Улама кептен
(ыр түрмөк)
Үч арсыз
Айтылып жүргөн элдеги,
үч арсыз жеңет пендени.
Каяша кылар жообу жок,
баш иет каршы келгени.
Шайың жок чарчап, тим эле,
турганда жөлөк бир эле,
\жаныңды жайга келтирген
уйкуну тансын ким эле?
«УЙКУГА АР ЖОК».
Кайгыдан мөгдөп туралбай,
бардыгын жерип тим эле…
турганда дагы айла жок,
тамакты тансын ким эле?
«ТАМАККА АР ЖОК».
Күтпөгөн жерден күйгүзүп,
күлкү бир келсе тим эле…
«КҮЛКҮГӨ АР ЖОК» деп коёт,
күлкүнү тансын ким эле.
Улама кептен уккан сөз,
турмушту тескеп чыккан сөз.
Адамдын чексиз акылын,
буйдалтпай эрксиз жыккан сөз ̶
бул «ҮЧ АРСЫЗ».
Беш кайып
Ажал кайып,
Нике кайып,
Конок кайып,
Насип кайып,
Дидар кайып.
Кайыптан бүткөн дүйнөнү,
беш кайып бийлеп жүргөнү.
Адамга кайып – табышмак,
жандырмак болот – күткөнү.
Жазылган жазуу маңдайга,
баш иет пенде андайга.
Көз жумар күнүбүз – кайып,
Ажалга барбы, айтчы, айла?
Тапканча дайым табышмак,
ар адам издейт – жакканын,
буйругу Нике кайыптын,
өмүрлөш жарды тапканың.
Конок бир кайып үйүңө,
келери качан белгисиз.
А, Насип кайып – жеген аш, –
ырысыкың, келген күтүүсүз.
Бешинчи кайып – бул дидар,
уламыш болуп айтылган.
Даанышман оюн элибиз,
мындай бир кепте калтырган.
Илгери өткөн заманда,
эрме чөл, ээн талаада,
жолоочу ичер суу таппай,
эсинен танып каларда:
«Өлөр күн ушул тура?..» – деп,
кылчая карап күн нурун,
коштошкон экен үмүтсүз,
ажалын болжоп күн мурун…
…Эсине келсе бир кезде,
жанында адам олтурат,
тамызып суусун оозуна,
дидары жаркып, кол сунат…
Ошондон бери айтылган,
Дидар кайып деген бар.
Бул дагы сыры дүйнөнүн,
кездешкен жанга сереп сал…
Кызык, жашоо!..
