“Жүрөктүн түрсүлү дүк-дүгүн күчөтүп…”
* * *
Жүрөктүн түрсүлү дүк-дүгүн күчөтүп,
Махабат шоктонуп ышкыны дүрбөтүп,
Негедир өз жаның өз болбой туйлатып,
Толкутат балкытып көөдөндө дүрт этип.
Не деген бул абал, дүйнөңду козгогон,
Жаныңдын кумарын серпилтип октогон.
Антпесе ал жүрөк не жүрөк чынында,
Алоолоп от болуп сүйүү деп сокпогон?
Даңктаймын арзууну дүргүткөн эсимди,
Баалаймын баёо жан делбирек кезимди.
Анткени эң ыйык ал учур көңүлдө,
Ойготкон уйкулуу мен туйбас сезимди.
Көтөрөм кол талбай сүйүүгө асаба,
Акыркы тамчы кан денемде калса да.
Өмүрдүн эң ыйык аруузат күчүнө,
Даң салам даргага жанымды асса да!
