Неберем
Бал ширин сөзү, кытылдап күлкү жаңырган,
Үйүмдүн көркү неберелер бар жалынган.
Тойбоймун эч бир жытына канча жыттасам,
Көрө албай калсам кусадар болуп сагынган.
“Чоң апа” десе, жан дүйнөм кетет эзилип,
Алдыман чуркап, тосушат шашып, энтигип.
Жыгылып кетсе чыдабай кошо ыйлаган,
Өз балаңан да небере ширин сезилип.
Бойтоңдоп чуркап, алакан чаап сүйүнгөн,
Боркулдап күлүп, аркаман калбай жүгүргөн.
Бакытым менин бал ширин неберелерим,
Жалбара берип, жалынып жатып эзилем.

