Жамгырдагы жалгыздык
Шаарда жаз, жамгыр сабап төгүлүүдө,
Өткөндү эстеп жаным сөгүлүүдө.
Турмушта мен баарына жеттим десем,
Бир сенсиз жалгыздыгым көрүнүүдө.
Бүгүн да жамгырлуу кеч баягыдай,
Сен жоксуң жаандан тосуп аягыдай.
Жамгырдын сүйүп туруп тамчыларын,
Жазга окшоп менин да ыйлап алмайым бар.
Гүл тагып менин баскан жолдорума,
Бийиктен жылдыз тагып ойлорума,
Биз анда кандай гана бактылуу элек,
Ааламдын бараткандай борборунда.
Эх, жамгыр, санааларга саласың да
Жүргөндө сагынычтар талаасында.
Жалгызмын эл ичинде бара жатып,
Жалгызмын миң тамчылар арасында.
