Жалган дүйнө
(азил чыны аралалаш)
Отурам ойго батып, кыялда көп максат бар,
Колумда кол телефон, “фейсбук”, “ватсап” да бар.
Күнүгө азгырылып, телефон чөнтөк көрбөй.
Кыйратып бүтмөй болду, кыялды максатты алар.
Бир топко уйку бербейт, “мессенджер” үнү тынбай,
Уйкудан дагы калып, күнү да түнү тынбай.
“Интернет”, “андроид” жыргатпай калды окшойт,
Маалымат айдың деген курулай үмүтүм ай.
Кары да жашы олтурат, мага окшоп телмиришип,
“Сенсорду” койгулашып сөөмөйдү желдиришип.
Апалар “самсунг” колдо, аталар “айфон” менен,
Суктантат, а бир эсе, жинди да келтиришип.
А бирок, жакшы дагы керектүү жактары бар.
Жазуучу-акындардын керемет саптары бар.
Байланыш болуп тыгыз, маектер, тамашалар,
Кээ бирде кепке келбей сөгүшүп атканы бар.
“Виртуал” ушул аалам, чынжырсыз чырмап барат,
Бирөөсү ырсаңдаса, бирөөлөр ыйлап барат.
Бирөөсү жардам десе, да бирөө дардаңдаса,
Башкасы кубанычын, бөлүшөт, сыйлап да алат.
Сүйүүсүн бул дүйнөдөн, табышат бакыт курат,
Кээ бирде бүт тетири, бактысын ойрон кылат.
Сүрөттөр, “селфилери” оо чиркин керемет ай,
Түрлүү түс жаркыратып, тоодон да ойдон кылат.
Техника жетишти деп, баарыбыз шылтап ага,
Бузулду аң-сезимдер, булганды таза аба.
Бул дүйнө жалган дейбиз, жалганда жашайбыз биз.
А ошол жалгандыкка, айтылаар жаза кана?
Жалганга малындык го, аттиң ай белчебизден,
Эмнебиз калар экен, эртеңки элге бизден?
