Менин жерим

5/5 - (1 добуш)

Тагдыры далай элдин азган жерим,
Ташын да тарых кылып казган жерим.
Тамыры түптүү элди сүрүп чыгып,
Таалайлуу кыргызыма жазган жерим.

Таласым,
Арышын аргымактай керген жерим,
Алтайдан Айкөл Манас келген жерим.
Дүбүртү бүт ааламды багындырган,
Дүйнөгө Айтматовду берген жерим.

Ош жергем,
Ырыскы, берекеге толгон жерим,
Ынтымак очогундай болгон жерим.
Байырлап Сулайман Тоо чокусуна,
Бакыттын кушу бекем конгон жерим.

Нарыным,
Кыргыздын ак калпагын кийген жерим,
Чокусу көк асманга тийген жерим.
Топозу байырлашып тоонун боорун,
Тоолуктар арасына сиңген жерим.

Жалал-Абадым,
Дартына даба суусун сунган жерим,
Далайдын батасына тунган жерим,
Табылбас эч бир жерде жаңгак токой,
Табигат өзү тартуу кылган жерим.

Ысык-Көлүм,
Байырлап ак куу уя курган Көлүм,
Толкуну толкуп жээкти урган Көлүм.
Көркөмү көздүн жоосун алып далай,
Көп элдин көңүл оюн бурган Көлүм.

Токтогулум,
Тоо булбул Токтогулду уккан жерим
Топтошуп торгой-булбул чыккан жерим.
Өзгөчө жаркыратып ар бир үйдү,
Өлкөмө жарык берген кутман жерим

Баткеним,
Өрүкзар берекесин чачкан жерим
Өзгөлөр өр талаша качкан жерим.
Ай нуру жерге тегиз төккөн кезде,
Айгүлү аппак гүлүн ачкан жерим.

Чүй жергем,
Тоомунда тогуз жолдун болгон жерим,
Жолоочу жолу түшүп конгон жерим.
Бооруна  басып баарын багып анан,
Борбору бир өлкөнүн болгон жерим.

Кыргыз жерим,
Өзүңдө тамган менин киндик каным,
Өзүңө кайтып барар бир күн денем.
Өзгөчө кымбат менин жерим мага
Өзүңдөн дайым кубат алып келем.

  • 1980-жылы Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып, 2004-жылы бакалавр, 2006-жылы магистратура бөлүмүнүн аяктаган. Бир нече китептин (1 ыр китеп) автору жана түзүүчүсү, түрк, орус жана азербайжан тилинен көптөгөн китептерди которгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген