Жолуккум келет

5/5 - (1 добуш)

Жолуккум келип, бир өзүң менен кайрадан,
Жай таппай жаным, тынчытпай койду ой санаам.
Экөөбүз баскан күндөрдү азыр эстесем,
Сөз менен жеткис мүнөттөргө байланам.

Сабырым кетип, жолуга албай кыйналам,
Басалбай демим,жүрөгүм согуп туйлаган.
Каякта жүрдү, ким менен басты экен деп,
Ойлорум курчап, акылга такыр сыйбаган.

Унутпай такыр сезимдерге байланам,
Түгөнбөс ойго түбү жок барып чырмалам.
Саамайдан сылап, алтыным деген күндөрүң,
Эсиме түшүп, көз жашы кылдым кайрадан.

  • 1971-жылы Суусамыр айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген