Гортензия
Көөнөрүп, жай мезгили аяк басып,
Жалгыздык чоң калааны турат басып…
Жалгыз түп гортензия жолумдагы,
Жанчылган көңүлүмдү жубаткансыйт.
Сезилдиң гортензия сырдашымдай,
Кооздугуң көпкө карап тургум келди.
Өр тартып бара жаткан өмүр көчүн,
Жаштыкка жалт каратып бургум келди.
Көркүнөн тая түшкөн бак ичинде,
Көктөмдүн сенде калып сүртүндүсү.
Гүл болуп бүт дүйнөмдү каптап барат,
Гүлүңдүн көгүш-кызгылт түркүн түсү.
Маңдайда кубулжуйсуң, туйдуңбу же,
Маанайым жок болоорун күздө менин?
Көмүлүп калган кезде аалам күзгө,
Көбүрөөк эске түшөт издегеним.
Дирилдейт жалбырагың тынчы кетип,
Күз менен кез келүүгө даяр эмес…
А мезгил, таш боор мезгил чуркайт улам,
Сени да мени дагы аяр эмес…
