Жек Лондон: “Мартин Иден” (XIX-XXI)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII-IX, X-XI, XII-XIII, XIV-XV, XVI-XVIII
XIX БАП
Руфь үй-бүлөсү менен чогуу Оклендке кайтып келген соң Мартин аны менен кайрадан жолугуша баштады. Кыз окумуштуу наамын алгандан кийин андан ары окуганын токтотуп койду, Мартин болсо, бардык күчүн оор эмгекке жумшап, жазганды унутуп деле калган эле. Бул аларга бат-баттан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, экөө мурдакыдан да жакындашып кетишти.
Алгачкы күндөрү Мартин эч нерсе кылбай жалаң гана эс алуунун үстүндө болду. Ал көп уктап, көп ойлонуп, айтор өзүн оор запкыдан соң акырындык менен оңоло баштаган адам сыяктуу алып жүрдү. Жандануунун биринчи белгиси – акырындык менен гезитке кызыга баштаганы болду. Анан кайрадан окуй баштады, адегенде ырларды, майда аңгемелерден баштап, бир нече күн өткөндөн кийин эчак унутулуп калган Фискти кайрадан колуна алды. Ден соолугунун мыктылыгынан кир жуугучта жоготкон күч-кайраты калыбына келип, жаштыктын жалындаган демин кайрадан сезе баштады.
Жакшылап эс алып алгандан кийин деңизге чыгып кете турганын айтты эле, Руфь абдан капалана түштү.
– Эмне үчүн кетип жатасыз? – сурады Руфь.
– Акча керек, – деди Мартин, – мага басма кызматкерлерине каршы жаңы чабуул баштаганга акча керек. Акча менен сабырдуулук – бул күрөштөгү эң жакшы курал.
– Сизге акча эле керек болсо анда эмне үчүн кир жуугуч жайда эле кала бербедиңиз?
– Себеби ал жер мени кадимки эле малга айландырып салды. Мындай оор иш адамды ичкиликке да түртөт экен.
Руфь аны жүрөгү түшө карап калды.
– Сиз эмне ичип…– деп баштады кыз.
Ал айткысы келбесе Руфтан болгон ишти оңой эле жашырып коймок, бирок буга чынчылдыгы жол бербеди, анүстүнө жакында эле өзүнө берген кандай болбосун туурасын айтып жүрөм деп ант бергенин эстей койду.
– Ооба, – деди ал, – бир нече жолу ошондой болду.
Руфь селт эте чочуп кетип кетенчиктей түштү.
– Менин тааныштарымдын эч кимиси мындайга кабылган эмес эле…
– Кыязы, алардын эч кимиси «Кайнар Булактагы» кир жуугучта иштебесе керек, – деди Мартин кейиштүү жылмая, – арийне, ар бир адам иштөөгө тийиш, эмгек адамга пайдалуу, муну динаятчылар деле айтып жүрүшөт; Кудай көрүп турат, мен эч качан иштен качкан эмесмин. Бирок ар нерсенин чеги бар эмеспи. Мен иштеген кир жуугучканада андай чек жок экен. Ошондуктан кайра деңизге кетейин деп чечтим. Бирок бул менин эң акыркы сапарым болот. Кайтып келгенден кийин басма кызматкерлерин сөзсүз жеңип чыгарыма ишенем.
Нараазы болгон Руфь унчукпай калды, Мартин болсо өзүнүн башынан өткөргөндөрдү кыз баары бир эч качан түшүнө албай турганын сезип турду.
– Качандыр бир кезде мен ушунун бааарын «Эмгектеги басынтуу» же «Жумушчу табындагы араккечтиктин психологиясы» деппи, айтор ушул өңдүү бирдеме жазам.
Алгачкы жолку таанышууну эстебегенде, бул экөө бирин-бири эч качан мынчалык алыс сезе элек болушчу. Мартиндин кызуулана тарс эттире баарын ачык айтып таштаганы Руфту ирээнжитип турду. Бирок Руфту бул ахыбалга салган жагдайга караганда анын келип чыгыш себеби көбүрөөк таң калдырды. Руфь буга чейин экөө кандай ынак болгондорун эстеп, азыр Мартинге андан бетер жакын болгусу келип кетти. Башында Мартинди оңдосом деген ой пайда боло түштү. Ал жолунан адашкан бул жигитти айлана чөйрөсүнөн өзү каршы болгонуна карабай куткарсам деп ойлоп кетти. Бул ага жөн гана жакшылык кылып аткандай көрүнгөнү менен анын тереңинде жигитке болгон кызганыч менен сүйүү катылып жатканын кыз туйган жок.
Күздүн мээрими көлбүгөн чайыттай ачык күндөрү экөө велесипет тээп алып, тээ шар четине чыгып кетишчү, ал жерде баягы жакшы көргөн дөбөдө отуруп алып бири бирине сезимди козгоп кыялды көкөлөткөн, асыл ойлорго чакырган ырларды окуп беришчү. Руфь ага атасынын, мистер Бэтлердин жана мусаапыр кедей баладан бүт дүйнөнү китепке көөмп салып «китеп падышасына» айланган Эндрью Карнегинин таржымалдарын айтып, бул жашоодо бирдемеге жетиш үчүн жан күйгүзүш керек экенин, сабырдуу жана эмгекчил болуш зарыл экенин кыйыр айтып сиңирүүгө аракет кылып жатты.
Руфтун бул аракетин Мартин да баалады. Ал эми кыздын ойлорун кыйла жакшы түшүнө баштагандыктан, анын ички жан дүйнөсү ага баягыдай жети кулпу салынган табышмак болбой калды. Алар кадыресе ой пикир бөлүшүп тең адамдардай ангемелешчү болду. Мындагы пайда боло калган анча-мынча пикир келишпестиктер Мартиндин сүйүүсүнө кедерги болгон жок. Анын Руфка болгон сүйүүсү ого бетер күч алды, ал аны мурдагыдай эле жан дилин берип, терең сүйө берди, кыздын үлпүлдөгөн назиктиги чырайын ого бетер көркүнө чыгара махабатка мас болгон жигиттин сугун ого бетер арттырып турду. Мартин узак жылдар бою буту шал болуп төшөктө жаткан, анан эле керемет бир күн келгенде буту кадимкидей асман астындагы катуу жерди басып кетип ашыгы Броунинг менен качып кеткен Елизавета Баррет жөнүндө окуп берди. Мартин да Руфь үчүн өз сүйгөнүнө Броунинг жасаганды жасайм деп чечти. Бирок аның үчүн Руфь да анын өзүн сүйүшү керек. Бул Мартинге дем бермек. Эң башкысы ушул эле, калганы баары жөнөкөй эле иш болчу. Мартин экөөнүн келечектеги чогуу турмушу жөнүндө көп кыялданчу. Кыялында өзү менен Руфту өз эмгегинин үзүрү менен жеткен, бапыраган бардар, баары жагынан ыңгайлуу жаркыраган жашоодо көрө турган. Ал кыялдарда экөө поэзия туурасында кеп уруп отурушат, Руфь гүлдүү жумшак жаздыктарга кыңая чыканактап алып ага үн чыгара китеп окуп берип аткан болот.
Анын көз алдына дайыма экөөнүн келечектеги турмушунун ушул көрүнүшү тартыла берчү. Кээде Руфь аны эмес, ал Руфту белинен кучактай ага өзү китеп окуп берибаткан болот. Кыз болсо башын анын ийнине жөлөп угуп отурат. Кээде экөө бири-бирине кыналыша отуруп алышып бир китепти үн чыгарбай чогуу окуп жатышкан болот. Руфь жаратылышты абдан сүйгөндүктөн, Мартиндин ээ жаа бербеген кыялы бул жагымдуу көрүнүштүн декорациясын улам-улам алмаштырып турат. Экөө бирде бийик чокулар тегеректеген жылгада отурса, бир туруп жайкалган тоо шиберинин үстүндө, же деңиз толкуну шарпылдап келип уруп кайра тартылып турган жээктеги кум үстүндө отурушкан болот; кээде өзүн кыз менен жанар тоолуу аралдарда, дүңгүрөп шаркыратма куюлуп, анын шамал айдаган чачырандылары деңизге чейин жетип аткан тропикада көргөнсүп кетет. Мына ушул керемет кооздуктун чок ортосунда дайыма китепке үңүлө Мартин менен Руфь турган болот, жаратылыш болсо назик жана тумандуу экинчи фонго – экөө дүйнөнүн болгон жыргалына ырахаттана турган эмгек менен ийгиликтин картинасына алмашып чыга келет.
Бир күнү энеси Руфка эскерткендей кабатырлана минтип калды:
– Кызым, мен сага абайласаң экен деп кеңеш берер элем.
– Сенин эмне жөнүндө айтып жатканыңды билип турам, бирок бул мүмкүн эмес. Ал…
Руфь уялганынан кызарып кетти; мындай уялуу турмуштун ыйык сырлары жөнүндө биринчи жолу энеси менен сөз козгогон кыздын тартынчаактыгы эле. Энеси да кызга андан кем ыйык эмес болчу.
– Ал сенин теңиң эмес, – деди энеси анын айтайын дегенин аягына чыгарып.
Руфь башын ийкеди.
– Минтип айткым келген жок эле, бирок чынында эле ушундай да. Ал абдан орой, копол, кара күчү көп… абдан көп. Ал анчалык деле…
Кыз уялып кетип, токтой түштү. Мындай нерсе жөнүндө энеси менен биринчи жолу сүйлөшүп атканы өөн учурап өзүн ыңгайсыз сезди. Анын айтайын дегенин кайра энеси айтып койду:
– Ал көбеле жакшы турмушта жашаган эмес. Ушуну айткың келди беле?
Руфь кайра башын ийкеп, кызара түштү.
– Ооба, так ушуну айткым келген. Бул албетте, анын күнөөсү эмес, бирок ошондой болсо да ал өзүн көп учурда…
– Жаман алып жүрөбү?
– Ооба. Кээде коркуп да кетем. Ал мага өзүнүн барып турган не бир ээн баш жоруктарын эч бир камырабай туруп айтканын укканда жүрөгүм түшөт. Тимеле эч нерсе болбогонсуп айтканычы. Анткенге болбойт да, туурабы?
Эне-кыз кучакташып отурушту, Руфь унчукпай калганда дагы эмнелерди айтаар экен деп күткөн энеси анын колунан сылап койду.
– Бирок ал мени эмнегедир кызыктырат, – сөзүн улантты Руфь, – биринчиден, ал менин кайсы бир даражада тарбиялануучум. Анан… жаш жигиттердин арасында эч качан досторум болбогондон кийин – ал досум деле эмес. Бир эле убакытта досум да, окуучум да. Кээде ал мени коркутканда мен ырылдап азуусун арсайткан, ана-мына чынжырын үзүп кетчү бульдог ит менен ойноп жаткандай болом.
Руфь кайра үндөбөй калды, дагы эмне дээр деп энеси күттү.
– Мен ага ошо… ошо бульдокко кызыккандай эле кызыгам. Анын жакшы жактары деле бар, бирок мага анын… башкача мамиле кыла турган жактары тоскоол болуп тургансыйт. Азыр так ошолор жөнүндө ойлонуп турам. Ал сөгүнөт, тамеки чегет, ичимдик да ичет, мушташат, мунун баарын мага өзү айтып берген, алтургай, мушташканды жакшы көрөрүн да айткан. Бул чынында мен каалагандан таптакыр башка адам….- Ушул жерден үнү чыкпай калып, анан акырын гана – Ал мен самаган жигит эмес. Андан тышкары анда кара күч көп. Менин сүйгөнүм арыкчырай, шыңга бойлуу, баскан турганы илбериңки, чачтары капкара болсо дейм. Жо, коркпой эле кой апа, мен Мартин Иденге ашык болбойм, антсем бул мен үчүн чоң бактысыздык болмок, – деди кызы.
– Мен аны айткан жокмун, – деди энеси тайсалдай түшүп, – сен бир нерсени ойлодуңбу? Мындай адам сага баары жагынан туура келбейт… бирок ал сени сүйүп калсачы, анда кандай болот?
– Ал… ал мени эчактан бери эле сүйөт! – Руфь кыйкырып жиберди.
– Ушундай болмок эле, – деди мээримдүү миссис Морз. – Сендей кызды билген адам кантип сүйбөй коё алат?
– Олни болсо мени жек көрөт! – кызуулана айтып жиберди кызы. – Мен деле аны жек көрөм. Ал жаныма жакын келип турганда өзүмдү мышыктай сезип кетем, аны тимеле тытмалап салгым келип кетет, ага дегеле жакпай турганымды өзүм да билем, – канткен менен анын өзү мага жакпайт. Мага Мартин Иден менен чогуу болгон жагат. Мени ушу кезге чейин эч ким «минтип» сүйгөн эмес, «ушундай» сүйүктүү аял болгонуңду сезген сонун тура. Эмне деп айтайын дебатканымды түшүнөсүңбү апа? Өзүңдү чыныгы аялдай сезген ушунчалык жакшы экен… – Руфь бетин энесинин көкүрөгүнө ката койду. – Мен келесоо экенимди билип турам, бирок жок дегенде, ичимдеги сезимди ачык сага айтып жатам.
Миссис Морз кызынын мунусуна бир чети кабатырланса, бир чети кубанып калды. Көз алдынан искусствонун бакалавры наамы бар кызы жоголуп кетип, анын ордуна эми маңдайында аял – кызы отурду. Ойлогон иш ордунан чыкты. Руфтун мүнөзүндөгү түшүнүксүз жетишпегендиктин орду эми толду, болгондо да эч бир кыйынчылыгы менен опурталы жогеле толду. Олдоксон матрос өз милдетин аткарды, Руфь аны сүйбөсө деле ал анын аялдык сезимин ойготуп берип атпайбы.
– Анын колдору калтырап турат, – деп атты Руфь, уяла жүзүн жаап, – күлкүң келет, бирок ага боорум ооруйт. Колдору катуу калтырап, көздөрүнөн от чачырай баштаганда мен ага насаат айтып, бардык кемчиликтерин көрсөтөм. Билем, ал мени кудайындай көрөт. Колдору менен көздөрү эч качан калп айтпайт. Мунусу мени чоң адамдай кылат, алтургай, муну ойлогондо эле ошондой сезип кетем өзүмдү. Өзүмдө гана таандык бир нерсе бар экенин түшүнө баштайм, башка кыздарга… жаш аялдарга окшоп баратканымды сезем. Билем, менин мурда башка кыздарга окшобогонум сени кабатырга салчу. Сен аны сыртыңан билдирбесең деле мен байкачумун, ошондуктан мен Мартин Иден айткандай, «мыкты» болгум келчү.
Бул эне менен кыздын алгачкы жолу ачык сыр чечишкен ыйык мүнөттөрү эле, күүгүмдөнүп келаткан кечте экөөнүн тең көздөрү нымдалышып турду; алардын бири – али күнөөгө бата элек, баладай баёо, башы ката элек Руфь болсо, экинчиси- перзентин сүйгөн, анын сырын билген жана өз акылын айткан энеси эле.
– Ал сенден төрт жаш кичүү экен, – деди энеси, – анын коомдо да орду жок. Аның же бир жерде туруктуу иштебесе, маяна албаса. Абдан шалаакы болсо. Эгер сени сүйсө, анда кайдагы бир аңгемелерге кызыгып баладай кыялданбай, сага үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк менен укук бере турган нерселер туурасында ойлонушу керек да. Мен аның эч качан кадыресе чоң кишидей боло албайт ко деп корком. Анда эркектей болуп – сенин атаңдай, мистер Бэтлердей, дегеле биздин чөйрөнүн адамдарындай турмуштан чыныгы ордун табууга умтулуу деген жок. Менимче, Мартин Иден деген эч качан акча иштеп таба албайт. Жашоо болсо ушундай жаралган, баары жакка акча керек: акча жок бактылуу болуш кыйын, – о, мен ашып-ташкан чоң байлыкты айтыбатканым жок, түзүгүрөөк жашаганга мүмкүнчүлүк берген туруктуу киреше туурасында эле айтып атам. Баса, ал деги өзүнүн сезими жөнүндө сага айтты беле?
– Ооз да ачкан эмес. Буга аракет да кылган жок; мен муну айттырмак да эмесмин. Анткени мен аны таптакыр сүйбөйм да.
– Бул айтканыңа сүйүнүп калдым. Мен, өзүмдүн кызым, менин таза кызыкейим ушуга окшогон адамды сүйүп калышын каалабас элем. Бул дүйнөдө асыл, тыкан, теги таза адамдар толуп жатпайбы. Бир аз күтө тур. Бир бактылуу күнү сен дал ушундай адамды жолуктурасың да сүйүп каласың, ал да сени сүйүп калат. Сен аны менен мен атаң менен кандай бактылуу болсом, дал ошондой бактылуу болосуң. Сен бирок бир нерсени эч качан эсиңден чыгарбашың керек…
– Эмнени, апа?
Миссис Морздун үнү акырын жана назик боло түштү:
– Балдар жөнүндө, – деди.
– Мен бул жөнүндө ойлогом, – Руфь чынын айтып, күтүлбөгөн жерден эсине келе түшкөн орунсуз кыялдардан уялып, кайра бети албырып кетти.
– Мистер Иден так балдардан улам сага күйөө боло албайт, – деди миссис Морз сөзүнө терең маани бере. – Балдар таза кандын тукумун улашы керек, а Мартин андай канды бере алабы? Атаң мага матростордун турмушу жөнүндө айтып берген эле… сен алардын жашоосун… билесиңби?
Руфь бушаймандана энесинин колдорун кысып-кысып жиберип, баарын билип турганын, бирок өзүн санаркаткан коркунучка толгон бүдөмүк нерселер эч бир так, белгилүү ойдун шекилине ээ боло албай атканын сезип турду.
– Сени менен сүйлөшпөй туруп эч иш кылбайм, апаке, – баштады ал, – бирок сен менден кээде ушинтип өзүң сурап турушуң керек. Бул жөнүндө сага эчак эле айткым келген эле, бирок кантип баштаарды билбей жүргөм. Мунум балким, калп эле уялганым чыгаар, бирок мага жардам берген сага апаке, оңой эле да! Сен кээде өзүң сурап, менин ичимдегини айтканга мага мүмкүнчүлүк түзүп беришиң керек. Сен деле аялсың го апаке! – деп жиберди күтүлбөгөн жерден Руфь апасын колдон алып, бул экөөнүн ортосундагы жаңыча, али байкала элек теңдиктин сүйүнүчү эле. – Сен бул сөздү баштабасаң, мен эч качан бул жагын ойломок эмес экенмин. Сенин да аял экениңди түшүнүш үчүн мен да адегенде өзүмдү аял катары сезишим керек да.
– Биз экөөбүз тең аялбыз, – деди апасы аны кучактап, бетинен өөп, – экөөбүз тең аялбыз, – кайталады апасы бөлмөдөн кучакташып чыгып бара жатып кызы экөөнүн ортосунда кайрадан жаралган жолдоштук, жакындык сезимине эреркей түшүп.
– Биздин кичинекей кызыбыз, колукту болгусу келет экен, – деди бир саат өткөндөн кийин миссис Морз күйөөсүнө салтанаттуу жарыя кылып.
– Демек, бирөөнү сүйүп калыптыр деген турасыңбы? – деди тиги аялына суроолуу тигилип.
– Жок, аны башкалар сүйүп калыптыр, – деген аялы жылмайып койду. – Экөөбүздүн тажрийба оңунан чыкты. Кызыңдын акыры аялдык сезими ойгонуптур.
– Анда эми Мартинди үйгө жолотпош керек, – деди мистер Морз оюн кыска, иштиктүү тон менен бүтүрүп.
Бирок аялы башын чайкады:
– Зарылдыгы жок: бир нече күндөн кийин ал деңизге чыгып кетет. Кайтып келгенде Руфь бул жерде болбойт. Клара жеңесиникине жиберип иебиз. Бир жылча чыгышта жүрсө, башка адамдарды, башка жашоону көрсө, климатты, жагдайды алмаштырса ага абдан пайдалуу болот.
XX БАП
Мартиндин жазсам деген каалоосу кайрадан ойгонду. Аңгемелер менен ырлардын идеялары биринин артынан бири тынымсыз мээсинде жаралып жатты, жылт эте келип калган не бир ойлорду качырып жибербес үчүн аларды кагазга чиймелеп коюп турду. Кийин кереги тиет булардын. Ошенткени менен эч нерсе жазган жок. Мындай каникулду ал махабат менен эс алууга арнайын деди да мунусу оюндагыдай болду. Ага жашоонун кайраты кайрадан кайтты, Руфь менен жолугушкан сайын кызды баягыдай эле мыкты ден соолугу, күчү менен азгыра тарта берди.
– Абайласаңчы, – деди бир күнү апасы ага эскерткендей, – Мартин Иден менен өтө эле көп жолугушуп аткан жоксуңбу?
Бирок Руфь жооп бергендин ордуна жылмайып гана койду. Ал өзүнө ишенчү, анүстүнө Мартин бир нече күндөн кийин деңизге чыгып кетет. Ал кайтып келгенде өзү алыскы чыгышта жүргөн болот. Ошондой болсо да Мартиндин саламаттыгы менен күчүндө аны тымызын суктандырган өзгөчө бир нерсе бар эле.
Мартин Руфтун чыгышка кеткенге камданып атканын билчү, ошондуктан шашылыш керек эле. Бирок мындай жагдайда Руфтай кызга кандайча мамиле кылуу керек экендигин билбей турду. Мурдакы бардык тажрийбасы бул абалды ого бетер оордоткону гана болбосо, эми пайдасы жок эле. Өзү мамилелешип жүргөн кыз-келиндер таптакыр башка боло турган. Аларда махабат, бирөөнүн артынан чуркоо жана ашык болумуш этүү жөнүндө так, ачык-айкын көз караштары боло турган, ал эми Руфь болсо мындайды кайдан билсин. Кыздын аруулугу, бейкүнөө баёолугу аны жакасын карматып, сөз дареметинен ажыратып, өзүн ага татыктуу эмес деген ойго түртчү. Аны кысынткан дагы бир башка жагдай бар болчу. Мартин ушуга кезге чейин эч бир жанга ашык болуп көргөн эмес эле. Арийне, аялдар ага жакчу, алардын кай биринин артынан да түшүп көргөн, бирок анын баары чыныгы махабаттан алда канча алыс иштер болчу. Жөн эле обу жоктонуп, кожоюндан бетер алардын кимисине болбосун ышкырып эле койсо болду, ошол замат багынып беришер эле. Бул ага мүнөттүк оюндай кеп эле, бул ар бир эле эркектананын жашоосундагы татаал оюндун бир тетиги, болгондо да экинчи орунда турган тетиги боло турган бул. Эми минтип алгачкы жолу оозунан кеби түшүп, уялып, кысынып отурганы. Сүйгөнүнүн кол тийгизип болбос аруулугунун алдында эмне деп сүйлөөрүн, кантип ымалага киришерин билбей апкаарып туру.
Мартин тынымсыз өзгөрүп кубулуп турган түркүн-түс ааламды кезип жүрүп бейтааныш оюнга аралашканда эч качан озуна биринчи болуп жүрүш жасаба деген даанышман бир эрежени өздөштүргөн. Бул эреже кийинки жашоосунда бир да жолу аны осол кылган эмес, алтургай, анын байкагычтыгын өстүрдү. Мартин туура багыт алганды, атаандаштын чабал жери байкалганча өз күчүн тең салмактап көргөндү үйрөндү. Мушташканда деле ал эң алды менен каршылашынын чабал жактарын көрүүгө умтулаар эле. Ошондо тажрийбасы аны мерчеген жерге сокку урууга, урганда да жазбай урууга көндүргөн.
Эми мына, Руфка өзүнүн сүйүүсүн айтайын деп турат, бирок айтканга дааган жок. Шашпады да. Кызды капа кылып аламбы деп өзүнө ишенбей турду. Бирок өзү байкабаганы менен түшкөн жолу туура болчу. Махабат адамзатка тил бүткөнгө чейин эле жаралып, кийин эч качан унутуп болгус ыкма усулдар менен толукталып жүрүп отурган. Мартин Руфтун көңүлүн алганга так ошо байыркы ыкмалар менен жетишмек. Муну ал оболу билбей жасады, өзүнүн кылык-жоругун кийин гана мойнуна алып, акыйкатты түшүндү. Анын колунун кыздын колуна тийип кеткени эле ар кандай сөздөн артык болчу, анын күчүн сезүү саптар менен уйкаштыктарга, ашыктардын жүздөгөн муундарынын жалын бүрккөн сөздөрүнө караганда алда канча күчтүү эле. Сөз менен айтып түшүндүргөндө бул эң алды менен Руфтун акыл-эсин козгомок, ал эми колунун кокустан тийишип кеткени, кыз менен көз ирмемге жакындашуу анда катылып жаткан аялдын табигый сезимине түздөн-түз таасир этмек. Кыздын акылы да анын өзүндөй жапжаш болучу. Бирок табигый сезими адамзат сыяктуу эле, балким, андан да эски эле. Адамзатка ыроолонгон бул сезим махабат жаралганда кошо жаралып, анын көөнө даанышмандыгынын кудурети кийинки кылымдардын болгон айла-амалдары менен кылдаттыгын өзүнө багындырып алган эмеспи. Руфтун акыл-эси ушундан улам унчукпай аткандыр. Кыз өзүнүн сүйүүдөн мөгдөгөн жүрөгүнө Мартиндин тийгизген сыйкыр таасирин өзү аңдабай, талдабай туруп балким ага өзү биринчи болуп кол суналбай турган чыгар. Мартиндин аны сүйөөрү чыгып баткан күндөй шексиз эле, ошондуктан Руфь мына ушул махабаттын көрүнүшүнөн – анын көздөрүнөн чагылган оттон, колдорунун титирегенинен, анын кызарып сүрдөгөнүнөн гана ырахат ала берди. Бир туруп кыз аны атайын жалынга түрткөндөй, бирок муну абдан кылдаттык менен байкоостон баёо жасайт, аны өзү да, Мартин да сезбейт. Ал өзүнүн аялдык кудуретин сезгенине жетине албай кетет, Умай эне сыяктуу аны менен ойногонуна, делебесин козгоп атканына ырахаттана берет.
Мартин болсо унучукпайт, анткени не дээрин билбейт, анткени ал дилин балкыткан сезимдердин ташкынынан тил ооздон калгандай, ошондуктан унчукпастан бирок кызга жакындашуунун тартынчаак, өтүмсүз жолдорун издей берди. Анын колунун тийип кеткени эле кызга ушунчалык жагымдуу дейсиң. Мартин муну билбейт, бирок кызга жагып атканын өзү сезет. Чынында алар бири биринин колун учурашканда же коштошоордо гана кысышчу, велесипетти кармашканда, китеп беришкенде же чогуу барактаганда да манжалары дайыма жабыша калат. Бир нече жолу кыздын чачтары да жаагына тийип кеткен же китептеги жаккан жерге үңүлө калганда ийни бир ирмемге ийнине кыналыша да калган. Мындай кезде чырмап алган сезимдерге Руфь өзү да ичинен күлкүсү келип кетчү: маселен, кээде ал Мартиндин чачтарын уйпалагысы келип кетер эле, тил катпаган Мартин болсо ичинде окугандан чарчаганда кыздын тизесине башын коюп, көздөрүн жуумп алып келечек туурасында кыялдансам деп самачу. Мурда жекшембилик сейилдер маалында ал нечен ирет башын башка кыздардын тизесине жөн эле койчу да камырабай уктап кетер эле, кыздар болсо аны күндөн калкалап, чачынан сылап, махабатка болгон кайдыгерлигине таң кала телмире тиктеп коюп башында отура беришчү. Кыздын тизесине башын койгон Мартин үчүн бул дүйнөдөгү эң эле жеңил иш эле ошол кездерде, эми Руфка карап туруп анткенге таптакыр мүмкүн эместиги, анткендин кереги да жоктугун түшүнүп турат. Бирок так ушу мүмкүн эмес нерсени түшүнгөнү жана андан улам өзүн токтоо кармап турганы өзүнө байкалбай Мартинди көздөгөн максатына алып баратты. Мындай токтоолугунан улам бир да жолу Руфту кабатырланткан жок. Тажрийбасы жок, башы ката элек ийменчээк кыз алардын жолугушуулары экөөнү барган сайын кандай опуртал багытка бурулуп баратканын байкаган да жок. Аны ой-боюна койбогон бир сыйкыр сезим Мартинге тартып турду, ал болсо улам күчөп бараткан жакындыкты сезген менен кызды каалап турса да даай албай жүрбөйбү.
Бирок акыры бир күнү Мартин агынан жарылды. Келсе Руфь пардалары тартылган бөлмөдө башы катуу ооруп жаткан экен.
– Эмне ичсем да жардам бербей жатат, – деди ал Мартиндин чебелектеген суроолоруна жооп кайтарып. – Доктор Холл болсо талкандалган дары ичпе дейт.
– Мен сизди эч кандай дарысы жок эле айыктырам, – деди Мартин, – толук ишендире албайм бирок кааласаңыз аракет кылып көрөйүн. Бул жөнөкөй эле укалоочу массаж. Мен муну Япониядан үйрөнгөм. Япондор мыкты массажчылар да. Ушунун эле өзүн бирок анча-мынча өзгөртүүлөр менен гавайлыктардын жасашканын да көргөм. Алар бул массажды «ломи-ломи» деп аташат. Бул кээде дарыдан да жакшыраак таасир этет.
Мартиндин колу маңдайына тие электе эле Руфь онтоп жиберип:
– Ох, жаным жыргай түштү, – деди.
Жарым саат өткөндөн кийин Руфь андан:
– Чарчаган жоксузбу? – деп сурады.
Бул суроонун артыкбаш берилип кеткенин сезип калды, себеби буга кандай жооп угарын жакшы билген. Руфь үргүлөй түшүп, анын эркине баш ийип берди. Анын манжаларынан ооруну кубалаган айыктыргыч бир касиеттин күчү тарап келип жаткандай сезилди кызга. Оору тимеле алып ыргыткандай басылып, Руфь көшүлө уктап калды. Мартин акырын чыгып кетти.
Руфь кечинде Мартинге коңгуроо какты.
– Кечке тимеле башка чапкандай уктаптырмын, – деди ал, – сиз мени таптаза сакайтып коюпсуз, мистер Иден, сизге кандай ыракмат айтаарымды да билбей турам.
Мартин мындай алкоого кубанганынан эмне дээрин билбей, бирдемелерди айткан болду, мээсинен болсо ашыгы Елизаветаны сакайтып алган жанагы Броунинг кетпей турду. Броунинг өзүнүн сүйгөнү үчүн эмне кылса, ал, Мартин Иден деле Руфь Морз үчүн ошону кылууга даяр. Бөлмөсүнө кайра келген соң керебетке чалкасынан түшүп жатып алып, Спенсерднн «Социологиясын» окууга киришкен. Бирок башына эч нерсе кирген жок. Анын бүткүл эси-дартын сүйүү бийлеп алган эле, анан өзүнүн сыя төгүлгөн кичинекей үстөлүнө кандай келип олтурганын өзү да билбей калды. Бул кечте жазган сонети анын кийинки эки айдын ичинде жазып бүтүргөн элүү түрмөк «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарынын» эң биринчиси болуп калды. Мартин муну улуу чыгарма жаратаарга бап келген эң сонун жагдайда – жүрөгүндө толкуп ташкан махабаттын ысык демине шыктанып жазды.
Руфь менен көрүшпөй калган сааттарды ал «Сүйүү жөнүндө сонеталарына» жана китеп окуганга арнады. Үйдө же китепканада отуруп алып журналдардын ар бир санын кунт коюу менен окуп, басып чыгаруучулардын тандоо сырларын билгенге кызыкты. Руфь менен чогуу өткөргөн сааттар болсо дагы эле үмүт берип, бир жагынан жанын белгисиздик азапка салып турду. Мартин Руфту баш оорусунан айыктыргандан бир жумадан кийин Норман айлуу түндө Меррит көлүнө барып кайык менен сейилдеп келбейлиби деген сунуш киргизип калды да, Артур менен Олни муну ошол замат колдоого алышты. Кайык башкарганды Мартинден башка эч ким мыкты билбегендиктен, капитандын милдетин өзүңө ал деп суранып калышты, Руфь болсо кайыктын тумшук жагына аны менен чогуу отурду. Артка отурган үчөө болсо аны-муну бакылдаша бирдемелерди талашып-тартышып киришти.
Ай али көтөрүлө элек, Руфь унчукпастан жыбыраган жылдыз толгон асманды тиктеп отуруп күтүлбөгөн жерден жалгызсыроону сезе түштү да Мартинди карап койду. Шамал жүрүп кайык капталына бир аз кыңая түштү, Мартин бир колу менен кайыкты бура турган румпелди, экинчи колу менен парустун жибин бекем кармады да жээктен бери чыгып турган урчукту айланып өтүүгө аракет кылып, кайыктын багытын саал өзгөрттү. Ал кыздын карап койгонун байкабай кайык менен алектенип кете берди, кыз болсо кайра эле ага тигилип, бул өзгөчө шыктуу жигиттин убактысын коротуп, ортозаар аңгемелер менен ырларды жазганга түрткөн түшүнүксүз каалоосу туурасында ойлонуп отурду.
Кыздын назары жылдыздардын жарыгына күңүрт шекилденип турган Мартиндин чымыр мойнунан, жарашыктуу тармал чач башынан сыдырылып отуруп, колдорун анын мойнуна артып кучактап алсам деген кайра баягы эңсөөсү козголуп кетти. Ага жагымсыз сезилген мындай каалоо ошол эле убакта азгырып да турду. Жалгызсыроо сезими күчөгөн Руфь чарчоону сезе баштады. Кайыктын кылтылдап термелгени анын итиркейин келтирип атты, эсине баягыда башынын ооруганы Мартиндин колу тиери менен айыгып кеткени түштү. Мына ал өзүнө жанаша отурат, кайык да кыңая түшүп, аны Мартинге түртүп жаткандай эле. Күтүлбөгөн жерден Руфь анын кең көкүрөгүнө башын жөлөп, таяныч издегиси келип кетти, бул оюн өзү баамдаганча болбой эле каалоосуна багынып, ага башын жөлөп жиберди. Мүмкүн бул кайыктын термелишинен болгондур? Руфь муну биле алган жок. Ошол бойдон билбей калды. Ал өзүнүн Мартинге ыктай түшкөнүн, эми гана көңүлү жайлана жаны мемирей түшкөнүн сезди. Буга кайыктын чайпалганы күнөөкөр болгон күндө деле Руфь Мартинден бөлүнгүсү келбей турду. Алтургай, Мартин ага ыңгайлуу болсун деп оңдонуп отурганда да кыз ага ыктаган калыбынан жазган жок.
Бул кыз үчүн акылга сыйбаган иш болду, бирок бул туурасында ал ойлонгусу да келбеди. Ал эми мрдакы Руфь эмес, кадимки эле эркектин таянычына муктаж аялзат эле, Мартинге бир аз гана кынала калса да ички каалоосу канааттангансып калды. Чарчаганынын изи да калган жок. Мартин дым чыгарбай, мындай керемет жакындыкты жоготуп албайын деп чочулап отурду. Анын токтоолугу менен тартынчаактыгы ага унчукпай отурганга жардам кылып атканы менен бирок башы таттуу сезимдерден тегеренип, ойлору сапырылып кетти. Эмне болуп кеткенин эч бир түшүнө албай турду. Бул керемет түштөй эле, өңүндө мындай болмогу таптакыр мүмкүн эмес эле. Кайыкты башкарганды таштап салып, кызды кучагына бекем кысып жибергенден өзүн араң кармап токтотуп жатты. Бирок анткенде иштин ойрону чыгаарын ал ички туюму менен туюп турду, ошондуктан колдорунун бош эмес экенине тагдырына ыраазы да болуп кетти. Ошентсе да парусту ылдайлата түшүрүп, кайыктын жүрүшүн атайлап жайлатты да кайыкты шамалдан тетири буруп койду. Шамалдын агымы катуулап кетсе орун которуштуруп отурууга туура келерин, бул болсо экөөнүн кыналыша отурушкан калыбын бузуп жиберерин ал жакшы билчү. Бул иштин баарын ал артта отуруп алып талашып аткандардын шегин түк жаратпай, тажрийбалуу колу менен жасап койду. Муну менен ал деңизди, кайыкты, шамалды эркине багындырууну үйрөткөн матростук оор тагдырына азыр дагы бир ирет ыраазы болуп турду. Эми бул ага керемети сыйкыр айлуу түндө ашыгы менен болгон жакындыкты узартууга мүмкүнчүлүк берип жатты.
Өйдөлөп кеткен күмүш табактай айдын нуру аларга бермет жарыгын төккөндө Руфь Мартинден боюн оолактатып бери жыла берип, Мартин да ары боло калганын сезди. Бул экөөнө сыр бойдон калышы керек. Бети албырган Руфь эмне болуп кеткенин биле албай коркуп кетип эми четте отурду, эмне кылганын агаларына да, Олниге да айталбас эле. Буга ал кантип барды экен? Айлуу түндөрдө буга чейин кыз жигиттер менен кайыкта көбеле жүргөнү менен башынан эч качан мындай өткөн эмес. Мындай каалоо дегеле болгон эмес эле. Ошондуктан ойгонуп келе жаткан аялдык сезиминен уялып да, чочулап да турду. Акырын адыртан Мартинди караса, ал кайыкты буруу менен алектенип калган экен, ушу тапта өзүн ушундай ойлонбогон уят ишке барганына аргасыз кылганы үчүн аны – Мартин Иденди жек көрүүгө даяр эле! Балким апасынын айтканы туура чыгар, алар чынында эле бат-баттан көрүшүп атышат, мындан ары эми мындай окуя эч качан кайталанбай турганын жана аны менен азыраак көрүшөрүн бекем чечти кыз бала. Башына дагы бир жиндидей ой келе түштү, ыгы келгенде Мартинге ай чыгаардын алдында кайыкта отуруп көңүлү караңгылап, өзүн начар сезгенин да айтып койсомбу деп да ойлоду. Бирок ал ай көтөрүлүп кетери менен алардын бетин ачып, биринен бири ары жылышып отура калышканын эстей калып, андай ойго Мартиндин ишенбей турганын түшүндү.
Кийинки күндөрү Руфь жанын коерго жер таппай жүрдү; өзүнүн сезимин талдай албай, эмне болубатканын, аны эмне күтүп турганын ойлогонду токтотуп, бүт эркин бирде жүрөгүн түшүрүп, бирде делөөрүтө азгырган жаратылыштын табигый чакырыгына таштап коюп кулак түрө берди. Бирок ичинде бекем бышыктап алган бир ою бар эле: Мартинге эч качан махабат туурасында сүйлөгөнгө жол бербеш керек. Азырынча ал унчукпай турабы, демек, иш ордунда. Анүстүнө бир нече күндөн кийин ал деңизге да чыгып кетет. Баса, ал сүйүүсүн айткан күндө деле эч нерсе болуп кетпейт. Анткени Руфь аны сүйбөйт эмеспи. Арийне, бул көп болсо аны жарым саатка кыйнайт чыгаар, алгачкы жолу сүйөөрүн билдирип аткандан кийин Мартин өзү деле бир аз кыйын абалга тушугаар. Мына ушуну ойлоор замат кыздын муштумдай жүрөгү сүйүнүчтөн түрсүлдөп сокту. Ал эми чыныгы аял затына айланып, эркек анын колун сурап турбайбы. Аялдык турпаты азыр мындай чакырыкка жооп берүүгө даяр эле. Тула бою чымырап, башында отко айланчыктаган көпөлөктөй болуп бир эле ой чимириле берди, көз алдына Мартин анын колун сурап атканы элестеп кетти, айта турган сөздөрүн Руфь өзү анын оозуна салып, өзү болсо бир нече жолу баш тартаарын кайталады. Мартиндин адамкерчилик кайратын эске алганда муну мүмкүн болушунча жумшагыраак айтышы керек. Эң оболу ал тамеки тартканын таштасын. Муну ал катуу талап кылат. Баса, жок, ага сүйүү жөнүндө айтканга эч качан уруксат бербейт. Бул анын колунан келет, апасына да бул туурасында убада берген. Кызарып калтырап чыккан Руфь ишке ашкыс бул кыялдарды өкүнүч менен алыска кубалады. Алгачкы жолу өзүнүн махабатын билдирүүнү ыңгайлуу учур келгенге жана татыктуураак талапкер менен жолугушканга чейин коё турууну чечти.
XXI БАП
Эрте күздүн Калифорнияда бат-бат кайталанчу мээрими көлбүгөн, жанды жыргалга батырган керемет күндөрү келип турду. Күн жука түтүн менен курчалгандай, шамалдын алсыз соккон илеби ойго чөккөндөй тымтырс каткан абаны араңдан зорго термеп тургансыйт. Түркүн-түс жиптерден согулгандай жеңил кызгылтым туман дөңсөөлөрдүн этегинде жаткансыйт, алардын чокуларында болсо түтүндүү темгилдер өңдөнүп Сан-Франциско калаасы жайыла чалкып жатат. Ортодо болсо эритилген темирдин тилкесиндей болуп булуң жалтылдайт, анын бетинин кээ бир жеринде токтоп турган же агым менен жай жылжып бараткан кемелердин парустары агарат. Тээ алыста, күмүш тумандардын арасынан асман тиреген Тамалпайс заңкаят, батып бара жаткан күндүн шооласында ичке жөлөк жолчодой болуп Алтын Дарбаза созулуп туру, алардын артында болсо туман чулгаган, учу-кыйыры жок, горизонттогу келаткан кыштын кабарчылары – коюу ак булуттар менен кыргакталган Улуу мухит көгөрөт.
Жайдын кайтаар маалы келип калган эле. Бирок ал кайтканга шашылбайт, дөңсөөлөрдүн арасында, өрөөндөрдүн кочкул мала боёкторун улам коюуландырып, чарчоо менен чегине жеткен ыракаттын мунарык кепини астында жашаганына жана жашоосу үзүрлүү болгонуна акырын мемирей кубанып, жайбаракаттык менен өлүп баратты. Мына ушундай күзгү дөңсөөлөрдүн арасында бири бирине кыналыша, бир китепке үңүлүп Мартин менен Руфь отурушат; үн чыгарып окуп аткан Мартин, Руфь болсо Броунингди чексиз сүйгөн аял жазган сүйүү ырларын жан дилин бере угуп отурат, мындай ырды жазса, саналуу гана аялдар жазаар.
Китеп окуу жай жүрүп жатты. Жаратылыштын өңү өчүп бараткан кооздугу өзүнчө укмуш керемет эле. Алтындай бул учур кандай жашаса, так ошондой – айыбына тобо келтирбеген сулуудай соолуп баратты, жадагалса, абанын өзү да таттуу эскерүүлөр, эңсөө менен сугарылгандай болуп турду. Бул эңсөөлөр Мартин менен Руфтун канына кирип, алардын эркинен ажырата, акыл-эси менен руханий эрежелерин өрөпкүгөн үмүттөрдүн туманына чырмап алгансыды. Мартин мас кылып бараткан алсыздыкка багынып, кан тамырларынан от аралай чаап өтүп жаткансыды. Экөөнүн баштары тийишип, кокусунан желп эткен шамалдан Руфтун чачтары жаагына тийип кеткенде саптар мунарыктап көзүнө көрүнбөй калды.
– Менимче, сиз окуп атканыңызды өзүңүз укпай атасыз го дейм, – деди Руфь Мартин окуп жаткан жеринен күтүлбөгөн жерден адашып кеткенде.
Мартин балбылдаган көздөрү менен Руфту жалт бир карап алды, бирок сыр алдырбастан:
– Сиз деле уккан жоксуз го. Кана, акыркы сонетте эмне жөнүндө айтылды?
– Билбейм, – күлүп жиберди Руфь. – Унутуп калдым. Эми окубай эле коюңуз. Карачы, күн кандай сонун болуп турат!
– Биз эми көпкө сейилдей албайбыз, – деди Мартин олуттуу, – көрдүңүзбү, тээтиякта горизонтто бороон көтөрүлүп келатат.
Жабылган китеби колунан жылмышып түшүп, Руфь экөө үн катпастан, үргүлөп бараткан океандын кооз булуңун көпкө чейин кыялдана карап отуруп калышты. Руфь астыртан Мартиндин мойнуна кайрадан көз чаптырып койду. Ошол замат кандайдыр белгисиз, тартылуу мыйзамынан да алда канча өкүмү зор, тагдырдын дал өзүндөй кудурет күч аны капылеттен азгырып кетти. Ал кыңая калып Мартиндин ийнине колун тийгизиш үчүн болгону сөөм аралык бар эле, андыктан болор иш эркине багына албай өзүнөн өзү болуп кетти. Кыз колун ага көпөлөк гүлгө конгондой жеңил гана тийгизди эле, жигиттин ийни да ошол замат ага кынала калып, бүткүл денесинен дирилдек чаап өткөнүн сезди. Так ушул ирмемде кыз өзүн кармашы керек эле. Бирок ал эркин башкара алган жок. Эмне кылыбатса да анын баары эркинен тыш өзүнөн өзү болуп жатты, дирилдеген кубанычтан өзүн жоготкон кыз эми бир нерсени ойлоого да чамасы келбей калды. Мартиндин колу акырын сунулуп барып анын белинен кучактады. Кыз жан азабына түшө күтө берди, эмнени күтүп атканын өзү да боолголой албады; эриндери өрттөнүп, жүрөгү дикилдеп туйлап чыкты, каны улам катуу айланып чуркап жөнөдү. Мартин кызды акырын, абайлап өзүнө тартты да кучагына бекемирек кысты. Кыз чыдап туралган жок. Кыңкыстап онтоп жиберди да башын жигиттин көкүрөгүнө таштап жиберди. Мартин ошол замат эңкейди да экөөнүн эриндери бири бирине жабыша түштү.
Бул махабат болсо керек деп ойлоду Руфь бир ирмемге эсине келе түшкөндө. Эгер бул сүйүү болбосо, анда абдан эле уят иш да. Албетте, бул сүйүү гана болушу керек. Ал колдору өзүн кучактап, эриндери эриндерине жабыша түшкөн бул адамды сүйөт тура. Кыз табигый сезимге алдыра ага ого бетер бекемирек эркелей кыналды, анан бир маалда анын кучагынан шарт суурулуп чыкты да, өзүн таптакыр жоготуп коюп чечкиндүү түр менен Мартин Идендин күнгө күйгөн мойнуна колдорун орой бекем кучактап алды. Эзелтен жанын азапка салып келген каалоосун акыры канааттандырган кубанычы ушунчалык күчтүү, чексиз болгондуктан, кыз кыңкыстап жиберип, колдорун коё берди да, акылын жогото Мартиндин ысык кучагында туруп калды.
Көпкө чейин эч кимиси үн каткан жок. Мартин эки жолу эңкейип аны өпкүлөдү, ал өпкөн сайын кыздын эриндери өзүнөн өзү аны көздөй умтулуп, денеси ыңгайлуу, тынч абалды издеп жатты. Кыз Мартинден ажыраганга каалоосу да, алы да келбей турду, жигит болсо аны кучагына үнсүз кыскан бойдон булуңдун аркы жээгиндеги чоң шаардан көзүн албай карап отура берди. Ал жактан боёкторду, анан ачык, ушул керемет күндөй жылуу, өзүнүн махабатындай ысык нурларды көрүп жатты. Ал кызга кайра эңкейгенде ал акырын шыбырап сурады:
– Сиз мени качан сүйүп калдыңыз?
– Биринчи эле күнү, сизди бир көргөндө эле. Ошондо сүйүп калгам, андан бери күн өткөн сайын ого бетер катуу сүйө баштадым. Эми андан да катуу сүйөм, кымбатым. Мен таптакыр акылымдан адаштым. Бакыттан башым тегеренип турат.
– Мартин… кымбаттуум. Мен аял болгонума абдан бактылуумун, – деди кыз терең дем алып.
Мартин аны кайрадан катуу сыга кучактап, акырын мындай деп сурады:
– А сиз менин сүйөрүмдү качан түшүндүңүз? Азыр элеби?
– О, эчак эле түшүнгөмүн. Адегенде эле түшүнгөм.
– Демек, мен жарганаттай сокур болгон экемин да? – кыйкырып жиберди Мартин, үнүнөн өкүнүч сезилип турду. – Мен муну азыр гана, сизди өпкөндө түшүндүм.
– Мен аны айтайын деген жокмун.
Ал саал кетенчиктей калып, Мартинге тигилди.
– Сиздин мени сүйө тургандыгыңызды мен эчак эле түшүнгөм.
– Сизчи? – деп сурады Мартин.
– Мен муну күтүлбөгөн жерден сездим. – Руфь бул сөздү акырын айтып, көздөрү ымыр-чымыр боло түшүп, жүзү кызарып кетти. – Сиз мени кучактаганга чейин буга түшүнгөн эмесмин. Сизге турмушка чыгамын деп эч качан ойлогон да эмесмин, Мартин. Мени сиз кантип өзүңүзгө тартып алдыңыз?
– Билбейм, – жылмайып койду ал. – Бир гана сүйүүм менен тартып албасам, башка эмне… Менин сүйүүм аялдын жүрөгүн эмес, ташты да эритип жиберүүгө жарайт.
– Мунун баары мен элестеткендей сүйүүгө окшобойт, – деди ойлуу Руфь.
– Сиз кандайча элестеттиңиз эле?
– Мен сүйүүнү мындай болот экен деп ойлогон эмесмин.
Кыз бир азга Мартинди карап турду да, анан жер карап калды:
– Мен таптакыр эч нерсе түшүнчү эмес экенмин.
Мартин Руфту кайрадан өзүнө тартып, кучактап өпкүсү келип турду, бирок аны чочутуп аламбы деп коркту. Руфту кучактаган колу гана эрксизден дирт эте түшкөндөй болду. Мына ушул учурда Руфь өзү ага умтулуп, экөөнүн эриндери кайрадан узакка чейин чапталышып турду.
– Бирок менин ата-энем эмне дейт? – деп сурады Руфь күтүлбөгөн жерден кабатырлана.
– Билбейм. Бирок кааласак билүү муну кыйын эмес дечи.
– Эгерде апам макул болбой койсо эмне кылабыз? Мен ага бул жөнүндө эч качан айта албаймын.
– Эмесе ага мен айтайын, – деди Мартин кайраттанып. – Менимче, сиздин апаңыз мени анчалык деле жактырбагандай сезилет, бирок эч нерсе эмес, мен а кишини багындыра алам. Сизди багындырган адам, кимди гана болбосун багындырганга жарайт. Бул непадам ишке ашпай калса…
– Анда эмне болот?
– Биз баары бир ажырашпайбыз. Апаңыздын макул болоруна көзүм жетип турат. Ал сизди абдан жакшы көрөт.
– Мен анын жүрөгүн жаралап аламбы деп корком, – деди ойлуу Руфь.
Мартин эненин жүрөгү оңой-олтоң жаралана койчу нерсе эмес деп айтайын деп баратып, бирок анын ордуна:
– Сүйүү дүйнөдөгү эң улук нерсе эмеспи! – деди.
– Билесизби, Мартин, мен кээде сизден корком. Мен азыр деле сиздин мурда ким, кандай болгонуңузду ойлосом, коркуп кетем. Сиз мени менен абдан жакшы болууга тийишсиз. Билсеңиз, мен али жаш баламын! Мен эч кимди сүйүп көрө элекмин!
– Мен да. Биз экөөбүз тең балабыз. Биз эң бактылуубуз. Биздин алгачкы сүйүүбүз эки жактан тең болуп атпайбы!
– Бирок мындай болушу мүмкүн эмес! – күтүлбөгөн жерден кыйкырып жиберди Руфь анын колунан булкуна бошонуп, – болушу мүмкүн эмес, анткени сиз… Сиз матрос болгонсуз, а матростор болсо, мен билем…
Үнү буулуга түштү.
– Ар бир порттон аял алып көнүп калышкан дейсизби, – деди Мартин анын сөзүн улап, – сиздин ушуну айткыңыз келди беле?
– Ооба, – деди акырын Руфь.
– Бирок ал сүйүү эмес да, – деди ал олуттуу түрдө. – Мен далай эле порттордо болгом, бирок сизге жолукканга чейин мен сүйүүгө окшогон эч нерсени сезе алган жокмун. Билесизби, баягыда мен биринчи жолу сиз менен жолугуп анан үйгө кайра келатканда мени аз жерден кармап кете жаздады.
– Кандайча кармап кете жаздайт?
– Ушинтип эле, полицейский мени мас деп ойлоптур. Мен чынында эле мас болчумун… сүйүүдөн мас болучумун!
– Кептен четтеп кеттик окшойт. Сиз эми эле экөөбүз тең балабыз деп айтпадыңызбы, а мен мындай болушу мүмкүн эмес деп айттым. Сөз ушу туурасында эле, – деди Руфь.
– Бирок мен сизге мурда эч кимди сүйгөн эмесмин деп айтыбатам го, – деп каршы чыкты ал, – сиз менин эң алгачкы, менин эң биринчи ууз махабатымсыз, – деди Мартин.
– Бирок баары бир матрос болгонсуз да, – деди айтканынан кайтпаган Руфь.
– Ошондой болсо да мен сизди биринчи жолу сүйүп жатам, – деди Мартин.
– Бирок аялдар… башка аялдар болгон да… О! – ушул жерден кыз Мартинди таңгалдырып, күтүлбөгөн жерден көз жашын көлдөтө ыйлап жиберди, аны сооротуш үчүн бир топко чейин өпкүлөгөнгө туура келди.
Эрксизден Мартиндин оюна Киплингдин: «Бирок ак сөөк бийкеч менен Жуди О, Греди калган башка жактарынан тең болучу» – деген сөзү келе түштү.
Анын окуган романдары аны башкача ойлоого үйрөтсө да азыр муну туура көрүп турду. Романдардан ал: ак сөөк чөйрөдөгү аялга жетүүнүн бирден бир жолу – бул ага үстүртөн гана сунуш кылуу керек деген тыянак чыгарган. Өзү чыккан чөйрөдөгү кыздар менен жигиттерге кучакташуу менен эркелетмейлер кадыресе эле иш боло турган. Бирок жогорку чөйрөнүн кылт эткен кылдат өкүлдөрүнүн арасында сүйүүсүн мындай ыкма менен билдирүү ага мүмкүн эместей туюлчу. Демек романдар калп айтышат экен да. Мунун далилин ал азыр гана көрбөдүбү. Үнсүз-сөзсүз эркелетүү кедей кыздарга да, жогорку коомдун кыздарына деле бирдей эле таасир этет тура, көрсө. Сыртынан окшошпогону менен алар калган жагынан бирдей эле окшош тура.
Эгерде Герберт Спенсерди эстебесе, буга өзүнүн деле акылы жетмек экен. Руфту эркелете өпкүлөп сооротуп жатып Мартин ак сөөк айым менен кембагал кыз Жуди О’ Греди негизинде бирдей эле экен деген оюна канааттанып турду. Бул ой аны Руфка жакындаштырып, аны жеткиликтүү кылганга жардам берип атты. Кыздын сымбаттуу денеси кадимки эле башка кыздардын денелериндей эле. Экөөнүн никеге тураарына да мүмкүн эместей эч нерсе жок болчу. Экөөнүн ортосундагы айырмачылык болгону тап жагынан гана болгону менен бирок ал сыртынан гана эле. Муну эске албай деле койсо болот да. Мартин римдик бир кулдун мартабалуу бачайы чапанга чейин жеткенин окубады беле. Кул жеткен нерсеге Мартин кантип жете албайт, Руфка чейин кантип көтөрүлө албайт? Бул кыздын деле аруулугунун, ыйбалуу күнөөсүздүгүнүн, маданияттуулугунун жана жан дүйнө сулуулугунун кабыкчасынын астында Лиззи Коноллиникиндей, деги кой, дүйнөдөгү бардык Лиззи Коноллилердики сыяктуу эле кадимки эле аялдын табияты катылып жатат эмеспи. Алардын баарына эмне мүмкүн болсо демек, бул кызга деле мүмкүн да. Руфь деле сүйө алат, кызганат, жек көргөндү билет: ал деле аялчасынан туталанат чыгаар; ал деле кызганаар, эмитен эле анын порттордогу ойнош аялдары жөнүндө кеп салып атканы кызганганы эмей эмне.
– Андан тышкары мен сизден улуумун, – деди Руфь күтүлбөгөн жерден ага тигиле карап, – болгондо да төрт жашка улуумун.
– Ошондой болсо да сиз али бала бойдонсуз. А мен турмуштук тажрыйбам жагынан сизден жыйырма төрт жаш улуумун, – деди Мартин.
Чынында экөө тең махабат жагына келгенде али жаш баладай болчу: бирөөсүнүн университеттик диплому менен илимий даражасына, экинчисинин философиялык билими менен турмуштук катаал тажрийбасына карабай, экөө тең өзүлөрүнүн ашыктык сезимдерин бирине-бири балалык баёолук менен эпсиз билдирип жатышты.
Алар батып бараткан күндүн шооласында кадимки ашыктарча сүйлөшүп отурушту, экөөн табыштырган махабат менен тагдырдын эбегейсиз кереметине тан берип, бирин бири буга чейин эч ким сүйбөгөндөй сүйө тургандыктарына бекем ишенип турушту.
Батыштагы булуттар батып бара жаткан күндү жутуп алгандай болуп, асман кызгылтым тарта түштү, тегеректин баары эми кызгылтым нурга чайынып турду. Руфь: «Кош бол, бактылуу күн» деп ырдап жиберди. Башын Мартиндин ийнине жөлөп алып ырдап жатты, колдору болсо Мартиндин колунда эле, ушул ирмемде ашыктар биринин жүрөгүн бири кармап турду.
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
