Эртең дейбиз

5/5 - (1 добуш)

Эртең дейбиз, үмүт менен жашайбыз,
Багынтам деп давандарды ашабыз.
Бирок кээде ошол таттуу кыял деп,
Бүгүнкүнүн баркын тепсеп таштайбыз.

Бал китептей эртең күнүң табышмак,
Менмин деген олуяң да айтпайт так.
Чындык болсо азыр жашап турганың,
Ушул ирмем өмүрүңө нурдай ак.

Кечээ күнүң кайра артына кайтпаган,,
Сырлуу эртең жолдой туман каптаган.
Адам үчүн асыл десте гүл белек,
Бүгүнкү күн нурдай жүрөк сактаган.

Убакыттын кадамдары билинбейт,
Өткөн күндөр кээде сага тигилбейт.
Эртеңкиге жүктөй берсең баарысын,
Бүгүнкүдөй бак колуңа илинбейт.

Ошо сымал ар мүнөттү баалагын,
Изги ойдо жарык жолду тандагын.
Эртең өзү бүгүнкүдөн башталат,
Бүгүнүңдү барктоо менен жандагын.

  • 1977-жылы Ош облусунун Кароол айылында туулган. Поэзияга, чыгармачылыкка көптөн бери кызыгат. Ырлары көптөгөн алманахтарга, гезит-журналдарга жарыяланган. “АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген