Анна Ахматова: “Ак буурул таң”
Жүрөксүнтүп асман аппак мунарык,
А жер болсо муздак таш же көмүрдөй.
Ай да барат азайгансып, тунарып,
Эми эч нерсе чагылышып көрүнбөйт.
Каргылданат аял үнү буркурап,
Обон эмес! Кыйкырыгы дилди эзет.
Жанымдагы кара терек тим турат,
Жок дегенде жалбырагы шырп этпейт.
Ошол үчүн беле сени өпкөнүм,
Ошогобу сүйүп, азап чеккеним,
Тынч алдырып, алсыратат анан не,
Сен тууралуу жийиркеничтүү эскерүүм?
