын зыяны жок, – деп узун насаат сөзүн айтып туруп алат, бирок эки көзүн бөтөлкөдөн албайт. 

Жүздөн үчүнчү жолу алгандан кийин шеф Маннап Максымович табына келип кызып калчу да, айный баштачу, тартынбай-этпей эле итинеби же эшегинеби кырча тиштетип алып кыскарып калган сөөмөйүн чычайта мактанып кирчү.

– Мен студент кезде группадагы эң мыктысы болчумун. Артыман не деген сулуулар жүгүрбөдү кургурлар. Рыспай менен эки жолу кол алышкам. Алтынбек Сапаралиев менен да үлпөттөш шерикмин. Каныкей Эралиеваны болсо силерди көргөндөй эле күндө көрчүмүн! Силер мынабу шалдыраган машинеде чогуу отурсам эле ойлойт окшойсуңар мени жүргөн бирөө деп! Силер мени өзүңөрдөй кеңкелес көрбөгүлө? Эх, атам катын алып берип үйгө байлап койбогондо мен да шаарда калып, дагы окуп, балким Паваротниктей, Карузодой же бери эле дегенде Кобзондой атактуу ырчы болуп кетмекминби, ким билет. Эй, галдирбаштар, деги силер деги мага ким болуп кетипсиңер, жүрөсүңөр да эптеп бутка чалышып. Мен Фрунзенин, Оштун көчөлөрүн таптап, башкесерлер байырлаган Кокон базардан самса жеп жүргөн жигиттерденмин, эй, билдиңерби! Кимиңдин колуңан келет бул? Силер сары чака тыйынга арзыбаган кунарсыз, бечара жашооңордо деги эмнени көрдүңөр? Покту да көргөн эмессиңер! Мен… мен деген…

Так ушул маалда кепке Хамитжан аттуу өзбек кесиптешибиз аралашты. Ал абдан шайыр, тамашага жакын жигит эле. Тордо, рубапта (өзбектердин улуттук музыкалык инструменти) ойноп, ырдачу. Маннап Максымович экөө теңтуштардай катуу тамашалашчу, бирок эзели бирине бири тарынчу эмес. 

– Э, Маннап аке, сиз Ошто окудум дедиңиз а? Хоп дейли. Анан Фрунзада жашаган Каныкей Эралиеваны кантип күндө көчөдөн көрчү элеңиз, чоту окшошпой калып ататко бул жагы, шеп? Паворотник деп атасызбы? Бул машиненин бурулганда лыпылдап күйгөн чырагы го, ушундай да ырчы барбы? Лапшаны илип аткан жоксузбу? – деди бизге жымыңдай көз кыскан Хамит. 

Кызык жерине келгенде сөзүн оозунан жулуп алган мындай орой кийлигишүүдөн Маннап Максымович бышкан дарбыздай “тарс!” эте жарылып кеткендей болду, ошол замат шатырата коё берди:

– Эй, жаппашамат сарт! Сен галжирапсиң! Мен эмне десем ошондой! Поворотник эмес Паваротти деген француздардын (италиян экенин Маннап аке билбейт окшойт) улуу ырчысы бар, көк мээ! Сен сандалган дарбадар, тым отур, болбосо азыр алдыгы көчүгү томпок дутарың менен кошо сыртка ыргытам, кысталак! Сапар үка, токтотчу бир кылбатыраак жерге, даарат ушатып албасам калта болбой кетти! 

Артистердин баары кыраан-каткы, Хамит болсо шыпылдап арак айлантат кайрадан. Таң калганым, бир короого жетип токтосок элдин баары өзү түштү, бирок шопур акебиз Сапарды кабинадан сууруп чыгып көтөрүп түшүрүштү! Көрсө, машине айдап келаткан Сакең да сапар үстүндөгү зыяпаттан четте калбай, куурап калган көсөөдөй тарбайган колунун манжалары менен байкатпай, улам тегеренип жаткан ыстыкандан илип алып согуп келаткан турбайбы… Шопурлар айткан жанагы “автопилот” деген ушул окшойт деп калдым. 

*   *   *

Бир топ жол жүрүп, жол жүрсөк да мол жүрүп, түш ченде бир койчунун короосуна жеттик. Ысык менен суукка карабай коомдук малды семиртип, эл менен партияны багып аткан   чабандарга совет өкмөтү абдан кастарлап мамиле кылаар эле. Азыркы капиталисттик Кыргызстанда кудайын тааныбай көпкөн соттор менен прокуролорду социалисттик Кыргызстандын бийлиги ошол чабандарга уполномочун кылып бирден короого айдап ийчү. Резиңке өтүктү кийген сот менен прокурор акелериң күнү-түнү короодо чыла кечип, чабандын көзүнүн карасы менен тең айланып, не кеми-көсү болсо дароо бажарып турчу. Кудай бетин салбасын, чабандын оозунан бир ооз эле нараазы сөз чыкчу болсо, партия алардын эки көзүн оюп алчу. Бул эми азыркы жаштарга жомоктой угулаар…

Биз келген короодо да райондук бир жетекчи нөөмөттө экен, салдаттай какыйып короонун оозунда туруптур барсак. Үгүтбригада шаанисин кылып Самат бапылдата аккордеонун тартып, Хамит дутарын, Азамат манделинин чиңкилдетишип, мен гитараны кыңгырата уруп өзгөчө шаң менен ырдап түштүк. Чабан, бала-бакырасы, уполномочуну, сакманчылары менен ичкериден жапырт чыгып, иттеринен өйдө баары жардана карап туруп калышты.

Маннап Максымович эл аралык абал туурасында лекция окумак, “Гондураста абал дагы эле чатак”, – деп баштаганда эле чабан шарт кести:

– Жолдош артисттер, концертти баштагыла, күн сууктап кете электе. Лекцияга ыраазыбыз, Гондурасты радиодон эле угуп алабыз.

Жолду ката майдалап келген арактын табы менен маданий тейлөөнү бир сааттай убакта бүтүрдүк да кеткенге кам урдук. 

– Үйгө киргиле, чай даяр! – деди чабан. – Үшүгөн жоксуңарбы? Беркиден кандайсыңар? Кыттай-кыттай а? – дегенде Маннап Максымовичтин кубарып бараткан жүзүнө кайрадан кан жүгүрүп, алаканын ушалап, кубанганынан өзүнөн өзү карсылдап каткырып жиберди! 

– Ап, баракелде, мына бул айтканыңыз башка кеп, атаңызга ракмат, жолдош старший чабан Баланчаев, киребиз албетте, сиз чакырып атсаңыз биз кантип кирбей кетебиз, – деп чабанга жагалдана аны ийнинен имере кучактамыш болуп үйүнө бет алды, артынан биз ээрчидик. 

Куурдактан тоё жеп, беркиден сеп этип алган соң кийинки чабандын четки короосуна бака-шака түшүп атып тез эле жетип бардык, артисттердин ырасмисине сала дагы шаңдуу ырдап түштүк эле, ичкериден чапанын желбегей салып алган чабан чыга келди да шатыратып коё берди:

– Ток… токтот наамайы дутарыңды, кысталактар! Иттин баарын чочутуп! Келс… келсең тынч келбейсиңби! – булдурактаганына караганда шербет суудан уруп алгандай.

Турган ордубузда катып калдык. Не болсо да замдеректир деген сөөлөтү сүрү бар Маннап Максымовичтин тамылжыган жүзү мындай орой мамиледен кара көк тарта түштү да, алдыга бир кадам таштап богооз койчуга бек-бек жооп кайтарды:

– Жолдош чабан Баланчаев! Биз бул жерге сиздин жеке чакырууңуз менен келген жокпуз! Бул не дегениңиз? Биз деген партиянын тапшырмасы менен маданияттуу тейлөө көрсөтүү үчүн келдик. Кыязы, аз-маз аппак суудан ууртап да алган окшойсуз, бул кандай? Өзүңүз коммунист чабан болсоңуз, коомдук малды таштап коюп, арак ичип үйдө жатканыңызга жол болсун? Кана уполномочун? Кана жардамчыларыңыз?

Чабандын тоготоор түрү жок. Чакчасын алып чыгып насвайдан оозуна толтура урду да дагы опурулду:

– Эй, шен кимшиң өзүң а, мага пирказ бергидей энеңискейин?! Мен райком менен раиске баш ием, шага эмес. Концерт-мансертиңдин кереги жок, келген ижиң менен артыңа кайт. Үйдө менден башка адам жогу, концерт коёт имиш. Бар, ташыңды тер! 

Эмне дерибизди билбей туруп калдык. Ачуусунан ыраңы каракөк эмес, сыя-пушту боло түшкөн Маннап Максымович мостоё түшүп, лам дебей алдыга басып, чабанга жакындады эле, тиги үйүнө кире качып, ал жактан кош атар мылтыгын көтөрүп чыкса болобу! Биз болсо замдеректирди таштап, жапырт артка үркүп машинеге кире качтык.

– Мен шага кет деп жатам! – бакырды кызуу чабан. 

– Шеп, теңелбей эле коюңчу, кете береличи, – деди бери жактан терезеден мойнун созгон шоопурубуз Сапар аке. Бирок замдеректирдин тайсалдап, артка кайта турган түрү жок эле. Анткени анын жумурунда жетишерлик ысык тап бар эле. Анүстүнө замдеректир өзүнүн узак жылдардан берки зөөкүр чалыш бай таржымалында мындайлардын далайын көргөн эр окшойт.

– Эй, чорт! Алдагы мылтыгыңдан коркот деп турасыңбы?! Кана атып көрчү, эшейген ит койчу, деги мунуңда огу барбы? – деди да түз эле барып туруп чабандын мылтыгын колунан жулуп алды да, четке ыргытып ийип, өзүн тамактан бууду. Барскандай муштумун бетине такады да заар бүркө кырылдаган үнү менен ашата сөгүп жиберди:

– Азыр ушул муштум менен бир урсам турган жериңде накаут кетесиң, падариңа наалат! Старший чабан болбой өл! Адам болбой өл, а сен! Коё тур, сени эртең эле бюрого салдыртпасам Маннап атым өчсүн. 

Анан бизге карап кыйкырды:

– Эй, суу жүрөктөр, чыккыла бери! Мына, силер күбөсүңөр мунун кылганына. Курал менен угрожайт этти! Ит аткандай атам деди! Бул ким болуп кетиптир? Мага десе машаяк болуп кетсе да азыр бу мен ыраспага акты жазам, баарыңар кол коёсуңар! Керек болсо темир торго тыктырам бу көпкөн баччагар койчуну! Советтик закүн менен ойногусу бар мунун! – бакырды Маннап Максымович. – Эй, сендейлердин далайын көргөнбүз! Эшек куртуңду мурдуңдан агызып койгонго, кудаага шүгүр, кудуретим жетет! Баш кесерлер байырлаган Кокон базарда бекер жерден самса жеп жүргөн эмесмин мен… 

Жиндиге жинди гана теңелет дегендей, окуянын күтүлбөгөн жерден башка нукка бурулуп кеткенин көргөн чабан не кылаарын билбей кайсалактап, деректирдин чайнектей муштумун коркуу аралашкан алайган көзү менен улам урматтай карап коюп, жоошуй да, анан соолуга да түштү. Иштин чатак экенине көзү жетти окшойт. Чын эле жалгыз экен үйдө, жанатан бери эч ким чыкпаганына караганда. 

– Жиг… жигиттер, саал өзүмөн кетип калды. Кечиресиңер, үйгө киргиле, чай-пай ичип дегендей… Катын балдарды алып айылга кеткен эле, жалгыз өзүм табым кичине айнып, дары болоор бекен деп аз-маз жаримтадан ууртап алдым эле. Малды помощнигим багып жатат, райондон келген уполномучунду да кошо айдаганмын, койду багыш деп, – деди болбураган күнөөлүү түр менен. 

Маннап Максымовичтин күткөнү ушул сөз да. 

– Ап, баракалла, мына бу башка кеп. Айыбын дароо моюнга алган накта коммунисттин иши. Өткөн ишке салабат. Ооздон чыгармай жок. Эми мындай: сиз бизди азыр жакшылап карайсыз, анан сылык-жумшак машинага отурабыз да, кете беребиз. Кана, карын майдан, каймак сүттөн алып чыгыңчы. Берки “замзам” суудан болсо да каршы эмеспиз, күндүн ырайы бул, же баарын жалгыз жайлап таштагансызбы, запас-мапас деген бардыр дейм, ха-ха-хаа? – деп каткырып калды жарпы жазыла түшкөн шеф.

Ортого дасторкон жайылып, оңбогон койчунун катыны жакында эле жасап коюп кетсе керек, бетине сары май басылган ысыгы кетелек гилтейген көңтөрмө патыр, майы шырылдаган каттама келди нават кошулган ысык памил чай менен, артынан күйдүргөн чөжөгө май, эч-үч кабат кылдыр чабаты, майы бетине калкыган коюу нак айран, каймак коюлду. Биз чай ууртаганча шыпылдаган чабан сыртка чыкты да козудан кем калышпаган бир үндүгүн көтөрө чаап, очогуна от тамызып, чызылдата куурдак жасап жиберди (жамааттын эң жашы катары мен ага жардамдашып турдум). Тамак ортого коюлары менен Маннап Максымович ооз ачалекте чабан анын оюн окуп тургансып, ички бөлмөгө шып кирип кетти да аяктан он бештеги аруу кыздын көз жашындай мөлтүлдөгөн “Пшеничный” арактан бирди көтөрүп келип ортого койду. Ыраазы болгону ушунчалык, Маннап Максымович нымшый түшүп, койкойгон шишени улам мылжыя карап, көзүнөн тыркырап жаш куюлуп кетчүдөй эреркеп отурду. 

Ойдо жок кызыктын баары оттуу “Пшеничныйдын” экинчи шишеси ортолоп калганда башталды. Мынтык катышкан куралдуу опуртал кырдаал кудай жалгап жакшылык менен жайгарылганына жетине албаган биздин илхамыбыз ойгонуп кетти, концертти дасторкондун үстүндө эле баштап жибердик, күтпөгөн жерден жалгыз көрарман деген чабаныбыз да бизге кошулуп артис болуп чыга келди, “Анжиянский полканы чал! Ур “Гыйма галамды” кыззыгар!” – деп Хамитти кайра-кайра кыйнап, этең-жеңин далбактата тарбалаңдап бийлей берди, дарылдаган үнү менен биз өмүрү укпаган кайдагы бир эски ырлардан созолонтту, артта калган жаш кезин, армияда кызмат кылганын (эки жыл хоздвордо чочко багып, ефрейтор наамына жеткен экен), ашык болуп жетпей калган кыздарды, анан кылбат, буйтка жерлерден баса калган патакүш келиндерин, кайсы бир жылкы оор жуттан кырылган койлорун эстеп, ара-чолодо кичине көз жаш да кылып жиберди чабаның түшкүр. “Эх, аттаң, мындай гүл зыяпатта бир-эки гөзөл жонондордон болсо зап жакшы болоор эле, ургаачы куруп калгансып шагырап жалаң эркектер келипсиңер да, эмдиги сапар сөзсүз айжаркын тотулардан илештире келгиле”, – деп санын чапкылай өкүнүп да калды чабаның түшкүр. Баарынан да замдеректирдин бетинен шилекей чачырата кайра-кайра өпкүлөй берип тажатты, бир оокумда дүүлүгүп кеттиби ким билет, Брежневдей болуп шептин оозунан сороюн деп жабыша калды эле, өңү бузула түшкөн Максымович “хай-хай, ашыкча кетпең, достум”, – деп өзүнөн оолактата нукуй түртүп, демин суутуп койду. Дыңгыратып дутар черткен Хамиттен башкабыз жалдырама тийгенсип, чабанды гана карап, угуп отурабыз. Айтор, ичиндеги болгон арманы менен чогулган бугу, жели бир сыйра чыкты окшойт, койчу бир кезде “чао!” деп коюп ички канасына кирип кетти да ошол жактан кайра чыкпады. Кирип карасак, коңурукту кош тартып, терең уйкуга кеткен экен, мынтык атсаң да ойгончу түрү жоктой. Саат болсо түнкү он бирден өтүп, он экиге жакындап калыптыр. Бизде барган жерде жатып калмай адат жок болгондуктан, “бөлкө РАФка” отурдук да райондун борборун көздөй жол тарттык. Машинени аракты азыраак ичкен дутарчы Хамит айдап алды. Баса, шоопурубуз Сапар акени үйүнө жеткирип барсак, балдары дарбазасын ачпайт десең, тарсылдата каккылай берип тажаганда мүшөктөй кылып сүйрөп барып дубалынан ашыра короосуна түшүрдүк эле, ошол учурда тыштагы чырак күйүп, аялы чыга калды. “Кимсиң?” – деп чаңкылдады эле, Маннап Максымович: “Эй, карындашым, эриңди апкелдик, дүпүл мас, ана, дубалдын астында жатат, киргизип ал”, – деп кыйкырып койду да артка кайттык. 

Ошентип мен кышы бою райондук маданият үйүндө иштеп, 1979-жылдын жадыраган майында аскерге кеттим.

Автор

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген