Жоктоо
(Ыр түрмөгү)
Жоктоо
Дасторкон.
Тамак-аш батпай, ийилип турат, бош жер жок,
аттигиң, бирок апамдын колу тийген жок…
Энесин жоктоп өксүгөн көңүл тоймокпу,
жан дүйнөм тойбой турганын эч ким сезген жок.
Курак.
Жумшактап салган, алдымда калың жер төшөк,
муңайым тиктейм, жазмышка не дейм, көнөмүн;
сезбестир эч ким, ойлорун окуп оймодон,
курактан издеп апамдын жүзүн көрөмүн.
Бак.
Короого чыксам дүпүйгөн бактын ичинде
керебет турат, томсоруп сырын айта албай,
жоктогон өңдүү апамдын назик колдорун,
үстүнөн түшкөн төшөнчүсүн тарта албай.
Очок.
Алоолоп күйүп, морунан бүркүп түтүнүн,
очокто казан, казанда толо бышкан эт…
Апамды жоктоп өрттөнүп турат жетим от,
өрттөндүм: “Апам очокту таштап кеткен!..” – деп…
Үй.
Томсоруп турат биз өскөн бийик аппак там,
жок-жоктойт короо жол карап күтүп апамды…
Алма бак жактан бала кез мага шыкаалап:
«Каттабай калдың!» – дегенсийт, байкап катамды.
Жол.
Мелтиреп чоң жол эки учун катат алыска:
бир учу мени Бишкекке алып барышка
камданып турса, экинчи учу жүгүрөт
көрүстөн көздөй ата-энем жаткан алышка…
* * *
Апакем алыс азыр,
ортону бөлөт жамгыр.
Жамгырдын бир учун мен,
экинчи учун тоскон
бозоргон бейит бардыр…
Апакем билбейт азыр,
ортону бөлөт шамал.
Шамалдын бир учу – ажал,
тирүүлүк экинчи учу,
багынбас турса Тажаал…
Апакем сезбейт азыр,
ортону бөлөт мезгил.
Мезгилдин бир учун күн,
бир учун ээлейт тура,
түбөлүк караңгы түн…
Апакем туйбайт азыр,
көңүлүм аксап турат.
Жер жылып, Жер үшүсө,
жүрөгүм ичтен сыздап,
таманым какшап турат…
Кара жер үстүндө мен,
кара жер астында апам…
Үзүлбөй бир жип бизди
жашоого байлап турат.
Тирүүлүк оттой жанып,
дүйнөнү кармап турат.
* * *
Мен жашоодо апам тиккен дарактай
өсүп-өнөм, мекеним – бул жарык жай.
Апакемден тамырыма өткөн жол,
карап көрсөм түбөлүктүү, узактай…
Менин дагы жолумду улаар балдарым,
мен өткөндө… караанымды узатпай.
Мен дүйнөдө апам жаккан чырактай,
күйүп-жанам элесин эч узатпай…
Мезгил келсе, о дүйнөгө көчөрмүн,
жер алдынан шоола чачкан карыптай…
дал ошондо жанып турар балдарым,
бул дүйнөгө мен калтырган чырактай.
Жоготууга жол бербеген бакыт бу –
«эне» деген улуу атка татыктуу
жашап өтүү, тирүү калуу экен го,
тирүүлүктүн ачуу даамын татып бу.
Көрөңгөлөп өз жаныңды балаңа,
өмүрүңдү жарык күнгө катып бу…
Жүк – 200
Иним Саматтын жаркын элесине…
«Кайда мекен?..» …Жол талашып шамалдан
жүк келатат… Булут ыйлап, чабарман
кабар айтып, сапырылып санаалар,
ыйлайт айыл, эжең чачы агарган…
«Жүк – 200» муңун ташып жарынын,
жалп өчүрдү үй-бүлөнүн жарыгын…
Үмүт эмес, ый кучактап ызалуу
ак боз үйдө күтөт жары жарымын.
Жаңы гана «Эми бутка турам! – деп,
балдарымдын шат күлкүсүн угам!» – деп.
«Эл катары жакшы жашап, жакшы ата
болсом анан бар бакытка тунам!» – деп.
Кетти эле чет өлкөгө канаттуу
учак минип. Күн келерин азаптуу
билбей эле кеткен тура бир боорум,
айыкпастыр жүрөгүмдө жарат бу!..
Да бир ирээт аалам кезип учакта
мекенине жанын сүйрөп учат да,
күлүп кетип, күйүп келген бир боорум,
элес болуп катып калат кучакта!..
Кайран кыргыз, жеринен бак таппаган,
чымын жанын чет өлкөгө таштаган,
сөөгүн издеп «Жүк – 200» кайда деп,
бир тууганы ыйлап көчө таптаган…
Кайран иним, тагдырың бул, билемин,
макул болбойт буга акыл, жүрөгүм!
Жүккө айланып келгениңе чыдабай,
өлбөй өлдүм, кирбей жерге киремин…
Кайран максат, кымбат, аруу тилектер,
көп иш үчүн түрүлгөндүр билектер…
Отуз алты жаштан ары аша албай,
жоктоттуңбу, боздойт канча жүрөктөр…
Көтөргөнсүң четте кыргыз байрагын,
үйдөгү – туум, «ата», «түгөй», кайраным,
өз жериңдин бир ууч топосун издеп,
көк кемесин айлың көздөй айдадың…
«Кайда мекен?!» …Жол талашып шамалдан
жүк келатат… Булут ыйлап, чабарман
кабар айтты… Сапырылып санаалар,
ыйлайт айыл, эжең чачы агарган…
02.09.2021
