Көрүүлөрдүн саны: 8
Көздөрүңө айтып койчу,
Түшүмө көп кирбесин.
Эриндериң жүрөк эзип,
Кыялымда жүрбөсүн.
Канча мезгил башка болгон,
Кел жолдорду кошолу
Кел экөөбүз кол кармашып,
Улуу таңды тосолу.
Балким ошол өткөн күндөр,
Бизди жолдон азгырган.
Жалынына бизди алып,
Балким жаштык мас кылган.
Балким ошол тынчсыздануу,
Махабатпы сынаган,
Мезгил менен бөлүп бизди,
Чын сүйүүнү чыңаган.
1966
Азербайжан тилинен которгон Бакыт Джунусалиев
-
(1910–1981)
Көрүнүктүү азербайжан акыны, драматургу жана коомдук ишмери, Азербайжандын эл акыны. Ал өзүнүн жаңычыл поэзиясы, философиялык лирикасы жана дүйнөлүк классиканы азербайжан тилине которгон эмгектери менен адабият тарыхында терең из калтырган.
-
1980-жылы Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып, 2004-жылы бакалавр, 2006-жылы магистратура бөлүмүнүн аяктаган. Бир нече китептин (1 ыр китеп) автору жана түзүүчүсү, түрк, орус жана азербайжан тилинен көптөгөн китептерди которгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.