Апа
Артылуу сагынычым ашып-ташып,
Барам мен айылыма апа шашып.
Бул сагыныч сүйүүмдүн теңдеши жок,
Мени өрттөгөн кусаны жазчы тосуп.
Сагындым жол караган көздөрүңдү,
Сагыныч эзип келет бул күндөрдү.
“Садагаң кетейин”, – деп жалынганың
Түрлөнтөт жашоодогу үмүттөрдү.
Тосуп ал, келет кызың алыстагы,
Ал балким сезгендирсиң барарымды.
Жүрөгүң эне-жүрөк калыс дагы,
Сезесиң, сезимиң гүл ыйык дагы.
