Жаз ыргактары

Биринчилерден баа бериңиз!

Жер бетине жапжашыл чөп төшөлүп,
Бак-дарактар бүчүр байлап, гүл өнүп.
Жаз келсе экен күттүрбөстөн тезирээк,
Жан дүйнөмө Махабатты энчилеп.

Жаз айында келгин куштар сайрандайт,
Сүйүү жазын алар дагы майрамдайт.
Бак аралап жетелешкен жаштардай,
Алар дагы түгөй издеп, жуп тандайт.

Жазгы түн арзышкандар үчүн күбө,
Асманда ай жылмаят сулуу түнгө.
Жылдыздай жымыңдаган маанайлары,
Эки жаш ажырашпас болуп түгөй.

Автор

  • Чүй облусунун Кемин районуна карашту Чым-Коргон айылында 1962-жылы төрөлгөн. КР Журналисттер Союзунун мүчөсү. Маданияттын мыкты кызматкери.

    “Кемин кайрыктары” адабий иириминин мүчөсү. 3 китеби жарыкка чыккан.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген