Бронхиалдык астмадан кантип айыктым
(Уландысы. Башы)
Баса, кезек күтүп отурган ырчылар, куудулдар кийин уксам ден соолугу боюнча эмес, ийгиликке жетиш үчүн «жол ачтырганы» барышат экен. Чын эле ошондо көргөн өнөрпоздордун көбү кийин ооматтуу болушту.
Табып келинге кирип көйгөйүмдү айттым, бир сөзүмдү бөлбөй, кунт коё тыңшап отурду да анан мындай деди:
– Ооруңуздун себебин түшүндүм, мен сизди айыктырганга аракет кылам. Сизди жалаң дары чөптөрдүн кайнатмасы менен дарылайм. Бир гана шартым – мен айткандын баарын эреже катары катуу кармап аткарасыз, эң башкысы, айыгам деген ишеним өзүңүздө бекем болушу керек. Ансыз болбойт. Ушул дайыма эсиңизде болсун. Эртеңден баштайбыз, саат ондо ушул жерде болуңуз, жакшы барыңыз эмесе, – деди. Мурдакы барган жерлеримде табыптар дароо эле кепти «мынча бересиңден» башташканына көнүп калган жаным, балким унутуп калдыбы деген ойдо чыгып баратып сурадым:
– Кечиресиз, акыңызды айтпадыңызго канча болорун?
– Ал туурасында камтама болбоңуз, эң башкысы, адегенде айыгып кетиңиз, калганын көрө жатарбыз. Мага эң башкысы адамдардан акча алуу эмес, дартына даба таап, айыкканга себепкер болуп бергеним маанилүү. Мынча, тигинче деп соодалашкан жан эмесмин. Мага келген адам айыгып, ишиме ыраазы болсо, ошондон өткөн чоң сыйлык жок, бирөөдөн кайтпаса Кудайдан кайтат, – деди. Чыгып кеттим.
Табыпка эки-үч күндө бир барып турдум. Чөптүн тундурулган кайнатмасын ичем, анан артынан күбүрөп дуба окуйт. Болгон эле дарылоо ушул. Жарым айдан кийин: «Мүмкүн болушунча таза абадан дем алып, дайыма кыймылда болуңуз, жылыш бар, эми колдон келсе аз-аздан чуркасаңыз да болот», – дегенинен үйдө отура албай калдым, аз-аздан чуркай баштадым, адегенде 100-150 метрге, бара-бара бир километрге чейин чуркачу болдум. Бир күнү студент кезде батирде турган Чоң-Арыктагы Федя менен Олянын үйүн эстеп кетип ошол жакка баргым келди да, Баха көчөсү менен тик өйдө чуркап чыгып, Чоң-Арыкта бир кезде жашаган Горная деген чолок көчөгө чейин жеттим. Бул алыс аралыкка биринчи жолу чуркашым болду. Бара-бара шашылбай, демикпей, бир калыпка түшүп жай чуркаганга көндүм. Узун дистанцияга чуркаганда алка-шалка тер кетет, бирок түк муздак сууга жолобойм, кайнатылган жылуу суу гана ичем. Бара-бара маарага чабылчу аттай тапка келип, дем алганым кадимкидей калыбына келди, баягыдай кыркыраган көк жөтөлдүн бири жок, демигүү деген жок, чуркап баратып ыр айтып, же обондуу бир ырды кыңылдап кете бергенге көндүм. Кыскасын айтканда, он жылдан ашуун жанымды эзип келген, врачтар дарылаганга болбойт деп коюшкан оорудан үч ай чамасында биротоло айыктым.
Эми ойлоп отурсам, баары адамдын өзүнөн экен. Токмоктун (Шамшыдан болсо керек эле) касиеттүү кызынын дары чөптөрү, дубалары мага албетте жардам берди деп эсептейм. Ал айыктырам деген сөзүнүн өтөсүнөн чыкты, бирок менимче ал мага, биринчи кезекте, айыгам деген бекем ишеничти берди деп ойлойм. Анан да албетте ден соолукту оңдоодо спорттун мааниси канчалык зор экенине көзүм анык жетти. Дегеле спорт менен көп ооруну айыктырса болот деп ойлонбой туруп айта алам.
Оорудан айыккан соң мен бул туурасында кенен макала да жаздым, аны окуган адамдар (ичинде аттуу-баштуулары да көп болду) мага ошол дарыгер келинди таап бер деп көп кайрылышты. Таап бердим, барышты, дарыланышты. Айыкканы айыкты, айыкпаганы дагы эле кыйналып жүрсө керек го. Табып менен байланыш үзүлүп, арадан бир топ жылдар өтүп кетти. 2016-жыл болсо керек эле, айылдан алысыраак тууган агам келиптир, кышылдап араң дем алганына караганда астмасы бар экенин дароо түшүндүм.
– Сени ушул оорудан айыгыптыр деп адамдардан уктум, бир дарыгер айыктырыптыр го, мага ошону таап бер, – деди. Мен кененирээк айтып түшүндүрөйүн дедим эле, кебимди шарт кести:
– Таап эле берчи тезирээк ошо аялды…
Чоң шаардын кайсы кычыгынан издейм, Кызыл-Аскерден эчак кетип калса керек эле. Сураштырып отуруп, үйү Күн-Тууда экенин билдим, ал жакка барып ар кимден сураштырып отуруп таптык. Бирок үйүндө көп турбасын, негизинен политехтин үстүндө, эски аэропорттун тушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турарын айтышты. Эптеп аны да таап бардык. Баягы актрисадай айжаркын жамалы жок, кыйла жышыла түшүптүр. Араң тааныды окшойт мени. Агамды киргизип коюп коштошуп кеткем, агам анын айтканын кылдыбы, кылбадыбы, айыктыбы же жокпу, ошол бойдон биле албадым. Дароо эле айылга кайтып кетиптир, кийин деле кабарлашпады… Андан кийин дагы бирөөлөр издеп келди таап бер дешип, бирок дарылоодон майнап чыкпады дешти. Адамдын өзүнө байланыштуу деп жогоруда айткандай, жардам сурап баргандар ал кандайдыр бир өзгөчө керемет көрсөтүп айыктырып коёт дешсе керек да.
Астма туурасында айтып отуруп дагы бир окуя эсиме түштү. 2007-жылдын жамгырлуу апрелинде мен гезиттеги жарыбаган маянама ичим чыкпай, эл катары алысыраак барып иштеп, акча таап келейин деп Ыраакы Чыгышка – ошол жакта иштеп жүргөн бажамды караан тутуп Сахалинге кеттим. Бишкектен Москвага төрт саат, андан ары Сахалинге дагы тогуз саат учтук. Жаныма жол шерик болуп бир жаш орус жигит менен чет элдик улгайып калган киши отурушту. Чет элдик адамга жакын неме экен, абдан сүйлөшкүсү келип улам бирдеме дейт, же анысына түшүнсөмчү. Инженер экенин, аралдагы бир чоң долбоорго баратканын эптеп боолголоп түшүндүм. «Гудмонинг, гудбай» деген мектептен уккан эки сөздөн башка англисче билбеген соң жооп кайтара албай башымды ийкеп коюп, дудуктай отуруп бараткам. Бир маалда четте отуруп уктап келаткан орус бала аны менен кадимкидей англисче сүйлөшүп киргенде кубанып кеттим. Анткени англичан ыкшып жөтөлүп келатканына караганда кудум эле мендей болуп астма менен ооруган шордуу экен. Улам оозун ачып ингаляторун бышылдатат, бир аз басыла түшөт да кайра эле баягы кулагыма тааныш жөтөлгө ыкшып калат. Байкуш узун жолдун учуна чейин жаны кыйналып барды, кичине эле жөтөлү токтой калганда бежиреп тили тыйылбайт. Тилмеч бала аркылуу өзүмдүн да так ушундай ооруп айыкканымды айттым эле тимеле бир тууганын тапкансып сүйүнүп кетти. Суроо артынан суроо жаадырып кирди. Аралга түшүп деңизге жетсем эле болду дегенине таң калып, эмнеге деп сурасам «деңиздин абасы абдан туздуу, ошол жакка жетсем эле жыргап калам», – дейт. Элес алган жокмун.
Самолет Сахалинге жакындап чайыттай ачык асмандан ылдыйлап барып бопбоз коюу туманга кирди, боз мунарыктан эч нерсе көрүнбөйт. Келме келтирип баратам, бул эми кантип конот болду экен деп. Шеригим оорусу менен алпурушуп атып муну сезген да жок. Кудай жалгап жерге жакын калганда самолет тумандан чыга түштү да аэропорттун тилке чырактары чакыйып көрүндү. Аман-эсен конуп аэропорттон сыртка чыксак англичанды машине тосуп келиптир, каякка барасың ала кетейин дейт. Корсаков деген шаарга десем, мен да ошол жакка барам деп, тосуп келген бажамды кошо машинесине салып алды. 90 чакырымдай жолдо шофер анча-мынча тил билет экен, ошол аркылуу сүйлөшүп бардык. Корсаковго жеткенде кош айтышып түшүп калдым, ал андан ары кетти. Мен мейманкана таап түнөп, эртеси медициналык кароодон өтүш үчүн (ансыз жумушка албайт экен) жергиликтүү ооруканага бардым. Кароодон түшкө чейин өтүп, андан кийин такси жалдап алып, жумушка кире турган жакка кеттим. Мен барган долбоор Корсаков шаарынан 5-10 чакырымдай ары Пригородное деген жерде экен. Барып алдын ала сүйлөшкөн орусиялык ишкананын прорабына жолуктум. Жапония, Англия, Голландия, Канада өлкөлөрү биригип алып (Эксон Мобил компаниялар тобу) жаратылыш газын өңдүрүп алып жаткан «Сахалин-2» деп аталган ири долбоор экен. Ошол кезде Батыш менен Россиянын ортосунда азыркыдай кырды бычак мамиле жок, буржуйлар орустардын түгөнгүс кендерин каалагандай казып ташып аткан майталкан заман эле. Эми бул жагы өзүнчө узун кеп.
Айтор дүйнөдөгү 52 улуттун өкүлдөрү иштеген ошол долбоордо адегенде орусиялык бир компанияда иштедим, андан кийин канадалык «КЕНТЕК» электр компаниясына которулуп, жакшы эле акча таап жаткан чакта кокусунан эски оорум козголгонсуп, кайра күчөп кетеби деп эсим чыкты. Анткени Сахалин тегерегин суу курчаган арал, демек абасы нымдуу, ал эми ным өпкөгө тимеле бычак эмеспи. Демим кыстыгып жаңыдан жөтөл башталганда алиги Москвадан самолетто чогуу учуп келген англичандын деңизге эле жетсем жыргамакмын деп айтканы эсиме түштү. Ишемби болору менен таң заардан туруп деңиздин жээгине кеттим. Шамал зырылдап согуп турат, долуланып алган деңиздин бети коргошун түспөл бозомук тартып, шарпылдап жээкке жулунган албуут толкундун сүрдүү добушу кулак тундурат. Ары-бери баскан адам бири-серин. Мен жээгинде турган ушул Охот деңизи Тынч океанга кай жерден кошулуп кетет болду экен деп горизонтко тигилип тургам. Бир оокумда бирөө жеңден тартат, карай салсам эле баягы англичаным! Күтүлбөгөн жолугушууга экөөбүз тең таң калып, эски кадырдан достордой кучакташа кеттик. Жанына чепейген, өңү ылайланган киргил суудай филипин баланы ээрчитип алыптыр, анысы тилмечи экен. Көрсө, экөөбүз бир эле долбоордо иштейт экенбиз. Деңиздин жээгине такай келем дебеди беле. Экөөбүз эки-үч сааттай жээкте сейилдеп бастык, чын эле дем алганым жеңилдеп, кадимки абалыма келе түштүм. Туздуу аба бул ооруга табылгыс дары экенин кайра-кайра айтып жатты англичан дос. Бир кезде Кочкорго барып, ал жактагы туздуу үңкүр-шахтыга жатып дарыланып келгеним эсиме түштү.
Кечке дейре жүрүп сайтка (жатакананы кэмп же сайт деп коюшат) кетели десем, англичан «кемпер, кемпер» деп мылжыйып жээкке жакын эле өскөн коюу бадалды көздөй колтуктап жөнөдү. Аякта машине тургандай болгон. Аа машине менен келген турбайбы десем, ал атайын Корсаковдон жалдап алган үй-машине экен. Ишемби сайын орус бала айттырбай эле өзү чиркеп келип таштап кетет экен да, анан англичан ишемби, жекшемби күндөрү ошонун ичине түнөйт экен. Ичинде эки керебет коюлган, бардык керектүү шарттары менен жабдылган дөңгөлөк үстүндөгү чакан үйдөн мага да орун табылды. «Деңиздин туздуу абасынан дем алып уктап көрчү, анан кеткиң келбей калат бул жерден», – дейт Оливер-Олжобай досум. Ошентип Карабек (филипинге ушинтип ат коюп алгам) үчөөбүз дем алыш сайын деңиздин жээгинде түнөп жүрдүк. Коркутуп, башталганы келаткан эски оору дайынсыз жоголду, мен эмес араң келген англичан да баскан турганы шайдоот тартып бакылдап калды. Бир жаман жери – түнчүндө аюбу же каманбы, айтор бир жырткычтар келип тамак издеп дүңкүлдөтө үйгө сөйкөнүп, тамандары менен катырата тырмап же таңкылдата койгулап тынчыңды кетирет экен. Кыскасы, мен үйгө кайтканча оорунун аркасы менен таанышкан англичан экөөбүз Сахалиндин жээктерин жайпап турган Охот деңизинин жээгине такай барып турдук. Бир айдан кийин Карабек котормочу отпускеге кетип калды, экөөбүз калдык. Эми кантип сүйлөшөр экенбиз деп жүрсөм, орусча-англисче сөздүк апкелиптир Олжоке. Ошентип жүрүп көнүшүп кеттик, мен да абдан аракет кылып англис тилин күнүмдүк турмуш деңгээлинде эптеп тамтаңдап сүйлөчү болдум. Оливер-Олжоке болсо менден бир топ кыргызча сөздөрдү үйрөндү.
Ал «эзели майлуу тамакка жолой көрбө» деп көп айтаар эле, азыр ойлосом, туура экен. Ооруган киши өзү эле догдур болуп калат эмеспи. Байкаганыма караганда, биздин улут сергек жашоо образына умтулбаган эл экенбиз. Кыргызча айтсаң мааниси башкачарактай угулат, орустар «здоровый образ жизни» деп коюшат го. Күйгөндөн айтам бир сабак дегендей, ошондон улам бизде азыр курсактары салаңдаган, насос менен үйлөп койгондой торсок бет мырзалар көбөйдү, алар 35-40тын тегерегиндеги жапжаш жигиттер. Бронхити, астмасы жок эле семиздигинен кышылдап араң басышат. Дем алыш күндөрү парктарга барсаң чуркап жүргөн бир кыргызды көрбөйсүң. Атаңгөрү, президент жол тыгындарына шылтап болсо да «баарыңар милдеттүү түрдө велосипедке өткүлө» деген жарлык чыгарып койсо сонун болмокпу. Канчалаган адамдын ден соолугу чыңдалмак… Айтор, массалык физкультураны өнүктүрбөсөк болбой калды.
Баса, Оливер дем алуу органдарын жакшыртайын деп музыкалык аспап – саксофон сатып алыптыр, үйдө болгондо дайыма бир-эки сааттан үйлөп ойноп турам дейт. Айтымында саксофон дем алуу системасын жакшыртып, өпкөнү кеңейтет экен, көптөр Европада аны так ушул бронхиалдык астмадан айыгыш үчүн ойношот экен. Анан да саксофон стрессти жоготуп, көңүлүңдү көтөрөт дегени жакты. Мен да ошондон бери ушул аспапка кызыгып жүрөм, бирок башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей, иш куру каалоодон ары жыла элек. Бир чети тааныш-билиштер көрүп калса «мунун кылбаганы ушул эле калды эле» дешеби деп да тартынат экенсиң. Анын үстүнө баасы да кымбат дешет. Пионер кезде ойночу өзүбүздүн эле сурнайдан өтөөрү жок го…
