Жеңижокту жетесиз ырчы көрсөткөн Асанбай Жусупбековдун фольклору
Кыргыз фольклористикасында тексттерди жыйноо, аны кайра китеп кылып бастырып коомчулуктун назарына сунуштоо иши өзгөчө тактыкты талап кыларын адабият айдыңында эмгектенген ар бир калемгер менен жалпы окурман журту жакшы билет. Калк арасынан жыйналган оозеки чыгармалардын ишенимдүү булагын таануунун так принциптерин жана текстологиялык жоопкерчиликти сактоо фольклористтин негизги милдети болуп саналат. Бул талаптар сакталбаган учурда, фольклордук материалдар илимий документ статусунан чыгып, редактордук реконструкцияга же субъективдүү баяндоого жакындап, акыйкаттуулугун жоготуп коёт. Асанбай Жусупбеков деген бир фольклорист тарабынан жыйналып, “Жеңижок” жыйнагына кирген айрым эмгектер дал ушул көйгөйдү ачык көрсөтүп, окурман журтуна күмөн жараткан материалдардын катарына кирерине күбө болдук.
Асанбай Жусупбековдун “Жеңижок” китебинин 571-572-беттерине төмөнкүдөй маалымат киргизилген.
18. “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы” (Биринчи түрү) – Аксы районунун Кара-Суу кыштагынын Көпүрө-Базар маалесинин тургуну Алымкулов Рысалыдан (анын кызы Рысалиева Шарийпанын мага берген кол жазмасынан) көчүрүп алып, “Ош жаңырыгы” гезитинин 1996-жылдын 19-20-сентябрындагы сандарына жарыялатканмын жана Ташкенттеги жердешибиз Турсунбай Адашбаевге бергенимде, ал өзбек тилиндеги басылмага жарыялаган. Ошондой эле, “Залкар акындар, Жеңижок 2” томуна да жарыялатканмын.
19. “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы” (Экинчи түрү) – Бул айтышты Аксы районунун Кызыл-Жар аймагындагы Кум кыштагынын тургуну, журналист Абдырасул Эшалиевдин 1999-жылдын 20-майындагы мага берген кол жазмасынан алдым. Көп варианттуулукка айланып баратканы илим үчүн керек экендигин эске алдым. (“ЖЕҢИЖОК” “Улуу тоолор” Бишкек-2017. 571-572-беттер.)
Асанбай Жусупбеков өзүнүн “Жеңижок” деген жыйнагын 2004-2017-жылдары кайра-кайра толуктоолор менен бир нече жолу бастырыптыр. “Бийиктик” басмасынан 2006-жылы басылып чыккан “Жеңижок” китебинин 348-бетинде “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышынан” (Биринчи түрү) мындай деп берет:
“…Алың жетсе айтып бер?
Азыр жообун кайтып бер?
Аныктап баарын көрүп бер?
Акылга салып бөлүп бер?..”
– деп Жеңижок ырын токтотот экен. Эл Барпыны кандай жооп берет деп күтүп калышат. Ошондо Барпы чөгөлөй олтура калып, эки колун бооруна алып: «Кечиресиздер, агайындар, мен Жеңижоктун ырына, табышмагына жооп бере албаймын, мусулманчылыкка окуган эмес элем, илимим жок! Туура эмес жообуну берсем кудай алдында, эл алдында шариат илими уруп кетет!.. Мен жооп бербей як жеңилдим!” – деди…
Ал эми 2017-жылы “Жеңижок” жыйнагынын толукталып басылган вариантынын 203-бетиндеги ушул эле текстке түзөтүүлөр киргизилип, Барпынын сөздөрү ичкилик говору менен мындайча берилген:
“…Алың жетсе айтып бер?
Азыр жообун кайтып бер?
Аныктап баарын көрүп бер?
Акылга салып бөлүп бер?..”
– деп Жеңижок ырын токтотот экен. Эл Барпыны кандай жооп берет деп күтүп калышат. Ошондо Барпы чөгөлөй олтура калып, эки колун бооруна алып: “Кечиресиздер, агайындар, мен Жеңижоктун ырыга, табышмагыга жооп бере албаймын, мусулманчылыкка окуган эмес эдем, илимим жок! Туура эмес жообуну берсем кудай алдында, эл алдында шариат илими уруп кететтир!.. Мен жооп бербей як жеңилдим!” – деди…”, – деп түзөтүү киргизген. Бул текст 11 жылда бир эле киши тарабынан мына ушундай түзөтүүлөргө дуушар болгон.
Ошондо бу Асанбай Жусупбеков деген Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышынын биринчи түрүн – Аксы районунун Кара-Суу кыштагынын Көпүрө-Базар маалесинин тургуну Алымкулов Рысалыдан (анын кызы Рысалиева Шарийпанын ага берген кол жазмасынан көчүрүп) алганда тексттин оригиналы кандай жазылды болду экен? Дегеле Алымкулов Рысалы деген ким болгон?! Ал фольклор жыйноочу болгонбу? Р. Алымкулов бул айтышты кайсы жылы, кимден, кайсы жерде жазып алган? Ал эмнеге бул кол жазманы Асанбай Жусупбековдон башка фольклор жыйноочуларга бербей, 1996-жылга чейин катып отурган? Анын мындан бөлөк дагы кандай эмгектери бар?.. деген суроо туулбай койбойт. Ал эми “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы” (Экинчи түрүн) Аксы районунун Кызыл-Жар аймагындагы Кум кыштагынын тургуну, журналист Абдырасул Эшалиев 1999-жылдын 20-майына чейин эч кимге көрсөтпөй катып журуп Асанбай Жусупбековго сары майдай сактап бергени да фольклордун оригиналдуулугуна күмөн жаратат.
Кыргыз элинин төкмө акындарынын арасынан, Асанбай Жусупбековдун версиясы боюнча: “Кечиресиздер, агайындар, мен Жеңижоктун ырына, табышмагына жооп бере албаймын, мусулманчылыкка окуган эмес элем, илимим жок! Туура эмес жообуну берсем кудай алдында, эл алдында шариат илими уруп кетет!.. Мен жооп бербей як жеңилдим!..” – деген Барпыга гана Кыргыз эли тарабынан Апыз деген улуу наам берилген. Ал өзү да: “Барнайым дастан, мен апыз, Барнайым асман, мен жапыз…”, – деп бир нече ырларында өзүнүн апыздыгын жалпы элдин алдында даңазалап ырдап өткөнүнөн жалпы журттун кабары бар. Барпы өзүнүн кат таанып, кагаз бетине жаза алган илимдүүлүгүн өзүнүн бир катар ырларында так далилдеп, көрсөтүп кеткен:
АКСАРГЫЛ
“…Саар менен сайраган,
Сарала тоонун улары ай.
Сагынганда кат жаздым,
Аксаргылдын кумары ай.
Эрте менен сайраган,
Этекки тоонун улары ай.
Эстегенде кат жаздым,
Аксаргылдын кумары ай…”
ГҮЛАЙЫМ
“…Кагазга жаздым катымды,
Калк ичинде сүйгөндөн,
Кадырыңды билгенден,
Гүлайым койдум атыңды…”
ЛӨЛҮКАН
“…Лөлүкан сендей жар кайда?
Лөлүкандын сапатын,
Мактоого жаздым ар кайда.
Эжең бар биздин Маркайда
Эсимде сенсиң ар кайда…”
АРЗЫКАН
“…Агарып барып аткан таң –
Ак шайы көйнөк Арзыкан.
Окутуп угуп кулак сал,
Дубайы салам кат жазам…”
АКЖЫЛДЫЗ
“…Угар болсоң, узартып
Жазгым келди катымды.
Өз атыңды жашырып,
Акжылдыз дедим атыңды…
Сындуулугуң билинди –
Боз балдар сага илинди.
Бербей коюп колуңду,
Оорутпачы дилимди?
Көңүлүң болсо, жакын кел,
Бирге окуйлук илимди…”
ЖАШАМАЛ ЖИГИТ, ЖАШ КЕЛИН
ЖИГИТТИН КАТЫ
“…Эшигиң алды катар тал,
Эригип барсам бердиң бал.
Эзилишип ойноорго
Эстесем жүрөк болду дал.
Жаш келин койдум атыңды,
Окуп жүр берген катымды.
Унутпаска жазып ал
«Б» тамга менин атымды…”
(Барпы чыгармаларынын бир томдук жыйнагы. Кыргызстан Басмасы. Фрунзе-1970) – деп Барпы Апыз “Аксаргыл”, “Гүлайым”, “Лөлүкан”, “Арзыкан”, “Акжылдыз”, “Жаш келин” өңдүү өз доорунун бир топ сулууларына ашыктык каттарын ыр менен жазганын жогорудагы өзүнүн чыгармаларында далилдеп кеткенин кантип жокко чыгарабыз?
Апыз – Хафис деген сөздөн алынганы баарыбызга маалым. Ошондо Ислам илиминде Хафис деген сөз эмнени түшүндүрөт? “Апыз” сөзүнүн түпкү мааниси, Куранды толук жаттап, сактап жүрүүчү. Барпы – Апыз болгону үчүн ой жүгүртүү алкагы он сегиз миң ааламды чабыттаган “Жер”, “Аккан-Суу”, “От”, “Дүнүйө”, “Күн”, “Өлүм”, “Өмүр”, “Ажал”, “Шамал”, “Пайгамбарлар жана олуялар кысасы”, “Жар жыгылса суу бөгөйт…” деген анча-мынча адам-пенденин акылына сыйбаган терме-санаттарды, жүрөктүн какшып жаткан чөлдөрүн гүлзарга айланткан махабат ырларын жараткан. Ал өзүнүн алган терең илиминин алкагында өз чыгармаларын Абулькасим Фирдоуси, Омар Хаям, Жалаладдин Руми, Юнус Эмре, Саади Ширази, Кожо Хафиз, Мир Алишер, Кул кожо-акмат Ясавийлер баштаган Чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрүнүн бийиктигине көтөрүп чыга алганын ким тана алат?!
Эгерде Барпы апыз Асанбай Жусупбеков жыйнаган фольклордогудай илимсиз, эки колун бооруна алып, отура калып кечирим сураган чабал акын болгонда анын залкар замандаштары:
“Барпы аке
Жарыкты сүйгөн ырчы эле,
Жан бүткөндүн курчу эле.
Жараткан көзүн алса да,
Жүрөгү көрүп турчу эле,
Барпы аке
Кун канатын сермеген,
Күлүктү минчү термеден,
Барпы аке
Жарышка түшсө термеден,
Жаактуу пенде жеңбеген…”
(К. Даутов. “Мезгил сыны жана мен” Бийиктик, 2004, 454-бет) – деп Осмонкул Бөлөбалаев баа бербесе керек эле. Же болбосо:
“Барпыны билем башында,
Бир көргөмүн жашында,
Сагызган чапан кийинип,
Сайкалдын келген ашында.
Эки-үч жигит биригип,
Эрчип жүргөн кашында,
Анда көзү Барпынын,
Ачык эле көрчү эле,
Билбейт экен комузду,
Оң бөйрөгүн таянып,
Обдулуп ырдай берчү эле,
Уккандын баарын нас кылып,
Үстү-үстүнө бастырып,
Каптап нөшөр өткөндөй,
Кара жамгыр төккөндөй,
Какшанып ырдай берчү эле,
Калыбынан өзгөрбөй.
Куюлуп турчу ырлары,
Каптын оозун чечкендей,
Эшманбет, Током болбосо,
Эч кимибизден сестенбей…”
– деп чындыктан башканы ырдабаган Коргоол Досиев калыс сөзүн айтмак эмес.
А болбосо:
“Ээ дегенде Ме деген,
Сөзгө аралжы бербеген,
Жолуктум бала Барпыга,
Улуулук кылып сөз баштап,
Өзүм калдым баляга…”
– деп Кара жаак Калмырза там берип, айтышта жеңилгенин мойнуна алмак эмес! Токтогул, Шаршен, Алымкул, Ысмайыл, Байдылдалар… берген калыс пикирлерди айта берсек узун сабак сөз болот.
Ошол Аксынын Кызыл-Жарынын Кароо деген жеринде Ташкулдун тоюндагы А. Жусупбековдун версиясында берилген Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын айтышында: “Адамзатты жаса деп, айтыптыр ким буйругун?.. Аны кимдер жасады, акыл менен туйгунуң?” – деп Жеңижок Барпыга суроо берет. Барпы го Асанбай Жусупбеков ар кимден топтогон тексттегидей: “Кечиресиздер, агайындар, мен Жеңижоктун ырыга, табышмагыга жооп бере албаймын, мусулманчылыкка окуган эмес эдем, илимим жок! Туура эмес жообуну берсем кудай алдында, эл алдында шариат илими уруп кететтир!.. Мен жооп бербей як жеңилдим!” – деп айтыштан башын азат кылып, четтеп чыгып кетиптир деп коёлу. А эмнеге Арстанбек – Олуя Буйлаш уулу:
“Адигине Нурмолдо,
Аят сөзү бир жорго.
Дагы бир тойдо көргөмүн,
Атайлап көңүл бөлгөмүн.
Молдолугу бар экен,
Нур бетинен төгүлгөн,
Сымбаты ашкан жан экен.
Шарияттан шар экен,
Сөз өктөмүн кетирбес,
Сүйлөгөнү курч экен.
Пайгамбардын тарыхын,
Балкып ырдап турганда,
Кол жетпеген мүлк экен…”
(Арстанбек. Бишкек. 1994. 134-бет) – деп жогору баа берген, Ислам илимин алган, Исламдан кабары бар Нурмолдо баш болгон ошол доордун молдо-кожолору, бий-болуштары унчукпай карап отура берген?! Андай болушу такыр мүмкүн эмес! Арстанбек бийик баа берген залкар акын Нурмолдо Жеңижоктун мындай жаңылышып ырдаганын укканда унчукпай карап турбайт болчу… Бирок Асанбай Жусупбековдун “Жеңижок” жыйнагына бул айтыш жарыялангандан бүгүнкү күнгө чейин эч бир адабиятчы-илимпоздор, дин аалымдары бул айтыштын күңгөй-тескейи жөнүндө, ак же көк деп ооз ачып, калыс пикирин айтып койгонго жарабай келатканы таң калыштуу көрүнүш! Бир ортозаар фольклорист түзгөн алешем текст ырчы-чоорчулар аркылуу, кадыресе чыгарма катары бүгүн эфирге чыгып, жалпы коомчулукка жайылтылып жатканы өтө эле осол көрүнүш эмеспи?! Же бизге баары боло береби?! Же биз ушунчалык сабатсыздыкка жол берген кайдигер эл болдукпу?! Кошуна бир тууган, боордош элдер укса эмне дейт?! Жеңижок менен Барпыдай залкар талантынын деңгээлин ушунча төмөн түшүрүп тебелеген кыргыздардын адабиятчы-илимпоздору аман эле болсун!.. – дебейби?
“Адамзатты жаса деп, айтыптыр ким буйругун?.. Аны кимдер жасады, акыл менен туйгунуң?..” Деги эле мына ушундай суроонун бул айтышта Жеңижок тарабынан Барпыга берилиши Ислам илими боюнча туурабы? Ислам илиминин алкагында бул суроону тактап карасак, бир нече көйгөй жараткан беймаани маселелер келип чыгат. Эгер Жеңижок Барпыдан Ислам илимин жогору билгенде мындай суроо бермек эмес! Мында Жеңижок сабатсыз алабарман акын болгонбу же бул сабатсыз суроо алабарман фольклор жыйноочунун алешемдигинен түзүлүп, Жеңижоктун атынан Барпыга жасалма түрдө берилгенби?!.. – деген суроо жаралат?! Ортозаар фольклорист Барпыны бул айтышта Жеңижокко жеңип берем деп отуруп, Жеңижоктой орошон талантты өз деңгээлине түшүрүп, өз суроосуна өзүн тушап, залкар талантты фольклористтин жасалма сөлтүк жообу менен шилиге чаап жыгытканы жакшы көрүнүш болбой калганын эмнеге ачык айтпай келебиз?!
Ислам дүйнө таанымында адамзатты да, анын акылын да, сезим-туюмун да жараткан жалгыз Алла өзү – деп так көрсөтүлгөн. Куранда адамдын жаратылышы да, ага берилген рух, акыл-эс, жүрөк, сезим да жалгыз Алланын амири экени даана айтылат. Ошондуктан бул айтышта Жеңижок тарабынан “адамзатты ким жасады?” деген суроонун өзү туура эмес берилген. Ошол эле өзүнүн суроосуна кайра Жеңижок өзү мындай деп жооп берди деп берет Асанбай Жусупбековдун фольклору: “Жабраил периште, Арафаттын тоосунан, Уруксат алып Кудайдан, Адам жасап ылайдан, жан киргизген эмеспи…” “Жабраил Адам жасап ылайдан, жан киргизген” деген түшүнүк Ислам илиминин негизги акыйдасына туура келбейт.
Исламдагы негизги түшүнүк боюнча, адамды жараткан жалгыз Алла. Бул Курандын ичинде көп кайталанып айтылат. Жаратуу касиети жалгыз Аллага гана таандык. Куранда, Алла-Таала Aдамды ылайдан жасап, андан кийин ага өзүнүн рухунан таноосу аркылуу үйлөп жан киргизгени айтылат. (Саад сүрөсү 38:72-аят) Ал эми Жибраил, Алланын улуу периштелеринин бири экени белгилүү. Анын негизги милдети – пайгамбарларга Аллахтын вахийин жеткирүү болгон. Мында Асанбай Жусупбеков өзүнүн ортозаар түшүнүгү менен бул айтышта Барпыны Жеңижокко жеңип берем деп отуруп, Жеңижоктой залкар акынды да өзүндөй ортозаар акынга айлантып салган! Анткени Асанбай Жусупбековдун вариантында Барпы: “Мен Исламды окуган эмесмин, илимим жок эле…” деп чөгөлөп отуруп кечирим сурады, Ал эми Жеңижок: “Курандан илимим бар” – деп ушундай суроо берип, кайра ага өзү жооп берип элди таң калтырды – деген таризде жазып жатпайбы. Жеңижоктой залкар акындын берген суроосу менен жообу мындай чала сабат болушу таптакыр мүмкүн эмес! Бул албетте Жеңижоктун эмес, айтышты жыйнаган фольклористтин сабатсыздыгы, одоно катачылыгы деп түшүнсөк болот!
Андан ары Асанбай Жусупбековдун вариантында Жеңижоктун Барпыга: “Курани карим китебин, жазган киши ким экен?..” – деп берген суроосу да Ислам илими боюнча так суроо эмес. Анткени “Куран – Аллахтын сөзү. Ал Мухаммад пайгамбарга вахий аркылуу түшүрүлгөн. Пайгамбар аны үммөттөрүнө, сахабаларына айтып жеткирген”. Асанбай Жусупбековдун жыйнаган фольклордук тексттинде Жеңижок ушул өзүнүн суроосуна өзү мындай деп чалынып жооп берет:
“…Калами шарип – улук сөз,
Кудайдан келген ыйык сөз.
Кудайдын досу – Мухаммед,
Барып келген эмеспи!
Бир барагын жоготпой,
Ыйык Куран китебин ,
Алып келген эмеспи!..”
Ислам илими боюнча бул суроого так жооп: Куран – Алланын сөзү. Аны “жазган киши” жок. Ал Mухаммед пайгамбарга вахий аркылуу түшүрүлгөн. Вахийди Жабраил периште алып келген. Пайгамбар ﷺ аны элге окуп берген, сахабалар аны жаттап, жазып сактап, элге жайылтышкан.
Ошондуктан А. Жусупбеков тарабынан жыйналган фольклордогу Жеңижоктун жообундагы:
“…Кудайдын досу – Мухаммед,
Барып келген эмеспи!
Бир барагын жоготпой,
Ыйык Куран китебин,
Алып келген эмеспи!..”
– дегени да туура эмес. Себеби Исламда Куранды Мухаммед пайгамбар өзү барып алып келген эмес. Аллах тарабынан вахий болуп түшүрүлгөн деп жазылып турат.
Дагы бир тактай кетчү нерсе, “…Кудайдын досу – Мухаммед…” деген А. Жусупбеков жыйнаган фольклор тарабынан түзүлгөн Жеңижоктун бул жообу да так эмес. Анткени, Исламда Mухаммед пайгамбар Аллахтын эң сүйүктүү элчиси. “Аллахтын досу” деген наам Ислам булактарында Ибрахим пайгамбарга берилген. Куранда: “Аллах Ибрахимди дос кылып алды”. (Ниса сүрөсү, 125-аят.) Арабчасында “Халил” дос, эң жакын деген сөз колдонулат. Ал эми Мухаммед пайгамбар ﷺ жөнүндө: Ал – Аллахтын элчиси – Расулуллах – деп айтылат. Бул эле эмес, “Барпы менен Жеңижоктун учурашканы” деген айтышы да Асанбай Жусупбековдун “Жеңижок” китебине киргизилген вариантында бир беткейлик менен одоно бурмаланып кеткени ачык билинип турат. Барпынын томдуктарында, башка “АЙТЫШТАР” китептеринде “Барпы менен Жеңижоктун учурашканы” башкача берилет да, Асанбай Жусупбековдун вариантында фольклорист тарабынан айтышты атайын бурмалоо менен Барпыны Жеңижокко жеңдиргени өтө эле тайыздык болуп калган.
Фольклористтин бул эмгектериндеги негизги көйгөй жараткан биринчи маселе – фольклордук булактын ачык айкындуулугунун системалуу түрдө жетишсиздиги. Асанбай Жусупбековдун “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы” деген текстинде жалпы элге белгилүү кайсы айтуучудан, кимдер менен бирге барып, кайсы жылы, кандай шартта, ким тарабынан жазылып алынганы тууралуу маалыматтар толук берилбей, үстүртөн гана көрсөтүлгөнү айтыштын чындыгына болгон ишенимди жоготкон. Мындай жагдай фольклордук тексттин илимий баалуулугун кескин төмөндөтүп салган. Анткени ишенимдүү булактын жоктугунан текст – текстологиялык жактан “изилдөө объектиси” эмес, редактордук версия болуп калганы оркоюп эле көрүнүп турат.
Экинчи олуттуу көйгөй – текстти эркин редакциялоо жана композициялык кайра куруу тенденциясы. Айрыкча айтыш жанрындагы материалдарда окуялык структуранын иретке салынганы, айрым эпизоддор фольклористтин сценарийине ылайык кыскартылып же кеңейтилип берилгени байкалат. Мындай аракет фольклордук тексттин табигый варианттуулук принцибин бузуп, аны кызыктар тараптын алдын ала түзүлгөн иш-планынын жыйынтыгы экенин далилдеп койгон. Нурмолдо, Жеңижок, Барпы сыяктуу төкмө акындардын айтыштарынын башка басылмаларда жарыяланган айырмачылыктар бул айтыштын акыйкаттуулугуна болгон ишенбөөчүлүктү окурманга тастыктап турат. Асанбай Жусупбеков чогулткан фольклордук варианттарда диалогдук тең салмактуулук жоголуп, бир тараптуу “жеңилүү сценарийи” ашкере күчөтүлгөн учурлар өтө эле көп кездешет. Бул көрүнүш фольклордук реалдуулукту чагылдыруу эмес, фольклор жыйноочу тарабынан сабатсыз драматизацияланган жалган баяндоо болуп калган.
Үчүнчү олуттуу көйгөй жараткан маселе – айтыштагы текстологиялык салыштыруунун жоктугу, калыс сынчыл көз караштын кездешпегени. Илимий басылмада негизги талаптардын бири – варианттарды параллелдүү салыштырып, андагы айырмачылыктарды белгилөө менен редактордук кийлигишүүнү ачык көрсөтүү эмеспи. Бирок филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбековдун эмгегинде бул принциптер сакталбай, окурманга бир гана Барпынын Жеңижоктон жеңилген “атайын сценарийлик негизде түзүлгөн акыркы формасы” сунушталгандай таасир калтырат. “Барпынын” томдуктарына, башка басылмаларга кирген айтыштардын тексттери Асанбай Жусупбеков тарабынан эч бир жерде эске алынбаганы уруулук деңгээлдеги көз караштан көтөрүлө албаган тайыздыктан кабар берет. Анткени, Жеңижок Аксынын, Барпы Сузактын эле акыны эмес. Жеңижок менен Барпы Жалпы Кыргыз Элинин, Улуттун – Кыргыз мамлекетинин, Түрк дүйнөсүнүн, бүтүндөй адамзаттын руханий кенчи! Залкарлардын бирөөсүнүн деңгээлин бийик көтөрүү үчүн, экинчисин атайын басмырлап көрсөтүү нарк билген, билимдүү илимпоздун иши эмес! Алардын ар бири өзүнчө аалам. Өзүнчө чен өлчөмгө батпаган чексиз дүйнө. Чыныгы илимпоз мына ошону ачып берүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, бул эмгекте фольклордук материалды адабий текстке жакындатуу тенденциясы байкалат. Бул ыкма көркөмдүк жагынан жагымдуу көрүнүшү мүмкүн, бирок илимий басылма үчүн ал принципиалдуу кемчилик болуп эсептелет. Фольклордук текст илимий объект катары өзүнүн “чийки”, варианттык формасында сакталууга тийиш. Кыскарта чаап айтканда, Асанбай Жусупбековдун эмгектеринде фольклордук материалды жыйноо ниети бар экенин көрсөткөнү менен, аларды илимий басылма катары толук кабыл алуу мүмкүн эмес. Анткени, бул эмгек фольклористиканын негизги методологиялык талаптарына жооп бербейт. Себеби булак тактыгы, текстологиялык ачыктык, калыс сын көз-караш менен салыштыруу жетишсиз деңгээлде кала берген. Ошондуктан бул материалдарды илимий далил катары колдонууда өтө этияттык менен пайдалануу кажет! Мүмкун болушунча пайдалануудан баш тарткан абзел! Филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбековдун бул эмгеги кайрадан редакциялык-илимий текшерүүгө муктаж! Антпесек кошуна бир тууган боордош элдерге, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна уят болорубуз талашсыз чындык. Биз бул айтыштагы негизги гана көйгөй жараткан маселелерге токтолдук. Тереңирек кирсе, баш айланткан башаламандыктар окурманды чарчатып койчудай.
